Ой каймагы
1. Акылдуудан акыл, акмактан кесир жугат.
2. Пайдасыз бийлик - байыган уй, пайдасыз байлык кунарсыз үй.
3. Дооматтуу кызмат - ооматсыз түйшүк.
4. Чындык өзүңдө жок болсо, өңгөлөрдөн издебе
5. Жүрөгүңдү ыйман ээлесе, жашооңду бакыт ээлейт
6. Акылдуунун акылын укпасаң, акмактын кеңешине зар болосуң.
7. Акчанын баркын карыз сураганда, акылдуунун баркын кеңеш сураганда билесиң.
8. Доомат кылып кызмат кылсаң, доолап жүрүп акыңды аласың.
9. Түбөлүк байлыгың акылың, түгөнбөс байлыгың ыйманың.
10. Ыймансызда ырайм болбойт, ыймансыз адам зулумду коргойт.
11. Намыс деп жашаганың, сыйлаганың арбагын ата-бабанын.
12. Ыймандууну ырыскы ээрчийт, ыймансызды шайтан ээрчийт.
13. Бүтпөгөн иштерди ашказандын кеңеши менен оңой бүтүрөсүң.
14. Тилиң чыккынчылык кылса буту колуң жардамга келет.
15. Напсиңди башкара алсаң ашказаның таарыбайт.
16. Акылыңды башкара алсаң душманың таарынбайт.
17. Максатың бийик болсо, ой чабытың күлүк болот.
18. Бийликке бий болгуча, ыйманга кул бол.
19. Колдун жолу дасторкондон оозго чейин, бутун жолу бешиктен кабыргага чейин.
20. Кайчы катындын, камчы жигиттин буюму.
21. Ажал адашпайт, тажаал тарбияланбайт.
22. Сөздөн жаңылсаң сынасың, кадамдан жаңылсаң жыгыласың.
23. Чындыкты өзүңдөн, калыстыкты калкыңдан изде.
24. Ыйман сөздөн эмес иштен, ыймансыз иштен эмес ичтен.
25. Кекчилдигинң кемчилдигиң, текеберлигиң тексиздигиң
26. Бийиктик ыйманда, тереңдик адамкерчилигиңде.
27. Акылдуунун баркына жетилсең, акылмандын төрүнө өтө албайсың.
28. Алтын жыйнап азапка, акыл жыйнап бакытка кабыласың.
29. Калп сүйлөп кадырыңды көтөрбө.
30. Азга толук кылбаган көпкө тойбойт.
31. Уятсыз адам ыймансыз, ыймансыз адам караөзгөй наадан.
32. Ата дүрмөттөлгөн ок, эне мээрим чачкан от.
33. Уул-кызыңдын ыйманы, ата-эненин терген жыйганы.
34. Бирөөнүн кемчилигин издебе, өз кемчилигиңди түздө.
35. Толкуган эл, тоо томкоргон сел.
36. Тамчы ташты, муштум башты жарат.
37. Напсиңдин бузулганы, ыйманыңдын сызылганы.
38. Билими тайкы адам, билиги кыска чырак.
39. Билимдүү бийликке келсе дурус, билимсиз келсе уруш.

Нурдан Кожогулов. Ысык-Көл областы.





Сурагыла, жооп алып беребиз "

"Ата Бейитте" канча улуттун өкүлдөрү көмүлгөн?
Чыңгыз Айтматовдун сөөгү "Ата Бейитке" атасынын жанына коюлду. Ал эми "Ата Бейитте" репрессияга туш болуп, атылгандардын сөөгү табылган деп уктум эле. Ал жерде жалаң эле кыргыздар атылганбы?

Аллаберди Дүйшеев - Кыргызстан мамлекеттик тоо-кен иштери жана тоо технологиясы институтунун 4-курсунун студенти, Кадамжай району, Пүлгөн айылы.

"Ата Бейит" комплексинде болуп, анын музейин аралап көргөн адам мындагы шумдуктуу, адамдын дене боюн дүркүрөткөн "экспонаттарга" жүрөгүн титиретип, Совет мезгилинин Улуу Ата Мекендик согуш алдындагы репрессияларынан курмандыктарына таазим этпей койбойт. Музейдин администрациясына кайрылып, бул жерде сөөгү жашырылып жаткан 137 адамдын кайсы улуттан экендиктерин тактап берүүсүн өтүнгөнүбүздө, алар төмөндөгүдөй болду:

Кыргыздар - 45
Орустар - 12
Уйгурлар - 36
Немецтер - 11
Кытайлар - 4
Дунгандар - 2
Чех - 1
Венгер - 1
Татарлар - 3
Башкыр - 1
Украиндар - 4
Корейлер - 4
Поляктар - 3
өзбектер - 3
Еврейлер - 2
Белорусь - 1
Эстон - 1
Түрк - 1
Кумык - 1
Иран - 1





Бал кымыз иче турган маал келди!
Таластын жайлоолорунан даярдалган бал кымызды кафе, рестораныңарга жеткирип беребиз.
Байланышкыла, заказ бергиле: (0772) 681-050

Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөндүгү жөнүндө Нанаев Кемелбек Касымкуловичке берилген диплом жоголгондугуна байланыштуу жараксыз деп табылсын.

Урматтуу Талас өрөөнүнүн окурмандары!
"Ачык саясат" - "Назар" газетасынын ар бир санын үйүңүзгө жеткирип берүүсүн каалайсызбы? Июнь айынан баштап редакция ар бир айылда Бирден, эл гезитти көп окуган айылда Экиден почточу-сатуучу штатын ачып жатат. Иш контракт түзүү негизинде.
Иштөөнү каалоочулар шашылгыла, чалгыла. Тел. (0772) 681-050

Пригородное айылынан 4 сотых участок сатылат. Кызыл китеби бар. Т.(0772) 68-10-50, (0700) 69-46-96

Алтын-Ордо+Кара-Жыгач 3, жаңы конушунан времянка шашылыш түрдө сатылат. Варианттары бар. (0772) 82-40-92, (0777) 26-15-77


Кесиптешибиз Сатылганова Наргизага бир тууган агасы
Сатылганов Арландын күтүүсүз кырсыктан улам каза болгонуна байланыштуу көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
"Адвокат профинин" эмгек жамааты.