Кыргыз Республикасынын
Президенти
Курманбек Бакиевге
кайрылат:
Кан жуткан ата
Урматтуу президент!
Менин Сизге кайрылуумдун башкы себеби- балам Азим Абдулдаев 1986-жылы туулган, 2008-жылы 6-февралда каза болгон. Анын дүйнөдөн мезгилсиз кайтыш болушуна Улан Сатаров деген бала күнөөлүү болуп табылган.
Менин балам кечинде үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон кайткан жок. Көрсө сүйлөшүп жүргөн /мүт деген кызына жолугам деп, ал иштеп жаткан магазинге барат, ал жерден кызын таппайт, магазинде кыздын энеси болот. Ал "мен бир жакка барып келем, сен отуруп турчу" деп баламды магазинге коюп, өзү чыгып кетет. Кыздын энесинин айтуусу боюнча, ал жарым саатка, жок болгон, келгенде магазинден менин уулумдун өлүгүн көргөн. Аны бирөө моюнга темир менен сайып өлтүрүп кеткен.
Тергөө башталганда бул иш боюнча Улан Сатаров деген бала кармалат. Ал менин балам менен сүйлөшүп жүргөн /мүт деген кыздын мурдагы сүйлөшүп жүргөн баласы экен. У.Сатаров кармалганда эле күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, "ооба, мен ал күнү /мүткө жолугайын деп жолдош балам Дөөлөтбаев менен бирге чыккам, жолдон магазинге кайрылып калып, ал жерден Азимди көрүп уруша кеттик. Мен чөнтөгүмдөгү отвертканы алып мойнуна сайып жибердим. Анан, коркуп Алма-Ата шаарына кетип калгам" деп көрсөтмө берген.
Тергөөдө канча суралса, ошончо жолу мойнуна алган. Кийин эле иш сотко өткөндө ал өз көрсөтмөсүнөн танып, кылмыш жасабагандыгын айтты. Тергөөдө Дөөлөтбаев балам кандай шартта өлтүрүлгөндүгүн толук айтып берген. Кийин угуп калдык, "аны коркутуп жатышат, бала көрсөтмөсүнөн танат экен" деп. Айткандай эле, сотто көрсөтмөсүнөн танып кетти.
Азыр тергөөдө Сатаровдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камактан бошотулду. Анткени, анын Казакстанда иштегени далилденди дешет. Ал эми ошол күбө болгон кишилер ошол мезгилде Казакстанда иштегенби-иштеген эмеспи - ал текшерилген жок. Тергөөчү аларды күбө катары бул жакка чакырып сурап жатат. Өзү бир да жолу Казакстанга барып, ал кишилер жөнүндө маалымат алган жок.
Сизден өтүнөөрүм: менин күйүтүмдү түшүнүп, ушул иш боюнча жардам берсеңиз. Күнөөм жок деп танып кетсе эле жазаланбай кала береби? Эмне үчүн тергөөдө күнөөсүн толук мойнуна алган, аны ким кыйнады? Күнөөсүн мойнуна гана албастан, толук көрсөтүп жатат, качан, кандай абалда урушушканын, кантип моюнга сайганын. Аны Дөөлөтбаев да далилдеп берген.
Тергөөдө күнөөсүн мойнуна алгандыктан биз дагы күйүт менен жүрө берип, өзүбүз тергөө жүргүзбөй калдык, эми болсо бир топ убакыт өтүп кетти.
Менин өзүмдүн жеке оюмда, баламдын өлүмүнө ушул эле Сатаров күнөөлүү, анын баламды өлтүрүшүнө толук негизи болгон.
Балам жакшы тарбияда өсүп келаткан. Чыр-чатагы жок, эч ким менен урушуп-талашкан эмес. Ушул гана Сатаров "менин кызым менен жүрбө" деп тынчын алып, урушуп кетчү.
Редакциядан суранаарым:-ушул ишке көңүл буруп, газета аркылуу менин кайрылуумду элге окутсаңыз. Балким ушул иш боюнча билген-көргөндөр чыгып калаар.

В.К. Абдулдаев
Жайыл району,
Ново-Николаевка айылы,
Комсомольская көчөсү, переулок-3.




Акындын алданган аялы
Урматтуу президент! Мен Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунда бир топ жыл секретарь болуп иштеген Маркабай Ааматовдун мурдагы аялымын.
М.Ааматов 2006 - жылы үйүбүздү уулум Саматка таштадым деп башка аял алып кеткен. Машинаны сатып акчасын кызыбыз Айнурага берем деген. Эми, эки жылдан кийин кайра келип үйдү талашып жатат. Эки жылдын ичинде балдарымдын бир участогун азыркы аялы Мотуева Аидага, бир участокту Маматибраим Бостонкулов деген обончуга каттатып коюптур. Анын баары жалган документ менен жасап отургузулган, б.а. Кыргыз Эл баатыры Т.Касымбеков жер сурап келди деген документ менен. Азыркы учурда Т.Касымбеков экөө бажа болуп калган. Ал дачаны 20 жыл мурун алганбыз, курулушун бүт менин балдарым бүтүрүшкөн. Аны жазуучулардын көбү билишет. Азыр "колуңдан эч нерсе келбейт, президентке чейин барсаң да" деп мени сөгүп жүргөн учуру.
Урматтуу президент! Райондук сот бул чатак үйдү, дачаларды бүт М.Ааматовдун эсебине калтырып койду. Биздин 30 жылдык эмгегибиз талаада калып жатат.
ЗАГСтан ажырабай туруп, М.Ааматов мал-мүлктүн баарын алып кеткен. 1 гектар жер сатып алганбыз, ал жер машина ж.б. нерселер бүт М.Ааматовго чечилди. Сотто "18 жыл балдарды бакканмын" деп айтат. Ушул акындын айтаар сөзүбү? Балдар өздөрүн өздөрү багып келишкен. Мен күнү-түнү спорт-интернатта иштеп турганмын. Айбек менен Айнура уул-кызым 15 жаштан баштап ар кайсы жазуучулардын китептерин компьютерге басып, басмаканага даяр кылышчу. Аларга эч кандай акча да берчү эмес. Ж.Мавлянов, С.Жусуев, Н.Алымбеков, Ө.Караев, Н.Камбарова, С.Алтымышов, К.Сактанов, С.Рысбаев, Г.Н. Ли, Т.Сыдыкбеков ж.б. көп жазуучулардын китептерин басып чыгарышкан.
Азыркы учурда балдарыбыздын эч кимисинин үйү жок. Айбек 2004-жылы 8-июлда каза болуп калган. Калган балдарымдын үй-жайы жок, баарыбыз Ааматов Маркабай талашкан Кашка-Суу айылындагы Медеров көчөсүндөгү №20 үйдө жашап турабыз. Алты неберем бар. Ааматов бардыгынан баш тартып кеткен. Азыр бүт өзүм багып жатам. Баламдын сатып алган машинасынын акчасын да өзүм жардам берип, кредитин төлөп турабыз.
Урматтуу президент! Сизге кайрылып жаткан себебим: азыр салыкчылар артымдан түшүп жатат. Өзүм мугалим болсом, балдарды багып жатсам, ал эми ишти жең ичинен бүтүрүп, колунан келгенди жасаган Ааматовго окшогон адамдарга мыйзамды каалагандай бузса боло береби? Кечээ келген аял бардык нерсеге ээ болуп, биз талаада калабызбы? Соттун ушундай чечими туурабы? М.Ааматовго 1 млн. сом төлөшүм керек экен? Бул ишти эми Чүй областтык соту карайт.
Акыры айлам кеткенде, сизден үмүт кылып кайрылып жатам. Менин да үнүмдү уга турган адамдар барбы? Мен да мектепте 25 жылдан ашык иштеп, "Билим берүүнүн отличнигин" алганмын.
Азыркы учурда жаш муундарды тарбиялап, балдарды коргоо жактан адаптациялоо борборунда тарбиячы болуп иштеп жатам.

К. Айтбаева
Аламүдүн району,
Кашка-Суу айылы


Редакциядан: Биздин гезит аркылуу өлкөнүн Президентине соттордун адилет иштебей жаткандыгына нааразы болуп кайрылган жарандар күн өткөн сайын көбөйүп баратат. Бирок силердин зар какшаган үнүңөрдү уга турган Президент да, Жогорку Сот да, судьялардын улуттук Кеңеши да, Башкы прокуратура да жок деп кое бергиле. Бар болсо, буга чейин жарыяланган, сиздердикине окшогон ондогон муң-кайгылуу каттардын жок дегенде бирөөсүнө оң жооп берип коет эле го. Бирок, быйыл болбосо, эмдиги жылы, ал жылы болбосо, акыры бир Президент өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуп жооп берет деп үмүт этели.