Үн кошуу

Музей сөзсүз керек
Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда "Назар" гезитине тунгуч музыка изилдөөчү, ардактуу профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Балбай Алагушевдин Кыргыз Республикасынын президенти К.Бакиевге "Качанга музей деп муңканабыз?" деген кайрылуусу басылып чыкты. Б.Алагушевдин кайрылуусунда эң туура маселелер көтөрүлгөн. Алсак, бүгүнкү күнгө чейин залкар эл шайырларынын, профессионалдык музыканы түптөшкөн композиторлордун, музыканттардын, режиссерлордун, дирижерлордун, ырчылардын, актерлордун, бийчилердин бүтүндөй чыгармачылыктарын камтыган өнөр музейи жок. Профессионалдык музыканын өнүгүшү, өсүшү үчүн болгон аракетимди арнап келе жаткан мен үчүн да улуттук музейибиздин жоктугу зээнимди кейитип келет. Мен ордо калаадагы М.Абдраев атындагы республикалык музыкалык мектеп-интернатты жетектеп келем. Кыргыздын тунгуч жогорку билимдүү композитору, Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Мукаш Абдраев 1979-жылы дүйнөдөн кайткан. Андан бери быйыл 30 жыл өттү. Залкар композитордун ысымын түбөлүккө калтырыш үчүн мен жетектеп келе жаткан музыкалык мектепке ысымы берилген. Өкмөттүн бул чечимин өз мезгилинде маданий коомчулук абдан кубануу менен кабыл алган эле. Мектептин бир бөлмөсүндө М.Абдраевдин музейи бар. Ырас, ал музей Абдраевдин бүтүндөй өмүрү менен чыгармачылыгын толук камтыган деген ойдон алысмын. Мектепке ысымы берилгенден бери бир топ жыл өттү. Ошондой болсо да, бүгүнкү күнгө чейин мектептин алдына айкели коюлбай келет. Окуучулар болсо "эмне үчүн М.Абдраевдин айкели тургузулбайт?" деп байма-бай сурап келишет. Эмдиги жылы залкар композитор М.Абдраевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгы белгиленет. Ошол салтанаттуу датага карата М.Абдраевдин айкели тургузулса, жаш муундардын алдында жүзүбүз жарык болот эле. Өкмөттөн жардам болбосо, композитор туулган Сокулук районунун, Чүй облусунун жетекчилери менен бирдикте айкелди тургузуу үчүн марафон өткөрсөк деп пландаштырып жатабыз. Бизде бир жаман адат бар: тигил же бул улуу инсандын атын мектепке, айылга, окуу жайына беребиз да, ал жерге айкелин орнотууну эстен чыгарып коебуз. Бир сөз менен айтканда, жумурай журттун күчү менен болсо да көп тармактуу искусство - эл шайырларынын музейин уюштурушубуз керек. Антпесе, жаштарыбыз көп нерседен куру калып жатышат. Ач курсакты тойгузса болот, ал эми руханий жан дүйнөнүн ачкачылыгын тойгуза албайбыз. Ошондуктан, кандай гана абалда жашабайлы, сөзсүз эл шайырларынын музейи керек. Мен Б. Алагушевдин президентке жазган кайрылуусун толук колдойм.

Асанбек Асакеев,
академик, М.Абдраев атындагы
музыкалык мектептин директору