"Жакшы сөз - жарым ырыс"

Атың жакшы экен НАЗАР гезит
Назарыңды жетимдей жер карап, нан сурап турган элиңе бур"
Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны:
- Жаңыдан дүйнөгө келген перзентке адам эмнени каалайт? Эң оболу өмүр, бекем ден-соолук, анан, эң негизгиси, анын адам болушун каалайт. Анын сыңарындай, жаңы төрөлүп жаткан "Назарга" мен, албетте, узак өмүр каалайм. Ал эми перзенттин өмүр жашын жараткан өзү чектесе, гезиттин өмүрү анын кызматкерлерине байланыштуу. Ал үчүн эң оболу алардын өздөрүндө чоң калыстык, болгондо да бир беткейликке, амбицияга берилбеген, ыйманы таза пендечилик, майда-чүйдөдөн жогору турган, окурмандын аң-сезимин туура багытта алып жүрүүгө умтулган, кара кылды как жарган калыстык болуп, гезитти бийик деңгээлде чыгаруу керек. Чынында, журналист журтчулугунун милдети ушул. Чындык, калыстык...
Мен "Назардын" атына жараша, биринчи кадамынан эле окурмандардын назары түшкөн басылма болушун каалар элем!

Исмал Исаков, экс- коргоо министри, БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү:
- "Ачык саясат" гезити элдин жүрөгүнөн өзгөчө орун алган гезит эле. Андагы эч нерседен тайманбай, бийликтин буйрутмаларынан коркпой-үркпөй, байма-бай жарыяланган сын макалар аз да болсо элинин көйгөйүн көзүн май баскан бийлик өкүлдөрүнө көрсөтүп тураар эле. Аталган гезиттин бир ууч жамааты гезиттин атын жаңыртса да баштагы ой-тилегин, максаттарын жаңыртпасын. "Назар" гезити чындыкты издеген, коомчулуктун назарын өзүнө бура турган элдик гезит болсун!

Сооронбай Жусуев, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны:
- "Назар" деген ат менен жаңыланып чыгып жаткан гезит "Аккан арыктан суу агат"- дегендей баштагы калыбынан жазбай, мурдагы кемчиликтерин кайталабай, окурмандарды өзүнө тарта турган, калыс сөздүү, чыныгы элдик гезит болсун! Аксакалдык айтаар кебим, алакандай болгон эмгек жамаатыңардын калеми курчуп, эл каалаган макалаларды тайманбай жаза бергиле!

Тургунбек Бекболотов,
Б. Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, акын:

Баш редакторго
\Калыстык барбы? Таза ким?
Ким билет калктын азабын?
Кашкайган гана чындыкты
Кабарлап турсун "Назарың".

Койбосо журтка мазагын
Кудайдан келер жаза-миң.
Кырк чоро кырдан түшкөндөй,
Кыйкырып чыксын "Назарың".

Терс иштин берип сазайын,
Түшпөсүн оттон казаның,
Түндүгүң жетип булутка,
Түбү бек болсун "Назарың".

Саламым - ушул казалым,
Суранам, жазсаң жаз агын.
Сыйыртмак салар мойнуңа,
Сынбасын, асти, "Назарың".

Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны:
- Бузулган коомго бучук молдо-дегендей бу күндө гезиттен көп неме жок. Бирок, окуй турганы аз. Көбү актай чыгып жаткандай. Гезиттер уятты тап катары жоюп салып, ушакты жанр катары кабыл алышты. Кайсы гезитти караба бирин-бири жөнү жок каралап, бирин-бири жөнү жок шыбап жатышат. Арзымат журналисттер чөнтөктүүгө чөк түшүп, мансаптууга малай болуп, "Манасты" ээрчип эт жеген, мадырайган соргокторго айланышты. Бирин-бири сыйлоо, адамгерчилик дегенди унутушту. "Казак, кыргыз жоо болсун, кара башым соо болсун" деп кара башы үчүн кам уруп калышты. Капчыгы толо капитализм аларды кабыштыра коюп, каткыра күлүп карап турат. Жеке кызыкчылык жетинчи кабатка чыгып, улут кызыкчылыгы эшикте калды.
Атың жакшы экен, "Назар" гезит. Назарыңды жетимдей жер карап, нан сурап турган элиңе бур. Анын бүгүнкүсүнө, эртеңкисине бур. Саманды жазбай, салтты жаз. Алмустактан бери келаткан ата наркы, азапты айт элге. Чөптүн бүрү болбой гүлү бол, элдин үнү бол. Жетимдин жашын аарчы. Карыпка кайрат бер. Нааданга акыл бол, чындыкка жакын бол...
"Агым" агып - агып отуруп, аягы "Чагым" болду. "Ачык саясат" алдастап барып, "Чачык саясатка" айланды. "Алиби", "Де факто" "губернатор" дегендей кыргыздын кулагынын кужурун алып кан-жанына сиңбей, уюлгуган куюндай кубалашып жок болду. Сен алардын кетирген кемчиликтеринен оолак бол. Арсыз ажылдактан алыс бол. Жаман менен жакшыны аңдай бил.

"Актын түсү билинбейт,
Болбосо түстүн карасы.
Жакшы менен жамандын
Асман жердей арасы"-деп айтылган осуят акылдан жыйынтык чыгарып, эл арала. Акындын алпы, орошон ойдун олуясы Арстанбек бабабыздын:
"Байрак кармаар жетик бол,
Бакырларга кешик бол.
Балабызга бешик бол,
Бак-таалайга эшик бол"-деген батыл батасы силерге да тийсин. Сапарың арыбай, байсалдуу болсун!


Азиза Абдырасулова, укук коргоочу:
- Менин жеке пикиримде: элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон "Ачык саясат" гезити атын "Назар" деп өзгөрткөнүн туура көргөн жокмун. Бирок, гезиттин жамааты ушундай олуттуу ишке барып жаткандан кийин мунун да чоң себептери бар болсо керек. Андыктан жаңы ысым менен жарык көрө турган "Назар" гезити бийликтин назарын элине бурдура турган күчтүү гезит болсун!

- Мирослав Ниязов, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
- "Ачык саясат" гезити өлкөдөгү кырдаалды ачык-айкын, тайманбай жазганы үчүн кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал гезит болчу. Чындыкка суусап турган коомчулук гезиттин бир санын алып окуганда эле, бир чыны таза суу ичкендей моокуму кана түшчү.
Бизде жаандан кийинки козукарындай гезиттер жайнаганы менен элдин мүдөө-талабын, көйгөйүн көтөрүп чыккан гезиттер саналуу гана. Ошолордун ичинен "Ачык саясат" гезити коомчулуктун патриоттук сезимин ойгото алды. Окурмандары ал гезитти издеп окуп калган. Эми ошол гезиттин эмгек жамааты "Назар" аттуу жаңы гезитти элине тартуулаганы жатыптыр. Эл эртең эмне болоорун билбей бушайман болуп турганда, ушул жаңы гезит аркылуу мамлекетибизде болуп жаткан жагдайды калкыбызга туура жеткирип, жаңы жашоонун, жакшы турмуштун жарчысы болгула. Жолуңар байсалдуу болсун!