Архив казынасынан

"Билимдүүнүн сөзү өткүр,
Мергенчинин көзү өткүр"
(Кыргыз эл макалы).

Илхам келгенде чыгармачыл адам
шаңшыган тоо бүркүтүнө окшош"
(А.С.Пушкин).

Байдылданын бакубат дүйнөсү

Маленов Байдылда 1928-жылдын 25-июнунда азыркы Чүй облусуна караштуу Онбиржылга айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси дыйканчылык менен турмуш-тиричилик өткөрүп, кийин "Прогресс" колхозунун жигердүү мүчөсү катары өндүрүштө кайрат-күчүн аябай эмгектенген.
Байдылда Маленов 1935-жылдан тартып Маданият башталгыч, 1939-1944-жылдары Онбиржылга орто мектебинде, 1944-1945-окуу жылдары шаардагы №5 орто мектепте окуп, орто билим алып чыгат.
1945-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тил жана адабият факультетине окууга өтүп, 1949-жылы аны артыкчылык диплом менен бүтүргөн.
Жаш адис Оштогу мугалимдер институтунда кыргыз тил жана адабияты кафедрасында кафедра башчысы болуу менен эмгек жолун баштаган.
1950-жылы Кыргызстан КП БКнын буйрутмасы менен ал СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалында тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп орношуп, ал жерде 1952-жылдын сентябрына чейин эмгектенет.
1952-жылдын сентябрында СССР ИАнын Кыргыз филиалы аны Москва шаарындагы М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтуна аспирантурадан окуу үчүн жөнөткөн. Байдылда Маленов аны 1956-жылдын ноябрында бүтүрөт. Илимдин кандидаты даражасын 1958-жылы 20-мартта коргоп, ал 1958-жылдын 5-ноябрында ВАК (БАК) тарабынан бекитилген. 1956-жылдын 16-декабрынан Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясында кенже илимий кызматкер, 1958-жылдан ага илимий кызматкер.
1960-жылдын августунан Кыргызстан КП БК аны Кыргыз мамлекеттик университетине - кыргыз адабияты кафедрасын башкарууга жөнөтөт. 1977-жылдын майынан СССРдин 50-жылдыгы атындагы КМУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти болуп иштейт. Ал бул кызматта өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин эмгектенген.
Кыргыз тил жана адабиятына сиңирген эмгектери үчүн СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректораты, комсомол комитети жана Илимий Кеңешинин Ардак Грамотасына (1980-ж.), жаш муундарды коммунисттик рух-уркунда тарбиялоодогу салымы үчүн "Кыргызстан пионери" газетасынын 50-жылдыгына байланыштуу Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак Грамотасын, Кыргыз ССРинин элге билим берүү министирлиги жана агартуу, жогорку мектеп жана илимий мекемелердин кызматкерлер профсоюзунун республикалык комитетинин Ардак Грамотасын, эл чарбасы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо ишинде сиңирген эмгеги үчүн жана СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин негизделген күнүнүн 50 жылдыгына байланыштуу СССРдин 50-жылдыгы атындагы КМУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле СССР жогорку, орто адистешкен министирлигинин "СССРдин жогорку мектебинин" "иштеги эң мыкты жетишкендиктери үчүн" Кыргыз ССРинин билим берүү министирлигинин "эл агартуунун мыктысы" төш белгилери менен сыйланган. СССР Жогорку Советинин Президиуму В.И.Лениндин 100 жылдыгынын урматына мааракелик медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму "Эмгек ветераны" медалы менен сыйлаган. 2005-жылдын 18-февралында Чүй райондук Кеңешинин XIV отуруму №53/14-1 токтом менен Маданият айылындагы башталгыч мектепке Байдылда Маленовдун ысымын ыйгарган.
Азыр белгилүү адабиятчы илимпоз, кашкөй сынчы жана кылдат, баамчыл калемгер Байдылда Маленовдун мурастарына сереп салып, ал өз мезгилинин талабы менен жашаган, тың илимпоз гана болбостон жаңыдан өрүш алган кыргыз адабияты айдыңында чындап күйүп-бышкан мамиле менен жашап, жаңыдан бутуна тура баштаган адабияттын башатына такай кыраакы көз караш менен саресеп салып жүргөн.
Кыргыз Совет адабиятынын баштоочулары Мукай Элебаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков, Алыкул Осмонов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев, Мидин Алыбаев жана экинчи толкундун өкүлдөрү Насирдин Байтемиров, Чыңгыз Айтматов жөнүндө сын-пикирлерди оң-тетири көрүнүштөрүн өз маалында айбыкпай айтып да, жазып да чыгышкан.
Табигатынан сынчыл мүнөзүн илим менен айкалыштырып, ал сын макалаларын адабият коомчулугуна сунуштап, керек болсо окурман болобу, абройлуу инсан болобу теңата сүйлөшө билген сыпаа жана сыйкор калем ээси касиетин өмүрүнүн акырына чейин сактай билген.
Байдылда Маленов элдик оозеки чыгармачылыктын түпкү булактарын өтө кылдаттык менен изилдеп, достуктун өркүндөшүнө эл акындарынын кошкон салымын, айрыкча интернационалисттик башталыш улуу акын жана демократ Токтогулдун жан-дүйнө шериги болгонун, ал сезим акындын туткунда жүргөн кезинде, кийин эркиндик заманында өркүндөп өскөнүн көрөгөчтүк менен байкап, анын асыл изин чыгармаларында терең баамдоого алган.
Илимпоз катары Мукай Элебаевдин чыгармачылык жолу жөнүндө илимий даражасын жактаган күндөн кийин да ал дайыма бул темага кайрылып, тереңдетип, бийиктете берген. Биздин баамда Мукай калемгер Байдылда Маленовдун эң сүйүктүү темасы болуп калган. Ал жөнүндө орус тилинде да макалаларды жазып, кеңири насыйкаттоого жигердүү катышкан.
Адабияттагы партиялуулук маселеси анын чыгармачылыгынын негизги өзөктөрүнүн бири. Мында В.И.Лениндин жана социалисттик реализмдин булактарын, анын түндүк көтөрүүчүсү М.Горькийдин айткандарынан кыргыз мисалында кеңири иликтөөгө алып, ал тууралуу атайын чыгарма жазганга үлгүргөн.
Элдердин достугу - бул Байдылда Маленовдун сүйүктүү темасы. Байдылданын калеми адабияттагы достук темасынын иштелиши жөнүндө кыйла кызыктуу жыйынтык-тыянактарды чыгарган.
Биз чыгармаларын талдоого алып жаткан автордун бир артыкчылыгы, ал эки тилде - кыргыз жана орус тилдеринде иштеген.
Узак жылдар калпыс каралып, кара көө менен чүмбөттөлгөн Молдо Кылыч Шамыркановдун эмгегине талдоо жүргүзүү менен, анын чыгармачылык табиятына ынтызар мамиле жасап, бизде Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин эле калем кармап, өз заманы жөнүндө ээн-эркин көз карашта болгон жазуучу, анын калемгерлер болгонун баамдоо үчүн орус тилинде жазуу менен ал ошол ойду ырастап, бекемдөөгө далалат жасаган.
Жаш муундарга таасирдүү билим берүүдө окуу китептеринин негиздүү жана тыянактуу болушу үчүн ал мектеп окуучулары үчүн адабият боюнча китептерди жазган.
Өзү москвалык адабият мектебинен билимин өркүндөткөн жетик илимпоз шакирттерин өстүрүүгө, аларга кам көрүүнү өзгөчө караган.
Байдылда Маленов коомдук жумушка да жигердүү катышкан. 1963-1967-жылдары Фрунзе шаарындагы Ленин райондук Советинин эмгекчилер депуттатарынын депутаты болуп шайланган. Чет өлкөдө - Австрия менен Монголияда сапарда болон.
СССР - Монголия достук коомунун Кыргыз филиалынын Президиумунун мүчөсү, кийин жооптуу катчылык милдетин аркалаган.
Биздин оюбузча Молдо Кылычтын "Зар заман" жана жалпы эле анын чыгармачылыгы жөнүндөгү эмгеги жарыялоого арзыйт.
Коомдун жандуу табитин ачууда ал мыкты очеркчи катары да кеңири таанылган.
Б.Маленовдун мурастарын иштеп чыгуу бир кыйла жеңил болду, себеби ал өз кол жазмаларына өтө тыкыр мамиле жасап, ырааттуу кармаган. Сын макалалар жыйнактарынын машинкада басылган нускаларын сарамжал сактаган. Мектеп окуучулары үчүн адабият боюнча окуу китептери тайпалар тобу менен иштелгендиктен, анын кол жазмалары табылган жок. Улам топтоо, бириктирүү менен анын саны бир топ кыскарды жана дайыма сактоого 44 көктөмө өткөрүлдү. Ага фонд ээсинин авторефераты, монографиясы, адабият боюнча окуу китептери (түп нускада), сын макалалар жыйнактары, адабиятты окутуунун усулдук иштелмелери, рецензиялары, коомдук курултай, жыйын, семинар, кечелерде чыгып сүйлөгөн баяндамалары, сөздөрү, жазуучулардын бейнелери, адабият боюнча күндөлүк басма сөздө - гезит-журналдардагы жарыяланган макалалары, ой толгоолору, илимий-иликтөө мүнөзүндөгү публицистикалары, фонд ээсинин жеке, илимий, коомдук чөйрөдөгү сүрөттөрү жана Мукай Элебаевдин 70-жылдыгына арналган бет-плакаттын бир нускасы кошо тиркелип, мамлекеттик сыйлыктары, анын эстелигин түбөлүккө калтыруу чечими кирди.
Мамлекеттик сыйлыктары көчүрмө түрүндө кабыл алынды, анын түп нускалары фонд ээсинин аты коюлган мектепке тапшырылган. Советтик-монгол достугунун кыргыз бөлүмүнүн иш кагаздарынан сакталган баяндамалары, иш пландары жана сүрөттүк материалдары өткөрүлдү.
Көбүн эсе күндөлүк басма сөздөгү материалдары ошол жарыяланган датасы менен кабыл алынды. Ал адам жөнүндө эскерме-макала кошо берилди. Фонд ээси азил, тамаша жанры боюнча аракет жасаган.
Илимий-маалыматтык аппарат фондусу төмөнкүлөрдү камтыйт: тизим, фонд карточкасы, баш сөз, түпкү барак, тизимдин мазмуну.

Б.Маленов тууралуу маалымат жазган
Т.Акматалиев,
КР БМАнын жетектөөчү адиси

P.S.Байдылда Маленовдун Ж.Турусбековдун "Каракчынын трагедиясы" чыгармасына карата жазылган чакан макаласын кийинки беттен окуңуздар