Дүйнөгө аздыр-көптүр таанымал болгон кыргыз эли, кыйын кезең заманда да өз кадырын жоготпой, ар дайым алдыга умтулуп келет. Кудайга шүгүр эл жүгүн аркалаган, элдин уулу болгон, аттын кашкасындай таанымал инсандарыбыздын бар экендиги кыргыз элин кубандырып келет.Москвада "Дордойдун" филиалы ачылды
Биз сөз кылчуу инсан баарыбызга белгилүү "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков. Бир канча жылдар мурун "Дордой" базарын ачып, кыргыз элинин гана эмес башка өлкөлөрдүн да алкышына ээ болгон. Анткени "Дордой" базары бир канча өлкөлөрдүн экономикасына оң таасирин тийгизип, соода жолунда ыңгайлуу шарт түзөөрү Аскар мырзадан башка эч кимдин деле оюна келбеген чыгаар. Бул базарды кимдер кана билбейт, бул базар аркылуу кай жакты көздөй эмнелер кана таркабайт.
Эли журту үчүн кызмат кылып келатканына дагы бир ирет күбө болуп, кубанып олтурабыз. Тулпардын жакшысы алыска чуркайт,-демекчи, алыскы Москва шаарына келип "Дордойдун" филиалын, "Южные ворота" соода комплексин ачып, пайдаланууга берди. Бул соода комплексинин ачылышы бул жерде соода жаатынта эмгектенгендер үчүн, асмандан тилегени жерден табылгандай эле болду. Кыскасын айтканда мигранттардын кубанычы койнуна батпай, Аскар мызага кандайча ыраазычылык билдирерин билбей олтурушат. Анда сөз кезегин Аскар мырзага берсек.
- Аскар Мааткабылович "Южные ворота" соода комплексинин тарыхынан баштасаңыз?
- Бир нерсеге бир нерсе себеп болот демекчи, бул ишти баштоомо Москвада, соода жаатында эмгектенген бир топ ишкерлердин кайрылуусу себеп болду. Эки жылдан бери ушул долбоордун үстүндө аракет кылып, долбоорду КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Салимов Турсунтай Аблизович менен бирге ишке ашырып жатабыз.
Ишкерлер келип иштеп баштаганына алты айдан ашты, Нооруз майрамында кан чыгарып, кыргыз ишкерлерининин башын бириктирдик, ал эми 9-апрелде ачылышын өткөрдүк. Учурда эки жүзгө жакын соода орундары иштеп жатат. Баардыгы болуп бул жерде 3400 соода түйүнү бар. Келе жаткан май айынын 14үнөн 25ине чейин чоң масштабтагы ярмарка өткөрмөкчүбүз. Ал ярмаркада сатылуучу продуксиянын басымдуу бөлүгүн Кыргызстандан алынып келинген товарлар ээлемекчи. Ишкерлер үчүн соода түйүндөрү май айына чейин бекер, андан кийин бир айга 35000 рубль төлөнөт, андан кийин 55000, ал эми акыркы максималдуу төлөм 110 000 ден ашпайт. Бул деген Москва наркындагы төлөмдөргө салыштырганда өтө эле төмөнкү баадагы ижара төлөмү, ишкерлер үчүн болгон жеңилдик.
- Бул соода комплексинин МКАДдын 19-километринде жайгашып калышы жөнүндө айта кетсеңиз?
- Алгач баарын көрүп билип андан соң иш баштаганбыз. Бул жер соодага өтө ылайыктуу. Келечекте бул комплекстин айланасына вокзал, метро, Москва дарыясынын жээгинде жайгашкандыктан суу жээгине порт да курулаары планга киргизилген. Келечекте курулуучу бул ишканалар да соода тармагына чоң жардамдарын тийгизип, иштин илгерилешине өбөлгө болооруна шек жок.
- Ишкерлер үчүн кандай ыңгайлуу шарттар түзүлгөн?
- Ыңгайлуу жагы борбордон көп алыс эмес жайгашкан. Ар бир ишкерге бирден койка берилет, ашкана, кир жуучу, эс алуучу бөлмөлөрү бар акыркы үлгүдө курулган. Ар бир түйүндүн эки кабат склады бар. Жабык имарат болгондуктан кышкысын жылуу, жайкысын салкын. Ишкерлерге да, кардарларга да өтө ыңгайлуу.
- Соода менен алектенбеген жарандарыбызга эмне айта аласыз?
- Туура айтасың, бул жерде жумушчу орундар бир гана соода жумушу менен эле чектелбейт. Комплекс талап кылган түрдүү жумуш орундарына албетте, биринчилерден болуп кыргыз жарандары тартылат.
- Ишкерлерде кээде жаралып калуучу күтүлбөгөн маселелерин чечүүдө кандай чара көрүлөт?
- Мына ошондой маселелерди чечүүнү жеңилдетүү үчүн, бул жерге "Дордой" ассоциациясынын офисин ачтык, ишкерлер ошол жерге кайрылып, керектүү маалыматтарды, жардамдарды алышса болот. Офис "Южные ворота" соода комплексинин 20-киребериштин 3-этажында жайгашкан.
- Аскар Маткабылович, Москвада Кыргызстанга коңшулаш элдердин мындай соода комплекси курула элек болсо керек деген ойдобуз, буга кандай карайсыз?
- Биринчилерден болуп биз ачтык десем жаңылышпайм, себеби "Дордой" базарынан канчалаган өлкөлөр соода кылышкан болсо, ошол өлкөлөргө "Дордой" сыяктуу базар талап кылынары айдан ачык. Бул комплекстин ачылышы эки элдин тең экономикасынын өнүгүүсүнө салымын кошот деп айта алам.
- Эмгек мигранттарына, жалпы эле кыргыз элине каалооңуз.
- Мекендештерим, кыргыз элим ар дайым бар болсун, жерибизде тынчтык болсун. Алыс жерде иштеп жүргөн жердештериме ийгилйк каалайм. Алла Таала колдоп, аман болушсун!
Темирлан
Бекботоев
