Шакен
Сулайманова,
Бишкек шаардык
мамлекеттик архивинин
директору
Бишкек шаардык архиви
Бүгүнкү күндөгү Бишкек шаардык мамлекеттик архиви шаардагы мекемелердин өздүк курам иш кагаздарын сактап калыш үчүн, Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеңешинин аткаруу комитетинин 1977-жылдын 1-декабрындагы № 668 чечиминин негизинде "Фрунзе шаардык бириккен мекемелер аралык өздүк курамдар архиви" деген аталыш менен түзүлүп, 1978-жылдын апрелинде алгачкы комплекттөө ишин Фрунзе шаарында жайгашкан мекеме-уюмдардын жана ишканалардын өздүк курам документтерин кабыл алуудан баштаган. Архивдин негизги максаты өздүк курамдын документтерин сактоочу жерине жана баш ийүүсүнө, менчик формасына карабастан, Бишкек шаарындагы министирликтердин, мекеме-уюмдар жана ишканалардын документтеринин сакталуусун борборлоштуруу, комплекттөөнү уюштуруу жана башка архивдик баалуулуктардын кадырына жетүүчү аракеттерди жасоого багытталган.
Архивдин биринчи милдети - бул, шаардагы мекемелердин өздүк-курам боюнча жыйналган иш кагаздарын көздүн карегиндей сактоо, өз убагында аларды архивге өткөрүп алуу жана ошол иш кагаздардын эсеп-кысабын жүргүзүү. Ошондой эле ушул иш кагаздардын негизинде калктын муктаждыгын канааттандыруу, өзгөчө азыркы күндө ардактуу эс алууда жүрүшкөн ардагерлердин суроо-талаптарын аткаруу болуп эсептелет. Жаңы уюшулганда шаардык өздүк курам архивинде 58 миң гана иш кагаз болгон. Ушул иш кагаздар менен 30 кызматкер иштечү. Бүгүнкү күндө архивде 160 миңден ашык иш кагаздар сакталат, көптөгөн кыскартуулардан кийин 20 кызматкер эмгектенет.
Бишкек шаардык мамлекеттин администрациясынын "Бишкек шаардык мекеме аралык өздүк курамдар архиви жөнүндө" 1994-жылдын 7-апрелиндеги № 190 токтомунун негизинде мурда иштеп турган шаардык архивдин базасында 1994-жылдын 1-майында Бишкек шаардык мекеме аралык өздүк курам архиви түзүлгөн. Бишкек шаарынын мэриясынын 1999-жылдын 16-ноябрындагы №978 токтомунун негизинде шаардык мекеме аралык өздүк курам архиви - Бишкек шаардык мамлекеттик архив болуп атын өзгөрткөн.
Көп жылдар бою Бишкек шаардык мамлекеттик архивдин өзүнүн имараты жок болгондуктан, КР БМАнын имаратынын бир бөлүкчөсүн ээлеп келген. Ошол кездеги документтердин сактоо абалы канааттандырарлык эмес эле. Документтердин жайгашкан жери үч кабаттуу имараттын караңгы, электр жарыгы араң эле күйгөн суук, биринчи кабатта жайгашкан лабораториядан дайыма суу агып турган жертөлөсүндө болчу.
Мурдагы шаардын жетекчилери кыргыз калкы көчмөн калк эмеспи деп, 1998-жылдан баштап архивди ар кайсы жакка көчүрө беришти. Ал имараттар шаардын ар кайсы жеринде жайгашкан. 2002-жылы гана Бишкек шаардык Кеңешинин жана мэриянын бирдиктүү токтому менен Бишкек шаардык мамархивге чачылган төрт имараттын ордуна Мессароша көчөсүндөгү №3 имарат бөлүнгөн жана документтерди сактоо үчүн С.Ибраимов көчөсүндөгү №33 имарат калтырылган. Акыркы имаратты архивдин иш кагаздарына ылайыктуу болот деп беришти. Чындыгында, бул имарат мурунку имараттарга караганда ыңгайлуураак.
Бишкек шаардык мамлекеттик архивде 3 бөлүм бар:
1. Илимий-маалыматтык аппарат - документтердин эсебин жана сактоосун камсыз кылуучу бөлүм.
2. Документтерди пайдалануу бөлүмү.
3. Комплекттөө жана мекемедеги архивдердин иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү.
Биринчи бөлүмдүн негизги милдеттери болуп, архивдин сактоочу жайындагы документтердин сакталышын камсыздоо жана аларды уюштуруу, документтердин эсебин борборлоштуруу. Документтерди түгөлдөө жана абалын текшерүү, керектүүсүн жана керексизин аныктоо үчүн төмөндөгү иштерди аткарат:
o Эсептеги документтерди салыштыруу.
o Көктөмдөрдү көзөмөлдөө.
o Кагаз жүзүндөгү документтерди калыбына келтирүү жана аларды оңдоо.
o Документтердин тизмесин жана көктөмөлөрдү берүү жана аларды ордуна коюу.
Документтерди пайдалануу бөлүмү шаардык мамлекеттик архивдин бир түзүмү болуп эсептелет. Бул бөлүмдүн жумушу архивисттер берилген арызга дароо жооп бере алышпагандыктан аябай тыкандыкты талап кылат. Себеби, кээ бир иш кагаздарынын абалы биздин архивге чейин эле бузулуп, жазмалары өчүп же болбосо кагаздардын сапатынын начардыгынан окуу аябай кыйын. Бир арызды канааттандырыш үчүн көп түйшүк тартабыз. Кыйынчылыктардын дагы бир себеби, биздин архивдин издөө системасы автоматташтырганга жетише электиги. Иш кагаздардын кагаз түрүндө болгонуна байланыштуу жана ал кагаздардын сапатынын начардыгынан иш кагаздарды компьютерге киргизгенге мүмкүнчүлүк болбой жатат. Мисалы: эт комбинаттын иш кагаздары тээ качанкы консерванын тышкы кагазына кол менен жазылган, аны компьютер эмес архивисттер да араң окуйт. Азыркы убакта биз архивдин иш кагаздарын компьютерге киргизип, издөө системасын автоматташтырсак деген ниет кылып жатабыз. Бул тилегибизди ишке ашыруу үчүн бизге күчтүү техникалык каражаттар, аны жөргө сала ала турган адис программист керек.
Бул архивдеги документтер элибиздин мурасынын бөлүгүн түзгөндүктөн документтерди пайдалануу жаатындагы иштер акыркы убакта олуттуу жанданууда. Күнүмдүк практикада архивдеги документтерге биздин элдин турмушунда өзгөчө көп көңүл бурулууда. 33 жылдын ичинде көп адамдарга, тагыраак айтканда ардагерлерге же эс алууга чыгып жаткан адамдарга көп пайдасын тийгизди. Архивге кары-картаңдар, майыптар, жакындарын жоготкон адамдар кайрылышат. Ал эми иштегендерге жыл сайын социалдык-укуктук суроо-талаптардын аткарылгандыгы тууралуу маалымат кагазы биздин шаардын элине гана эмес, мамлекетибиздеги жарандардын бардыгына берилет, андан башка мекеме-уюмдар жана ишканалардын өкүлдөрү дагы кайрылышат.
Биздин жамаат өлкө ичиндеги жарандарга гана кызмат көрсөтпөстөн, Казахстанда, Өзбекстанда, ал турсун мурда бизде жашап кеткен Германия, Израил, Россиядагы биздин жердештерибизге да зарыл документтерди тактоого көмөктөшөт. Акыркы 5 жылдын ичинде Бишкек шаармамархивде 18-25 миңдей социалдык-укуктук суроо-талаптагы маалымат кагазын тактоо иштери аткарылды. Акыркы 2 жылдын ичинде маалымат сураган адамдардын саны аябай көбөйүп, жыл сайын 4-6 миңге чейинки маалымат суроо-талабы аткарылат.
Үчүнчү бөлүмдүн негизги милдеттери болуп, архивдин комплекттөө жумушунун негизги багыттарын аныктоо, мекемедеги документтердин сакталышын, өздүк курам документтерди тандоо жана кабыл алуу иштерин борборлоштурууну уюштуруу, мекеменин архивдеги сакталган УАФ документтеринин баалуулугун аныктоо үчүн төмөндөгү иштер аткарылат:
o Мекемелерден, уюмдардан жана ишканалардан түшкөн документтерди талдоо.
o Мекеменин архивиндеги документтерди текшерүү.
o Документтерди мамлекеттик сактоого кабыл алуу.
o Документтерди паспорттоштуруу.
Документтердин сакталышын камсыздоо үчүн шаардык архив тарабынан документтерди илимий-техникалык жактан тактоо, илимий-тарыхыйлыгын аныктоо, документтерди түгөлдөө жана абалын текшерүү, көктөмөлөрдү тигүү жана оңдоо иштери жүргүзүлөт. Иш кагаздарын жүргүзүү жана документтердин сакталуусун камсыз кылуу боюнча кеңештер айтылып, усулдук жардамдар берилет.
Белгилей кете турган нерсе, акыркы жылдары шаардык архив Бишкек шаарынын мэриясы менен тыгыз байланышта иштей баштады. Архивдин бир кызматкери мэриянын "Мекемелерди жоюу жана бири-бирине кошуу" компаниясына мүчө болду. Бул байланыш акыркы жылдарда жоюлуп кеткен мекемелердин иш кагаздарын сактап калууга аябай пайдасын тийгизүүдө. Буга кошумча, мекемелердин иш кагаздарын сактап калууга Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-июлунда чыккан "Юридикалык мекемелерди каттоо" мыйзамы көп жардам берип жатат. Мурда, мекемелерде архивге иш кагаздарын өткөрүү боюнча суроо болбосо жаңы мыйзамдын негизинде архивдин "макулдук" кагазы болмоюнча мекемени жоюп же башка мекемеге кошо албайт. Бул мыйзам чыкканга чейин архивисттер көптөгөн жетекчилер менен иш кагаздарды архивге өткөрүү жана аларды сактап калуу үчүн далай талаш-тартышка барган учурлар болгон.
Акыркы жылдары көптөгөн жетекчилер иш кагаздарын архивге өткөрбөстөн, жайгашкан имаратты менчиктештирип, бир аздан кийин аны дагы башка бирөөгө сатып, иш кагаздарды кароосуз таштап кетип калган учурлар да болгон. Бул мыйзам иш кагаздардын мекемеде сакталган жерлерин бир азга болсо дагы жакшыртып, жетекчилердин иш кагаздарына болгон көз караштарын өзгөртөт. Көп мекемелерде архив үчүн бөлмөчө дагы бөлүнгөн эмес, ал түгүл иш кагаздардын сакталуусун караган кызматкер дагы жок. Кээ бир мекемелердин иш кагаздары чатырда же жертөлөдө жайгашкан. Биздин бирден бир милдетибиз ошондой абалдагы мекемелерди издеп таап, алардын абалын жакшыртуу болуп эсептелет.
Бизге бөлүнгөн имараттар күндөн күнгө толуп баратат, ошого байланыштуу жоюлуп жаткан мекемелердин иш кагаздарын гана кабыл алууга аргасыз болуудабыз. Жоюлуп, жаңы уюшулган мекемелердин документтерин сактоосун камсыз кылуу боюнча чоң иш жүргүзүлүүдө. Мындай саамалыктарга мекеме-уюмдардын жана ишканалардын документтери, социалдык-укуктук суроо-талаптагы маалыматтарды аткаруу боюнча иштин активдешүүсү менен бирге өз кезегинде мамлекеттик эмес ишкерлер жана жеке адамдар менен карым-катнаш жүргүзүүдө, алардын ишмердигинде пайда болгон улуттук архив фондунун курамына тийиштүү документтердин такталып жаткандыгын кошсо болот.
Бишкек шаардык мамлекеттик архиви түзүлгөн кезде Аюпов А., Усенова Т., Өмүрзакова Б., Бектурова А., Кененбаева Т., Түлөбердиева Ж., Капарова С., Төлөгөнова Ж., Шаршенов М. жана башкалар чыйыр салышса, ошол көч улам жаңыланып уланып келүүдө. Шаардык архив жамаатынын ичинен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен экөө сыйланса, КР Архив ишинин отличниги наамына тогуз кызматкер татыктуу болгон. Бүгүнкү күндө шаардык архивдин ишин өнүктүрүүдө өз салымдарын кошуп келе жаткан Мамбеталиева К., Сарбагышева Ш., Тукуева Д., Акматова Н. жана башка архивист адистерди өзгөчө белгилесе болот. УАФ документтердин сакталышына өзгөчө көңүл буруу маселесин ишке ашыруу максаты шаардык архивдин алдында турат.

P.S. 1991-жылдан бери шаардык архивдин директорлук милдетин аркалаган Ш.Сулайманованын жетекчилик аракети менен архив тармагындагы зарыл иштер аткарылып келүүдө. Атап айтсак, шаардык архивге имараттарды алууда жана аларды оңдоо иштерин жүргүзүүдө анын эмгеги зор. Архивдин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү үчүн, архивге компьютерлер, ксерокөчүрмө, факс жана документтер сакталган жайлар 11 кондиционер менен камсыздалган. Иштиктүү сунуштарды көтөрүү менен Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-ноябрындага № 717 токтомун чыгартууга жетишкен.
Өкмөт тарабынан бекитилген архив иши жөнүндөгү токтомдорду аткарууга өзгөчө көңүл бурулган. Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү боюнча "КР архив ишинин максаттуу иш аракеттери", "Маданият", "Аялзат", "Аракет" аттуу атайын программалардын алкагындагы иш чараларды жүзөгө ашыруу, архивдик документтердин сакталуу абалын жакшыртуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында өз пикирлерин сунуштаган. Жетекчинин демилгеси менен шаардык архивде узак мөөнөткө кабыл алынган социалдык маданий программалардын пландары түзүлүп, ишке ашырылууда.