Күн собол

Президенттикке талапкерлердин үгүт иштери кандай жүргүзүлүүдө?
Сайдин Исаков:
- Борбордук Шайлоо Комиссиясы президенткеби же башка талапкерлергеби, айтор, ажолукка аттангандардын бардыгына бирдей шарт түзүп берүүгө тийиш.
Менин байкашыма караганда талапкерлердин ичинен Курманбек Бакиевге карата үгүт иштери көбүрөөк жүргүзүлүүдө. Борбордун чоң көчөлөрүндө врачтын кийимин кийген мурутчан жигиттин сүрөтү менен "Бакиев накта президент!"- деп жазылып турат. Кыргыздар накта деген сөздү кишиге карата айтпайт. "Накта кымыз же айран" дейт. Адамды да ошентип айтчу беле? "Мыкты, жакшы, татыктуу"- дешсе туура болмок.

Бурма Алимбекова:
- Көчөгө көп чыкпагандыктан көчөдөгү үгүттөрдү билбейт экенмин. Бирок, телевизордон Бакиевди эле мактап калгандарына караганда шайлоого алдын ала даярдык го деп өзүмчө ойлоп коем. Пенсионерлердин да пенсиясын көбөйтүп, пенсиябызды алдын ала үйгө алып келип берип жатышат. Карыларды шайлоонун астында гана эстебей, ар дайым ушундай камкоордук кылып турушса сонун болмок.
Журт башчылыгына жөн адам олтурбайт. Кудай колдогон адам келет. Элине кайрымдуу, боорукер чындык издеп, адилет иштеген адам келсе экен деп жатсам-турсам Кудайдан тилеп олтурам.

Канат Жуманаев:
- Президенттик шайлоого карата үгүт иштерине баам салсам башка талапкерлерге караганда азыркы ажонун сүрөттөрү жана лозунгдары басымдуулук кылууда. Албетте, "оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн"- дегендей кимдин колунда бийлик болсо ошол адам ар дайым үстөмдүк кылат эмеспи. Ал эми УТРК аркылуу теледебатка чыгып жаткан атаандаштарынын ичинен ажобуз Атамбаев же Сариев менен чыкса маанилүү маселелер козголот эле.

Назгүл Кулиева:
- Албетте, азыркы президентибиз Курманбек Бакиевди жактаган жана мактаган үгүт иштери жүргүзүлүүдө. Анын себебин айтпасам деле баарыбызга түшүнүктүү да. Шайлоо деген ушундай турбайбы. Көксөгөн максаттарына жетмейинче талапкерлер элди жыргатам-гүлдөтөм дей беришет. Шайлоо бүткөндөн кийин эле карапайым элди караган киши жок. Ошондуктан, шайлоого кылдаттык менен мамиле жасап, ооз көптүргөнүн эмес, таза иштей турганын тандап албасак, дагы беш жыл карайлап калышыбыз мүмкүн.

Чынара Исмаилова:
- Жалаң эле президент- Курманбек Бакиевдин талапкерлигин үгүттөгөн сыяктуу көрсөтүүлөр эфирден байма-бай берилүүдө. Азыркы тапта иштеп жаткан президентти мактап-жактоонункажети жок болуш керек. Анткени, анын кандай иштеп жатканын эл өз көзү менен көрүп, жон териси менен сезип жатпайбы.

Назгүл Молдоасанова:
- Ажолукка аттанып жаткан алты талапкерди тең Кыргызстандыктар жакшы тааныйт. "Өзүн - өзү мактагандан түңүл"- дегендей кимдин-ким экенин, "накта президент"- кандай болоорун эл жакшы билет. Андыктан, талапкерлер өздөрүн эле мактай бербей, Кыргызстандын келечеги жөнүндө көбүрөөк сөз кылышса.
Заман ушундай болуп калбадыбы "колунда токочу бар бала сүймөнчүк" болуп, учурдагы президенттин тегерегинде кошоматчылар "Баш ал десе, бөрк алып" ал кишини жаман атты кылып коюшууда. Эмнеси болсо да, шайлоо тынч өтсө экен.

Алмаз Мамбетказиев:
- Президенттик шайлоого утурлай 18-июндан баштап үгүт иштери башталды. Эл ичинен суурулуп чыккан алты чыгаандын арасынан мамлекет башчыбызды "апендинин кызындай" мактап, жаңы-жылда түшкөн сүрөттөрүнөн бери көчөгө иле коюшуптур ашынган кошоматчылары. Кайсыл аймакка эл менен жолугушууга барбасын мамлекеттик кызматта иштеген чиновниктер бюджеттик мекемелерде эмгектенген элди жыйнап, бардык иш-чараларды ойдогудай уюштуруп берип жатышат. Айрым ашынган күнкарама мүнөздүү адамдар, артык кылабыз -деп, тыртык кылып аша чаап мактап жиберишип ажонун аброюна да шек келтиришүүдө.

Гүлнара Исмаилова:
- Курманбек Бакиев менен Жеңишбек Назаралиевдин үгүт иштери уюшкандык менен жүргүзүлө баштады. Доктор Назаралиев жөнүндө таркатылып жаткан үгүт баракчаларда анын программалары ачык-айкын жазылыптыр. Шайлоого да саналуу эле күндөр калды. Андыктан бардык талапкерлер убакыттарын текке кетирбей элге өз программаларын кеңири алып чыкса, тандаганга да жакшы болмок. Жакындан бери "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдин сүрөттөрү көчөлөргө илине баштады. Эмнегедир БЭКтен аттанган Алмазбек Атамбаевдин жарнактары көрүнбөйт.
София Бекмуратова:
- Мен добуш берээрде көчөлөрдө жазылган көрнөк-жарнактарга, талапкерлердин программаларына маани бербейм. Анткени, эгемендикке ээ болгондон бери берилген убадалар, жазылган программалар кандай аткарылып жатканы белгилүү. Ошондуктан, болочоктогу президентти мындан мурда баскан жолуна, сүйлөгөн сөзүнө, элине кылган эмгегине жараша жүрөгүм менен тандап туруп добушумду берем.



Замирбек уулу Артык:
- Үгүт иштери башталгандан кийин талапкерлердин бардыгы рекламаларын элге кеңири жайылтууга мүмкүнчүлүк алышпадыбы. Балким, оппозициядан чыккан талапкерлерге бийлик тараптан кысымы болушу мүмкүн. Бирок, "президент болом" деген инсан анча-мынча тоскоолдуктарды тоготпогон күчтүү болушу керек.
Элдин добуш берүүсү, талапкерлердин рекламалык роликтеринен, көрнөк-жарнактарынан көз каранды эмес. Элине сиңген эмгегине, саясий беделине жараша болот да.

Наргиза Диярова:
- Шайлоонун кандай өтөөрү үгүт иштери башталганда эле байкалат. Кезектеги президенттик шайлоо мурдагыларынан айырмаланбай калды окшойт. "Чү" -дегенде эле БЭКтен аттанган Алмазбек Атамбаевди каалагандай каралап, мас болгонуна чейин эфирден элге көрсөтүп, бийлик өкүлдөрү өтө майдаланып кетишти. Ушундан эле шайлоонун шайтан оюндары дагы башталганы даана байкалат.

Суроо салган Гүлниза
Молдокулова