?? Архивчилердин чыгармачыл өнөрканасы

Маматбаев Кубанычбек,
Нарын областтык мамлекеттик
архив инспекциясынын
инспектору


Дайра боюндагы шaaр

Кыргызстандын тоо арасынан орун алган Нарын деген шаар бар. Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкандыктан Нарын деп аталып калган. Ал тарыхта түрдүү аталыштар менен кездешет. Байыркы грек-рим авторлору аны Силик деп аташкан. VII-VIII-кылымдарда түрктөр аны Йенчу-Угуз ( "берметтүү суу"), кытайлар Йоша, араб-перс авторлору Хатлам деп атап келишкен. XIII-кылымдан кийин Нарын, Нарингол деп атала баштаган. Эми Нарын деген сөздүн өзүн чечмелеп көрөлү. Нарын моңголдордун "нарийи" (тар, кууш) деген сөзүнөн алынган. Ошондой эле моңголдордо нарын деген уруу болгон. Чындыгында Нарын дарыясы өтө кууш, тар капчыгайлардын арасынан агат. Нарын уруусундагы эл дарыяны жээктеп капчыгайдын ортосунан агат. Ошого байланыштуу кууш аккан дарыя Нарын деп аталып калгандай. Ал эми экинчиси, моңголдорун нарын уруусундагы эл дарыяны жээктеп жайгашып, ошол уруунун атын дарыя, кийин шаар алып калышы да чындыкка жакын1. Нарын шаары 1867-1868-жылдарда негизделгендиги жөнүндө да маалыматтар бар
"Нарын бою узун тоо,
Кашкардын чети кызыл зоо" деп, Манас эпосунда айтылып өткөндөй, Нарын шаары туш тарабынан ак мөңгүлүү, төбөсү көктү түркүк сымал тиреп тургансыган улуу тоолор курчап, күрпүлдөй агып, түнкү караңгылыкты кашкайта жаркыраткан далай-далай кубаттуу өнөр жай ишканаларга жан киргизип, ал түгүл коңшулаш өлкөлөргө да шарапатын тийгизген айтылуу Нарын дайрасын чыгыштан батышты карай бойлой, деңиз деңгээлинен 2037метр бийиктикте жайгашкан. Албетте, окурмандарды курулай сандарды, далилдерди кайталоо менен тажаткыбыз келбейт. Ошондой болсо да өзүбүз туулуп өсүп, жашап жаткан шаарыбыздын өткөндөгүлөрүн анча-мынча болсо да биле жүргөнүбүз, бүгүнкү күн менен салыштыра жүргөнүбүз жөн.
Кокон хандыгынын жортуулдарынын тушунда (1832-33ж.ж.) курулган Куртка чеби өзөк болгон Нарын аймагы бекеринен орус падышачылыгын кызыктырган эмес. Себеби, Кашкардан Борбордук Азияга өтүүчү соода жолунун түйүнү - Нарын дарыясына салынган көпүрө эле. Ал аркылуу өткөн Пишкек-Нарын-Торугарт соода жолу көптөгөн өлкөлөрдү байланыштыруучу "тогуз жолдун тоому" болгон. Ушул көпүрөнү кайтаруу милдетин аркалаган 100 казак-орустан турган эки аткычтар ротасы Нарынга келип, алар жашаган казарманын чет жакаларына отурукташкан, өзбек, татар, уйгур, улутундагы соодагерлер, алар менен алака жасаган көчмөн кыргыздардын сокмо, пакса тамдарынан турган кичинекей кыштакча пайда болгон.
Бара-бара Нарын жергиликтүү калк менен соодегерлердин негизги соода түйүнүнө айланып олтуруп, мына бүгүнкү тоолуу облустун калкынын административдик жана маданий борбору болуп калды.
Октябрь революциясына, 1917-жылга чейин Нарын шаары жайбаракаттык менен өскөн. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында түзүлгөн көчмө революциялык комитет жана Нарын уездинин революциялык уюму ошол кездеги жетекчилик кылып турушкан Хаким Мусабаев, Сулайман Орозбеков сыяктуу большевиктер элдин саясий деңгээлин көтөрүүгө көп күч жумшашкан. Биринчи кыргыз революционери Таабалды Жукеевди - (Пудовкин) да эскербей коюуга болбойт.
Өнөр жайдын алгачкы кадамдары Нарын шаарында 1927-жылдан башталган. Ошол жылдын 23-июлундагы Нарын кантондук аткаруу комитетинин президиумунун кеңешмесинин №20 протоколунда шаарда нан жабуучу жана эт сатуучу жайларды уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алгандыгы жазылган. Кантондук аткаруу комитетинин отчеттук докладдарында Нарын кантону курулуш боюнча эң артта калгандыгы, бул ишти тезинен колго алуу, мектеп жана мугалимдер үчүн үй, ошондой эле клуб салуу керектиги белгиленген.
Архивдик маалыматтарга таянсак, 13 адам иштеген нан жабуучу цех 1936-жылы пайдаланууга берилген. Нарында ошол кезде эле 6 адам эмгектенген басмакана, токой чарбасы болгон. Ал эми 1937-жылы кыш чыгарган чакан ишкана уюштурулган. Ошол эле жылы саатына 150миң киловатт саат электр кубатын иштеп чыгуучу жылуулук электростанциясы, 1940-жылы Он-Арча ГЭСи жана мамлекеттик тегирмен ишке киришкен. 1941-жылы курулуш жыгач иштетүүчү, кийим тигүүчү, буюмдарды оңдоп-түзөөчү цехтери бар анча чоң эмес өнөр жай комбинаты иштей баштаган. 1938-1940-жылдары шаардын күн чыгыш тарабына Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү куруу ишке ашырылган.
1927-жылдын 28-январында Бүткүл Россиялык Борбордук аткаруу комитетинин Президиумунун атайын токтому менен Нарын шаары шаар макамын алган. 1939-жылга чейин шаардагы курулуштар генералдык плансыз, туш келди курулган. 1939-1940-жылдарда алгачкы генплан долбоорлонуп, 1952-жылы толук көлөмдөгү генплан архитектор М.А.Милов, инженер Л.Л. Хворостинская тарабынан түзүлгөн. Ал эми бүгүнкү күндө шаар 1979-жылы архитекторлор: Н.Карпенко, В.Иванов, А.Стрижаченко, Л.Гришковец тарабынан иштелип чыккан генплан боюнча өнүгүп өсүүдө.
Нарын шаары көптөгөн маданият жана искусство чеберлеринин алтын бешиги болгондугун айтып олтуруу кажетсиз. 1930-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Абдылашым Көбөгөновдун жетекчилиги астында уюштурулган алгачкы театрдын тушоосу кесилген. Архитектуралык жагынан көркөм табитке ылайык салынган М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театры бүгүнкү күндө республикага гана эмес коңшулаш өлкөлөргө да кеңири белгилүү. М.Рыскулов Ж.Шералиев тубаса таланттардын атагы алыска кетти. Андан кийин да алардын жолун улантып келе жатышкан муундар шаарыбызда арбын.
Ааламды аң-таң кылган август путчасынан кийин 70 жылдан ашуун дүйнөнү дүңгүрөткөн СССРдин, Коммунисттик партиянын кыйрашы, 15 союздук республиканын эгемендүүлүктү алышы, өз алдынча түтүн булатып жатышы жалпы кыргыз элинин, анын ичинде бийик тоолуу облусубуздун борбору болгон Нарын шаарынын элинин турмушундагы эң маанилүү тарыхый улуу бурулуш болуп калды. Бирок, дал ошол СССРдин курамындагы республикалардын тыгыз экономикалык жана соода байланыштары үзүлүп, солгундашы, ар биринин өз бетинче өнүгүү жолуна багыт алышы туруктуу экономикалык өсүп-өнүгүүгө кыйла бөгөт болуп жаткандыгы талашсыз. Өз атына ысымдаш дайранын жээгинде орун алган Нарын көп жылдык тарыхында мындан да оор сыноолорду башынан кечирген. Андыктан, каатчылыкка карабастан өргө карай умтулган калаабыз дале болсо кулачын кеңири жайып, өнүп-өсө берери шексиз.