Кыргыз гезиттери


mainkaptal

Кыргыз гезиттер
Канатбек Молдобаев, Аксы спорттук-техникалык клубунун (СТК-ОСТО) жетекчиси:
"Автоунааны башкаруу үчүн адегенде мыкты билим алуу зарыл"

СССР маалында ар бир райондо "ДОСААФ" деп аталган уюм болот эле. Союздун ыдырашы менен көпчүлүк мекемелер сыяктуу эле бул уюм дагы каржылоодон калып, түп-орду менен жок болуп кетүү коркунучуна да кептелген. Бирок, иш билги, жол тапкыч адистерибиздин аракети менен "ДОСААФтын" аты өзгөрсө да, затын сактап калган клубдар бар. Алардын бири Аксы спорттук-техникалык клубу.

- Канатбек Урусбекович, алгач кепти ушул спорттук-техникалык клубду кайсы жылдары, кандай максатта негиздеп калганыңыздан баштасак?
- Бул спорттук-техникалык клуб Советтер союзу маалында "ДОСААФ" деп аталган жаштарды аскердик-патриоттук духка тарбиялоочу, жалпы эле Ата-Мекенди коргоого багыттаган коомдук уюмдардын бири болгон. Анын негизги максаты жаштарды аскердик багыттагы спорттун түрлөрү менен машыктыруу болгон. Мисалы, мылтык атуу, автомото спорту жана башка спорттун түрлөрү менен машыктырып келген. Бирок, Советтер союзу таркап кеткенден кийин "ДОСААФ" уюму дагы бардык эле союз маалындагы мекеме-ишканалар сыяктуу таркап кетти деп айтсак болот. Бирок, биз аны таптакыр жок болуп кетүүсүнөн сактап, спорттук-техникалык коргонуу уюму деп атын өзгөртүп, жок болуп кетүүсүнөн сактап калдык. Аты өзгөргөнү менен ошол эле "ДОСААФ" уюмунун негизги ишин улантып келет. Мен өзүм бул уюмда 1984-жылдан бери карай эмгектенип келем. Советтер союзу таркагандан кийин бул уюмду мамлекет тарабынан каржылоо токтотулган. Ленин районунда "ДОСААФтын" атайын автоунаа айдоону үйрөтүү боюнча алты айлык курсу болгон. Ал жерде алты ай окуткандан кийин аскерге жөнөтүп турчу. Бул дагы союздун урашы менен каржылоодон кол жууган. Буга байланыштуу биз өзүн-өзү каржылоо системасына өтө баштадык. Биз бул Аксы спорттук-техникалык клубун адегенде Ноокендеги автомектептин филиалы катары ачканбыз. 1998-жылдан 2004-жылга чейин аталган автомектептин филиалы болуп жүрдүк. Андан кийин жашоо-турмуш оңолуп, автоунаа айдоочулардын катары өсүп жаткандыгына байланыштуу өзүнчө клуб кылып ачуу максатында Спорттук-техникалык коргонуу уюмунун Борбордук кеңешинин төрагасы, генерал-майор Анарбек Кошоновго кайрылдык. Биздин бул сунушубузду ал киши туура көрүп, колдоого алды. Ошентип 2004-жылдын 4-февралында Спорттук-техникалык уюмунун атайын чакырылышынын кеңешинде Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунун аймактарын камтыган өз алдынча спорттук-техникалык клубу болуп, өз алдынча чарбалык уюм болуп эсептелип калдык. Биздин негизги максат - мурдагыдай эле жалпы эл массасын, өзгөчө жаштарды аскердик патриоттуулукка тарбиялоо, Ата-Мекенди сүйүүгө тарбиялоо, аскердик спорттун түрлөрү менен машыктыруу жана жалпы эле элди айдоочулук кесипке үйрөтүү болуп саналат. Бизге түшкөн каражаттардын негизги булагы - ушул айдоочулукка үйрөтүүдөн жана айдоочулук күбөлүктү тапшыруудан келет. Өз алдынча клуб болуп ачылгандан бери, каражат маселесиндеги туура иш жүргүзүүдөн улам, жаңы ийгиликтерди жарата баштадык. Мурда айдоочулук боюнча жалаң "В" категориясындагы айдоочуларды даярдачубуз. Эми болсо кайра даярдоо курстарын ачтык. Анда "Т" категориясындагы автобус айдоочуларын, "С", "Е" категориясындагы жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын окута баштадык. Биздин материалдык-техникалык базабыз жылдан-жылга кеңейип келет. Бүгүнкү күндө 11 даана ар кандай маркадагы жеңил унаалар, оор жүк ташуучу унаа, "Икарус" автобусу, микроавтобустар жана кошуп сүйрөөчү (прицеп) унааларыбыз бар. 2004-жыдан бери карай ар бир жылы өзүбүздүн клубдун эсебинен жаңы автоунаа сатып алып жатабыз. Мисалы, 2004-жылы "Фольксваген пассат" үлгүсүндөгү жеңил унаа сатып алганбыз. 2005-жылы "Ауди С-4" үлгүсүндөгү жеңил унаа сатып алганбыз. Андан кийин дагы "Фольксфаген пассат", "Гольф -3" үлгүсүндөгү жеңил унааларды сатып алганбыз. Быйылкы жылы болсо "Д-1" категориясындагы айдоочуларды даярдоо үчүн кичиавтобусту сатып алдык. Мындан тышкары шаардык кеңештин чечими менен автодром үчүн атайын жер бөлүнүп берилди. Азыркы күндө автодромдун беш-алты элементин даярдап, 80-85 пайыз ишке киргиздик. Бул азыркы кездеги талапка жооп берет.
- Бүгүнкү күнгө чейин канча адамды айдоочулукка үйрөтүп чыгардыңыздар? Ошол эле учурда сиздердин тейлөө контингенти кайсыл аймактарды камтыйт?
- Биз өзүбүздүн клубдун базасында бир нече айылдарга өзүнчө класстарды ачканбыз. Мисалы, Кара-Жыгач айылында ошондой бир классыбыз бар. Ал жерде бир мугалим, жана бир автоунаа бөлүнүп берилген. Ошондой эле Кызыл-Туу, Ак-Жол, Жаңы Жол айылдарынын тургундарына ылайыктуу болуш үчүн бир жеңил унаа, бир жүк ташуучу унаа бөлүнүп берилип, мугалимдер барып окутуп жатышат. Райондун борбору Кербен шаарындагы окутуу класстары акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен камсыз болгон. Жолдо жүрүүнүн эрежелерин окутуп-үйрөтүүчү классыбыз бар. Бир жылдын ичинде биздин клубдан 300дөн 500гө чейинки сандагы адамдар ар кандай категориядагы айдоочулукту окуп-үйрөнүп чыгышат.
- Акыркы жылдары мамлекетибизде коррупция деген нерсе өтө терең тамыр жайып кеткени белгилүү. Бул нерсе сиздердин тармакта да болуп келет эмеспи? Маселен, айдоочулукту окутпастан эле, күбөлүктү сатуулар болууда. Сиздердин клубда мындай коррупциялык иштерге каршы кандай аракеттер көрүлүүдө?
- Бизге келген каалоочуларды биринчи кезекте окуу жайдын шарттары менен тааныштырабыз. Ар кайсы категориянын окуу мөөнөтү ар башка болот. Окуу тартибин түшүндүрөбүз. Ошол эле учурда "Окубай эле күбөлүктү алып алсак болобу?" деп кайрылгандар да болот. Бирок, биз андай коррупциялык иштерге жол бербейбиз. Себеби, окубастан эле айдоочулук күбөлүктөрдү алып алуунун кандай натыйжалары болуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Буга байланыштуу жакында эле ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, атайын айдоочулукка окутуучу окуу жайларды текшерүүгө алышты. Анын негизинде биздин райондон эле 2-3 окуу жайды талапка жооп бербейт экен дешип жаап кетишти. Ал эми биздин клубду текшеришип, талапка жооп берет деген жыйынтык менен мындан ары дагы ишин улантуусуна мүмкүнчүүк беришти.
- Иш болгон жерде кемчиликтер да болот эмеспи? Сиздердин клубда кандай олуттуу көйгөйлөр бар?
- Албетте, андай көйгөйлөр болот. Биз өкмөттүк эмес уюм болгондуктан мамлекет тарабынан каржылоо деген болбойт. Бирок, жогоруда айтып өткөнүмдөй бизге шаар бийлиги автодром үчүн атайын жер бөлүп берип, жакшы жардам көрсөтүштү. Калган маселелердин бардыгын өзүбүздүн күчүбүз менен чечип келебиз.
- Элибизде "Увазир жакшы, хан жакшы" деген макал бар эмеспи? Анын сыңары сизге ар тараптан жардам көрсөтүп, ийгиликке жетелеп жаткан эмгек жамаатындагы алдыңкы кызматкерлериңиз тууралуу да айтып өтсөңүз?
- Албетте, кандай гана уюм, мекеме болбосун, анын эмгек жамааты ынтымактуу, эмгекчил болбосо ийгилик жаралбайт. Анын сыңары биздин дагы эмгек жамааттагы кызматкерлерим менен сыймыктана алам. Бекем ынтымак менен иштеп келебиз. Жогорку билимдүү, атайын адистиги бар 4 мугалимибиз бар. Алардын бири Тасмаев Топчубек. Биздин автомектептин азыркы деңгээлге жетишине чоң салымы бар. 1989-жылдан бери автомектепте жана кесиптик лицейде Жолдо жүрүүнүн эрежелери жана кыймылдын коопсуздугунун негиздери аттуу сабактан окутуп келет. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүсүнүн отличниги төш белгисин алган. 2000-жылы СТКУ -спорттук-техникалык коргонуу уюмуна сиңирген эмгеги үчүн медалынын ээси болгон. Маданияттын мыкты кызматкери. 2009-жылы КМШ ДОСААФынын юбилейлик медалы менен сыйланган. Андан кийин КМШ ДОСААФынын ордени менен сыйланган. 2012-жылы Авлетим айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Кочкоров Атамырза деген да алдыңкы мугалимибиз бар. 1971-жылдан бери карай айдоочуларды даярдоо мектептеринде эмгектенип келет. 1975-жылы СССРдин Мамлекеттик кесиптик билим берүүсүндөгү эмгеги үчүн Ардак Грамота менен сыйланган. 1983-жылы СССРдин кесиптик-техникалык системасынын отличниги төш белгисин алган. 1996-жылы Миграция министрлигинин грамотасына татыган. Булардан сырткары дагы облустук, райондук деңгээлдеги Мактоо баракчаларын алып келет. Эки мугалим теориялык жактан билим беришет. Окутуп-үйрөтүүчү өндүрүштүк устат мугалимдерибиз бар. Ар бир унаанын бирден устат мугалимдери бар. А. Молдобаев, К. Абсаматов, И. Эргешбаев, Молдон уулу Аскар аттуу алдыңкы устат мугалимдер иштешет. Ошондой эле Бабакулов Замирбек аттуу келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш кадр, улуу мастерибиз бар. Бул дагы "Фольксваген Гольф" жеңил унаасын айдоону үйрөтөт. Тактап айтканда эмгек жамаатыбыздагы мугалимдердин бардыгы жакшы тандалып алынган кадрлар.
- Сиздердин спорттук-техникалык клубунун жетишкен ийгиликтери тууралуу да айтып кетсеңиз?
- 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча биздин клуб жалпы республикалык спорттук-техникалык клубдардын ичинен 3-орунга татыктуу болду. Андан сырткары өзүбүздүн спорттук-техникалык коргонуу уюмунун жыл сайын берилүүчү сыйлыктары бар. Анын жыйынтыгы боюнча ар дайым алдыңкы орундарда келе жатабыз. Биздин эмгек жамаатыбыздын 30 пайыздан ашуун кызматкери спорттук-техникалык коргонуу уюмуна сиңирген эмгеги үчүн деген медалдарды алышкан.
- Маегибиздин аягында сизге эркин микрофон сунсак?
- Бул тармакта көптөгөн жылдардан бери иштеп келаткандыктан азыркы таптагы айдоочулардын айдоочулук деңгээли, жолдо жүрүүдөгү жол эрежесин бузуулар көңүлүңдү оорутпай койбойт. Ошондуктан сиздердин гезит аркылуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы эле атуулдарга кайрылып кетет элем. Эгерде чындап эле автоунаа айдоону кааласаңыз, адегенде аны айдоону мыкты өздөштүрүп алыңыз. Айдоочулук күбөлүктү сатып алуудан, же болбосо эптеп-септеп эле үйрөтүмүш болуп, айдоочулук күбөлүк тапшырып кое турган окуу жайлардан алыс болуңуз. Себеби, айдоочулук кесиптин артында опол тоодой жоопкерчилик жатат. Жолдо жүрүүнүн эрежелерин билбөө, же болбосо айдоочулукту жакшы окубай туруп, рульга отуруу бир эле адамдын эмес, бир нече адамдын тагдырын чечип коюшу мүмкүн. Ошондуктан адегенде айдоочулук боюнча терең билим алып, практика жүзүндө дагы мыкты өздөштүрүп, анан гана өз алдынча автоунаа айдаганга отуруңуз деп кайрылып кетет элем.

Маектешкен А.Нарбаев







Пикир:

Яндекс.Метрика