Камчыбек Ташиев
Менин тилегим
(Башталышы өткөн санда)

Ош коогалаңынын чыгуу себептери, саясий элитанын жарамсыздыгы
Ош коогалаңы кыргыз элинин, мамлекеттинин соңку тарыхындагы эң трагедиялуу окуя болду. Бул каргашанын келип чыгышына карапайым кыргыз элинин да, карапайым өзбек элинин да эч күнөөсү жок. Негизги күнөөкөр мурдатан келаткан мамлекеттик бийлик, кыргыз элинин саясий элитасы деп билем. Мындай дегеним кыргыздын саясий элитасы кыргыз элин өз жерине ээлик кылдырбай койду. Бул көрүнүш өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери уланып келе жатат. Бишкекке тиричилик кылуу үчүн келген кыргыз орусча сүйлөй албаса адам катары саналбай, Ошко тиричилик кылуу үчүн келген кыргыз өзбекче сүйлөй албаса ал да адам катары саналбай келди. Анан эмне кылат, байкуш кыргыз тоого, алыскы айылдарга барып мал багат. Өз кезегинде муну Исхак Раззаков көрө билген, келечеги кандай болорун да боолгоп, бүт орус, өзбек тилдүү мектептерге кыргыз тилин милдеттүү окутуу программасын кийирген. Анан эмне болду? И.Раззаковду улутчул дедиртип, Москвага ушактап жатып бийликтен кетирип, анын ордуна келгендер кыргыз тилин кайрадан мектептерден алдырып салышты. Мына ошол 60-жылдардан тартып Ош окуясы, кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы кагылышуу үч ирет - 1963-жылы, 1990-жылы, 2010-жылы кайталанды. Ушул жарым кылым убакытта өлкөнүн бардык бийлик бутактарынын биринчи жетекчилери кыргыздар болду, бирок, алар мамлекеттин өзөгүн түзгөн кыргыз эли үчүн эч кандай кам көрүшпөдү. Бишкектеби, Оштобу жаңы салынган үйлөрдүн 95%ы башка улуттарга берилип, кыргыздар аларга квартирант болуп, күнкордукта жашады. Борбордон Ошко, Жалал-Абадга жиберилген биринчи жетекчилер өздөрүнүн жандарын багып, байлык топтош үчүн алар шаарда жашаган, соода-сатык тармактарын ээлеп алган башка улуттун өкүлдөрү менен жең ичинен мамиле түзүп, коррупцияга белчесинен малынып, аларга көз каранды болуп, кыргыздардын бир да суроо-талаптарын аткарбай келишкен. Анткени бардык маселени акча гана чечип келген. Кыргыздар кандайдыр бир соода-сатык кылуучу жай же кафе, ресторан ж.б. куруш үчүн шаардан жер ала алышкан эмес. Ошентип мамлекеттин өзөгүн түзгөн кыргыз эли улам сыртка, тоого куулуп, өз жеринде өгөйлөнүп, өмүр кечирип келди. Мына жакынкы эле жаңы тарыхыбызда Президенттер А.Акаев да, К.Бакиев да мамлекеттин титулдук улуту болгон кыргыз улутуна таянбай, шайлоолордо өзбектердин добушун алыш үчүн акылга сыйбаган пастыкка чейин барып, алар кандай талап койсо кыңк этпей аткарып келишти. Өзбек улутундагы айрым байлар акыр аягында чириген байлыктарын көтөрө албай, кыргыз элине, мамлекетинин бүтүндүүлүгүнө каршы сепаратисттик маанайга өтүп, эми өз алдынча автономия, тилдерине расмий статус талап кыла баштады. Ош окуясы мамлекеттин негизин түзгөн кыргыз элине, тилине маданиятына болгон сый-урматтын жоголгонунан, бийликтегилердин алысты көрө албаган, алкымдарын тыя албаган акылсыздыгынан улам келип чыкты.
Өткөн жылкы Ош окуясынын учурунда убактылуу бийликтин өзбек сепаратисттери менен болгон жең ичинен түзгөн мамилесине таналгыс далил катары коогалаңды уюштуруп, карапайым өзбек элин кыргыздарга каршы тукуруп, беш жүздөй адамдын канынын төгүлүшүнө түздөн-түз себепкер болгон өзбек сепаратисттери Жамалиддин Салахиддиновдун, Иномжан Абдурасуловдун, Кадыржан Батыровдун окуянын аягында укук коргоо кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, бирок убактылуу бийликтин тапшырмасы менен бошотулуп жиберилишин атаса болот. Мындай карасанатайлыкты эл эч качан кечирбейт. Жогорудагы аты аталган улутчул-сеператистерди жазаламайын менин аракетим токтобойт, себеби мен кыргыз элине убадамды бергем, жана ал убадамдын өтөөсүнөн чыгам.
Оштогу улуттар аралык жаңжалдын чыгышынын экинчи себеби - сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү болду. Кыргызстан чоң державалардын эскперимент өткөрүүчү аренасына айланды. Кандай гана программа болбосун - саясийби же экономикалыкпы, ал сөзсүз Кыргызстанда сыноодон өткөрүлөт. Буга мисал катары 2005-жылкы элдик революцияны атасак болот. Болжолдонгон сценарийге ылайык бул жоогазын революциясы Кыргызстан менен эле чектелбей, андан ары Өзбекстанда башталыш керек эле. Бизде революция ишке ашкандан кийин эле Өзбекстанда айтылуу Андижан окуясы болду. Бирок өзбек Президенти катуу туруп, кутум уюштургандардын иши уланбай, айрымдары Кыргызстанга качып өтүштү. Ошол замат Кыргызстанга толуп алган эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү, чет элдик маалымат каражаттары тезинен жетип, качкындардын таламын талашып кирди. Бул жөн жай эле дал келүү эмес, мурдатан түзүлгөн программалык механизмдин иштеши. Өткөн жылы Ош окуясы да дал ушундай өңүттө өнүктү. Оболу кандуу кагылыш Ошто уштурулуп, анын жалыны Фергана өрөөнүн каптоого тийиш эле. Бул коогалаңга Өзбектстанды кандай жол менен болбосун аралаштырып, андан ары жөргөмүштүн желесиндей чырмап, бүт регионду, өзбек мамлекетин бөлүп жаруу, азыркы өзбек бийлигин кулатуу болчу. Көпчүлүк саясатчылар Өзбек президенти эмне үчүн Кыргызстандан качып барган өзбек качкындарына жан тартпады деп таң калышат. Андай түркөй саясатчылардан айырмаланып Ислам Каримов Ош окуясы кандай өңүттө өнүгүп, анын идеологиялык уюштуруучу-демөөрчүлөрү кимдер экенин, кайда багытталып, сепаратисттер кимдин кызыкчылыгына ойноп, от бүркүп жатышканын эң мыкты түшүнүп, билип турган. Ошондуктан өзбек президенти бул маселеде өтө катуу туруп, качкындардын бирин калтырбай Ошко кайрадан сүрүп салды. Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан революциялар жеке эле Кыргызстан үчүн жасалып жатпаганы айдан ачык.
Кандай болгон күндө да биз мындан ары алакан жайып "өткөн өттү, кеткен кетти" деп олтурбашыбыз керек. Ош окуясы өнөкөткө айланып, аймагы, масштабы кеңейип, мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтире баштады. 2010-жылкы Ош коогалаңы дээрлик өлкөнүн түштүк аймагын каптады. Назар салган адамга өзбек улутчул сепаратисттери бул ирет Ошто жалаң мамлекеттик объектилерди, мекеме ишканаларды, театрларды, окуу жайларды, башкаруу түйүндөрүн өрттөштү. Бул алардын мамлекеттин негизги таянычтарын жок кылып, бүлүнттүрүүгө жасалган пландуу аракети экени айкын. Ошондуктан бул маселеге мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл буруп, мындан ары кайталанбашы үчүн конкреттүү иш-чараларды көрүп, күнөөлүүлөрдү жазалаш керек. Улутчул сепаратисттик идеологияны иштеп чыгып, аны жайылткандардын бирөөсү да кармалып, жазасын ала элек. Алардын тукуруусунан улам кагылышууга барган адамдар гана "колу менен жасаганын мойну менен тартып" жатышат. Биз улутчул сепаратизмдин идеологдорун кармоону, жазалоону мамлекеттик деңгээлде жүргүзбөсөк анда мындай окуя кайталанбашына кепилдик жок. Экинчиден, Ош окуясы кайталанбасын үчүн мамлекеттин өзөгүн түзгөн кыргыз улутуна болгон сый-урматты күчөтүшүбүз керек. Эгер кыргыз улуту Кыргызстанда сыйланбаса, баркталбаса анда өлкөбүздө тынчтык болбойт. Башка улуттар кыргыз улутунун тегерегине баш кошуп, "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышканда" гана мамлекет өнүгүп-өсөт. Ошондо гана башка улуттардын да укугу корголуп, коопсуздукта болот. Улуттар маселеси Кыргызстанда эле эмес дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар. Ошентсе да Кыргыз мамлекетинин өзөгүн - кыргыздар, Өзбек мамлекетинин өзөгүн- өзбектер, Казак мамлекетинин өзөгүн - казактар ж.б. түзүп турушу мыйзамченемдүү көрүнүш. Ошто өзбек сеператисттеринин кандайдыр бир талап менен чыгуусуна эч кандай негиз жок эле. Кыргызстанда өзбек тилинде 133 мектеп, 2 жогорку окуу жай, өзбек театры , бир канча маданий борборлор бар. Соода-сатык кылуучу жайлар, магазиндер, кафе-ресторандар ж.б. негизинен өзбектердин колунда. Алар кыргыздарга салыштырмалуу бай, артыкчылыкта жашашат. Ал эми өзбек тилине расмий макам берүү маселесине келсек, кыргыз-өзбек тилдери бир эле тил. Эки улут бири-бирин эң мыкты түшүнөт, бул жөн эле шылтоо. Борбордук Азиядагы эч бир мамлекет өз аймагында жашаган этникалык улуттардын жашоосуна Кыргызстандагыдай шарт түзүп берген эмес.
Өлкөбүздүн түштүгүндөгү кайгылуу окуялардын соңунда мен кыргыз элинин эр жүрөктүгүнө, ар бир кыргыз өз мекенин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн өмүрүн аябай күрөшө тургандыгына көзүм жетти. Алоолонгон Ош окуясын расмий бийлик, милиция, солдаттар эмес, жапа-тырмак көтөрүлгөн карапайым эл басты, эл мамлекетти бөлүнүп-жарылуудан сактап калды. Мен муну өз көзүм менен көрдүм. Ош окуясы бир жагынан өтө кайгылуу болгон менен кыргыз улуту өзүнүн мамлекетин, эркиндигин сактап калууга жөндөмдүү баатыр эл экенин бүт дүйнө көрдү. Мен мындай эр жүрөк, мекенин сүйгөн элим менен сыймыктанам.

IV бөлүм
Мамлекеттүүлүк, Манас, Улуттун улуу максаттары
"Өкүттө калган миң жылдык"
Байыркы кыргыз тарыхына көз жүгүртсөк мындан миң жыл илгери Барсбек каган эбегейсиз чоң аймакты камтыган "Улуу Кыргыз каганатын" түзгөн. "Улуу Кыргыз каганаты" жүз жылдан ашыгыраак мезгил өмүр сүрүп, жоокерчилик заманда кызыл-кыргын согуштук жортуулдарда кайрадан кулап калган. Ошондон кечээ ХХ кылымдын аягында - эгемен кыргыз мамлекети түптөлгөнгө чейин кыргыз элинин мамлекети болбой келди. Ар кайсы өрөөн-өзөндө кыргыз атын чакырган хандыктар болгондур, бирок чачылган кыргыздын башын бириктирген "Улуу дөөлөт" болбоду. 1000 жылдан ашуун кыргыз эли көчүп-конуп, мамлекетин жоготсо да эркиндигин, кыргызга таандык эр жүрөктүүлүгүн, баатырдыгын, каада-салтын, тилин жоготпой бүгүнкү күнгө чейин өкүттө жашап келди. Ошондуктан мен Барсбек кагандын "Улуу Кыргыз каганаты" кыйрагандан кийинки 1000 жылдыкты "Өкүттө алган миң жылдык" деп атап, өкүт күнүн белгилөөнү сунуш кылаар элем. Анткени мамлекеттүүлүктү жоготуу кандай оор жоготуу экенин элдин эсине салып туруу керек. Кудайдын кудурети, мээрими менен биз эми кайрадан мамлекеттүүлүккө ээ болдук. Мамлекет боло албай жүргөн элдер канча. Менимче биз азыр мамлекетүүлүгүбүзгө, эгемен эл болгонубузга анча маани бере албай жаткандайбыз. Ошон үчүн жыл сайын "Өкүттө калган миң жылдыкты" эскерип, бир муштумдай биригип, көкүрөгүбүздү көр сезимдерден тазалап, мамлекеттибиздин бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүбүздү сактоого ар бирибиз ант берип турушубуз керек..

(Уландысы бар)







Пикир: