Талаштан тактык жаралат

"Чырак" мектеби кантип курулган?
(Абройлуу гезиттердин абийрине доо кетирүүчү макала жөнүндө)
2008-жылдын 7-9-октябрындагы "Кыргыз Туусу" гезитине, 24-октябрдагы "Агым" гезитине "Чырак орто мектебин Брежнев экөөбүз курганбыз" деген макала жарыяланды. Макаланын автору - Токмок шаарында жашаган Рыскулов Кадырбай.
Окуган чырактыктар башынан-аягына чейин калп, уятсыздык менен жазылган макалага таң калышууда.
Мектептин чарба боюнча кызматкери (завхозу), райононун бухгалтери экөө демилге көтөрүп аракет кылып, документациясын даярдап чуркап жүрүп мектеп курдурган имиш. "Анча-мынча ооруксунуп калган Бейшен аваны көрүп келүү үчүн башкармадан машина сурап барып келгенмин" дегенин гезитке басып чыгаруунун эмне кажети бар эле? "Брежневдин оозунун жели жана менин эч кимдин жанын жай алдырбаган демилгем" дейт "Агымда" (Брежнев менен сүйлөшүп бүтүргөндөй айтылат).
Эми сөз Чырак орто мектебинин курулушу жөнүндө болгондуктан, иштин чындыгына кыскача токтолууга туура келет.
Өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында КПСС БК менен Совет өкмөтү "жалпыга милдеттүү орто билимге өтүү жөнүндө" токтом кабыл алган, анда орто билим берүүчү мектептердин тармагын көбөйтүү, алардын материалдык-техникалык базаларын тынымсыз жогорулатуу, жаңы типтеги мектептерди куруу, ал үчүн бюджеттен тышкары чарбалык уюмдардын, колхоз-совхоздордун демилгелерин колдоо каралган.
Ушул токтомдун негизинде өлкө боюнча иштер кызуу жүргөн.
Мен 1960-жылдын башында өз айлым Чыракка келип, айылдагы сегиз жылдык мектепке директор болдум. Мектеп 4 класстык бөлмөдөн турчу, колхоз менен байланышып кошумча үйлөрдү мугалимдердин күчү менен куруп, 1968-жылы мектепти орто мектепке айландырууга жетиштик. Мурда Аң-Өстөн айылындагы орто мектепке барып келип окуган Кабак, Чырак айылынын балдарына жакшы эле болуп калды. Бирок, материалдык база орто мектептин бардык талаптарына жооп бере албай жатты. Ошондо жетишээрлик типтүү мектеп имаратына ээ болуу аракеттери башталды. Эски мектептин жанында эки гектар Эгинотоочтун багы деген бакты колхоздон атайы чечим менен сурап алып, эски алма түптөрүн жулдуруп жаңы мектепке орун даярдап, мектепти куруу аракетине кириштик. Адегенде мектептин документациясын, долбоор сметасын дагы эле колхоз менен сүйлөшүп (анда биздин Фрунзе атындагы колхоздо Чухлебов М.Р. төрага эле, мурда мен "Кызыл-Туу" колхозунда төрага болуп иштеп жүргөндөгү жылуу мамилебиз маселени чечүүгө өбөлгө болду), Фрунзе атындагы колхоздун атынан мектептин долбоорун түзүүгө заявка заказ берилди. Долбоор бир жылда Алматада Казакстан долборлоо институтунда түзүлүп бүтүп, колхоз 3 нускасына 4500 сом төлөп, 320-390 орундуу мектептин документациясын алып келип, мага өткөрүп берди. (Анын бир нускасы азыр да мектепте сакталуу).
Ал эми Рыскулов "Кыргыз Туу" гезитине жазган: "Фрунзедеги кыргыз мектеби колхоз долбооруна кирип, ал жердеги кызга шоколад алып берип, 500 окуучуга арналган мектептин долбоорун 5000 сомго эки жумада бүтүрүп, мектептин директоруна өткөрүп бергемин" деген долбоорун бир шайтан эле билбесе, эч ким билбейт. Кадырбайдын өзү да билбегени анык. Ал эми мектеп куруунун алдында Рыскулов мектептин завхоздук кызматынан бошоп кеткен боюнча айылга келген жок, жаңы мектептин имараты курулган мезгилде Жообасаров Закерия завхоз болуп иштеди.
Эми мектептин курулганы жөнүндө.
1974-жылы "Лениндик ишембиликтен союзга накталай З6 миң сом түшкөн, ошол каражат айыл жеринде мектеп курууга жумшалсын" деген өкмөттүн токтому чыкты. (Ал кезде өкмөт башчысы Косыгин эле). Ошондон Кыргызстанга бир жарым миллион сом бөлүнгөн.
Менин жогору жактагыларга жазган көп кайрылууларымды эске алып, акча түшөөрү менен "мектептин документациясын алып тез кел" деген чакыруу менен Фрунзеге өкмөттүк комиссияга бараарым менен долбоорду жактырышып, сметалык баасына ылайык, бизге мектеп курууга З00 миң сом (сметалык баасы 448 мин, сом эле) бөлүп берди.
Сөз оролу келгенде, ошол кезде СССР Жогорку Советине биздин округдан шайланган депутат, Орто Азия согуштук округунун командиринин орун басары генерал Ганеевдин да жардамы болду деп эсептейм. Анткени ал киши менен жолугушууда (1973-ж. Богатыровкадан) "мектеп курууга каражат бөлдүрүүгө жардамдашыңыз" деп, оозеки айтып да, жазып да наказ берген элем. Кийин "силердин мектепти курууга каражат берүүнү сурап, союздук жана кыргыз өкмөтүнө депутаттык суроо-талап жибердим" деген каты келген эле.
Каражат табылгандан кийин жетекчилер: "Бул лениндик субботниктин сыйлуу акчасына курулуучу мектепти эпкиндүү темп менен бүтүрүү керек"- деп областтагы алдыңкы курулуш уюму болгон №2 СМУга беришти. Алар 1974-жылы жайында баштап, 1975-жылдын август айынын аягында жаңы окуу жылына карата эки кабат 392 орундуу жаңы мектепти бүткөрүп беришти. Дагы бир жолу ошол СМУнун башчысы Сабыракуновичке, прорабы Хакимовго, ОБЛУКСтун башкы инженери Асаевге, талбай иштеген жумушчуларына алкыш айтам.
Эми Рыскуловдун макаласындагы дагы бир сөзгө кайрылууга туура келет. "Кадыров мектеп жалгыз менин аракетим менен курулган деп мактанат экен, жок дегенде Кадырбай экөөбүз курганбыз деп койсо ыраазы болот элем" дептир "Кыргыз Туусунда". Эгер Кадырбай айткандай мактансам, мектепке менин атым берилмек, анткени айылдаштардын басымдуу көпчүлүгү, билген адамдар, райондо, областта жетекчиликте иштегендердин айрымдары "мектепке сиздин атыңызды бериш керек эле" деп ушул убакка чейин айтып жүрүшөт. Бирок, мен ага макул болбой келе жатам, анткени мектепке Талып акун атындагы мектеп болсун деп демилге көтөрүп, аракет кылып койдурган мен өзүм болчумун.
Байболот уулу Талып акун (Эл акун аке деп айткан, арабчадан которгондо - Талып - изденүүчү, акун - окумуштуу дегенди түшүндүрөт экен, өзүнүн азандагы аты Жыргалбай болгон, 19-кылымда, 20-кылымдын баш жагына чейин дүйнөдө жарык көргөн көп илимий, маданий эмгектерди карап, окуп чыккан тубаса билимдүү киши болгон. 1910-жылдардын алдында Россияда столыпиндик агрардык реформа жүрүп, орус дыйкандары Сибирге Орто Азияга массалык түрдө көчүп келе баштаганда, жакшы - түз жерлерди орустар ээлеп алмай болду деп, элди жакага көчүрүп келип, Чырак айлын негиздеген. Ал киши 1948-жылы 100 жашка чыгып каза болгон.
Мектепке, жаңы мектептин курулушуна ал кишинин тиешеси жок болсо да, мектептин аты Талып акун атында туура, ылайыктуу эле болду деп эсептейм.
Эми акырында айтарым - "Агым", "Кыргыз Туусу" гезиттеринин редакциясы журналисттик иликтөө жүргүзүп, чындыкты, адилеттикти элге жеткирет деп ойлойм.
Жакынкы эле жылдарда бир гезиттен окудум эле, Талас шаарына кире беришке "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом дагы таза болот" деп жазып, астына А.Акаев деп коюптур деп. "Ой тобоо! Бул Раззаков айткан сөз эмеспи, эми бирөөнүн сөзүн дагы приватташтырып башташканбы?" деп жазыптыр. Анын сынарындай, Кадырбай Рыскуловдун "Чырак орто мектебин Брежнев экөөбүз курганбыз" деген макаласын окуганда "Ой тобоо! Бирөөнүн эмгегин да приватташтыра башташканбы" деп аргасыздан күлөсүң.

Эсен Кадыров,
85 жаштагы ардагер, Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн жана Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу, Эл агартуунун отличниги, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын, медалдардын, грамоталардын, санжырачылар мелдешинин 3-даражадагы дипломунун ээси.




Кыргыз Республикасынын
Президенти Курманбек Бакиевге
Кайрылуу

Биздин, Ала-Бука райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын эмгек жамаатынын, Сизге кат аркылуу кайрылуубуздун себеби төмөндөгүдөй: биздин оорукана КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2009-жылдын 30-марттагы №133 буйругунун негизинде 2009-ж. 25-майда жабылды. Бул буйрук бизге 20-май күнү, башкача айтканда, эки айга жакын убакытта келип жеткен. Жогорудагы буйруктун негизинде 28 кызматкер жумушсуз калды. Эмгек жамаатыбыздын 90 пайызын аялдар түзөт, өзүңүзгө деле белгилүү болсо керек, азыр эркектердин көпчүлүгү жумушсуз үйдө отуруп, үйбүлөнү аялдар багып калышпадыбы. Биз кургак учукка каршы ооруканада иштеп, айлык акыбыз аз болсо дагы баарына чыдап өз тиричилигибизди кылчубуз, эми болсо такыр эле жумушсуз калдык. Биз балдарыбызды кантип багабыз жана кандай оокат кылабыз? Анын үстүнө айлыгыбызга ишенип, ооруканада иштеген кызматкерлердин баарысы кредит алып алганбыз, эми кредиттерибизди кантип төлөйбүз? Эгер буйрук бизге өз убагында жеткенде биз кредит алмак эмеспиз. Жумуш кыскарганына байланыштуу оорукана жабылгандан баштап эки айлык эмгек акыбызды төлөттүрүп берем деп, бизди Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы диспансеринин директору И.А.Арзыев ишендирип кеткен. Тактап айтканда, оорукана 25-майда жабылган болсо, июнь, июль айларына айлык аласыңар деген, эми болсо айтылган июнь, июль айларына маяна төлөнбөйт деп жатышат. Себеби, буйрук 30-мартта чыккан, апрель, май айларына гана төлөнөт деп айтышыптыр финансы башчылары. Бирок, биз буйруктун чыкканын билбей эки ай (апрель, май) кадимкидей иштедик. Кургак учук ооруканасынын жабылышына түздөн-түз күнөөлүү адам - бул оорукананын башкы дарыгери М.Ы.Карабаев. Карабаевдин шалаакылыгынын айынан оорулуулардын тамагына, дарысына бөлүнгөн акчалар туура иштетилбей Карабаевдин жана башкы бухгалтер С.Айдарова, кассир Сулайманкулованын кулкунуна куюлуп кеткен. 2007-жылдын жыйынтыгы боюнча ревизияда 300 миң сомдон ашык акча жетпей калган. Ушунун негизинде үчөө тең соттолуп, 3 жылга кесилишкен. Бирок, алар өз ордуларында калып, көнгөн адаттарындай эле оорукананын эсебине келген акчаларды өз кызыкчылыктарына иштетишкендигине байланыштуу 2008-жылдын жыйынтыгы менен 100 миң сомдон ашык акча жетпей чыккан. Бул тууралуу дагы иш козголуп, азыркы учурда ал иштери финансы полициясында. Оорулууларга бөлүнгөн акчадан жегендери аздык кылгансып, кызматкерлердин март айындагы айлыгынан 50 миң сомду өз чөнтөктөрүнө салып алышкан. Жогорудагы кемчилдиктердин негизинде биздин оорукана жабылып, "бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, 28 кызматкер жумушсуз калдык. Акырында айтарыбыз, урматтуу Курманбек Салиевич, Сиз унутпасаңыз, Сизди биринчи депутаттыкка шайлап, президенттик орунга жол алып берген Ала-Бука районунун эли эмес беле. Элдин катарында тынбай агитация жүргүзүп, урук-туугандарыбыз менен кошо колдоп, шайлаган Ала-Бука кургак учукка каршы диспансеринин эмгек жамааты жана ошол кездеги башкы дарыгер Исак Сатыбалдиевич Сатыбалдиев эсиңизде чыгаар. Мына эми, ошондогу коллектив жаңы Президенттик шайлоонун алдында жумушсуз калдык. Урматтуу Курманбек Салиевич! Сизден көптөн-көп суранабыз. Биздин оорукананы кайра ишке киргизип, оорулуу адамдардын денсоолугун ойлогон, өз кызматына жоопкерчиликтүү караган, жаңы жетекчи дайындап беришиңизди суранабыз.
1. Ашырбаева Дилбар
2. Дадабаева Букажал
3. Сулайманова Маралат
4. Субанкулова Нурила
Жалпысынан 28 адам кол койгон.