Элебай Турганбаев,
Кыргыз Улуттук
энциклопедиясынын
Кыргызстан тарыхы
боюнча редактору

ООЗЕКИ ФОЛЬКЛОРДУ ИЛИМИЙ ДЕҢГЭЭЛДЕ КОЛДОНУУДАГЫ АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕР
Кыргыз тарыхын изилдөө эчактан бери эле эң актуалдуу маселелердин бири болуп келген, кийинки убакта да көптөгөн макала-эмгектер жаралып жатат. Албетте, мындай көрүнүшкө оң баа берүү керек. Анткени, Кыргызстандын тарыхы Борбордук Азияга тийиштүү жалпы тарыхтын эң эле негиздүүсү, ансыз бир нече чоң-кичине өлкөнүн тарыхын изилдөө мүмкүн эмес. Ушул себептер менен биздин тарых белгилүү болгон (же боло турган) тарыхчы-окумуштуулардын бирин дагы четте калтырган жок, келечекте да көңүлдөн чыкпоого тийиш. Демек, кыргыз тарыхын изилдөөдө мындай абал сөзсүз эске алынышы зарыл. Анын ичинен оозеки фольклорго таянуу жана аны изилдөө да маанилүү орунда турат, эмне дегенде ал тарых илиминин бир тармагы болуп эсептелет. Ага мисалды мурунку тарыхчылар Хондемир, Рашид ад-Дин, Абул-Гази, Мухаммед Хайдар ж. б. эле эмес, кийинкилерден К. Петров, С. Абрамзон сыяктуу белгилүү тарыхчыларды кошууга болот. Азыр алардын эмгегисиз Борбордук Азиянын тарыхы толук эмес болуп саналат. Ошондуктан биз өзүбүздүн тарыхка өтө аяр мамиле жасоого милдеттүүбүз.
Бирок, жогоруда көрсөтүлгөндөй, акыркы мезгилдерде тарых илимине кызыгуу күчөп бара жаткандыктан, оозеки фольклорду пайдаланууда уруулук мамилелердин кызыкчылыгын көздөгөн аракеттер да басымдуулук кылып бара жатат. Мындай абалдын башкы себеби өткөн тарыхка жасалган илимий анализдин аздыгы. Эң өкүнүчтүүсү, оозеки фольклорго таянуу менен көптөгөн тарыхый фактылар бурмаланып, хроникалык даталар алмашылып жатканына карабай, тарыхка күйөрман белгилүү инсандардын кээ бири оозеки фольклорду далил катары кабыл ала башташты. Ушинтип, тарыхый фактыларды бир-бирине салыштыруу принциби көңүлгө алынбай, үстүртөн каралып калгандыктан, маалыматтар канча көбөйгөн сайын анын баалуулугу көп эсе төмөн түшүп бара жатат.
Ага мисалды Т. Молдо, Талип Молдо, С. Сооронкулов сыяктуу санжырачылардын материалдарын пайдаланган тарыхчылардын эмгеги аркылуу келтирүүгө болот. Тагыраак мисал айтканда, Абул-Гази, Б. Солтоноев, Ш. Кудайберди уулу, К. Халидде эскерилип, Фишер, А. Левшин, В.В. Вельяминов-Зернов сыяктуу окумуштуулар изилдеген Шыгай хандын уулу эңечер бойлуу Эшимди кыргыздын саруу уруусунан деш азырынча мүмкүн эмес1.
Буга 19-кылымдагы Тезек султандын кыргыз тарыхындагы ордун да кошууга болот2. Оозеки фольклорго таянсак анда Тилекмат бугу уруусунун атынан барып, Тезек бугуларды сарыбагыштан коргоп калган. Бирок, Тезек султандын бугу уруусуна жардам бергенин аны менен кошо жүргөн П. Семенов-Тянь-Шанский эскербейт жана ал башка документалдуу маалыматтарда да жолукпайт3. Тескерисинче, 200 казак-орус менен Токмокко келген старшина Бутаков солто уруусунун Байтик, Корчу, Макеш, Шайдылда, Өзбек Бошкоев жана, сарыбагыштан Менде, Мырзаалы сыяктуу манаптарды Верныйга аманатка алып кеткенде Тезек төрө Мырзаалы Жантай уулуна кепил болууга даяр экенин, Мырзаалынын тууганы Сейилкан (Ормон хандын уулу) өзүнүн кудасы экенин жана кандай гана болбосун анын айтканын жерге таштабай турганын айтып, Колпаковскийге кат жазган4. Бул жерден оозеки фольклор менен документалдуу маалымат бир-бирине карама-каршы келип калганын көрөбүз.
Ал эми бир гана Т. Молдонун санжырасына таянган сопу О. Сооронов келечекте жазыла турган 15 томдуу Кыргызстандын тарыхына жанын күйгүзүп, манаптардын жөн эле зөөкүр болгонун айтып, аларды тарыхка киргизүү туура эмес деп эсептейт5. Албетте, адам болгондон кийин арасынан түрдүү жандар чыгат, бирок, алардын баарын бир калыпка салып кароо да туура эмес. Бул жерде Т. Молдо жашаган доор такыр эске алынбай калган. Анткени ал кат тааныган, билимдүү киши болгондуктан, Кеңеш өкмөтүнүн көз карашына дал келе турган тыянактарды чыгарууга туура келген. Экинчиден, бир маалыматты колдонгондо ага тиешелүү бөлөк маалыматтарды дагы сөзсүз эске алуу керек. Бул жерден башка мисалдарды келтирип отурбай эле, ошол учурдагы кыргыздардын каада-салтын изилдөөгө алган Гродековдун:6"...манаптар эл башына кыйынчылык болсо өзүлөрүнүн каармандыгы, берешендиги аркылуу журттан озуп, душман келсе элин баштап алдыга чыккан, алар шайланган эмес, эгер шайлоо болсо ошолор гана өтмөк", дегенин эскертели. Тарыхчынын милдети бир нече так фактыларга таянуу аркылуу окуяларды болгондой кылып тизмектеп бериши керек эле. Биз болсо өз учурубуздагы бийликке ыңгайлап, комментария жасап калдык. Ошондуктан, 70 жылга жетпеген убакта советтик доордо жазылган канча деген тарыхты окуунун кажети болбой калды.
Манаптын кээ бир уруулардан гана чыгышы тарыхчыларга таасир бере берсе, туура тарых жазылбайт. Дагы бир мисал, ошол эле Сооронов көрсөткөн фондуда сакталуу турган башка бир кол жазма: "Манап элетте эл башкарып турат. Ошо замандын ырлары; "Каратоко, Манап ай, үй башына бир жылкы ала бердиң санабай" дейт. Кийинчерээк кимде-ким элди былк эттирбей башкара алса, андай кишилерди манап деп айта турган болгон. Даңктуу чоң тукумдардан чыгып, эл башкаргандарды гана манап деген наам берип, букаралардан чыккан мыктыларды эч качан манап деп атабаган. Манаптар сарыбагыш, солто, саяк урууларында эң күчтүү жана көп болгон. Бугу, черик, моңолдор сыяктуу уруулардан эч бир манап чыкпаган. Моңолдор, черик уруулары да кийинчерээк сарыбагыш менен коңшулаш болуп, манаптын эмне экенин түшүнүшкөн бирок, манап иштеген ишти иштей алышкан эмес. Бугу уруусу ким эле жакшы тон кийип, жакшы ат минген үлгүсү болсо керек, манаптар соңку доордо гана өзүбек кандары, бектериндей өздөрүн чоң көргөзүп, жандарына жан жолотпой, күнү-түнү уктап, эмгек кылбай, букара элди зордуктап алуу мүнөзүн чыгарышат. ...илгерки доордо мындай арам тамак манаптардын болгонун эл билбейт. Манаптарды казак ичиндеги хан, төрөлөрдөй хан деп айтууга да болбойт" дейт. Көрүнүп тургандай 19-кылымда деле манапты эл колдогон. Муну бир-бирине көз карандысыз бир нече фактылар далилдеп бере алат. Ошондуктан, өзүбүздүн көз карашка туура келген бир гана маалымат аркылуу жыйынтык чыгаруу чоң жаңылыштык. Анда, ага тиешелүү башка маалыматтарды кайда кетиребиз? Муну орустар калтырган документтен да көрүүгө болот: "...В Пишпекском уезде есть два каракиргиза, которые, не нуждаются в поддержке народного суда, своевольничают, манапствуя как власть имущие. Один влияет на весь уезд, а в своей Сарыбагишевской волости властвует безконтрольно, это киргиз Ш. Жантаев, а другой самовластно и безконтрольно управляет только своею Сусамырскою волостию, это киргиз Чойбек Дикамбаев. Оба манапы. Влияние их так сильно, что, по частным слухам они производят поборы с народа в свою пользу но как только я начинаю дознаваться, чтобы собрать улики и дело оформить, все решительно отказываются подтвердить их незаконныя деяния, и дело получает характер сплетни"7. Анан, уезд начальниги бул экөөнө Тоголок кожо уулу Осмон кожону кошуп: "...Вот этих трех следовало бы временно удалить из уезда для обуздания своеволия влиятельных лиц, но я не решился возбуждать ходатайств за неимением доказательств, да к тому же за Ш. Жантаева вступится весь уезд, а за Ч. Дикамбаева его волость"8 . Бул жерде эч кандай комментариянын кереги жок. Айта берсек мындай мисалдар толтура.
Эми буларга белгилүү аалым К. Исаевдин9 тарыхка болгон көз карашын дагы кошо кетели. Макала кыргыздын тарыхына күйгөнүнөн жазылганы көрүнүп турат. Негизги ойлору туура, бирок оозеки жомокторго таянып, бул киши дагы кээ бир жерден тарыхчыларга тарыхты кандай жазууну үйрөтүүгө жол берген. Мисалы, буга чейин бир да тарыхчы Шабдандын 40 байталга кыргыздын жерин сатып салганын далилдей элек (далилдей да албайт). Эмне дегенде, орус бийлиги андайга эч качан жол бермек эмес. Эмесе, кайра эле фактыларга кайрылалы. Анда: "...Еще в прошлом году киргизы (казактарды айтып жатат) Верненского уезда безпрерывно переходили на летовки Токмакских киргиз и делали многие беспорядки. ...В этом году тоже самое, киргизы волостей Карабая, Исты и Андаша преспокойно травят земли каракиргизов и к тому же угоняют скот. Так, киргиз волости Карабая, Кауман Тулебердин, угнал кобылу с жеребенком, кобылу зарезал, жеребенок в его табуне. Потрава чужого кома может повести к беспорядкам и баранте, так что мои киргизы (казактар), ни под каким видом, не займуть чужих земель, так как это им строго запрещено (атайын белгиледик). Сегодня ночью случилось следующее: Волости Андаша (наибольшее число беспорядков у него) Бий Супотай Сауруков и аульный старшина Алтмышбай Мураталин с 45-ю кибитками спустились в долину Малаго Кибеня (Кичи Кемин). Когда кара-киргизы заявили им, что это их земли, и чтобы они убрались, то Верненские киргизы выхватили шашки и ай-балты, и пошла свалка. Кара-киргизы, здесь кочующие, люди лично мне известные; мой джигит Баяке Контуганов и Шабдан Джантаев. Они хорошо уже познакомились с русскими порядками и вместе того, чтобы крикнуть клич родичам на баранту и раздавить казаков, они дали себя бить, не звавши ни кого на помощь, и знали, что за ними стоит русский закон. Казаки (казак-орустар) порубили нескольких шашками, одного тяжело ранили, а одного связали, разрезали ему ноги и насыпали соли в рану и тем кончилось. Раненных я сам видел. Вследствие этих беспорядков я посылаю 50 человек казаков захватить зачиншиков и привести в Токмак, где я наряжу следствие. Донося об этом ...считаю присовокупить, что такие поступки могут повести к большим беспорядкам и я считаю необходимым самое строгое взыскание с этого первого опыта разбоя. Также прошу содействия... о запрещении киргизам Верненскаго Уезда травить Токмакския травы. Не лишним считаю присовокупить, что большинство беспорядков выходит из волости Андаша.

Майор Загряжский 07. 06. 1869 г" 10.
Бул, жергиликтүү эл жерин сатмак түгүл, 1869-ж. эле атайын уруксаатсыз башка жерге көчүүгө укугу болгон эмес дегендик. Эми көрсөтүлгөн бул датадан кийинки документтерди да карап көрөлү:
1870 г., октября 12. Урочище Кумкечу. Рапорт №29, начальника Токмакского уезда подполковника Г. С. Загряжского воен. Губернатору Семиреченский обл. Г. А. Колпаковскому с предложением о передаче пяти дулатовских волостей из Токмакского в Верненский уезд.
При проезде его высокопревосходительства г-на генерал-губернатора я имел честь докладывать вашему превосходительству, что у пяти волостей Большой орды, входящих в Токмакский уезд, очень мало земли. Об этом же подали вам прошение все пять волостных.
Произошло стеснение помянутых волостей от того, что граница уездов Верненского и Токмакского рассекли кочевки кыбраев, кашкарау, чимыров, ботбаев и секимов на две части, неровные ни по пространству и по удобству угодий. Прежде, когда этой границы не было, все большеордынцы имели общие родовые кочевки и переходили на то или другое место совершенно свободно. Теперь же они друг друга стесняют, опираясь на границу.
Организация этих волостей была весной, когда киргизы пришли на пашни, и тут образованы были волости, между тем, как многие из них зимовали по северную стороны водораздела, идущего от Чумича к Балхашу.
Киргизы не понимали, что, записавшись в Токмакский уезд, они потеряют свои зимовки по северную сторону водораздела и потому охотно записывались в токмакские волости. Между тем в первую же зиму уже начались стеснения недоразумения за зимовки.
Теперь же токмакские киргизы (казактар) почти совсем не ходят на север, а жмутся по южную сторону с большими лишениями, которые иногда вынуждают их переходить на северную сторону. Верненские киргизы сейчас же шлют гонцов с жалобами, токмакские поступают также.
Дулатовская волость имела почти все зимовки по северную сторону, а теперь жмется на урочище Саксаул.
Поправить это неудобство, так сильно стесняющее киргизов и влекущее за собой большие убытки в скоте, можно, уничтожив причину, их породившую, - границу.
Мне казалось бы, что единственный способ удовлетворить поданное вашему превосходительству прошение пяти волостей - это перечислить их в Верненский уезд, проведя границу между уездами от Кургатов (Курагатты суусу) по р. Чу до мыса Чумич, отсюда на север по хребту Чумичь и потом на юго-запад по водоразделу бассейнов рек Чу и Или 11 (атайы белгиледик).
Постановление
На основании предписания воен. Губернатора Семиреченской обл. от 15 февраля 1871 г. за №841 для решения вопроса о границах между уездами, как равно и о наделе дулатовских волостей частью земли, отходящий от кара-киргизов, комиссия, составленная для этой цели, пришла к следующему убеждению.
Приняв во внимание характер земель обоих уездов, нашла, что, кара-киргизы Токмакского уезда нуждаются главным образом в пашнях, а киргизы Верненского уезда - в летних кочевках и зимовках.
Приняв во внимание за надел границу, предназначенную Семиреченским обл. правлением комиссия предпологает уступить пашни для кара-киргизов от Кара-Булака до Кара-Конуза по долине р. Чу, взамен этого дозволить киргизам Верненского уезда пользоваться летними кочевками на Большом Кибене (белгилеген биз).
...комиссия постановила: передать свое предположение на решение обоих сторон, т. е. пяти дулатовских волостей, отходящих в Верненский уезд, и пяти кара-киргизских волостей, земля которых отходит в надел.
10 волостей пришли к следующему соглашению: назначить с каждой сторон по выбору всего народа по 2 человека и затем, чем бы эти выборные не кончили, обе стороны подчиняются этому решению...
Токмакский уездный судья Ф. Томский.
Токмакский уездный начальник п-пол. Лисовский.
Приложения 3.
От 1871 г. 21 декабря. Решение
1871 г. 21 декабря мы, ниже приложившие печати четыре бия, выбранные из среды пяти дулатовских волостей и из пяти волостей сарыбагышевских для решения поземельного вопроса между киргизами и кара-киргизами Верненского и Токмакского уездов, постановили, что так как военным губернатором назначена граница Верненского уезда от Кара-Булака до Чумыча (атайы белгилеп жатабыз), местность эта должна занимаема дулатовцами и за пашни, находящиеся на оной, дулатовцы должны заплатить за проведение арыков сарыбагышам 900 руб.
От Кара-Булака вверх до вершины гор, где границей должна быть дорога, через которую не должны переходить киргизы Токмакского уезда, а киргизы Верненского уезда - от Кара-Булака до Кукойрока, местность эта должна принадлежать под кочевки пяти волостям сарыбагышевским.
Именные печать приложили бий А. Байгозин, А. Токсабин, У.Истанбеков, М. Джантаев12.
Ал түгүл Кудаяр хандын кысымынан Кокон хандыгынан Россиянын курамына кирген Олуя-Ата уездине көчө качкан 800 (кээ бир маалыматарда андан дагы көп) кыргызды 1873-ж. падыша өкмөтү зордук менен кайра мурунку ордуна көчүргөн13. Ага кандай баа берилиши керек?
Андан ары 1886-ж. 2-июнда чыккан "Түркстан крайын башкаруу боюнча" жобонун 3-бөлүм, 2-глава, 276-пунктуна ылайык кыргыздар кошуна областтарга көчүү үчүн сөзсүз Түркстан генерал-губернаторунун өзүнөн гана уруксаат алууга тийиш болсо, аталган губернатор алдын-ала берки областтын губернатору менен макулдашууга туура келген14 .
Албетте, эл башына күн түшүп турган кээ бир учурларда казак, кыргыз бир-бирине жашыруун жардам бергенин танууга болбойт. Буга, эзүүгө чыдабай 1893-ж. Кытайдан качып келген кызай тукумунун 103 түтүнүнө сарыбагыш уруусунун өз болуштугунан конуш бериши мисал боло алат. Бирок, ал жер убактылуу эле берилген. Аны көргөн орус бийлиги кызайларды зордоп Копал уездине көчүрүп, алар убактылуу отурган жерди орус переселенецтерине берет. Кыргыздар ошондо орустарга каршы болгон. Бул жөнүндө Талызин: "орустардын конуш алышына сарыбагыштын каршылык кыла турган эч укугу жок"15 деп белгилейт. Көчмөн калктын бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүшү кадимки көрүнүш, канча кыргыз (мис., Курманжан датка, Осмондор) Кытайга көчүп, кетип-келип жүрүштү, демек алар кайра бекер көчүп келиптир, кыргыз-кытай чек арасын орнотууга терс таасирин тийгизген деп күнөөлөсөк туура болбойт.
1905-1906-жылдары түрк-мусулман элинин укугу тепселип жатканына байланыштуу падышалык акимчилик 500дөн ашык петиция алса, анын бири Жети-Суу облусунун казак, кыргыздарынын атынан Министрлер комитетинин төрагасы, граф М. Ю. Виттеге жазган Ш. Жантаевдин петициясы болгон. Ошондуктан ал илимий адабиятта "Шабдан Жантаевдин петициясы" деп аталат. 11 пункттан турган бул петициянын 11-пунктунда жер маселеси көтөрүлүп, орус чарбасына конуш берүү токтотулсун деген талап коюлган. Бул жөнүндө орус чиновниктери да кабардар болуп, Шабданга каршы донесение чогултууну башташкан. Анын бир нечесин окуп көрөлү; "...доношу, что киргизы Пишпекскаго уезда, ...во главе с сыном Шабдана - Аманом Шабдановым явились на чрезвычайный съезд между Джаркентским и Копальским уездами на урочище Югонтас для сбора подписей от киргиз под доверенностию на имя Ш. Джантаева... Намерения Амана Шабданова были очевидно объехать все уезды области для сбора таких же подписей.
По рассмотрении петиции и доверенности мной впервой не замечено ничего такого, что давало бы основание признавать ее вредной, или в чем-либо неудобной, так она содержит в себе ходатайство перед Председателем Комитета Министров о внесении на обсуждение вопросов, касающихся религиозных и школьных нужд киргизского населения. Что же касается доверенности, то таковая заготовлена очевидно самим Ш. Джантаевым или кем-либо другим по его поручению. Смысл его тот, что Ш. Джантаев уполномочивается обществом киргиз области уехать в Петербург и ходатайствовать лично перед Государем Императором о нуждах киргизского населения (атайы белгиледик), или послать в место себя другое лицо по его, Шабдана, выборы..."
Андан ары Дүр Сооронбаев: "В 1910 г. я согласно решению киргиз всего Пишпекскаго уезда был избран для поездки в С. Петербург, чтобы ходатайствовать о том, чтобы, во-первых, кочевникам земля отводилась в согласии с циркуляром Генерал-Губернатора, т.е. по 40 десятин, а оседлым киргизам земля давалась лучшаго качества, так как переселенческие чины установили такую практику; самая лучшая земля идет под переселенческие участки, затем несколько худшая в запасный фонд и лишь самая худшая - для оседлых киргиз. Но эта поездка не состоялась, так как я узнал, что на меня поступил донос, что я политически неблагонадежен. В 1912 г. я действительно собирался ехать... Вместе со мною хотели ехать еще многие киргизы. Поездка эта, однако не состоялось, так как у меня умерла дочь", десе, Мамбетаалы Муратаалы уулу: "В настоящее время среди киргиз Пишпекскаго уезда идет сильное недовольство тем, что чины Переселенческаго управления не выполняют циркуляра Туркестанского Генерал-Губернатора о том, что переходящим в оседлость должно отводиться не менее 40 дес. на кибитку и отводят киргизам землю никуда негодную и не более 7 десятин на душу и притом на разных местах, причем на пахоту не более 1,5-2 десятин. Недовольство это растет еще потому, что переселенческие чины прямо говорят киргизам, что хорошей земли им не будет, так как они скотоводы и им нужны только самыя высокия места на горах. Д. Саурумбаев был уполномоченным на поездку в С. Петербург, но только в 1911 г. поездки этой он не совершил по отсутствию денег"16. Көрүнүп тургандай, минтип, эл-жерин коргоого аракет кылып жаткан Ш. Жантаевдин саясий ишмердүүлүгүнө байланышкан архивдик материалдарга көз жуумп, аттап кетүүгө мүмкүн эмес, же жарыялана элек документтерди пайдалансак мындан дагы жакшы жыйынтык чыгаарына ишеним көбүрөөк. Тескерисинче, жанынын тынчын карап, унчукпай коюшка баарыныкынан анын шарты жакшы болгон. Ага карабай, "Шабдан кыргыздын жерин 40 байталга сатып жибериптир" дей берсек, акыры баары бир ушул, ж. б. жаңы маалыматтар жарыяланса эмне болот?
Деги эле Ш. Жантаев тууралуу, же анын заманына байланыштуу жарык көрө элек архивдик маалыматтар али көп. Бир мисал, А. Г. Серебренников өзүнүн "Туркестанский край. Сборник материалов для истории его завоевания" деген 70 томдук көлөмдүү эмгегинде Петербург, Москва, Оренбург, Тифлис, Омск ж б. шаарларда сакталган падышалык Россиянын Орто Азияга карата жүргүзгөн саясатына байланыштуу документтердин баарын чогулткан. Бирок, биринчи дүйнөлүк согуштун айынан 1912-1915-ж. 14 тому гана жарык көрдү. Мындан тышкары, Россиянын Мамлекеттик Борбордук аскер-тарых архивиндеги Генералдык штабдын департаменти (ф. 38), Башкы штаб (ф. 400), Аскердик окуу комитеттеринин (ф. 401) материалдарын жана "Орто Азиядагы согуштун жүрүшү" сыяктуу коллекцияны (ф. 483) атоого болот. Учуру келгенде анын баары сөзсүз жарык көрөт. Кантип анан аталып-аталбаган документтерге караганда, бир ооз оозеки сөз артыкчылык кылат? Ошондуктан, колдо болгон фактыларды толук пайдаланмайын бир беткей жыйынтык чыгаруу эч мүмкүн эмес.
Тарых бир нече документалдуу, так маалыматтарды салыштыруу аркылуу жазылышы керек. Биз болсо бир нече башка инсандын бир-бирине окшош жүргүзгөн саясий ишмердүүлүгүнө ар башка мамиле жасоодон алиге арыла албадык. Эч кандай логиканын жоктугунан бир эле жерден эки түрдүү стандартты колдонуп, өзүбүздүн тар түшүнүккө ылайык бүтүм чыгара салабыз.
Тилекке каршы, тарыхчылардын ичинде дагы негиздүү аргумент, же так факты менен далилденбеген көз карашка жол берүүлөр кезигет. Ага ушул эле гезит бетинен жарык көргөн Д. Сапаралиевдин макаласын кошууга болот17. Мисалы, тарыхчы И. Андреевди күбө кылып18, "XVIII кылымдын экинчи жарымында Тянь-Шандагы кыргыздарда "эч кандай хан жана султан жок, жалгыз "князы" же "бийи" бар" деген, "ал сарыбагыш уруусунун өкүлү Атаке Тынай бий" деп, ошол замат өзүнө-өзү каршы болуп, шапырашты Казыбек бек Тауасарулынын "Түп-тукианнан өзүмө шейин" (А., 1993) деген китебин мисал кылып, солто уруусунан Коңурбай уулу Жайылды, ж. б. хан болгон дейт. Тарыхчы мунусу менен Атаке "хан" болбогон жерден И. Андреевди толук жактаса, ошол эле Атакенин замандашы Жайылды хан кыларда, кайра ага каршы чыгат.
Эми, Казыбек бек Тауасар уулунун кол жазмасынын пайда болушу убагында кызуу талаш-тартыш пайда кылган. Ал эмес орус, кытай, кыргыз тарыхчыларынан эксперт чакыруу сунушталган. Ошол себептен казак изилдөөчүлөрү ал кол жазманы пайдаланбайт. Анткени, ал китепти таап алдым деген автор белгилүү бир максат менен көптөгөн атактуу адамдарды (мис., Чынгыз хан, Аксак Темир, Абылай ж.б.) Улуу жүздүн чапыраштысына (президент Н. Назарбаевдин уруусу) киргизүүгө аракет жасап, одоно каталарды кетирген. Алардын биринде саяк тукуму Чапыраштынын кичүү уулу болуп, алар "өзүнүн казактын Арыс - Уйсун - Абыл тукумунан экенин айкын билип, бирок, Алтайдагы Кыргыздарга сиңип кеткенин.., хижранын 358 жылы Саяк тукуму тегиз көчүп Чүй, Талас боюна орношконун" жазат. Ошондуктан кыргыз... "казакты чаап, тынчтык бербеген соң, Абилмансур19 (Абылай) буга катуу кетет" деп, анан: "Бул 1142-мечин жылы (григориан санагы боюнча 1729-30-ж., же Абылайдын 19дагы кези) болгон. Абылай бул жерден ашкан акылмандуулукту көрсөттү. Ал урушка Уйсундун колун атайы аралаштырбай, жеке баатырларды гана алып, согушту өзү жүргүздү… Казак менен согушууга кыргызды көбүрөк үндөгөн Жайылханды сегиз уулу менен колго түшүрдү" дейт. Китептеги канча деген маалыматтан тарыхчы жалгыз, белгиленген ушул сөздү гана бөлүп алган. Ушинтип, Казыбек бек көрсөткөн (эгер чын көрсөтсө) жылдарга анализ жасалбай макала жаралды. Анткени, Казыбек бек китепти хижранын 1154-ж. "жазгам" дейт (86-бет). Чын эле ошол жылы жазылса, азыркы эсеп менен 1741-1742-ж. болмок. Демек, Казыбек бек Жайылдын хан эмес, анын колго түшкөнүн да көргөн эмес. Анын башка, толгон-токой лингвистикалык ж. б. каталарын талдоого алган казак тарыхчылары менен адабиятчылары Казыбек бектин 1723-ж. өлгөнүн, же бул китеп 1990-жылдары эле жазылганын болжолдошот20. Демек, изилденип жаткан материал сөзсүз башка нускалар менен салыштырылып каралышы керек.
Акырында, биздин тарыхты ушундай жол менен изилдөөгө каршы келе турган фактылар бар экенине карабай, аталган кемчиликтерден тышкары дагы көптөгөн жаңылыштыкты жолуктурууга болот21. Ошондуктан, тарыхты изилдөө оңой эмес, же аны оозеки, же бир эле оозеки, жазма маалыматтын ичинен өзүбүзгө ылайыктап эки сабын үзүп алып, башкаларга таңуулап, тыянак чыгара салууга болбойт. Б. а. ошол жалгыз сөздү кайра бир нече ондогон, жүздөгөн маалымат аркылуу тактоо керек, же ар бир маселени комплекстүү карап, анан жыйынтык чыгарсак, эчак башка өлкөнүн да тарыхчыларын суктандырган чыныгы улуу улутка айланат элек. Антпесек жазган тарыхыбыздын баасы эч нерсеге арзыбай калганы жатат.