Конференциялар парады
2008-жыл, декабрь
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине караштуу мамлекеттик архив агенттигинин жетекчилигиин демилгеси менен Кыргыз тарыхынын он беш томдугун түзүү маселесин кучагына алган "Улуттук тарыхтын учурундагы проблемалары" деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.Илимий-практикалык конференциянын ишине философия илиминин доктору К.Исаев, КРнын Эл депутаты, тарых илиминин доктору Б.Бешимов, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун биринчи проректору, тарых илиминин доктору О.Каратаев, КУИАнын тарых институтунун директорунун орун басары, тарых илиминин доктору А.Жуманалиев, Мамлекеттик архив агенттигинин директору, жазуучу Ч.Абыкеев, жазуучу, окумуштуу, жазуучу тарых изилдөөчүлөр Байас Турал, О.Сооронов, Т.Мүлкүбатов, Н.Абдрахманов, К.Сыдыкова, Т.Чаргынов жана башкалар катышып, жогоруда белгиленген теманын айланасында талкуу уюштурулду. Илимий-практикалык конференциядагы талкууда тарых жана улуттук идеология, улуттук тарых деген эмне, ал "башка" тарыхтан эмнеси менен айырмаланат, тарых жана улуттук эстутум, бүгүнкү кыргыз тарыхынын ийгилиги жана кемчиликтери, билим берүү системасындагы тарыхты окутуу проблемалары, адис тарыхчы - окумуштуулар жана тарых изилдөөчүлөр, тарых илиминин өнүгүшүндөгү проблемалар: каражат, идеология, мамлекеттик системанын же окумуштуулардын кайдыгерлигиби,тарых илиминдеги жаны ачылыштар, табылгалар, маалыматтар жана сунуштар сыяктуу орчундуу ойлор ортого коюлуп, жыйынтыгында тарых маселесине мамлекеттик маани берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө элге жана өкүлдөргө кайрылуу кабыл алынды.

2009-жыл, февраль
Мамлекеттик архив агенттигинин жетекчилигинин уюштуруусундагы экинчи илимий практикалык конференция "Тарых жана санжыра" деген аталышта болду. Илимий-практикалык конференцияга философия илиминин доктору К.Исаев, КУИАнын тарых институтунун директорунун орун басары, тарых илиминин доктору А.Жуманалиев, археолог А.Абетеков, Кувейт университетинин ректору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор А.Ормушев, КРнын мамлекеттик архив агенттигинин директору, жазуучу Ч.Абыкеев, коомдук ишмер, тарых иликтөөчү Д.Сарыгулов, "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору, тарых илимдеринин кандидаты К.Молдокасымов, санжырачы С. Сооронкулов, тарыхчы, жазуучу Б.Турал, тарыхчы Э.Турганбаев, саясат таануучу Н. Жолдошев, тарых иликтөөчү Ч. Буяр жана башка санжыра менен тарыхтын байланышынан баалуулук издеген адистер катышып, кыргыз жана кыргыз насилдүү элдердин санжыралары, мурасталып калган кол жазмалардагы материалдар канчалык деңгээлде илимий булак боло ала тургандыгы жөнүндө талкуу болду.