Эл башы болгончо, суу башы бол

КОЛКО КЫЛБА, КОШУНА!
Өзбекстандын тышкы иштер министри Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушуна карата расмий билдирүүсүндө "СССР мезгилинде сууну ысырапкорчулук менен пайдалануудан улам Арал деңизи соолуп калган, ГЭСтердин курулушу өтө кооптуу. Аны куруу үчүн Кыргызстан коңшу мамлекеттердин макулдугун алышы керек" деген экен. Ошого мындай негиздүү жооп кайтарса туура болоор эле.
1. Сууну СССР мезгилинде ысырап колдонду дегенге эч кандай далил жок. Өз мезгилине жараша болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып, алдыңкы ыкмаларды колдонуп, ар бир республика үнөмдөгөндө ошончо көлөм суу пайдаланчу - сарпталган суунун көлөмү Арал бассейнинде мындай эле:

Келтирилген таблицадан (Диагностический доклад для подготовки региональной стратегии рационального и эффективного использования водных ресурсов ЦА, ООН - Европейская экономическая комиссия, экономическая и социальная комиссия для Азии и Тихого океана за период 1960-2000 г.) Аралды сактоо максатында кайсы мамлекет сууну кандай сарптап пайдаланганы жана кандай үнөмдөй баштаганы даана көрүнүп турат. Аралды сактоо максатында Өзбекстан башка кошуналардай болуп үнөмдөгөндүн ордуна эч кыскарткан да эмес. Эң алдыңкы, Израилдей өлкөлөргө салыштырса, албетте, аларга караганда биздин Борбор Азияда суу көп ысырап болот. Жүүттөр болгон суунун баарын түтүктөр менен жаадырып же тамызып сугарышат.Биздикиндей асман алдында, ачык каналдар менен жерге сиңип же бууланып акпайт.
2. Эмне себептен Арал көйгөйү пайда болгонун чечмелеп берейин.
СССР Министрлер Совети 1965-ж. 6-октябрда, "О мерах по сохранению рыбохозяйственного значения Аральского моря" деген токтом кабыл алат. Ага ылайык СССР айыл жана суу чарба министри эң ири "проектно-изыскательскому и научно-исследовательскому институту "Средазгипроводхлопок" (г. Ташкент), поручалась разработка схемы ком-плексного использования водных ресурсов Аральского моря на уровень 1985 и 2000 годы" деген тапшырма берет.
Бул тапшырмада адамдын санынын өсүшүн, жаңы сугат жерин өздөштүрүшү, айлана-чөйрөгө кандай таасир болорун жана башка көп маселелер каралышы керек эле. Албетте жер, климаттык шарты пахта, күрүч, жүзүм жана башка баалуу өсүмдүктөр өскөнгө ыңгайлуу жана бир жылда 2-3 жолу түшүм алуу мүмкүнчүлүгү биринчи эске алынган. Бул институттун корутундусунда: "мындан ары жаңы жерди кеңейтип өздөштүрүү эч мүмкүн эмес (5,5 млн гадан 10 млн гага жеткизүү болбойт), антсе күтүлбөгөн кесепеттерге туш келебиз. Жерди кеңейтип өздөштүрүүгө башка кошумча суу керек" делген. Мындай тыянак бүт Орто Азиядагы республикалардын биринчи жетекчилерине маалым эле. Ошого карабай,тез ылдамдык менен жаңы жерлерди кеңейте беришти. 1970-ж. бул бассейнде суу баскан жердин аянты 6,1 млн га болсо, 1985-ж. 9,7 млн га, азыр 10 млн гектардан ашып калды. Анын ичинен Өзбекстандыкы 4,6 млн га, же бардык аянттын 53,6%, Кыргызстан 422 миң га же 5,3% түзөт. Алган суу Сырдарыядан: Кыргызстан 13% - 3,68 млрд м. куб. Биздин тоолордон түшкөн суу - 27,4 млрд м. куб .
Буга түрткү болгону -- Сибирдин Обь дарыясынан жылдык аккан көлөмүнөн 3-4% суусун кайрып Орто Азияга алып келебиз деген чоң ишенич бар эле. Бул маселе боюнча көп институттар долбоорлоо иштерин жүргүзүп, миңдеген кишилер иштеп жаткан. Союз ажырагандан кийин бул иш токтоп калды. Бирок бул долбоор акыры ишке ашышы керек, болбосо иш чатакка айланат деген чоң ишенич айтылып жүрөт Россиянын суу чарбасында иштеген чоңдордун оозунда, качан ишке ашаары чоң суроо.
Орто Азия республикалары СССРден тарап, ар бири өзүнчө мамлекет болгондон кийин 1994-ж. беш президент чогулуп, Аралды Сактоо боюнча Эларалык фондду уюштуруп, аны башка- рууну алфавит тартиби боюнча 2-3 жылда бир мамлекет экинчисине өткөрүп, жылына 1-2 жолу жолугушуп, план түзүп, иш жүргүзүшмөк.
Бул маселе боюнча айтаарым - мурун сууну ысырап колдонгондон эмес, суу баскан жерди ченемсиз көбөйтүп, Аралдын суусун азайтып, жаңы оңдогон райондорду, жүздөгөн колхоз - совхоздорду уюштуруп, баалуу айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүүнү көбөйтүп, бирок жаңы кошумча Сибирь суусун буруп келбей калгандыктан Аралдын көйгөйү Орто Азия эмес, көп башка жерлерге залалын тийгизип жатат.
3. ГЭСтер сууну өзүнөн өткөзөт да, өзү "суу ичпейт", башка жакка алып кетпейт, суунун көлөмү азайбайт да көбөйбөйт. Болгону плотинанын бийиктигинен түшкөн суунун басымын пайдаланат. Курулуп жаткан ГЭСтер электр энергиясынын кубат- туулугун көбөйтүп, Токтогул суу сактагычына кышында аз суу коё берип, сууну топтоп, ылдыйкы кошуналарга суу керек мезгилде керектүү өлчөмдө берүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.
4.Курулуштарга коңшу мамлекеттердин макулдугун алыш керек дегени көтөн зордук, ормон опуза. Бул ички иштерге кийлигишкендик. Эмне үчүн Өзбекстан акыркы жылдары бир нече ТЭЦ, чоң көлөмдүү суу сактагычтарды кошуналардан макулдугу жок эле куруп жатат? ТЭЦтин айлана-чөйрөгө зыяны абдан чоң, абаны түтүнү менен булгайт, күлү жерге түшүп шаарларды кирдетет, адамдарды, мал-жанды, өсүмдүктөрдү илдетке чалдыктырат, кыртышты бузат. Курулуп жаткан суу сактагычтар жайык, түз жерде жайгашкандыктан, алардын кайрымдуулугу абдан аз, себеби түздүктөгү суу сактагычтар терең эмес, тайыз болгондуктан, аянты абдан кенен, ошондуктан жерге көп суу сиңет, буулануусу да зор (КПД > 50%) - мына ушул ысырапкордук. ТЭЦтен өндүрүлгөн электр энергиясы ГЭСтикинен 30% га кымбат.
Ушуларды чоңдорго туура түшүндүрүп, ГЭСтерди курууга жардамдашып тез бү-түрсөңүздөр (Нарынга 33 ГЭС курулушу керек), ТЭЦтерди жаап, аба ырайын оңдоп, ГЭСтин 30% арзан энергиясын пайдалансак, эки элге чоң жардам болоор эле.
Аралды сактайбыз деп кол коюшкандан кийин эч бир кошуна өлкөлөр менен макулдашпай туруп, 2000-ж. Түркмөнстан сыйымдуулугу 132 миллион м.куб. аянты 460 км.кв Кара-Кум чөлүндө чексиз чоң көлдү долбоорлоп куруп жатат. Кара-Шоро деген ойдуңунда жаңы жерлерди өздөштүрүп, жылына кошумча 470 миң тонна пахта алабыз деген максат коюшкан. Мынча суу Амур-Дарыясынан алынбаганда кайдан алынат, ал суу Аралдыкы болбойт беле?

Урматтуу Президент Гурбангулы Бердимухаммедович!
Министр келтирген сиздердин соболуңуздарга жоопторду сиздер билбестиктен байкабай айтышты дегенден алысмын. Бирок сиздердин сөзүңүздөрдүн дареги кошуналык, бир туугандык деп эсептегенге мүмкүн эмес. Бул түз эле басмырлап, бизди опуза кылып, элдердин арасында дүрбү салып жатканыңар деп эсептеймин. Сиздердин иш абройуңуздар мындайды колдонбошу керек, бул сиздердин деңгээл эмес. Бул жоопту окусаңыздар, чычалабай чындыкка абийириңер менен жооп берип кайталабасаңыздар.

Арал деңизин ушул деңгээлде сактап калыш үчүн, мындан ары дагы өрчүп- өсүш үчүн башка булактарды издеш керек. Орто Азиядагы суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн биринчи анын башатын сактап калууга кам көрүү зарыл, себеби, акыркы жылдары чоң ылдамдык менен күндүн ысуусуна байланыштуу Кыргызстандын тоолорундагы мөңгүлөр жылдан жылга азайгандын үстүндө. Акыркы 20 жылдын ичинде эки миңдей мөңгү эрип жоголгон, ал мөңгүлөрдөн Нарын дайрасынын башаты башталат. Азыркы темп менен жүрүп отурса, илимпоздордун алдын ала божомолдору боюнча, дагы бир 30 жылдан кийин Нарын дайрасынын суу ресурсу үч эсеге азаят дешет. Андай болсо кантип өсөбүз, суусуз өмүр жок да. Ошондуктан атмосфераны глобалдуу ысытканга жардам берген ТЭЦтерди курганды такыр токтотуп, ГЭСтерди тез куруу лаазым. Мөңгү сууларды азыртан сактоого кам көрүп, каражат бөлүп бербесе, кошуна өлкөлөр жардамдашпаса, бөлүнчү суу азайгандын үстүндө болот. Бул чоң эбегейсиз иш жалгыз Кыргызстандын колунан келбейт. Совет доорунда башталды, Союз ураганда токтогон Сибирь дарыяларынан Орто Азияга суу буруп келүүчү долбоорду кечиктирбей, кайра баштан улантпаса, өсүш жок. Россия бул маселени чийип салган эмес, колдойт.
Андан тышкары суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун көп жолдору бар. Аларды дагы эсептен чыгарбай пайдаланышыбыз абзел.Ошонун орчундуулары газга, электр энергияга акы төлөгөндөй эле сууга акы төлөш керек. Өзбекстан, Түркмөнстан төлөбөйт. Ал эми Кыргызстанда 1999-жылдан бери суу пайдалануучулар сууга акы төлөп келе жатышат.
Эларалык деңгээлде колдонулуп жүргөн мыйзам боюнча, кайсы өлкөнүн аймагында жаралып башталган суу жайгашса, ошол өлкө суу ресурстарынын 50%ын пайдаланууга ээ. Союз мезгилинде акыркы 30 жылдын ичинде Арал бассейнинде Казакстандын 200%, Тажикстан 150%, Түркмөнстан 300%, Өзбекстандын 150%га суу баскан аянты өссө, Кыргызстандыкы болгону 17%га өскөн, анын ыңгайлуу себеби жогоруда айтылган. Ошондуктан Кыргызстан элин, малын башкалардан көзкарандысыз багыш үчүн суу баскан жерди кеңейтиши зарыл.
Чоңдукту салып басым жасабай, тең ата болуп чогулуп отуруп кеңешип иш жасасак, кандай маселе болсо да, "акыл калчап, тез, оңунан чечилет" деген ой.
К. Батырканов,
Суу департаментинин ардагерлер кеңешинин төрагасы,
Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген куруучусу,
Кыргыз ССРнин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты