Архив ардагери

Шералиева Сагын 1921-жылы Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Өзүнүн эмгек жолун 1939-жылы мугалимдик кесип менен баштаган. 1944-жылдан 1947-жылга чейин Фрунзе (азыркы Чүй) обкомунда мектептер бөлүмүндө инспектор, уюштуруу бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары болуп эмгектенген. 1947-жылдан 1950-жылга чейин Москвадагы жогорку партиялык мектептен билим алган. 1950-1954-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКда секретарь, 1954-1958-жылдары "Кыргызстан аялдары" журналында редактор болуп иштеген. Фрунзе шаардык Советинин жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. 1963-жылдан 1966-жылга чейин архив кызматында жетекчи, 1982-жылга чейин жетекчинин орун басары болуп иштеген.
Ардак белгиси ордени, согуш жылдарында тылда эмгектенгендиги үчүн Эмгектеги жетишкендиги үчүн медалы жана Кыргыз ССР инин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.


Архив жан дүйнөмө жакын эле...
- Сагын апа, сиз көптөгөн кызматтарда иштептирсиз. Ошолордун ичинен сиздин жан дүйнөңүзгө жакыны кайсынысы эле?
- Мен чын эле көптөгөн кызматтарды аркалап жүрдүм. Өзүм кандай жумуш болбосун так, жоопкерчиликтүү иштегенге аракеттендим. Мойнума артылган иш алдыга жылып, аткарылып турушун өзүмдөн да, өзгөлөрдөн да көп талап кылчумун. Андыктан кандай кызматта болбосун чын дитим менен, көңүлүм менен иштедим. Бирок ошолордун ичинен менин жан дүйнөмө эң жакыны архив тармагы болду. Мен жетекчи болуп келген кездеги архивдин абалы адамдын боору ооруй тургандай эле. Азыркыдай имарат жок болчу. Анда өкмөттүн жумушу чачтан көп болуп, архив тармагы көмүскөдө калып калган. Архивге жаңы имарат куруу чечими кабыл алынып, пайдубалы казылып токтоп калыптыр. Мен келгенден тартып имарат маселесин өзүмдүн астыма койгон эң маанилүү, биринчи кезектеги тапшырма катары кабыл алдым. Сактоодо турган документтерди суу каптап, көгөрүп, чирип начар абалда экен. Мен жаңы келгенде Курманова Бүбүйна аттуу бир эле кыргыз келин иштечү. Калган кызматкерлер башка улуттардан эле. Ошол кезде араб ариби менен жазылган документтер көп кездешчү. Анан ал документтерге ким түшүнмөк эле. Архив кызматкерлери араб тамгасы менен жазылган документтерди "араб арибинде жазылган" - деп, ирет тартипке келтирбей эле таңып, өзүнчө бөлүп коюшуптур. Архивге убагында маани берген эч ким болбой иштегенге көңүл жок эле. Анын үстүнө иш билги адамдар жогорку кызматтарды көздөшүп, уюштуруучулукту, талыкпаган эмгекти талап кылган кызматтардан качышчу.
- Сиз жетекчи болуп турган убакта архив кандай ийгиликтерге жетише алды?
- Мен архивге 1963-жылы келдим. Туура бир жылдан кийин, 1964-жылы жаңы имаратка көчүп кирдик. Эсимде, ошол күн биздин жамаатыбыз үчүн эсте каларлык чоң майрам болгон. Документтерди өзүбүз көтөрүп ташып жаңы имаратыбызга жөө-жалаңдап көчүп келгенбиз. Жаңы имаратта жаңы дем менен отуруп жакшы иштерди жасадык десем болот. Архивди системага келтирүү туурасында өзүбүзчө программа кабыл алып, жумушка архив үчүн күйө турган кызматкерлерди кабыл алууга аракет жасадык.
Ал кезде деле айрым райархив, облархивдер бар болчу. Мамлекеттик архивдин абалы мындай болуп жаткан соң облустук архивдер тууралуу айтып болбойт эле. Ош шаарында азыркы "Алай" мейманканасынын ордунда эски, шыбагы түшүп турган мечит бар эле. Ошол мечит Ош облустук мамлекеттик архивинин имараты болчу. Бул маселени облустук аткаруу комитеттерине коюп, Ош облустук архивине имарат куруу жумушун көзөмөлгө алдык. Ага катар, азыркы киносүрөтаваз документтер архивинин имараты бүгүнкү Улуттук китепкананын жанындагы милициялар үйүнүн короосундагы көмүрканада эле. Көмүркананын теңинде көмүр, теңинде киносүрөтаваз документтер архивинин документтери жыйылып турчу. 1963-1964-жылдар аралыгы болсо керек, жамгыр жааганда суу өтүп, сактоодо турган документтер көлкүлдөп суу болуп калыптыр. Документтерди ошондой абалы менен көтөртүп алып ошол кездеги министрлер Советинин орун басары С.Бегматовага кирүүгө туура келди. Биздин оор абалда экенибизди көрүп баш тарта алышкан жок. Ошонун негизинде азыркы кино сактооч жайы курулду. Кинодокументтерди жууш үчүн атайын техникалык каражаттарды сатып алдык.
Жыйынтыктай келгенде архив тармагында иш алып барган алгачкы жылдарда жети архив курулуп, жогоркудай майнаптуу иштерди жасаганга үлгүрүптүрбүз. Биздин бул эмгегибиз бааланып, архив имаратында атайын жыйын өткөрүлүп, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин "Жумуштагы жетишкендиктери үчүн" ардак грамоталарын тапшырышты.
Татыктуу адамдар тарыхта калсын деген максатта жер-жерлерде жыйналыштарды өткөрүп, Совет Өкмөтүнүн курулушуна активдүү катышкан, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жана башка белгилүү инсандардын тарыхын, документтерин келечек муундарга сактап калуу үчүн өздүк фонд түзүүнү туура көрдүк. Алгач биздин демилгебиз болгон өздүк фонддун саны бүгүнкү күндө бир топко барып калгандыр.
Архивдин 50 жылдыгына карата 30 мүнөттүк фильм тартканбыз. Кыргыз ССРинин Борбордук комитетинин партиясынын колдоосу менен тартылган ошол фильм архив тармагынын алып барган ишин көрсөткөн биринчи фильм болду. 50 жылдык мааракебизди өткөргөндө архивдин гимнин кабыл алдык. Сөзүн архивде иштеген Данилова Валентина аттуу кызыбыз, ал эми музыкасын композитор В. Янковский жазган. 50 жылдык тоюбузда артисттер ырдап чыгышты. Андан сырткары "Согуш жаңырыгы" (Эхо войны) деген аталышта китеп чыгардык. Согуш мезгилиндеги жазылган каттарды эл арасынан чогултуп, жыйнап чыгарганбыз. Мен дагы редколлегиянын мүчөсү болчумун. Андыктан, китептин атын өзүм сунуштагам. Менин дагы өмүрлүк жолдошум согуштун катышуучусу болгон. Мага жазган көп каттары бар эле. Азыркы күнгө чейин өзүмдө катылуу, сакталуу турат.
- Жолдошуңуз жөнүндө сөз кылып калдыңыз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.
- Атам Ботокан кат тааныган мугалим адам болгон. Өзүм атамдын бир тууганы Шералынын колунда өскөм. Ошол себептен Шералиева болуп жүрөм. Фрунзедеги педучилищаны бүткөндөн кийин азыркы Кара-Кулжа (мурдагы Совет) районуна барып иштеп калдым. Жолдошум Темиров Эсенкул экөөбүз бир окуганбыз. Ошол себептен Совет районуна бирге барып иштеп, ошол жактан баш кошуп калдык. Кыздуу болдук. Биздин жалындаган жаш курагыбыз согуш мезгилине туш болуп, жолдошум согушка кетти. Мен болсо кичинекей балам менен өз үйүмө кетип, Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы өзүм билим алган мектепте мугалим болуп иштеп калдым. Жолдошум согушта жүргөндө 1943-жылга чейин кат үзгүлтүксүз келип турду. Ошол жылдын 15-июлунан тартып кат-кабар келбей калды. Согуш бүткөндөн кийин 1945-жылдары жакындарын издегендер үчүн суроо-талап бюросу ачылган. Мен дагы жолдошумду издеп кат жаздым. 1943-жылдын 17-июль күнү каза тапканын тактап беришти. Тагдырдын жазганына баш ийип кызым менен жалгыз калдым. Сиңдилерим айылдан келип окуп калышты. Сиңдилериме, кызыма өзүм ата, өзүм апа, өзүм бир тууган болуп турмуш кечирдим. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, эми минтип небере-чөбүрө күтүп, балпайган байбиче болуп отурам.
- Жаштарга кандай каалоо тилектериңиз бар?
- Бүгүнкү замандын көп жакшы жактары бар. Азыр жаштар илим-билимге көп умтулушат. Мал-чарбасында, техникада жаңы ойлоп табуулар болуп, жаштарыбыз көп нерсеге умтулуп жатышат. Жаштарыбыздын арасында өз мээнеттери менен ар тараптуу өскөндөр бар. Алардын аракеттери башка жаштарыбызга үлгү болушу керек. Ушул жерден бир нерсе айта кетким келип турат. Мен Ысык-Атадан бир жаш баланы кезиктирдим. Кымыз бышкан бишкекти элекр тогу менен иштей турган кылып ойлоп тааптыр. Бул кандай гана жетишкендик. Мына ушинтип жаштарыбыз өнүгүп, өсө берсин! Кыргыз элинин келечеги кең, элибизде токчулук, тынчтык болсун!
Маектешкен Нуриза Өмүрбаева