Авангард акын айтты да…

"Сөйкө алганча сөз алгын"
Акын жөнүндө азыноолак сөз
Акын Шайлообек Дүйшеевди кимдер гана билбейт. Ал өлкөбүз өз алдынча эгемендүүлүк алгандан бери жалаң оппозициялык маанайдагы гезиттерде иштеп, замандын анык жүзүн даана көрсөткөн, чиновниктерди чоочуткан "жакшы аттар" менен ыр жазган. Айтсак, айтылуу "Асабада", ал жабылган соң "Агымда", анан "Аласта" эмгектенген. Акын: "Артыма кылчайсам жакын курсташым Жаныбек Юморалисмус айткандай: "аким оонаган жерде папке калса, акын оонаган жерде шапке калат" болуптур. Гезитте "шапке" деген түшүнүк эмне экенин аерде иштеген басмачылар эң сонун билишет. Кыргызда "шапкеңди башка бирөөгө (баш кийимиңди) бербе" деген сөз бар болсо да, бир кезде биз сүйгөн, калк кадырлаган "Асабадан" папкебиз тургай, шапкебизди да аяган эмес экенбиз. Ошол менден калган "шапкелерди" бүгүн да жерге таштабай, эскиртпей, күбөгө жедирип жибербей, алданемедей кулпунтуп кийип жүргөн "агымчыларга" ыракмат! Ал шапкелер кайсылар дейсизби? "Жолбүгүн", "Бомбейкат", "Элета", "Элет-центр", "Сая-саалы", "И-тагдаалы", "Крим-аалы", "Мүрзөгүл" жана башкалар эле…" деп эскерет.
Азыр деле чарчап-чаалыгуу дегенди билбей, "Азаттык" радиосунда иштеп, курч, мурч ырларды шилтеп жаткан кези.
"Эң сонун китеп жазганың, элдин көөнүн ачканың" дегендей, акындын элдин көңүлүн көтөрө жазган китептери оголе көп. Анын ичинен "Шакен азган" аттуу китебин тандап, барактап, "Сөйкө алганча сөз алгын" аталыштагы сөздөрүнөн сандан санга берүүнү чечтик. Кана эмесе, чогуу тыңдайлы…

Карызга курган экономика кагаз үйгө окшош.
ххх
Сак болгула, саясатта боор болбойт.
ххх
Жеген 7-кабатка жетет, жебеген жертөлөгө кетет.
ххх
Эл - Чүкө, Аким -Абалак, Акүй чүкө салган - Баштык.
ххх
Демократия мас болсо, коррупция менен дос болот.
ххх
Саясатта өң болбойт, саздуу жерде төр болбойт.
ххх
Акүйдөн жарака кетсе, дүжүрлөрдүн жүрөгү аркылуу өтөт.
ххх
Арты булганыч депутат, Акүйдү карап ылаалайт.
ххх
Үмүтсүз эркиндик, Үзөнгү-Куушсуз жерге окшош.
ххх
Бийлик боозуса референдум менен коркутат.
ххх
Саясаттын териси жука болгон менен бети калың.
ххх
Кредиттен төрөгөн өлкө баласын тойгузбайт.
ххх
Күкүк саясатта күйөө болбойт.
ххх
Акүйү аш аламан өлкөнүн жашоосу башаламан.
ххх
Саясаты сакоо болсо, эли макоо болот.
ххх
Ойногон оппозицияны кыйнаган Акүй жеңет.
ххх
"Кыргызэнерго" - жалпыбыздын түнүбүз.
ххх
Үйү кордун түтүнү - үшкүрүк, үстөлү чоңдун түтүнү - ышкырык.
ххх
Акүй тамакка какаса оппозициядан көрөт.
ххх
Бизге бүгүн - "Кумтөрдүр", бизден кийин - "Уутөрдүр".
ххх
Бийлик элдин көзүн жейт, андан кийин өзүн жейт.
ххх
Сагынганда май болбойт, саясатта ар болбойт.
ххх
Мамлекети жакыр малай болот, көкүрөгү жакыр орой болот.
ххх
Кытай кылымды кол менен басса, кыргыз кылымды той менен басат.
ххх
Салык көпсө жакырдын терисинен тон тиктирет.
ххх
Өлкөнүн кайгысын тарткан элден, бөлкөнүн кайгысын тарткан эл коркунучтуу.
ххх
Элчил жигит элим дейт, элсиз жигит элин жейт.
ххх
Акүйдөн келген аким ак чачсаң да кетпейт.

Даярдаган
Назира СААЛИЕВА

Бал кымыз иче турган маал келди!
Таластын жайлоолорунан даярдалган бал кымызды кафе, рестораныңарга жеткирип беребиз.
Байланышкыла, заказ бергиле: (0772) 681-050

Урматтуу Талас өрөөнүнүн окурмандары!
"Ачык саясат" - "Назар" газетасынын ар бир санын үйүңүзгө жеткирип берүүсүн каалайсызбы? Июнь айынан баштап редакция ар бир айылда бирден, эл гезитти көп окуган айылда экиден почточу - сатуучу штатын ачып жатат. Иш контракт түзүү негизинде.
Иштөөнү каалоочулар шашылгыла, чалгыла. Тел. (0772) 681-050
Пригородное айылынан 4 сотых участок сатылат. Кызыл китеби бар. Т.(0772) 68-10-50, (0700) 69-46-96
Алтын-Ордо (Кара-Жыгач 3), жаңы конушунан времянка шашылыш түрдө сатылат. Варианттары бар. (0772) 82-40-92, (0777) 26-15-77


"Назар" гезитинин эмгек жамааты белгилүү журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Боркеев Бөкөнбай Курманалиевичке бир тууган иниси
Курманалиев Таштанбектин
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандагына байланыштуу аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат. Иниңиздин топурагы торко болуп, жаны жаннаттан жай алсын.