Кыргыз Республикасынын
президенти
К. Бакиевге
КАЙРЫЛУУ
Качанга музей деп муңканабыз?
Урматтуу Курманбек Салиевич!
Кыргыз "кыргыз" болгону, Кыргыз мамлекети деп атка конгондон бери кыргыздын байыртадан берки элдик музыкасынын тарыхын, айтылуу эл шайырлары, комузчулар, төкмө акындар, манасчылар, ырчылар, дастанчылар, обончулар, кыл кыякчылар, темир ооз комузчулар, чоорчулар жана совет доорундагы профессионалдык музыкабыздын, театрларыбыздын, кинобуздун төрөлүп, өсүшүнө бүтүндөй өмүрүн арнаган композиторлор, режиссерлор, опералык ырчылар, бийчилер, музыканттар, драма театрлардын түптөрүн түптөшкөн улуу актерлор, кыргыз элин дүйнөгө тааныткан кинорежиссерлор, киноактерлор жана башка өнөр чеберлеринин өмүрлөрү менен чыгармачылыктарын камтыган, маданиятыбыздын тарыхын ар тараптан баяндаган, элибиздин жүзү болгон көп тармактуу улуттук өнөр - Искусство музейибиз жок.
Менин маалыматым боюнча, кыргыз өкмөтү өткөн кылымдын 40-жылдарында искусство музейин куруу тууралуу токтом кабыл алган. Тилекке каршы, ал токтом Улуу Ата Мекендик согуштун кесепетинен ишке ашпай калган. Бирок, ал маселе 60-жылдары кайрадан көтөрүлүп, музейге имарат курула баштаган. Эмнегедир ал имарат бүтүп калганда эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин акылман саясатынын аркасында искусство музейи эмес, бүгүнкү күндөгү Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейи болуп калган. Ошентип, сүрөтчүлөрдүн чырагына май таамп, ал музей ачылгандан бери сүрөтчүлөрдүн кары-жашы дебей жеке көргөзмөлөр?н байма-бай өткөрүп келишүүдө.
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондо Бишкек мэриясы Ала-Тоо аянтына сүрөтчүлөргө тарткан чыгармаларын сата турган жай куруп беришти. Ал болсо бүгүнкү күндө тынымсыз иштеп жатат.
Эгемендүүлүктүн шарапаты аркасында эл сүрөтчүсү Т.Садыковдун демилгеси менен Улуттук көркөм сүрөт академиясы ачылды. Академиянын ректору Т.Садыков жаңы имаратка көчөөрү менен Тоголок Молдо менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки кабат имаратты дагы сүрөт музейине айлантып койду. Мен бул жерде баса айта кете турганым, урматтуу президент, өкмөт жетекчилери улуттук өнөрдүн бир тармагына өзгөчө кө?үл буруп, ал эми музыка, кино, театр жана башка тармактарын ак кагаздай актай калтырышууда. Эмне үчүн сүрөтчүлөрдөй эле укуктагы жүздөгөн элдик шайырлардын, профессионалдык музыканын, театрлардын, киночуларпдын өмүрү менен чыгармачылыктарынын жүзүн, басып өткөн байсалдуу өмүр жолдорун, кыргыз элине си?ирген эмгектерин күзгүдөй чагылдырган дүйнөлүк деңгээлдеги искусство музейи уюштурулбай көз жаздымда калып келүүдө? Ал эми КМШ өлкөлөрүндө, коңшулаш Казахстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанда элдик, профессионалдык өнөрлөрүнүн тарыхтарын, тигил - бул инсандын тагдырын баяндаган кереметтүү музейлер бар. Аларды көрүп арданасың, "Коңшу бир тууган элдерден эмнебиз кем?" -деп намыстанасың.
Ошондуктан, Сизден суранаарым: экс-президент Аскар Акаевдин бүтпөй калган китепканасын жакшылап бүткөрүп, азыркы талапка ылайыктуу искусство музейин ачып берсеңиз, бүтүндөй кыргыз калкы, өнөр чеберлери сизге өтө ыраазычылыгын билдиришет эле.
Ырас, Кыргыз Улуттук А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, Кыргыз Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармоняда чыныгы музейлик эрежеге, анын талабына жооп бербеген, эч ким көрбөгөн, аты бар, заты жок бир бөлмөдөн "музей сөрөйлөр" бар. Ал эми Кыргыз Улуттук Академиялык Т.Абдымомунов атындагы драма театрында музейдин жыты да жок.
Ордо калаада Токтогул атындагы адабий музей бар. Ал болгону эки кичинекей бөлмөдөн турат. Кол жазмаларды сактай турган жана жыйын өткөрүүчү жайы жок. 1987-жылдын 18-июнда Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети Мамлекеттик Токтогул атындагы адабий музейди салуу жөнүндө атайын токтом кабыл алат. Каражат бөлүнөт. Токтом боюнча музей 1992-жылы бүтмөк. Бирок, Жазуучулар союзунун мүчөлөрүнүн бөлүнүп -жарылууларынан союздун урашынан бүтпөй калган. Бишкектеги музыкалык окуу жайларга ысымдары берилген залкарлардын ичинен эл артисти Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын алдында Муратаалынын айкели орнотулган. Музей делген кичинекей бөлмөдө фото альбом, анча-мынча материалдар жыйылып турат.
Ал эми эл артисти композитор М.Абдраевдин, Эл артисти, дирижер, композитор П.Шубиндин, СССРдин эл артисттери, бийчилер Б.Бейшеналиева, Ч.Базарбаевдин, эл жазуучусу Т.Абдымомуновдун, эл артисти, композитор А.Малдыбаевдин ысымдары берилген республикалык адистештирилген музыкалык мектеп-интернаттын, Бишкектеги балдардын музыкалык мектебине, искусство институтуна, хореографиялык окуу жайынын, опера жана балет театрынын, академиялык драма театрынын алдына залкарлардын айкелдери тургузула элек. Маркумдардын жаркын элестерине, өмүрү менен чыгармачылыктарына арналган жаштар таалим- тарбия ала турган музейлер да жок. Ал эми Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги иштеп чыккан "2010-жылга чейинки Кыргызстанада Маданият жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүнүн улуттук программасында" искусство музейин ачуу жөнүндө бир ооз да сөз жазылган эмес.
Ордо калаабызда бир дагы залкар төкмө акындын, бир дагы улуу манасчынын, бир дагы айтылуу комузчунун, бир дагы атактуу композитордун, ырчынын, актердун, бийчинин, дирижердун үй музейи жок.
1935-жылы Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу "Эл артисти" деген ардактуу наамды алышкан Муратаалы Күрө?кеевдин, "кыргыздын Бахы" аталган улуу комузчу Карамолдо Орозовдун, туңгуч композитор, СССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаевдин, дүйнөнү дүңгүрөтө ырдап, кыргыз элин ай-ааламга тааныткан СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин, булбул таңшык ырчы, СССРдин эл артисти Сайра Кийизбаеванын, бийчи, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын, СССРдин эл артисти, айтылуу актер Муратбек Рыскуловдун, Кыргызстандын Эл Баатыры, актриса Сабира Күмүшалиеванын, эл артисти, кинорежиссер Төлөмүш Океевдин жана башка залкарлардын үй музейлери жок. Баса, А.Малдыбаев, Б.Миңжылкиев дүйнөдөн өткөндөн кийин жашаган үйлөрү музей болсун деген өкмөттүн чечими чыккан. Тилекке каршы ал чечим бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келүүдө. Ал эми ысымдары аталган залкарлардай эле элибизге эмгек сиңирген эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевге өкмөт заңгыраган эки кабат музей салып бергенин өзүңүз жакшы билесиз. Маркумдун Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү жашаган эки кабаттуу үйү сатылып кетти.
Менимче, " Ала койду бөлө кыркпай, көздөрү өтүп кеткен маркумдардын бардыгына бирдей мамиле кылсак алардын арбагы ыраазы болор эле.
Акыркы кезде жергебизге келишкен чет өлкөлүк меймандар, окумуштуулар дүйнөдөгү эпостордун ичинен биринчи орунда турган "Манас" эпосуна көп кызыга башташты. Алар дагы: "Эмне үчүн манасчылардын музейи жок?" - деп сурашат. Саякбай Каралаевдин, Сагынбай Орозбаковдун, Молдобасан Мусулманкулов баштаган манасчылардын музейин ордо калаабызда ачсак, баатырдык эпоско болгон кызыгуулар дагы артаар эле. Ал эми коңшулаш казак боордошторубуз акын Жамбыл Жабай уулунун урматына Узун Агачка тогуз гектар жерге укмуштуудай сонун музей курушкан. Биздин манасчылар менен Жамбылдын чыгармачылыгы асман менен жердей айырмаланат. Казак эли өнөрдү туу катары туткан, аны баалаган, барктаган эл экенин далилдеди. Биз болсок колдо бар алтынды барктабай, баалабай, көздү жуумп келебиз.
Кыргыздын элдик музыкасынын негиз салуучуларынын, профессионалдык музыкабыздын, театрыбыздын, кинобуздун түптөрүн түптөшкөн залкарлардын туулган, өлгөн күндөрү белгиленбей, эскерүү кечелери өтпөй келүүдө. Өткөн жылы эл артисти, тунгуч опера режиссеру А.Куттубаев 100, 2006-жылы залкар актер, эл артисти Ш.Түмөнбаев 100 жашка чыкты. Буларды Опера жана балет, Академиялык драма театрларынын жетекчилери эскерип эскерүү кечелерин өткөрүшкөн жок. Өткөн жылы төкмө акындар Калык Акиевдин туулган күнүнүн 125 жылдыгы, Осмонкул Бөлөбалаевдин 120 жылдыгы өкмөттүн чечими менен республикалык деңгээлде өткөрүлдү.
Ал эми Калык, Осмонкул менен филармонияда бирге иштешкен эл артисти Карамолдо Орозовдун туулганына 125 жыл, эл артисти Ыбырай Тумановдун туулганына 120 жыл толсо да, Композиторлор союзу, Маданият жана маалымат министрлиги үн катпай көз жуумп коюшту. Себеби, эки залкарга өйдө чыкса - өбөк, ылдый түшсө - жөлөк боло турган адамдары, демилгечилер жок.
1960-жылдын 11-июлунда Карамолдо Орозовдун ысымын түбөлүккө калтыруу, маркумдун сөөгүн коюу үчүн уюшулган Мамлекеттик комиссия өкмөткө Кызыл-Бирлик колхозуна (азыркы Корумду айылына) эстелигин тургузуу, Нарындагы музыкалык мектепке, Фрунзедеги өзү жашаган Кузенцкий көчөсүнө, Пржевальский (Каракол) шаарынын бир көчөсүнө, Ысык-Көл районундагы Ананьево селосун залкар шайырдын атынан атоо, борбор шаардагы парктардын, скверлердин бирине эстелигин тургузуу, филармониянын эл аспаптар оркестрине ысымын берүү, Кыргызстандагы музыкалык факультеттери бар институттардын музыка кафедраларына К.Орозовдун атындагы стипендияны чектөө, Карамолдонун чыгармаларын жарыкка чыгаруу боюнча токтомдун долбоорун сунуштаган. Тилекке каршы, бул сунуштардын ичинен бирөө гана аткарылып, филармониянын эл аспаптар оркестрине Карамолдонун ысымы берилген. Ошентип, Кыргызстан композиторлор союзунун мурдагы жетекчилери ишти баштап коюшуп, демилгесиздиктин кесепетинен 49 жылдан бери аягына чыкпай келүүдө.
Улуу манасчы Молдобасан Мусулманкуловдун уулу, залкар дирижер, айтылуу композитор, Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эл артисти Калый Молдобасановдун ысымы консерваторияга, көчөгө берилбей, жашаган үйүнө мемориалдык такта илинбей, эртели-кеч сейилдеген Эркиндик бульварына эстелиги тургузулбай келүүдө. Бул маселе боюнча маркумдун жубайы, Сизге, Маданият жана маалымат министри С.Раевге кайрылган эле. Бирок, бул маселе эмнегедир бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келүүдө.
Сизди жогоруда айтылган маселелерди чечип берет деген терең ишеничтемин.

Б.Алагушев, тунгуч музыка изилдөөчү, КРнын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер,
Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты,Билим берүүнүн отличниги, Композиторлор, Жазуучулар, Журналисттер союздарынын мүчөсү, КРнын алдында сиңирген өзгөчө
эмгегинин ардагери