ТАРЫХЧЫ - АРХИВЧИЛЕРДИ ДАЯРДООНУН ТАШПИШИ
Үч миңинчи жылдын өзүнө мүнөздүү белгилери бештен белгилүү боло баштады. Дүйнө индустриалдык маңыздан маалыматтык коомго баш койду. Өндүрүштүн башкы фактору болгон капитал маалымат менен эриш-аркак жашай баштады. Социалдык маалыматтар мамлекеттик жана тармактык архив документтеринде чогултулуп жатат.
Архив мекемелеринин иш үзүрү Улуттук архив фондуну сапаттуу калыптандыруу менен ченелет. Ал болсо түзүлүп жаткан документтердин сапатына жана иштетилишине келип такалат. Ушул жерде эл менен мамлекеттин даректүү мурастары менен ага тиешелүү эс - тутум жана тарыхчы-архивчилер менен документ таануучуларды даярдоо, алардын кесиптик насили, мамлекеттик, ошондой эле мекемелерди атайын даярдыгы бар кадрлар менен камсыздоо маселесиндеги жарыш сызыкты жүргүзсө болот. Сүрөттөп айтсам, бул архивчилердин эки канаты, ал биздин учурда ушунчалык олуттуу маселеге айланганын айтуунун кажети жок.
Мисалы, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде эмгектенген 36 адамдын, 10у тарых боюнча адис. Алардын ичинен бирөө гана өз учурунда Москвадагы Тарых - архив институтунан билим алып бүтүргөн. Айтмакчы, совет заманында архивчилер дал ошол институтта гана даярдалчу. Биздин республикадагы архивчилерибиз өндүрүштөн ажыратылып, ажыратылбай жогорку айтылган институттан билим алышчу. Анда узак жана кыска мөөнөттүү курстар да боло турган. Кесипкөйлүктөр да жогорулатылчу. Азыр ал институт Россия Мамлекеттик Гуманитардык университеттин тутумуна кошулуп, баягы эле ишин улантып жатат. Кыргызстандан ага барып билим алуу кыйын болуп калганы айтпаса да түшүнүктүү. Ошол эле учурда Москвадагы Евразика чегинде иштеген Бүткүл россиялык документациянын илим изилдөө институту Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын макулдашуусу боюнча архивчилердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу курстарын уюштурат. Мындай практика КМШ өлкөлөрү боюнча бар. Каржы маселесинин тартыштыгы биздин архивчилердин ага кеңири катышуусун чектеп отурат.
Биздин өлкөдө дипломдуу тарыхчы-архивчилерди даярдоо маселеси 1990- жылдардын этегинде көтөрүлүп, ага база катары Карасаев атындагы БМУ (БГУ) болжолдонгон. Мында профессор Т.А.Шаймергенованын салымы зор болгон. Бул кесипкөй архивчилерди даярдоонун башаты болгон . Азыр БГУда журналистика жана маалымат тармактар факультетинде социалдык маалымат жана документ жүргүзүү кафедрасында, бюджет жана келишим негизинде тарыхчы-архивчилер адистиги ачылган.
Университет менен ал кездеги Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министирлигинин тутумуна кирген архив иштери боюнча Департаменти (азыр Мамлекеттик архив агенттиги) ортосунда түзүлгөн келишимде (июнь 2000-ж.) архив иштеринин адистерин даярдоонун жүрүшүндө дарстарды окутууда, семинарларды, кеңеш берүүлөрдү уюштурууда, студенттерди практикадан өткөрүүдө борбордук архив кызматкерлерин тартуу каралган. Ошондой эле практикадан өтүүдө, республикалык, облустук, райондук мамлекеттик архивдерди пайдалануу, практикалык сабактарды жана семинарларды өтүүдө аларды аралаштыруу каралган. Келишим алкагында Ч.А.Абыкеев, К.М.Өмүралиева, Б.О.Самаева, Е.А.Романова, К.К.Бекбоева - архив адистери катары дарс окушуп, атайын адистиктин практикалык семинар сабактарын өтүшөт. Алар "Архив таанууга киришүү", "Архив ишинин теориясы менен практикасы", "Архив таануу", "Булактаануу", "Мамлекеттик жана мекемелик архивдер", "Мамлекеттик эмес архивдер" жана башка сабактарды окутушуп, дарс жана семинардык сабактарды өтүүдө, программага ылайык россиядан чыгарылган окуулуктарды, усулдук колдонмолорду, "Отечественные архивы", "Вестник архивиста" журналдарын жана Кыргызстандын архив мыйзамдарын, кыргыз архивчилери иштеп чыккан усулдук базаларды пайдаланышат.
Болочок архивчилерди даярдоо ишиндеги практикалык сабактар архивде өткөрүлөт. Бул сабакты иш менен айкалыштырууда, архив кызматкерлерин катыштырууга, айтылып жүргөндөй өндүрүшкө тартууга чоң таасир берет. Борбордук мамлекеттик архивде жыл сайын студенттердин өндүрүштүк практикасы өткөрүлөт. Практикага дасыккан архивчилер жетекчилик жүргүзүшөт. Мында архив технологиясын үйрөтүүдө архивдин өндүрүштүк кызыкчылыгы эске алынып, студенттер жыйнактар үчүн документтерди топтоону өз алдынча жүргүзүшөт, документтердин баалуулулугун калыс баалоого, документтерди илимий - техникалык иштетүүгө, социалдык-укуктук суроо-талаптары аткарууга сактоочтордо документтерди чаңдан арылтууга жана башка иштерге тартылат.
Жогорку билимдүү архивчилерди даярдоодо көйгөй тарыхчы-архивчилерди көбөйтүүгө келип такалат. Мына ушунун өзүн документ таануу адистигине да багыттасак болот. Башкарууну документтик камсыздоодо жетик адистердин жоктугу ишти көп жагынан аксатып жатпайбы. Аны даярдоодо азыркы талапка шайкеш адис - документ таануу өрнөгүн түзүү зарылдыгы бар. Бүткүл дүйнө боюнча бул иш көңүлдүн борборунда боло баштады, маалыматташтыруу тармагындагы маалыматтык технология менен илимий-техникалык жетишкендиктин таасири астында башкаруу ишинде кесипкөйлүк ишкердик чөйрө катары аракеттенип жатат. Биздин баардыгыбыздын алдыбызда жакын арада документтер менен иш кагаздарды автоматташтыруу милдети турат. Бүгүнкү күндө Башкарууну Документтик Камсыздандыруу (БДК) тармагында автоматташтыруу тажрыйбабыз такыр жок. Ошондон улам БДК тармак чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу көйгөйү келип чыгууда. Бул үчүн БДК, мекемелердин жалпы бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин окуп үйрөтүүчү дайыма иштөөчү курстарды ачуу керек. Электрондук документтердин чен-өлчөмдөрү үчүн мыйзамдык базасын иштеп чыгуу зарылдыгы бар. Бүгүн бул биз үчүн өтө зарыл болуп саналат. Мисалы, БГУ жыл сайын 10-15 жетик адистерди даярдап чыгарса да, ал мамлекеттик архивдер эмес, министирликтер, мекемелер үчүн өтө эле аз көрсөткүч болот. Мамлекеттик кызматта да анын керектелүүсү өсүүдө. Мекеме, уюм, ишканаларда менчигине карабастан башкарууну документтик камсыздоого маалыматтын накай өзү катары, аны иштетип, түзүүдө жетилген кадрлар керектелүүсү күн сайын артып барат. Демек, биздин адистерди даярдоо жүйөлүү себептерден улам олуттуу, керек болсо мамлекеттик маселеге айланууда. Себеби, азыркы учурда документтердин айлануусу билим берүүнүн чен-өлчөмүнө дал келе турган адистерди даярдоо зарылдыгын талап кылууда. Башта документ таануу адистиги калайык калктын көңүлүнө жеткирилбей келсе, азыр өтө зарыл кесипке айланды. Бүгүнкү документ таануучу жана архивчи архив аталыштарын гана билбей, укуктук маселелерге буйдалбай мыйзамдуулукту, компьютерде иштөө ыкмаларын мыкты билүүсү керек.
Мына ушунун өзү "Документтаануу" адистигин ачууну талап кылат. Баса, БГУда тарыхчы-архивчилердин сырттан окуу бөлүмүн ачуу зарылдыгы бышып жетти.
Кесиптик жагынан жетик архивчилерди даярдоонун алгачкы сабактары БГУнун профессордук - окутуучулары жана мамлекеттик архив агенттигинин кызматкерлеринин биргелешкен күч - аракеттери үзүр береринен эч кандай шек туудурбайт, кантсе да БГУдан билим алгандар архивдик тармакка келишип тандап алган жолунун тууралыгын далилдеп бермекчи.

Кат куржундан
Терең урматтуу Төлөгөн Касымбекович!
Кылымдардын кыйыр мейкинин бойлогон кыргыз элинин көркөм өнөрүн күзгүдөй чагылдырган элдик ооз эки чыгармачылыктын пайдубалында түпкүлүктүү калктын каада-салты, адеп-ахлахы, ыйман-ызааты, кала берсе тарых санжырасы калыптанганы кадимкидей эле көрүнүш.
Журтчулугубуздун бактысына илим-билимге кеңири мүмкүнчүлүк берилген Совет заманында анын көрүнүктүү инсандары чыгармачылыктын өр жолунда орошон ийгиликтерди жаратышкан. Алардын калеминен жаралып, китеп болуп басылып чыккандары элибиздин мухиттей терең рухий дүйнөсүн байыткан жана мындан ары да байытып, эгерим азайбаган асыл мурас-кенчибизге айлана бермекчи. Тагдырдын буйругу менен Сиз урматтуу Төлөгөн Касымбекович ошол инсандардын көч баштоочуларынын катарында турасыз. Келкел заманда, келечек муундар үчүн Сиздин ар бир сөзүңүз табериктей табылгыс болуп калат. Мына ушуларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Борбордук Мамлекеттик архиви Сизге өздүк фондуңузду ачуу сунушу менен кайрылып, китептеринизди, кол жазмаларынызды, айтор өзүңүзгө байланышкан ар тараптуу маселелерди камтыган иш кагаздарды мамлекеттик сактоого өткөрүп берүүңүздү суранамын.
Урматтоо менен,
КР маданият жана маалымат министрлигине караштуу
Мамлекеттик архив агенттигинин директору Ч.Абыкеев