Архив агенттигиндеги айрым саамалыктар
(Жыл жыйынтыгы)
Жыл акырында аткарылган иштерге сереп салып, болжолдогон кайсы максаттар ишке ашып, эмнеге жетиштик, кайсы иштер аткарылбай, эмнеден мүчүлүштүк кетирдик, келерки жылы кандай маселелерге айрыкча көңүл буруш керек деген ойлор ар бирибизде бар.
Жыл ичинде тармактын ырааттуу иштешин камсыздоочу укуктук ченемдик актылардын долбоорлорун даярдоого көңүл бурулуп, бир канча мыйзам долбоорлору, Өкмөттүн токтомдорунун долбоорлору даярдалды.
Кыргыз Республикасынын КФФД БМА тарабынан даярдалган "Кино тармагына мамлекеттик колдоо жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынды.
Ошондой эле Агенттикте "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду тууралуу" Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты.
"Кыргыз Республикасында иш жүргүзүүнүн (делопроизводство) типтүү жобосу" иштелип чыгып, минстрликтер жана ведомстволордо макулдашуудан өтүүдө.
Ички кызматты тастыктоо боюнча архив агенттигинде иштелип чыккан КР Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамархивинин штаттык түзүмү жөнүндө" Өкмөттүн токтому менен Мамархивагенттигинин борбордук аппаратынын штаттык түзүмү бекиди, КР Мамлекеттик архивдери тарабынан акы алып кызмат көрсөтүү иштеринин баа ченемдери колдонууга киргизилди.
КР Өкмөтүнүн 1-июль 2008-ж. № 372 "Кызмат стажы боюнча үстөк акы төлөө тууралуу" Жобосунун негизинде Кыргыз Республикасынын архив тармагында мамлекеттик кызмат категориясына кирбеген кызматкерлерге иш стажы боюнча үстөк төлөөнүн жобосу иштелип чыгып пайдаланылууда.
Жыл ичинде архивчилер үчүн абдан маанилүү усулдук колдонмо - "КР архив мекемелеринин негизги иш эрежелери" басмадан чыгып архив мекемелерине таратылды, "Тармактык архивдеринин негизги иш эрежелери" боюнча даярдоо иштери улантылууда. Учурда бул маанилүү усулдук колдонмолорду мамлекеттик тилге которуу жана практикалык жактан байкап-сыноо жумуштары жүргүзүлүп жатат. Келерки жылы сыноо мезгилинде байкалган кошумчалары менен кайрадан иштелип чыкмакчы.
КР Өкмөтүнүн тапшырмаларын, Мамархивагенттигинин коллегиялык органдарынын чечимдерин аткаруу боюнча бир нече уюштуруу иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетинин 26-майдагы көчмө жыйналышында "КР Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамархивагенттиги тарабынан аткарылып жаткан КР Улуттук архив фонду жөнүндө "КР Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" маселени угуу болуп, чечим кабыл алынды. Чечимдин архив мекемелерине тиешелүү пункттары республиканын бардык архив мекемелерине таратылып, аткаруу мөөнөттөрү көзөмөлгө алынды.
Жыл ичиндеги орчундуу маселелердин бири архивдерде жасалып жаткан иштер, архив документтерин коомчулукка кеңири жайылтуу боюнча иштерге айрыкча көңүл бөлүндү. Архивге массалык маалымат каражаттарында иштеген тажрыйбалуу кызматкерлер тартылып, натыйжада, июнь айында элге белгилүү коомдук ишмерлер, тарыхчылар, адабиятчылардын катышуусунда архив агенттигинин тарыхый-даректүү илимий-популярдуу "Тарыхый мурас" журналынын бет ачары болуп өттү. Архив документтерине негизденген бул журнал коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, архивчилер үчүн өздөрүндөгү маселелер боюнча кеңири маалымат жеткирүүгө мүмкүндүк берүүчү басылма болуп калды.
КР Өкмөтүнүн (06.05. 2009-ж.) № 161 КР Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамархивинин штаттык түзүмү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу боюнча 16 кызматкер катышкан ички конкурстун натыйжасында борбордук аппаратка 8 кызматкер кызматка кабыл алынды.
Жыл башында архивчилердин кесиптик деңгээлин арттырууга багытталган, архив кызматкерлеринин арасында эки этап менен өтүүчү "Архив периси" конкурсунун Жобосу иштелип чыккан. Райондук жана облустук конкурстун жеңүүчүлөрү КР архивчилер күнүнө карата Бишкек шаарында 12 багыт боюнча ат салышып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар ыйгарылды.
Мамархивагенттигинин кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун архив мекемелеринин тармактык архивдер менен иштөөсү жана инспекторлордун иши, Баткен облусунда архивдик документтердин сакталуусу, Нарын облусунда кадрлар менен иштөө тажрыйбалары, бардык облустук жана борбордук архивдердин ЭТУК (эксперттик-текшерүү усулдук кеңеш) иштери текшерилип, Архив кеңешинде тийиштүү жыйынтыктар чыгарылды.
КР Өкмөтүнүн 2008-ж. 24.05. № 237 "Республикалык бюджеттен каржылануучу облустук, райондук, шаардык мамархивдерди КР Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Мамархивагенттиги аркылуу каржылоого которуу жөнүндө" токтомун ишке ашыруу жумуштары жүргүзүлдү.
Бардык архив мекемелери мамлекеттик деңгээлдеги, тарыхый даталарга арналган иш чараларга архивдик документтердин көргөзмөлөрүн уюштуруу, документтердин негизинде радио уктурууларды даярдоо, макала жарыялоо аркылуу катышышты.
Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Кыргыз эл акындары С. Эралиев, С. Жусуев, Кыргыз эл жазуучусу Т. Касымбеков, Советтер Союзунун Баатыры Д. Асанов, СССРдин эл артисттери, композиторлор Н. Давлесов. К. Молдобасанов, ж.б. кыргыз элине белгилүү инсандардын кол жазмаларын, документтерин мамлекеттик сактоого алуу боюнча иштер жүргүзүлдү. СССРдин эл артисти С. Чокморов, Социалисттик Эмгектин Баатыры А. Токомбаев, Кыргыз эл акыны Т. Үмөталиев, өнөр инсандары М. Баетов, И. Борончиев, О Бөлөбалаев жана башка белгилүү инсандардын чыгармачылыгы, өмүр жолу тууралуу архивдеги материалдарды пайдаланып радио, телеберүүлөр уюшулду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 жылдыгына арналган иш чараларда архив документтери кеңири пайдаланылды. Саясий жана коомдук ишмерлер И. Раззаковдун 100 жылдыгына даярдык көрүү, Кыргыз Республикасынын Баатыры Т. Усубалиевдин 90 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча Өкмөттүн токтомдорун ишке ашыруу аракеттери болду.
КР Маданият жана маалымат министрлигинин Коллегиясынын 27-декабрь 2008-ж. № 6/1 Чечимин ишке ашыруу максатында архив маселелерин жергиликтүү администрацияларда кароо иштери бардык облустарда, уюштурулду. Облустук жана райондук архивдердин кызматкерлери аттестациядан өткөрүлүп, кесиптик деңгээлдери текшерилди. Текшерүүнүн натыйжасы боюнча ар бир кызматкерге тийиштүү чечимдер кабыл алынды.
Архивде иштеп кеткен өткөн муундагы архивчилер менен иштеп жаткан кызматкерлеринин байланышын чыңдоо, ардагерлердин бай тажрыйбасын колдонуу максатында бардык мамлекеттик архивдерде Ардагерлер кеңеши уюшулду. Архивдердин "Алтын китебин" түзүү боюнча иштер аткарылып, жыл жыйынтыгы менен калыстар кеңешинин чечимине ылайык мыкты китеп түзгөн архивдерге байгелер ыйгарылмакчы.
Архив мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлдү. Түп, Манас райондук, Сүлүктү шаардык архиви үчүн имарат бөлүнүп, Базар-Коргон, Ала-Бука райондук , Бишкек, Кара-Көл шаардык архивдерин оңдоп-түзөө иштерине каражат бөлүндү. Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондук архивдери заманбап байланыш каражаттары менен жабдылды. Чүй, Ысык-Көл облусунун райондук архивдерин өрткө каршы сигнализация менен жабдуу, Ош шаардык архивинде архив сактоочу жайда кондиционер менен жабдуу иштери жүргүзүлдү. Жылдын 9 айында Чүй облусу боюнча 67950 сомго, Ош -55391, Ысык-Көл -251000, Талас -18000, Баткен облустары-31000 сомго материалдык базасын жакшыртышты.
Райондук жана шаардык мамархивдерде архивдердеги документтердин маалымдагыч - көрсөткүчтөрүн даярдоо иштери жүргүзүлүп, Ысык-Көл ОМАсы сактоодогу 1880-2008-жылдардагы документтердин курамы жана мааниси тууралуу маалымдагыч, ошондой эле 1893-2004-жылдардагы документтер боюнча Талас ОМАсы тарабынан маалымдагыч басылып чыгарылды.
Тармактык архивдерге уюштуруу-усулдук жетекчилик багытында мамлекеттик архивдер комплектөө булагы катары эсептелген мекемелердин архивдеринде УАФ документтеринин сапаттуу сакталуусуна, сактоо мөөнөтү бүткөн документтерди мамлекеттик сактоого өткөрүүгө даярдоого, иш жүргүзүүсүнө (делопроизводство) негизги көңүл бөлүндү.
Жылдын биринчи чейрегинде өткөн тармактык архивдерди паспорттоштуруунун жыйынтыгы боюнча тармактык архивдердин саны 300гө көбөйүп, 4179 мекемеге жеткендигин аныктады. Мекемелер Ош облусунда - 214, Ысык-Көлдө - 54, Баткенде -50, Жалал-Абадда - 18, Таласта - 5, КР СД БМА - 11 мекемеге өскөн, Нарында - 37, Бишкек шаарархивинде - 20, КР БМА - 4 мекемеге азайган.
Тармактык архив кызматкерлери үчүн жылдын 9 айында республика боюнча бардыгы 76 семинар уюштурулуп, алардын 77 пайызы аймактык архивдер тарабынан ишке ашырылган. Борбордук мамлекеттик архивдер тарабынан мындай семинарлар КР Жогорку Кеңешинде, КР Маданият жана маалымат министрлигинде, архивге жооптуу жаңы кызматкерлер дайындалган 5 мекемеде (КР БМА), "Жаңы Кыргызстан" саясий партиясынын аткаруу комитетинин Бишкек райшааруюмдарынын жана Чүй облусунун аймактарындагы координаторлору үчүн өткөрүлдү ( КР СД БМА). Аймактарда - Жалал-Абадда - 26, Ысык-Көлдө - 13, Чүйдө - 9, Талас облусунда документтерди илимий техникалык жактан иштеп чыгуу боюнча 23 облустук мекемелердин жетекчи кызматкерлери үчүн семинар уюшулган.
9 айдын жыйынтыгы боюнча архивдер тарабынан мекемелерге 423 иштин номенклатурасын (74 пайыз райшаарархивдер тарабынан), 405 Эксперттик комиссиялардын жана тармактык архивдердин жоболорун түзгөнгө (72 пайыз райшаарархивдер тарабынан), 828 мекемеде иш жүргүзүү, документтерди архивге өткөрүүгө даярдоо боюнча усулдук жана практикалык жардамдар көрсөтүлдү.
Мекемелерде иш жүргүзүүнүн жана архив түзүүнүн абалын көзөмөлдөө боюнча архив кызматкерлери тарабынан бардыгы 801 текшерүү ишке ашырылган.
Улуттук архив фондусун түзүү боюнча бардык архив мекемелеринде документтерди сактоого алуу боюнча иштер жүргүзүлүп, 9 ай ичинде 30 миңден ашык с.б. документер мамлекеттик сактоого алынды. Алардын басымдуу бөлүгү (56 пайыз) мекемелердин негизги иши боюнча өнүгүү тарыхын камтыган туруктуу сакталуучу документтер. 524 с.б. ИТД, 55 с.б.- кино, 38 с.б - фоно, 220 с.б фотодокументтер кабыл алынды. Фотодокументтер электрондук сактагычта келди. Сакталууга алынган документтердин 15 пайызы райондук жана шаардык мамлекеттик архивдерде ишке ашырылды. Өздүк курам боюнча 14029 с.б документтер алынды. Жеке адамдардын документтерин кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Баатыры, акын С.Жусуевдин, Советтер Союзунун Баатыры Д. Асановдун өздүк архивдери, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарында Кыргыз элинин атактуу адамдарынын документтерин мамлекеттик сактоого алуу салтанаттуу маанайда ишке ашырылып, бардыгы 283 с.б документтер алынды. Ушундай эле документтер КР СД БМАда Республикалык "Адилет" партиясынын, Бишкек шаар архивине жүздөн ашык жоюлуп кеткен менчик кооперативдердин документтери алынды.
Архив инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 9 ай ичинде инспекциялык текшерүүлөр ишке ашырылып, документтерди сактоо эрежелери бузулгандыгы тууралуу 75 протокол түзүлдү. Эскертүүлөргө карабастан мыйзам бузуулар уланып жаткан 48 уюм, мекеме, ишкана жетекчилери администрациялык комиссияларда каралып, КР Административдик кодексине ылайык 22 жетекчиге эскертүү берилди жана 25 жооптуу кызматкерге 49500 сомго айып салынды. "Шоола" акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Э.Суракматов архивдик документтерди жок кылып жибергендиги үчүн материалдар Токмок шаарынын прокуратурасына жиберилген.
Документтерди пайдалануу жана жарыялоо боюнча 9 айда 48110 социалдык-укуктук маанидеги суроо- талаптар, 703 тематикалык суроолор аткарылды. 30 көргөзмө, 17 радио уктуруулар, 17 теле берүү уюшулуп, архивдик документтердин негизинде 125 макала жазылды. Архив мекемелеринин окуу залдарында 383 изилдөөчүлөр иштеди.
Ысык-Көл облусунун "Ысык-Көл кабарлары" газетасында архивдик маалыматтарды камтыган "Окуялар летописи" рубрикасы ачылды.
"Кавказ элдери кыргызстанда: депортация жана кийинки тагдыр" жыйнагы топтолуп, басууга берилди.
Эл аралык байланыштар боюнча Россия, Армения, Казахстан, Украина, Белорусь архивдери менен кат алышуу иштери жүргүзүлдү. Чет мамлекеттердин жарандарынан түшкөн социалдык-укуктук багыттагы суроо талаптар аткарылып, почта аркылуу жөнөтүлдү. Украинанын мамлекеттик архивдер комитети менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Окуу залдарында Россия Федерациясынын, Канаданын, Израилдин, Польшанын, Швейцариянын жарандары иштешти. Малайзиянын мамлекеттик архивинин кесипчиликти жогорулатуу боюнча 1 айлык атайын курсуна Мамархивагенттигинин кызматкери А. Айсариева, ЕВРАЗИКАнын Ереван шаарында өткөн кезектеги жыйналышына КР БМАнын директору Б.Самаева катышып келди..
Кадрдык саясатта ар бир кызматкердин кызмат орду боюнча аткаруучу милдеттери такталып, кызматкерлер арасында ички тартиптин сакталышы, милдеттердин так аткарылышына көзөмөл жүргүзүлдү. Бардык мамлекеттик архивдерде кесибин жогорулатуучу курстар уюштурулуп, ар жумада 2 саат окуулар өткөрүлдү жана жаш кызматкерлерди ишке үйрөтүү боюнча тажрыйбалуу кызматкерлерге устат катары бекиткен буйруктар чыкты.
Бишкек гуманитардык университетинде уюшулган архив кызматкерлерин даярдоочу факультеттин 4 бүтүрүүчүсү кызматка алынып, студенттерге архив ишине тиешелүү маселелер боюнча сабак өтүлүүдө. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Ош мамлекеттик, Баткен университетинин тарых факультеттеринин студенттери архив мекемелеринде практикадан өтүштү.
Кесиптик майрамга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы Нарын облустук мамлекеттик архивдин директору О.Кадыркуловго, Бишкек шаардык мамлекеттик архивдин жетекчиси Ш.Сулаймановага, Чүй облустук мамлекеттик архивинин директорунун орун басары Р.Куттуковага ыйгарылды.
2009-жылда аткарылган иштерге учкай сереп салуу планга киргизилген иштер негизинен аткарылгандыгын тастыктайт. Ошондой болсо да каражаттын тартыштыгынан документтерди сапаттуу сактоого багышталган, документтерди кутучаларга салып сактоо боюнча иштер толук аткарылган жок. Каражаттын жетишсиздигинен даярдалган архив документтеринин 4 жыйнагы басылбай турат. Бардык архив мекемелери материалдык-техникалык базасын жакшыртууга муктаж. Үстүбүздөгү жылы пландаштырылган Эл аралык ЕВРАЗИКАнын кезектеги X конференциясын Бишкек шаарында өткөрүү ишке ашкан жок.
М.Исаков,
Архив агенттигинин
уюштуруу, укуктук жана кадрлар
бөлүмүнүн башчысы