Абдыкадыр Орозбеков
Кыргызстандын биринчи Президенти
Орозбеков Абдыкадыр (1889-1938 жж.)- советтик- партиялык, мамлекеттик, саясый ишмер, Маргалаң уездинин Охна кыштагында туулган. 1918-жылдан ВКП (б) мүчөсү. Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөн, граждандык согуш мезгилинде катардагы жоокерден отряд командирине жана саясый жетекчиге чейин көтөрүлгөн. Совет бийлиги орногондон кийин Кызыл Гвардия отрядынын командири болуп туруп, Фергана шаарынын ишканаларын, шаардын чет-жакаларында коргонууну уюштурган.
А.Орозбеков Фергана облустук жумушчулардын жана солдаттардын депутаттыгына, ошондой эле Маргалаң уездик жана шаардык аткаруу комитетинин президиумуна шайланган.
Совет бийлигинин активисттеринин өмүрүн басмачылардан сактоо үчүн коммунист Орозбеков күжүрмөн дружина түзүп, ага өзү командир болгон.
А.Орозбеков контрреволюциячыл күчтөргө каршы күрөшүү үчүн өз ыктыяры менен Кызыл Армиянын катарына кирген.
А.Орозбековдун жетекчилиги менен түзүлгөн куралдуу отряддар 1919 -1920-жылдарда Фергана өрөөнүнөн, Чимион жана азыркы Кадамжай жактан чыккан корбашчылар Көршермат, Ашар, Иргам, Эдигар Жаржат, Зулкадам, Мойдун, Ярмат-Максум, Нурмаш сыяктуу башчылык кылган басмачылардын топторун талкалаган.
Кыргыз жана өзбек элдеринин улуу инсандарынын ортосундагы достук мамиленин өнүгүшүнө, эл достугунун бекемделишине чоң көпүрө болгон .
Басмачылардын негизги максаты Кызыл -Кыядагы шахтыны талкалоо болгон. Ал жетектеген отряддын мүчөлөрү бул тапшырманы да күжүрмөндүүлүк менен ишке ашырышкан.
Жалпысынан айтканда А.Орозбеков түштүк Кыргызстандын бардык ири басмачыларынын күчтөрүн талкалоого катьшкан. Совет бийлигин сактоого жана аны бекемдөөгө активдүү күрөшкөн.
Коммунист Орозбеков Совет бийлигинин эң орчундуу участокторунда: басмачылар менен күрөшүүдө, Советтик жооптуу кызматтарда жана партиялык милдеттерди бир эле учурда бардыгын жогорку деңгээлде аткаргандыгы менен өзгөчөлөнүп турган.
Абдыкадыр Орозбеков акылы тунук, көп татаал маселеде өзүнүн кеңири ойлогон табигый зиректиги менен айырмаланып турган инсан болгон. Тарыхый татаал мезгилде душман менен досту аныктай албай жүргөн учурларда да ал дайыма көп проблемаларды карапайым элдин кызыкчылыгы менен карап чечкен.
1919-1923- жылдары айылдын, Чимион жана Вуадил райондук революциячыл комитеттин, 1923-жылдын 23-декабрынан Мархамат райревкомунун, андан кийинчерээк райаткомунун төрагасы болуп иштеген.
1924-жылдан баштап А.Орозбеков советтик- мамлекеттик иштер менен катар партиялык иштерге да активдүү аралаша баштаган. Ушул эле жылдын декабрь айынан баштап партиянын Кыргыз обкому тарабынан чакырылып, Ош округдук ревкомунун жер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган.
Абдыкадыр Орозбеков граждандык согушка катышып, басмачыларды жок кылууга кошкон эмгеги үчүн Советтердин 7 жылдык юбилейинде Алтын белги менен сыйланган.
1925-жылы мартта округ комитетинин жооптуу секретары, ал эми облустук партиялык конференцияда обкомдун аткаруу бюросунун мүчөсү болуп шайланган.
1925- жылы Кыргыз областтык жумушчу, дыйкан жана солдат депутаттар советтеринин уюштуруу съездине делегат болуп, 1925-жылы 31-мартта облустук аткаруу комитетинин пленумунда облустук аткаруу комитетинин Президиумунун төрагалыгына шайланган. Абдыкадыр Орозбеков - ири масштабдагы мамлекеттик ишмер болгон жана бул кызматта он жыл эмгектенген.
Орозбеков бүткүл россиялык Советтердин Съездине делегат болуп шайланып, кийин СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин (БАК), Союздук советтин жана бюджеттик комиссиянын мүчөсү болгон.
Бүткүл россиялык аткаруу комитетинин Президиуму 1926-жылдын 1-февралында Кыргыз АССРнин түзүлгөндүгү жөнүндө токтом кабыл алган.
Ошентип, Кыргыз АССР БАКтын Президиумунун төрагалыгына А.Орозбеков, Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин төрагалыгына Ж.Абдрахманов (1904 - 1937-жж.) шайланышкан. Ал 1927-1937- жылдары Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген.
А.Орозбеков Кыргыз АССР БАКтын төрагасы катары өлкөдөгү жер-суу реформасына, кедей-кембагалдардын жашоо тиричилигин жакшыртуу маселелери, чарбалык иштерди жүргүзүү, кулактарды тап катары жоюу, колхоздоштуруу, маданий курулуштун проблемаларын жана башка маселелерди чечүүдө жетектеген.
А.Орозбеков ээлеген кызматы менен жана социалисттик идеяларды ишке ашыруучу инсан катары дагы ошол мезгилдеги кабыл алынган Конституциялардын негизги авторлорунун бири болгон.
А.Орозбеков бешинчи "Граждандардын укугу жана шайлоо системасы" кичи комиссиясына жетекчи болуп шайланган.
1937-жылы репрессияга кабылып, жалган айып менен Т. Айтматов, Ж. Абдрахманов жана башка ушул сыяктуу мамлекеттик ишмерлер сыяктуу атууга өкүм кылынган. 1956- жылы акталган.
Түркстан Республикасынын Алтын белгиси (1924-ж.), Эмгек Кызыл Туу ордени (1932-ж.), аты-жөнү жазылган курал менен сыйланган. Анын ысымы менен
совхоз, Фрунзе районундагы Охна кыштагы, Фрунзе шаарындагы көчө аталган.
Даярдаган
Данияр Шабданов,
"Эркин Тоо", 17-апрель 2009-жыл..