Архивдин алтын казынасынан

Караколдогу Ыйык-Үчилтик жана
Түптөгү Казандык-Кудай эне чиркөөлөрү
Каракол облустук мамлекеттик архивдеги сакталган алгачкы документ бул- христиандык Караколдогу Ыйык-Үчилтик жана Түптөгү Казандык Кудай эненин чиркөлөрүнүн метрикалык китептери болуп эсептелет. Алар 1880-1901 жылдар үчүн 9 сактоо бирдигинен турат.
Бул документтер акт боюнча 2005-жылы Каракол шаардык жарандык ал абалдын актыларын жазуу бөлүмүнөн кабыл алынган. Бул метрикалык китептерде: туулгандар, үйлөнгөндөр, өлгөндөр жазылган (каттоодон өткөн) жана да: жынысы, туулгандыгы, аты-жөнү, наамы, атасынын аты, ата-энесинин фамилиясы, динге ишенүүсү, чокунуусу жөнүндө көрсөтүлгөн.
Күбөлөрдүн каалоосу менен колу коюлган жери өзүнчө графа менен берилген (белгиленген).
Кыргызстандагы христиан дининин тарыхы жаңы доордун I миң жылдыгынын ортосуна туура келет. Кыргызстандын аймагында бир нече митрополийлер (православие дининдеги епископтордун эң жогорку наамы) болгонун археологиялык жана жазма маалыматтар күбөлөйт.
2004-2005 жылдары. чалгындоочу экспедиция Кыргызтандын окумуштуулары жана атайын чакырылган аквалангчылар менен биргелешип, Ысык-Көлдүн жээгин жана түбүн изилдеп, христиан оюм-чийими түшүрүлгөн алты кырдуу жылдыз, христиандардын кайчыланган келбети оюлган идишин табышкан.
Ташкентте өткөрүлгөн Орто Азиядагы Орус православдык чиркөөсүнүн 125 жылдыгына арналган мааракелик салтанатта Орто Азиянын эпискобу Владимир ишенимдүү мындай деген:
"Ысык-Көлдүн жээгинде бир тууган армяндардын монастыры болгон, ал жерде II же III кылымда Сириядан алынып келинген ыйык апостолдун жана евангелист Матфейдин сөөгү сакталган.Бул монастырдын орун алган жери 1375-жылы XIV кылымдагы Каталиндик картада белгиленген".
Кийинчерээк бул жердеги шаарды жана андагы монастырды да суу басып калган.
1895-жылы Түп булуңунун жээгинде эркектердин Ыйык-Үчилтик монастыры негизделген.
Православия христиандыгы кыргыздардын Россияга кошулушунан кийин орус христиандары жана казактардын көчүп келиши менен күчөгөн түрдө тарала баштаган.
Ошол убакта биринчи жолу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылында орус коргонуучу чеби курулган. Ал чеп жайгашкан жерде Теплоключьенко айылынын аймагында биринчи чиркөө тургузулган. Ал чиркөө кийиз жана жыгачтан боз үй үлгүсүндө курулуп, кийиздик деген аталыш алган.
Кийин 1876-жылы Каракол Ыйык-Үчилтик чиркөөсү түзүлгөн. Топурактан тургузулган имарат 1889-жылдагы жер титирөөдөн урап, кийин 1993-1995-жылдары жыгачтан беш төбөлүү(купол) коңгуроолор илинген минарети менен храм (чиркөө) курулган. Бул чиркөөдө кудайга сыйынуу 1932-жылга чейин жүргүзүлгөн. Храм кийин жабылып бүлүндүрүлгөн. Ошол жылдары чиркөөнүн документтери алынып, совет бийлигинин каттоо органдарына өткөрүлүп берилген шекилдүү.
Азыркы учурда имарат кайра чиркөөгө өткөрүлүп берилип, имарат чиркөөнүн жыгачтан жасалган көркөмүнөн укмуштай керемет түр берип, бул жерде ажайып Ыйык Кудай эненин Тихвин иконасы сакталат. Ал икона Грециянын Ыйык Афон тоосунан Ыйык-Үчилтик (Святая-Троица) монастырына алынып келинген.