Мен мындайды күткөн эмесмин…

"Ачык саясат" гезити чындыктын символу катары элдин кан-жанына сиңген. Ошондуктан болгон ишти ачыкка чыгарууга туура келди. Учурда биздин гезит тууралуу ар кандай божомолдор айтылууда. Редакциябыздагы чуулгандуу иштерге эмне себеп болгонун окурмандарга билдирүү үчүн, өзүмдүн башыман өткөргөн окуяны ачык жазууга аргасызмын.
"Ачык саясат" гезитинин эмгек жамааты күндөгүдөй эле өз ишин улантып, мен Ысык-Көлдүн Бостери айылына командировкага кеткем. Ал жакта 3-4 күн иштер менен алек болгон соң, кайра кайтууга туура келди. Бирок, мен Ысык-Көлдө жүргөнүмдө кесиптештеримдин эч бирөөсү телефон чалып, бул жактагы абалды айткан эмес. Борборду көздөй жол тартып, машинада келе жатсам гезиттин менеджери Ильяз Өмүралиев телефон чалып, жаңы автовакзалга келүүмдү суранды. Жакында гезиттин башкы редакторунун орун басары Рыскелди Момбеков Египетке кетмек. Ошого баары чогулуп, узатканы жатышкан го деген ой келди. Аңгыча дагы Ильяз байке, ага удаа Рыскелди байке телефон чалышты.
Борборго жетип, Рыскелди байкеге жолуктум. Андан болгон ишти кыскача уккан соң, "гезитти сактап калыш керек" деген оюмду айттым.
Ташболот Балтабаев гезиттин башкы редакторлук ордун Рыскелди байкеге өткөрүп, буйрук чыгарып бериптир. Башкача айтканда, мындан ары гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков эмес, Рыскелди Момбеков болуптур. Мени Ысык-Көлгө Рыскелди Момбеков жибергендиктен алып келген материалымды жазып берүүгө туура келди. Гезиттин дизайнери Жазгүл эже Бабырбек Жээнбековдун тууганы болорун мен ошондо билдим. Себеби, ал "биз Бабырбек байкеге тууганбыз. Эртең барышым керек"-деп айтып жатканын уктум. Көрсө, редакция экиге бөлүнүп, "Ачык саясат" гезитин эки жерде даярдап жатышыптыр. Мен түнү менен материалымды жазып берип, өзүбүздүн иштеп жүргөн редакциябызды көздөй бет алдым. Анткени, Бабырбек Жээнбеков агай экөөбүз көп иштерди пландаганбыз. Ошондой эле, ал адам мага журналисттик кесиптин ийне-жибин үйрөтүп, акыл-насаатын айтып, өзү тарбиялап келе жаткан. Ошондуктан, мен ал жакты таштап кетип калуум мүмкүн эмес эле.
Ал эми Рыскелди Момбековдун дагы мага берген тарбиясы чоң жана мени гезитке кабарчылык кызматка алган. Албетте, мен ал адамдын жакшылыктарын унутпайм. Ырас, коллективде Рыскелди Момбековду бардыгы сыйлашчу. Ошондуктан, ал адамдын жакшылыгына жамандык менен жооп бербестен айрым журналисттерибиз аны менен чогуу кетишти.
Жолдо келе жатып ар кандай ойлорго чөмүлдүм. Көрсө, кызмат үчүн бардыгынан кечип койсо болот тура. Кечээ эле бир дасторкондон даам сызып, бир нанды бөлүп жеген биздин эмгек жамаатыбыз экиге бөлүнүп кеткенине ичим күйдү. Ойлонуп келе жатып, редакцияга келип, журналисттер отурган бөлмөгө баш бактым. Бардыгы менен учурашкан соң, алар редакциядагы болгон ызы-чууну тизмектеп айтып беришти. Анткени, Ильяз байкелер мага ызы-чуу тууралуу айтышкан эмес. Болуп жаткан көрүнүштү кадимкидей эле кабыл алгам.
Кесиптештерим "Назгүл, сен жокто бизде көп окуялар болду. Рыскелди байке "гезитке мен башкы редактормун"-деп, Бабырбек агайды жаман сөздөр менен сөгүп, "Темир Сариев экөөңөргө бир ок" деди. Уяты жок киши экен. Жума күнү чыга турган гезитибиз чыкпай калганы турат. Себеби, компьютердеги программалардын баарын өчүрүп, ичиндеги керектүү нерселерди жок кылып кетишиптир. Дизайнерлерибиз дагы келбей коюшту. Компьютерлердин тонолгонун бизден кеткен эле тараптан көрүп жатабыз" дешти. Уккан кулагыма ишенген жокмун. Кантип? Кантип атасындай болгон адамды, бир туугандай болуп өскөн досунун атасын жаман сөздөр менен сөксүн? Андай болушу мүмкүн эмес. Кесиптештеримдин бардыгы болгон окуянын чындык экенин ырасташты. Муунум бошоп, жүрөгүм ооруду. Ыйладым. Токтоно алган жокмун. "Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" деген учкул сөздүн маанисине ошондо түшүндүм.
Бабырбек Жээнбеков агайдын бөлмөсүнө кирип, бизден кеткен кесиптештерим менен жолукканымды, аларга материал жазып бергенимди айттым. Редакциябыздагы оор абалды көргөн соң, албетте чындыкты айтуум керек эле...
Бул жерде БЭКтин Баткен областы боюнча координатору Ташболот Балтабаевдин иш аракети түшүнүксүз. Анын баласы Нурлан Балтабаев "Ачык саясат" гезитинин ээси. "Алиби" гезити жабылып калганда Бабырбек Жээнбеков агай менен Нурлан Балтабаевдин ортосунда "Ачык саясат" гезитин иштетүү тууралуу мыйзамдуу түрдө келишим түзүлүп, келишимде Балтабаев үч жылга чейин Бабырбек Жээнбековдун гезиттеги иштерине аралашпасы, ал эми Жээнбеков үч жылдын ичинде гезиттин нускасын 15 000ге чыгарып берээри жазылган. Бабырбек Жээнбеков гезиттин нускасын үч эмес, бир гана жылда 15 000ге чыгарды. Демек, бул жерде мыйзам ким тарабынан бузулуп жатканы кимге болсо дагы белгилүү.
Чындыгын айтуу керек, анткени биз акыркы мезгилде бийликтин гана кемчиликтерин жазбастан, оппозицияны дагы катуу сынга алганбыз. Көрсө, сынды бардык эле адамдар туура кабыл албайт тура. Минтип айтып жатканыбыздын себеби, биздин редакция жамаатынын ынтымагынын ыдырашына Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Алмазбек Атамбаевдин салымы бардай. Анткени, ал бизден кеткен кесиптештерибизди азыркы тапта финансы жагынан колдоп жатканы ачык айтылууда. Алмазбек Атамбаев көрүнүктүү инсандардын жакшы-жаман иштерин журналисттер эч качан унутпастан, коомчулукка билдирип тураарын жакшы түшүнсө керек…
Баарынан дагы Бабырбек Жээнбеков агай менен пикирлеш болуп, "Ачык саясат" гезитинин редакциясына иши түшүп, ар убак келип жүргөн айрым оппозиция лидерлери калыс сөзүн айталбастан капталын салгандары таң калтырат. Айрым маалыматтарга караганда, алар Ташболот Балтабаевди Бабырбек Жээнбековдон гезитин тартып алууга үгүттөгөндөрү бизге белгилүү болду.
Урматтуу окурмандар! "Ачык саясат" гезитинин жамааты сиздер менен, Сиздердин пикириңиздерге тилектеш болуп, мындан ары да кара кылды как жарган калыс макалаларыбызды жарыялай бермекчибиз.

Назгүл Мамытова