Көшөгө артындагы күрөштөр

"ГАНСИНИН" КУПУЯ СЫРЛАРЫ
Америкалыктардын "Манастагы" авиабазасынын жүк ташуулар борбору болуп өзгөртүлүшү коомчулукта ар кандай божомолдорду жаратууда. Эми ошол авиабазанын артында жаткан жашыруун сүйлөшүүлөр тууралуу ой-пикирлерди ортого салалы. Себеби бул сүйлөшүүлөрдө биздин өлкөнүн тагдырына таасир этчү маселелер арбын.

Азыркы мезгилде Россияда абдан көп суммадагы товар менен бекемделбеген наркы жок акча чогулган. Ал акчаны Россиянын өзүндөгү экономикага салса инфляция өсөт, андыктан Россия ашыкча акчаны пайдалуу жумшаганга аракеттенип жаткан учуру. Өткөн жылдын орто ченинен баштап эле россиялыктар Кыргызстандын экономикасындагы чабал тармактар үчүн казак финансисттери менен абдан катуу күрөш жүргүзүп келген. Буга Кытай финансисттеринин да аралашканы кошул-ташыл болуп, жыйынтыгы күтүүсүз аяктады. Кыргызстандан казак финансисттери сүрүлүп чыгарылды, бирок кытайлар кала беришти. Маселенин түпкү тамыры ушуга барып такалат. Мына ушул жерден россиялыктар абдан жакшы жүрүш жасашты. Алар акчанын күчүн колдонуп АКШнын "Манастагы" авиабазасы чыгарылат деген билдирүү жасаганга кыргыз бийлигин мажбурлашты. Ошону менен оюнга АКШдагы ири финансисттер тартылды, б.а. орустар АКШнын акча мыкчыгерлерин колдонуп кытайлардын финансылык таасирин төмөндөтүп, Кыргызстанга россиялык финансы моделин киргизүүгө аракет кылышты. АКШнын финансисттери муну илгиртпей түшүнүштү десек болот.
Россия менен АКШ ортосунда тийиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин негизги позициялар аныкталды десе болот. Алар Россия финансисттери үчүн: 1) Кыргызстанга россиялык финансы моделдеринин кирүүсү, демек, россиялык финансисттердин бийлиги; 2) Кыргызстанды буфердик полигонго айлантуу; 3) баңгизатты жана куралды ташуу жана сатуу боюнча жашыруун соодага россиялыктардын өнөктөш болуп кирүүсү.
Ал эми АКШ үчүн: 1) Ооганстандагы бизнестик чөйрөнүн өзгөрбөй сакталышы; 2) ушул кезге чейин Кыргызстанда түзүлгөн америкалык финансылык системага россиялыктардын кийлигишпөөсү каралган. Ал эми Кыргызстанга эки дөө-шаадан кийин эмне калат? Биздин бийликтин билим деңгээлин, кемпайлыгын карап көрүңүз. Бакиев баштаган кыргыз бийлигинин коргогон кызыкчылыгы мына булар: 1) Кыргызстан россиялык финансы моделинин киришине макул; 2) баңгизаттарын ташууда Кыргызстандын аймагынан өткөн коридордун бир үлүшүн кыргыз бийлиги контролдукка алат; 3)шайлоого кытайлык финансы күчтөрүнүн кийлигишүүсүн токтотуу.
Өлкөбүздүн кийинки тагдырын салмактап көрүңүз эми, окурман. Баарынан кызыгы - бул сүйлөшүүлөргө Кытай тарапты да тартканга аракет кылышкан, бирок алар Кыргызстандын экономикасынан чоң үлүш сурап отуруп алышкан. Россиялыктар буга макул болушпай, абал абдан курчуп кеткен. Ошондуктан кытайлык күчтөрдүн кыргыз шайлоосуна тийгизүүчү таасиринин алдын алып, шайлоого чейин эле авиабазаны жүк ташуучу борбор катары тариздеп мыйзамдаштырып коюшту. Ага чейин Түркиянын президенти А.Гүл Кыргызстанга келип, ал Ооган баңгизатын ташып өтүүчү коридорду көзөмөлгө алган топторду алмаштыруу боюнча колдоо көрсөтөөрүн тастыктаган. Түркия мындай бизнесте тажрыйбасы мол өлкө. Ал эми Ооган президенти бекеринен Шанхай кызматташтык уюмунун жолугушуусуна катышкан жок. Ал Ооганстандагы баңгизат сатуучулар кыргызстандык жана росссиялык жаңы топторду тааный тургандыгын билдирген. Ошого удаа эле Өзбекстанда жардыруулар жана террорчулардын кол салуулары болуп кетти. Чоң саясаттын чекесин сезип калган Өзбекстан террорчулар Кыргызстандан өттү деп жарыялады. Мунун белгилүү бир деңгээлде чындыгы бар. Тажикстан менен Кыргызстандын кызыкдар болгон топтору террорчуларды өз каналдары аркылуу Өзбекстанга өткөрүп коюшкан. Бул кандай натыйжа берди? Өзбекстандын мамлекеттик күч органдары ушул кезге чейин баңгизат ташуунун Кыргызстандагы коридорун көзөмөлдөп келген өзбек топторуна жардам бергенге үлгүрбөй калышты. Буга удаа эле Тажикстанда жана Кыргызстанда террорго каршы операциялар жүргүзүлдү. Тажикстанда жогорку даражадагы чиновниктер өлтүрүлсө, Кыргызстанда онго жакын террорчу өлтүрүлүп, бир нечеси колго түшүрүлдү. Баңгизат ташуу жолуна ушуну менен жаңы топтор келди десе болот. Эми АКШ бере турган 60 миллион доллар баңгизатын сатууга каршы күрөшүү жана 10 миллион доллар террорго каршы күрөшүү деген жалган ураандын астында баңгизат ташыган кыргызстандык жаңы топтордун финансылык абалын жакшыртууга жумшалышы мүмкүн. Ал эми экономиканы өнүктүрүү боюнча биргелешкен кыргыз-америкалык фондго делген 20 миллион доллар Кыргызстандагы америкалык финансисттердин позициясын бекемдөөгө которулат. Ошону менен Кыргызстандагы финансылык таасирин алдырып жиберген Казакстан баңгизаттарын ташуунун жолун алдырып жиберген Өзбекстан менен өз ара жакындаша баштады. Буларга түркмөндөрдүн кошулуп калганы кандай? Жалаң эле суу маселесиби? Жок. Түркмөнстанда кытай финансисттери күчтөнө баштаган учур азыр. Баңгизат ташуунун Түркмөнстандан өткөн коридорун азыр түркмөндөр жеке өздөрү көзөмөлдөп турушат. Алар өз ээлигине бөтөн күчтөрдүн киришине каршы. Кытайлык финансисттер Россиядан айырмаланып Түркмөнстандан өткөн коридорду талашпайбыз деген позицияны билдиришкен. Ошондуктан муну кытайлык акча мыкчыгерлердин россиялык финансисттерге каршы бир долбоору десек болчудай.
Ал эми Казакстан ушуну менен дым эле олтуруп калдыбы? Жок. Казак акча ээлери израилдик акча ээлери менен алака түзүүгө жетишти. Жыйынтыгы кандай болот белгисиз. Бирок казактардын финансылык күрөшкө кайтып келүүсү кандай болгон күндө да эми оорчулукту туудураары бышык. Жогоруда атап кеткен негизги маселе болгон кытайлык финансисттерди кыргыз шайлоолоруна катыштырбай коюу ушул кезге чейин толугу менен чечилбей келген. Маселенин чечилиши өткөн жумада байкалды. Италияда башталган дүйнөдөгү өнүккөн 8 өлкөнүн жолугушуусуна бара жаткан Кытай башчысы Ху-Цзин Тао самолетун кондурбастан кайра кайрып, өз өлкөсүнө шашылыш учуп кетти. Себеби баарыбызга белгилүү болгон Синцзянь-Уйгур автономиялуу аймагында улуттар аралык чатак чыгып, көп уйгурлар курман болуп кетти. Кыргызстандагы шайлоого жакын ушул окуянын чыгып кетиши бекеринен эмес. Эң негизгиси бул жаңжалдын уюштурулушуна россиялык жана америкалык финансисттердин кошкон салымдары абдан зор экени сезилет. Жаңжал басыла жаздап калганы менен, аларга катышкан күчтөрдүн артында турган финансисттерди толугу менен тактоо зарыл. Дүйнөлүк маалыматтарга жана талдоолорго таянсак, орус финансисттеринин олуттуу суммадагы акчалары америкалык банкирлер аркылуу уйгур улутчулдары көзөмөлдөгөн пакистандык айрым эсептерге которулган. Пакистан өз өлкөсүндөгү талибдерге каршы согуш деген ураандын астында олуттуу суммадагы ал акчаларды жүгүртүп алды. Бекеринен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Пекинге шашылыш чакырылган жок. Кыргызстанда азыр бөтөн өлкөлөрдүн акча мыкчыгерлеринин күрөшү күчөп турган убак. Мунун дагы бир далили деп 8-июлда Кыргызстанга орус өкмөтүнүн тышкы кредиттерди тейлеген вице-премьери И.Сечин жана коргоо министри А.Сердюковдун жашыруун келип кетүүсүн атаса болот. Алардын артынан эле АКШнын Мамкатчысынын орун басары Уильям Бернс баштаган делегацияны К.Бакиев кабыл алды. Ушул эки окуя Кытайдагы жаңжалдын убагында абдан шашылыш уюштурулуп жиберилди. Башкача айтканда, кытайлык акча ээлерин Кыргызстандан сүрүп чыгаруу боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Ошентип Кыргызстанда россиялык финансисттердин күнү тууганы турат. Бул ишке ашса, анда Кыргызстан башка улуттардын финансылык колониясына айланышы мүмкүн. Кыргызстандын финансылык чөйрөсүн көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар дагы россиялыктардын контролуна акырындап өтүүдө. 26-июнда КРнын финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча кызматы менен Россиянын ушул тармак боюнча федералдык кызматы өз ара меморандумга кол коюшту. Муну биздин финансылык рынокту орустар көзөмөлгө алуунун алгачкы кадамы десе болчудай. Россиялыктар киргизип жаткан акча жүгүртүү модели кандай болоорун көрө жатаарбыз.
"Манас" аэропортундагы АКШ базасынын ички маңызы ушундай. Абдан чиеленишкен бул окуяда бир жагынан кыргыз бийлигинин саясый эркинин жоктугу, акчага байланып калган маңкурттугу, билимсиздиги айгине болуп жатса, экинчи жагынан бул бийлик башкарып турганда кыргыз элинин келечеги туңгуюк.
Кален Субанов,
публицист