К.К.Бекбоева,
Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик
саясий документтер архивинин директору
Кыргыз Республикасынын борбордук
мамлекеттик саясий документтер
архиви - мезгилдин талабы
Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик саясий документтер архиви - Кыргыз Республикасынын мамлекттик архив агенттигинин бир бутагы. Анткени, Кыргызстандын XX-XXI кылымдардагы саясий тарыхы боюнча баалуу малыматтарды сактоого алуучу жай. 1918-жылдан баштап 1991-жылга, 1996-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки Кыргызстандагы саясий партиялардын документтерин өзүнө камтыйт.
Борбордук мамлекеттик саясий документтер архивинин калыптанышы жалпы Союздук жана Кыргызстан Коммунистик партиясынын тарыхы менен тыгыз байланышат.
Борбордук мамлекеттик саясий документтер архивинин түзүлүшүнө ВКП(б) Борбордук комитетинине караштуу Маркс-Энгельс-Ленин институтунун партиялык архивинин сунушу өбөлгө болгон. Ошонун негизинде 1937-жылдын 23-июлунда Кыргызстан КП(б) Борбордук комитетинин алдында партиялык архивин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Ал эми 1950-жылы Кыргызстан КП БКсына караштуу Партия тырыхы институтунун негизделген күнүнөн тартып партиялык архив бөлүмү катары анын курамына кирген. Партиялык архивде эки бөлүм өз алдынча иш жүргүзүшкөн. Алар: тарых жана марксизм-ленинизм классиктеринин чыгармаларын которуу бөлүмдөрү. Ал эми 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинентинин чечиминин негизинде Партия институту жоюлуп, ага караштуу болгон партиялык архив "Борбордук мамлекеттик саясий документтер архиви" деп аталып калган.
Архивдеги маалыматтарга таянсак саясий архив фондусун түзүү иш аракеттери Кыргызстан КП(б) БКнын чечиминин негизинде 1939-жылдын декабрь айынан башталган. Ошол күндөн баштап Кыргызстандын аймагындагы шаардык, уездик, аймактык, кантон, волосттук, райондук, облустук деңгээлде уюшулган партиялык, комсомол уюмдарынынын документтери жана саясый башкармалыкка ээ болгон бөлүмдөрдүн, ячейкалардын, алгачкы партиялык, комсомолдук текшерүү комиссияларынын советтик-партиялык мектептеринин, басма бөлүмдөрүнүн, партиялык, комсомолдук уюмдардын иштеринин маалыматтарын чагылдырган гезит, журналдарды топтоо башталган.
Республикабыздын түштүк региондорундагы Партиялык комитеттердин жана текшерүү комиссияларынын 1920 - 1937-жылга чейинки документтери борбордук мамлекеттик саясий документтер архивинде, ал эми 1937-жылдан 1991-жылдардагы документтер Борбордук мамлекеттик саясий документтер архивине караштуу Ош областтык мамлекеттик саясий документтер архивинде сакталган.
Партиялык жана комсомолдук органдардын документтериндеги маалыматтарга көз жүгүртсөк партиянын жетекчилигинин негизинде кыргыз калкынын социалдык-экономикалык, эмгектик жетишкендиктери, согуш жеңиштери, партиянын, комсомол уюмдарынын жетекчилиги астында болгондугун далилдейт.
Партиялык документтерден биз кыргыз элинин чектелген улуттук мамлекеттик бирикме түзүү жөнүндөгү алгачкы маалыматтарды, Түркстан Республикасынын курамындагы Тоолуу Кыргыз областын түзүү аракеттери, кылымдар бою чачыранды болуп келген кыргыз элинин Кара-Кыргыз автономиялуу областы негизделип, ал Декларация жарыяланган 16-январь майрам күн катары белгиленгендиги, ал эми 1926-жылы 1-февралда Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикага айланса, 1936-жылы 5- декабрда Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы деп жарыялангандыгы жөнүндөгү толук, көлөмдүү маалыматтар сакталган.
Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлүшүнөн баштап РКП(б) БКнын Саясий бюросу Кара Кыргыз автономиялуу областынын убактылуу партиялык бюросунун жана революциялык комитеттин курамын бекиткен. Ал бюрого М.Д.Каменский башчылык кылган. Кыргыз обкомунун уюштуруу бюросу түзүлгөн, ошол комиссиянын иш аракеттинин негизинде советтик, чарбалык аппаратты түзүүгө алгачкы кадам башталган Кыргыз обкомунун партиялык уюмун жетектөөгө Н.А. Узюков дайындалса, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын I съездинде М.К.Аммосов биринчи секретарь болуп шайланган. Ошол мезгилден баштап Архивде Кыргыз партиясынын обкомунун, ревкомдорунун жетекчилигинин астында мамлекеттик пландоо, географиялык, чарбалык, экономикалык, өнөр-жай, унаа, айыл чарбасын, илимди өнүктүрүү, билим берүү жана маданиятты өнүктүрүү багытында жүргүзүлгөн иш чараларды чагылдырган партиялык документтер саясий документтердин негизин түзө баштаган.
Борбордук мамлекеттик саясий документтер архивиндеги Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы топтолгон маалыматтардан Кыргызстандагы партиялык, комсомолдук уюмдардын согуштун биринчи күнүнөн баштап калкты аскердик жактан окутууга, аскердик бөлүктөрдү түзүүгө киришкендигин, аскерге милдеттүүлөрдү жалпы мобилизациялоо иштери кеңири жүргүзүлгөндүгүн билсек болот. Ошондой эле эл чарбасын согуштук багытка буруу боюнча маанилүү иш алып барылгандыгын, ал эми тылдын эмгекчилери согуштун биринчи күнүнөн баштап жеңиш үчүн өздөрүнүн күчтөрүн аянбастан эмгектенишкендиктери жөнүндөгү маалыматтар бар. Мисалга алсак, 1941-жылдын декабрь айындагы Кыргызстан Компартиясынын отурумунда 30 маселе каралып, ар бирине тиешелүү чечим кабыл алынган. Ал эми ЛКЖС тарабынан жүргүзүлгөн иш аракеттерге көңүл бурсак, согуш мезгилинде ар бир комсомолдук уюм "Согуш иштери боюнча катчы" деген атайын бөлүм ачылган. Бул бөлүмдүн негизги максаты катары тез аранын ичинде партиянын тапшырмасын иш жүзүнө ашыруу милдети коюлган. Көптөгөн документтер идеологиялык багыттын маңызына жараша кеңири маалымдоого тыюу салынган. Ал эми мезгилдин талабына ылайык, көптөгөн документтер саясий, тарыхый тармактарга кызыккан тарыхчыларыбызга, илимий чөйрөнүн адистерине колдонууга мүмкүн болду.
Ал эми 1951-жылы Партия тарыхы институту негизделген күндөн баштап пландуу түрдө Москва, Ленинград жана башка шаарлардагы архивдерде сакталган маалыматтар менен саясий архивдин фонду толукталып турду. Ал маалыматтарга тарыхтагы белгилүү саясий инсандардын таржымалдары, чыгаан коомдук ишмерлердин чыгармалары, социал - демократиялык кыймылдардын өкүлдөрүнүн баяндамалары жана көптөгөн илимий-малымдоо багытындагы эмгектер кирген. Ошону менен бирге ар кыл багыттагы тематикалар боюнча маалымдоолор канааттандыраарлык деңгээлде сакталып келүүдө.
Азыркы учурда 1900-жылдан 1994-жылга чейинки маалыматтарды камтыган отуз миңге жакын китептер, төрт миңден ашуун газета, журналдар бар. Андан сырткары 2919 фонд, жалпысынан 565139 бирдиктеги маалымат сакталууда.
Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик сасий документтер архиви-саясий тарыхый маалыматтардын уникалдуулугун аныктоо менен бирге ар бир окуянын саясий маанисин аныктоо үчүн туруктуу изилдөө иштерин жүргүзүүгө булак болот. Бул жерде сакталган архивдик документтерге бүгүнкү күндө анчалык көп кызыкчылык болбогону менен изилдөө иштерин жүргүзөт деген ишенимдебиз. Ошон үчүн биз архивде сакталып турган ар бир маалыматты толугу менен келечектеги муундарга калтырууга милдеттүүбүз. Анткени архивдин өзү бул биздин тарыхыбыздын сыймыгы.