Кыргыз гезиттери


mainkaptal

Кыргыз гезиттер
Бөдөш Мамырова, Жогорку Кеңештин
вице-спикери ("Ар-Намыс" фракциясы):
"Салянованын кыгына куурай сайган эч ким жок"
- Бөдөш Аманбаевна, өткөндө өлкөдө кырдаал курчуп турган учурда (Жети-Өгүз тынчыбай, Жалал-Абадда жол тосулуп) башкы прокурор Аида Салянованын 5 саат сулуулук салонунда олтурганы катуу талкууга алынды. Мамлекеттик чоң жетекчинин жумушун таштап коюп, жасанып олтуруп алганы туурабы?
- Негизи аял киши болгондон кийин, андай нерсе деле керек. Бирок, өлкөдө, Жалал-Абад, Жети-Өгүздө кырдаал курчуп турган учурда жүрөгү чыдап, бейкапар ошол сулуулук салонунда олтурган бул кызга мен аябай таң бердим. Ушундай жоопкерчилик кызматта олтуруп, мындай кыйын кырдаалда мен сулуулук салонуна бармак түгүл, үйүмдө 5 мүнөт олтура алмак эмесмин.
Ачыгын айтканда, Аида Салянованы Башкы прокурордукка шайлап жатканда колдогондордун бири мен болгом. Салянова балким жакшы юрист, жакшы мыйзам чыгаруучудур, бирок, тажрыйбалуу, билимдүү прокурор эмес экен. Юрфакты бүткөндүн баары эле прокурор боло бербейт тура. Эгер Салянова өз ишин мыкты билген прокурор болсо, анда ал ушул 3 депутатка: К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовго 295 менен 297-беренелерди койбойт эле. Катуу айтканда, Аида Салянова азыр эч кимди уруп да ойнобой калган. Ал кабинетте олтуруп алып, кайсы берене кимге керек болсо ошону коет да, болду, каматып салат. Ал үчүн жооп да бербейт. Мындайча айтканда, Салянованын кыгына куурай сайган эч ким жок. Анын туура эмес кылганын көрүп турушса дагы эч ким эч нерсе дебей, "туура" деп колдоп беришет. Себеби, коркушат, эртең болбосо бүрсүгүнү ал кабинетинен оюна келген бир берене менен аны да МУККнын СИЗОсуна каматып салат. Анан сен ал жакта айлап, жылдап жата бересиң. Мына ушундан элдин жүрөгү түшүп калган. Бирок, мындай жол менен бийлигин көпкө кармай албасын тарых тастыктап мезгил ордуна коюп жатат.
- Деги эле азыркы бийликте олтурган жетекчилерге элдин ичи чыкпай, нааразы болгон эле адамдарды көрөсүң?
- Азыркылар деле эскилердин жолуна түшүп, бийлик жүрүп жатат. Аскар Акаевдин убагында телевизордон түшпөй Осмонакун Ибраимов дирижер болсо, Курманбек Бакиевдин убагында ДаниярҮсөнов болду. Ал эми бүгүн болсо Таирбек Сарпашев деген неме чыкты. Ал туурабы, туура эмеспи, айтор, күпүлдөп эле сүйлөп жатат. Бул балага мен таң калдым. Жанагы куудул Жамбыл Камчиевдин сатирасында "Эй, чурка десе эле чуркай бересиңби, каякка деп сурап койбойсуңбу?" деген бар го, Сарпашев дал ошол эле каармандай болуп жатат. Мен муну анын бетине деле айтам.
Ар бир мезгилдин өзүнүн обу жок күпүлдөгөн дирижер, сайрай турган "күкүктөрү" болот экен. Сарпашев ким өзү? Кудайга шүгүр оокаты бар, байлыгын түптөп алган, эгер ал элге кызмат кылгысы келсе ошол байлыгы менен эле элге жардам бере берсин. Сөзсүз эле 7 -кабатка келип, анан жардам бериш керекпи? Мына ушуга окшогондор азыркы бийликтин бутун тушап жатат.
Отставкага кеткен вице-премьер министр Шамил Атахановду алалы. "Волна" пансионатындагы сөз вице-премьердин сүйлөй турган сөзү беле? Болбосо ушул жаңжалга чейин эле элден барып кечирим сураса болбойт беле? Ал бир ууч билеги күчтүүдөн кечирим сураганча карапайым бир айылдын элинен кечирим сураганы өйдөрөөк турмак. Буга чейин "бийликтин криминалдар менен байланышы бар"деген божомолдор айтылып жүрсө, эми Шамиль Атахановдун Максат Абакировдун ("Водалаз") алдында кечирим сураганы, деги эле анын ошол жердеги сөзү - бийликтин криминал менен байланышын бекем далилдеп койду. Качан бийлик, билегинде күчү барлардын астында чөгөлөп жүрчү эле? Бир дагы бийлик: Акаевдин бийлиги дагы, биз жамандап, тууган-уругуна чейин кубалап кетирген Бакиевдин бийлиги дагы мындай ачык түрдө сүйлөшүүгө, чөгөлөөгө барган эмес. Балким, биз билбеген, көрбөгөн сүйлөшүүлөр болгондур. Бирок, азыркыдай адам акыркы сапарга кетип жаткансып керээзин айтып кечирим сураган эмес. Бул жерде Өкмөт тарабынан өтө чоң одоно мыйзам бузулду. Ошонун негизинен өздөрү элди ынандыра албай калып, сөзү элге өтпөй калгандан кийин ошол алдуу, күчтүү, олбурлуу, мындайча айтканда криминалдарга барып алар менен акылдашып, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Жети-Өгүз окуясын" токтотуунун айласын ошолордон тапты.
- Жети-Өгүз окуясынын алдын-алса болот болчу да...
- Жети-Өгүздөгү эл эмне үчүн чыкты? "Кумтөрдүн" иши боюнча карала турган комиссиянын мөөнөтүн узарткандан келип чыкты. "Кумтөр" боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиядан көңүлүбүз көк таштай калды. Чындыгында "Кумтөр" иштегенден баштап эмне деген гана комиссиялар түзүлгөн жок. Бирок, бир дагы комиссия С.Жапаровдукундай айкындыкты алып чыккан жок. Ошонун кесеспетинен үч депутат камакта олтурат. Анан эл кантип нааразы болбосун. Бийлик элди карабай калган. Максат Абакиров кандай, ким болгон күндө дагы, биз аны кандай атабайлы, ал ошол элдин көйгөйүнө кайдыгер карабай, аны чечип жатат. Ал эми бийлик башындагылар ошолордун астынан кечирим сурап жатат. Анан эл каякка барат? Эл эртең ошолор менен иш, тиричилик кылып калат. Эгерде бийлик ушундай позицияны карманса абдан жакынкы мезгилде өзүнүн функциясын, башкаруу системасын жоготот, коомчулук бийликке эмес, билими болбосо да билеги күчтүү, башкача айтканда, криматалыктарга кайрылып, ошолор аркылуу маселесин чечип калат. Дагы бир таң калычтуусу: президент Жети-Өгүзгө өзгөчө кырдаалды киргизди дагы, Жогорку Кеңеш чогулуп, аны бекитип бергенге чейин кайра алып таштады. Конституцияда так жазылып турат: өзгөчө кырдаал президент тарабынан киргизилип, Жогорку Кенеш бекитет, ал жакта "көпчүлүк коалиция чечип коёт",- деген норма жок. Биз деги мыйзам менен жашайбызбы же түшүнүк менен жашайбызбы. Биздин кээ бир фракция лидерлери өзгөчө кырдаалды алып салганы туура болду, анткени Жети-Өгүздө стабилдүүлүк орноп калды деп айтып жатышат. Жети-Өгүздө стабилдүүлүк орноп калганы менен Жалал-Абад тынчыбай жатпайбы. Анан да "биз бир гана Жети-Өгүздүн гана иши менен чогулмакпыз, Жалал-Абадды карабайбыз" дейт. Бир окуругдан шайланып келген депутаттар экенибизди, шайлоо убагында берген убадаларды унутпаш керек. Шайлоого барганда "Ошко, Таласка, Нарынга көңүл бурбайм, бизге Ысык-Көл менен эле Чуй керек" деген жокпуз да. Эгер мындай болсо анда Жети-Өгүздү кайсы негиз менен карап, өзгөчө кырдаал киргизди? Эмнеге Жалал-Абад каралбашы керек? Дагы жакшы кырдаал нугуна түшүп, жол ачылып, обладминистрация имаратын бошотуп беришти. Бирок, мындай болбой, Жалал-Абаддагы окуя курчуп кетсе буга ким жооп берет болчу? Мына бүгүнкү бийликтин жүзү!
Анан бийликтегилер "Водолаздын" алдында кечирим сурабай, кимдин алдында кечирим сурамак эле. Азыр "Водолаз" көлдүктөр үчүн кудайдан кийинки эле адам болуп калды. Көйгөйлөрүн чечип жатат. Муну Атаханов да далилдеп берди го...
- Абактагы депутаттар бошотулбаса, кырдаал курчуп, Жалал-Абадда кайрадан жолдор тосулуш мүмкүнбү?
- Алардын бирден-бир талабы - Медер Үсөновду бошоткон соң, "Кумтөрдүн" маселесин көтөргөнү үчүн камакта жаткан депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду абактан чыгаруу.
Учурда дүйнөнүн көп жеринде толкундоолор болуп жатат. Бир дагы бийлик өзүнүн элин "бандит" деп айтпайт, өзүнүн элинен качпайт. Мисалы, Түркияны карап көрөлү. Эрдоган элге чыгып сүйлөгөндө биздикилерге окшоп "мунун артында тиги турат", "алдында бул" деп анын артын-капталын изилдеп отурбастан, "Мен кылган кызматымдын баардыгы түрк эли үчүн, мен түрк элим деп жанымды аябай кызмат кылып жатканыма нааразы болуп жатсаңар мен анда элдин өзүнө койдум, менин башка сөзүм жок" деди. Эмнеге биздикилер мындай сөз айта албайт? Жолдо кетип жаткан адамды уурдай качкан бир да мамлекет жок. Эгерде күнөөсү болсо дайын дарегин айтып, эки колунан колтуктап, көз көрүнөө эле кармап кетсе болот да? Ал эми Медер Үсөновду 12 саатка чейин каякка кеткенин билбей койбодукпу. Бул адам уурдоо дегендикке жатат, өтө оор берене.
Мен депутаттардын сотуна башынан бери барып, катышып келе жатам. Мамлекеттик айыптоо тарабынан тагылган бир да айып далилденген жок. Юридика факультетинин студенти да бул ишти карап туруп, Башкы прокуратурада жалан чаласабат балдар иштээрине түшүнөт. Дал ошондуктан, акыйкаттыктан үмүт үзбөй, күтүү керек. Бирок, бийлик дагыле күчкө салып, сотко буйрук берип, депутаттарды каматып ийсе, анда араң турган кырдаал кескин курчуп кетиши мүмкүн. Анда Атамбаев өзү барып кечирим сураса да кеч болуп калат.

Маектешкен Элиза Нурматова









Пикир:

Яндекс.Метрика