АКШ кирген жеринен чыкпа-айт...
"Манас" аэропортундагы "Ганси" базасынын акыркы самолету 18-августта учуп кетет деп Бакиевдин 3-февралда Москвадагы убадасын кош колдоп колдогон "Ак жол" 25-июнь күнү ал позициясынан баш тартып "калсын" деген жаңы сунушка кол көтөрдү. База мурда "антитеррордук коалициянын "Манас" аскер базасы" деп аталса, мындан ары "транзиттик-логистикалык борбор" деп аталат. Мурда Кыргызстан "Ганси" үчүн жылына 17 млн. доллар ижара акы алса, эми борбор үчүн 60 млн. доллар алат. Мындан тышкары, жаңы аянттарды, кампаларды курууга 36 млн. доллар, "Манас" аэропортун жаңы жабдуулар менен өркүндөтүү үчүн 30 млн. доллар жумшалат.
Казга теңелем деп карганын шыйрагы мертинген. Казакстанга теңелип, көп багыттуу саясат жүргүзөбүз деп Кыргызстан шыйрагыбызды сындырып албасак болду. Медведев Африкада жүрүп, "Гансинин" жаңы абалына кооптонгонун билдирди. Алардан алган 2 млр. долларды эми "Ганси" үчүн ала турган доллар менен кайтарабызбы? Тышкы саясатта төрт айдын ичинде эки жээкке ойногон позициябыз президенттик шайлоодо АКШ менен Россия балким бир эмес, экөө эки башка талапкерди колдоп жаткандыгынан эмеспи?

Сулайман Тоого келгиле!
ЮНЕСКОнун Испанияда өткөн 34-отурумунда Сулайман Тоо мындан ары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк тарыхый мурастар тизмесине киргизилди. Бул Кыргызстандагы ушундай биринчи объект. Комиссиянын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн түзүлгөн кадыр-барктуу 21 мүчөсүнүн макулдугуна ээ болуу Нобель сыйлыгынын элегинен өтүүдөн кем эмес түйшүк болду.
"Ыйык тоо" номинациясы боюнча конкурска 100 өлкөдөн 1400дөн ашык Сулайман Тоого окшогон объектилер катышкан.
Мындай укукка ээ болууга 10 жылдай түйшүк кетти. Жөнөтүлгөн документтерге кожоюн көп болуп, ал баш-аламан толтурулуп, бир-бирине карама-каршы келип калган. Мисалы, Оштун мурдагы мэри Жумадил Исаковдун Сулайман Тоого асма жол салдырчымын деген аракети маданият министрлигини позициясына каршы келген. Башка 2-3 фирма да ЮНЕСКОнун акырынан жем жеп калалы деп өздөрүнчө кам жөнөтө берген. Документтерди ЮНЕСКО экинчи жолу артка берген себеби - Сулайман Тоонун корголуучу буфердик зонасы да өтө чоң аймакты камтып, анын ичине Кара-Суу районундагы Ормо-Тоо, Керме-Тоо кошо киргизилип, ал турмак мына эмесе деп, өзбек чек арасына чейин жеткирип салышкан. Ишти мамлекет колго алып гана маселе минтип оң чечилди, коррупция боюнча дүйнөдө 4-орунга чыккан кыргыздын акырдан жем жегичтери эл аралык уюмдардан берилчү акчаларды "ап" эттиргенге маш эле - бул жолу кандай болоор экен?

Аликбектин "аңгемеси" али узак
Экс-тышкы иштер министри, "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун үстүнөн сот иши президенттик шайлоо аяктаганга чейин бүтпөй турган шекилдүү. Себеби, 26-июнга белгиленген кезектеги соттук отурум Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн байланыштуу шектелип жаткан Ильяс Абдыкадыровдун жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу 3-июлга которулду. Судья "ишти калыс карайлы" деп жылдырган экен.
Бакиевдин тышкы саясатта оң колу болгон Аликбек ишине тыңдыгынан минтип "Кытайдын акчасын жеп койду" жана "Түрк ишкерин Таласта атып өлтүрүүгө өз тапанчасын "арендага бере койгон" деген шылтоолор, божомолдор менен "айланган тоонун бүркүтүнө" окшоп ачык асманды темир тор аркылуу тиктеп отурат.
А.Жекшенкуловдун жактоочусу Н.Зотованын айтымында, "Жекшенкулов 73 млн. сомду өз кызыкчылыгы үчүн эмес, Кыргызстан мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн сарптаган. Иш боюнча мамлекетке келтирилген зыян далилденген жок. Тергөөчү жеке өзү коюп жаткан зыянды аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлгөн эмес. Бийлик о.э. түрк ишкери атып өлтүрүлгөн тапанча А.Жекшенкуловго таандык деген жыйынтык чыгарган. Аликбек Жекшенкулов бул айыптоолордун бардыгы суу кечпеген дооматтар экенин, ал бийликтин саясий курмандыгы экендигин айтып келүүдө. Бийлик болсо, Жекшенкуловду мамлекеттик каражатты ичип-жеген жегич жана киши өлтүрүүгө катышы бар "кисебир" катары көргүсү келет. Бирок, бийлик көздөгөнүнө жетип жатат. А.Жекшенкулов президенттик шайлоодо К,Бакиев жеңишке жетмейинче УККнын түрмөсүндө "баланда" (шылдыраган шорпо) ичип турат окшойт.


Жоочулардын жолдошу... прокурор менен сот эмеспи?
Өзгөндүн Баш-Дөбө айыл округуна караштуу Кош-Коргон айылында 27-июндун түнүндө 3 куралчан адам улуттук коопсуздук кызматынын "Альфа" тобу менен болгон атышууда атып өлтүрүлдү. Өлтүрүлгөндөрдүн биринин аялынын билдирүүсүндө, алар Кыргызстанга Өзбекстандын Ханабад шаарынан алгач Жалал-Абад шаарынакелишип, ал эми 20-июндан бери Кош-Коргондо жашашкан. Ээси жок үйдө жашап жаткан жоочулардан 4 граната, 2 "Макаров" тапанчасы, 10дой уюлдук телефон, бир нече флеш-карталар табылган.
Өлтүрүлгөндөрдүн биринин өң-келбети 2004-жылы 20-ноябрда террористтер менен күрөшүүдө каза болгон жоокер Нурлан Сайдиевдин өлүмүнө тиешеси бар деп издөөдө жүргөн адамга окшош болууда. Ушул эле адам 12 жылдан бери Өзбекстандын укук коргоочулары издеп жүргөн да адам болушу мүмкүн. Бул 3 жоочу Өзбекстандын Ислам Кыймылынын мүчөлөрү болушу да ажеп эмес.
Эл таң кала турган жагдай-22-июнь күнү Жалал-Абаддын четиндеги операция учурунда өлтүрүлгөн 5 жоочунун бири Хасан Сулаймановдун тегерегинде жүрүүдө. "Фара" д. каймана аты бар Хасан 2006-жылкы Кадамжайдагы атышуудан кийин Бишкектен кармалып ишти Свердлов райондук сотунун судьясы Төлөев 2007-жылы июнда карап, КР КЖКнын 350- жана 229-беренеси менен 2 жылга колония-поселение берип, Матаева д. сот маалынан эрте кое берген. Сотто болсо прокурор (ким экени эми такталып жатат-ред) айыпты колдобой баш тарткан. 40 миң долларды кимиси алып, Хасанды бошотуп жибергенин көзөмөл кыла турган парламент каникулга тарап, шайлоого чапкылай баштады. Иш эмне болоор экен?