"Укуктарыбыз укмуш сакталып жатыптыр"
"Ак кеме" мейманканасында адам укугу боюнча үчүнчү эларалык Ысык-Көл форуму ачылып, ал жыйынга Өкмөт башчысы Игорь Чудинов катышып, адам укуктарын сактоо жаатында Кыргызстандагы ийгиликтерди көкөлөтүп сөз сүйлөдү. Ал эми чет элден келген адистер менен омбудсмендер, ОБСЕнин Бишкек борборунун башчысы Эндрю Тесорьера, Кыргызстандын укук коргоочулары иштин чыныгы абалы башкача экенин кыйытышты. Журналист Алмаз Ташиевди Ноокаттын милиция кызматкерлери уруп-сабап, ал ошондон улам өлгөндүгү, өткөн жылы журналист А.Саиповду атып өлтүргөндөр али табыла электиги айтылды. Кыргызстанда жарандардын эң негизги конституциялык укуктары боюнча шайлоодо эркин добуш берүүнү чектөө адатка айланды. Шайлоонун жыйынтыктары жарандарга маалымдалбайт. Сот системасында жапырт коррупция тамырлаган. Натыйжада, Кыргызстан 2008-жылдын жыйынтыктары боюнча жарым-жартылай демократиялуу өлкө деген статустан ажырап, авторитардык өлкө статусун алган. Ушундай шартта Кыргызстандын Акыйкатчы институту бийликтин жетеги менен буга чейинки жетишилген ийгиликтерге жашынып, эларалык коомчулуктун көзүн будамайлап баштагандыгына тынчсыздануу айтылды.

Террорчу деп ким өлтүрүлдү экен?
Укук коргоочу Азиза Абдрасулова Жалал-Абадда террорчу деп өлтүрүлгөндөрдөн экөө - Абдысамат жана Абдикарим Сатыбалдиевдер, Өзбекстан Ислам Кыймылынын мүчөсү эмес жана алар Өзбекстан Республикасынын эмес, Кыргыз Республикасынын эле жарандары экен деп чыкты. Булар жашоосу тың, динге ишенген адамдар болгон. Атасы кырк жылдай пахта заводунда мастер, диспетчер болуп иштеген. 1965-1967-жылдары туулган эки уулу мектепти бүтүп, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөшкөн. Кийин намаз окууга өтүшкөн. Эки жыл мурда Улуттук коопсуздук кызматынын балдары буларга келип, аларга каршы "жардыргыч зат табылды" операциясын уюштуруп, чоң акча алып кое беришкен. Ошондон кийин алар кайырмакка илинип калышкан. Атышуу болгон күнү эки бир тууган атасы менен пиязда иштеп жүрүшкөн. Күч органдарынын автоматчандары келатканда экөө качып, алар ошол жерде атылып өлтүрүлөт. Аларды болсо өзүн-өзү жарды кылып жатышат. Террорчулар жашырылды деген үй Жолдошалы деген жетим балага тиешелүү болгон. Бирок үй өрттөлүп кеткени менен, 4-5 сааттык атышуунун эч бир белгиси жок болуп чыкты.
Укук коргоочу А.Абдрасулованын жеринде барып иликтеп чыккан бул фактыларын прокуратура, УКК же төгүндөп, же ырастай элек.

Кыргыз жарандары - үйлөрүндө!
Кыргызстандын чегара аймагында каалаганын жасап көнгөн Өзбекстандын чегарачылары мыйзамсыз кармап кеткен Кыргызстандын эки атуулун аргасыз кайтарып берди. Мындай чечимге Өзбекстан менен Кыргызстандын чегара аскерлеринин жетекчилери Анжыянда жолукканда макулдашышкан. Айдаркендеги "Алга" чегара заставасынын айдоочусу Закир Акбаровду жана Өзгөн районундагы Аназдык айылынын тургуну Убайдулла Миталиповду чегараны бузду деген шылтоо менен мындан бир ай мурда кармап алышкан.

Шайлоонун былык-чылыгы
"Менин тандоомдун мезгили" бирикмеси шайлоо өнөктүгү ар тарапта мыйзам бузуулар менен өтүп жаткандыгы жана административдик ресурс жер-жерлерде бөтөнчө колдонулуп жаткандыгын билдирди. Аталган бирикменин мүчөсү Төлөйкан Исмаилованын айтымында, алар республиканын аймактарында президенттик шайлоо өнөктүгү боюнча иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында бардык жерлерде мыйзам бузуулар орун алып жаткандыгы маалым болгон. Ошондой эле Төлөйкан айым шайлоо күнү иш күнү экендигин эскертип, иштеген адамдарга дагы эркиндик керектигин белгилеп, административдик ресурс толук пайдаланылып, эс алган адамдарга дагы тоскоолдуктар түзүлөрүн айтып, эң өкүнүчтүүсү, мугалимдер менен врачтар ошол шайлоо комиссияларында иштеп, ар бир үйдү кыдырып, алдын ала тизмелерди даярдап, 101% га чейин берип жаткан директорлорду, айыл өкмөттөрдү, акимдерди дагы көрүп келишкендиктерин билдирди." Бул болсо абдан былык, келечекке шек келтире турган нерсе" дейт Төлөйкан Исмаилова.




Калпты кайсы тарап көп айтчы эле?
БШКда президенттик шайлоого даярдык талкууланып, өлкөдө 56 шайлоо округу, 2330 участок түзүлүптүр. 2718818 бюллетендин ордуна - 2872181 бюллетен даярдалыптыр. Прокуратура, милиция, сот "даярбыз" деп "честь" беришти. Төрага
Д. Лисовский бардык участкалык комиссиялар бюллетендер менен камсыз экенин, 400дөн ашык эларалык байкоочу катталганын айтты.
Башкы прокурордун орун басары Сумар Насиза "Бакиевдин администрациялык ресурсту пайдаланган фактылары ырасталган жок, тескерисинче, Атамбаевдин үгүт иштеринде мыйзам бузуулар бар" деп ыйманына камчы чапкан.
Атамбаев Таласта эл менен жолукканда Борбор шайлоо комиссиясына кол кезеп, анын бир айым мүчөсүнө "таза шайлоо өткөрбөсөңөр, баш аман болсо, мени эч ким тааныбаган 2005-жылы мартта 20-30 миң адам алып чыккам, азыр элдин түрү башка, эми 100 миң киши чыгышы мүмкүн. Эл колуңарды эмес, башыңарды балта менен чапканга даяр турат" деп эскерткен.
Экинчи бир оппозиционер Т.Сариев да таза шайлоо өткөрүү үчүн бардык шайлоочуларды участкадан кетпөөгө, анын жыйынтыгынын бир нускасын алууга чакырууда.
Айтмакчы, Чүй районундагы Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сабыров Т.Сариевдин эл менен жолугушуусун болтурбоо үчүн болгон аракетин жумшады. Ал Т.Сариевдин шайлоо штабынын координаторун "түрмөгө отургузам" деп коркуткан, бийликтегилердин мындай аракети араң турган элдин кыжырына тийип, элдик толкундоолорго алып бараткандай. Не болсо да, дүйнө картасында Кыргызстан солкулдап турат бүгүн.


Жазуучулар Союзу оңолобу?
Эгемендик жылдары эдиреңдеген жазуучулар экиге эмес, төрткө чачылып, "жазуучубуз" дегендердин саны 800дү чапчып калган. Акаев доорунун башкы "идеологу" Осмонакун мырза төрт союзду Улуттук бир союзга бириктирип баштаганда бийлик алмашып кетпедиби.
Жаңы бийлик тушунда жазуучулардын Улуттук союзун Анатай Өмүрканов жетектеп, "сөз кадыры жок өлкөдө акын көп, кыз кадыры жок элде катын көп" деген макалды эске алдыбы - "акын, жазуучубуз" деген саманды сапырып, жалаң данын иргеп - ишти катуу баштаган. Иштегени да, жазганы да катуу экен деп бийлик Анатайды аттан шыпырып, ордуна Оморду тил алат деп отургузган. Быйыл май айында өткөн жазуучулардын Пленумунда ошол Омор Султановго мыйзам, Уставды улам-улам түшүндүрүп отуруп ордун бошотуп берүүгө аргасыз кылышкан. Жаңы келген жетекчилик эки айдан бери Омор Султановдун акыр-чикирлерин тазалап бүтө албай жатат. "Жазуучулар Союзу" деген мекеме адилет министрлигинен каттоодон өтпөй эле мыйзамсыз иштей бериптир. Мыйзамсыз мекемеде иштин баарын мыйзамсыз жүргүзсө боло берет деген Омор Султанов Өкмөттөн 3 млн. сом алганынын чын-төгүнү белгисиз. Үч жылдан бери 300дөй жазуучу мүчөлүк акы деп ар жылга 300 сомдон акча төккөнүн эми кайсы документ менен ырастаса болот? Сокулук райондук ИИБ имараты, Тоң районунан "Ысык-Көлдү коргоо" фондусуна деп алынган 17 гектар жер да мыйзамсыз деп эсептелген Жазуучулар Союзу, аны үч жылдай мыйзам, Уставы, Пленум, сьездди жок эле башкарган Омор Султановдун менчигиби - жокпу, белгисиз. Ушул маселелердин тегерегинде соттук териштирүүлөр башталды.

"Назар" пресс