Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

mainkaptal

Кыргыз гезиттер

90 адамдын өлүмүнө Бакиевге кошулуп, бүгүнкү бийликтегилер да жооп бериши керек

7- июнь күнү, мамлекеттик "Учкун" басмасынын директору Рыскелди Момбековдун Алмаз Атамбаевдин акырынан жем жеген жеке менчик "Фабула" гезитинин "Бегалы мырзага кулак кагыш" аттуу чагымчыл макаласын окуп чыккандан кийин биз да өз оюбузду билдирип коёлу деп чечтик. Анда Нургазы Баялиев деген бир чагымчыл трайбалист биз сүйүп окуган "Кырзгызтудэй" сайтына өзүнүн оору фантазиясынан жаралган жалааларды жаап, Жети-Өгүз жана Жалал-Абад окуяларын бир жактуу чагылдырды деп айыптаган.

Андан ары өтүп, бул сайттын ээси Бегалы Наргозуевдин жеке өзүнө асылып, оозуна келгенди оттогон. Макаланы окуган кишини аны жазган автор бир кыргыз элин экиге бөлгөн трайбалист-регионалист экенине, анын сасыган сөздөрүнөн эле түшүнөт. "Кыргызтудэй" сайты Жети-Өгүз жана Жалал-Абад окуяларын "Фабула" сыяктуу бир жактуу, бийликтин гана таламын талашып жазбастан, эки тараптуу чагылдырып турду. Окуяларды жаап-жашырып, жымсалдап, бир тараптуу бербей, болгонун болгондой ачуу чындыкты чыркыратып, бийликтин кошоматчыларын безге сайгандай чочутуп жарыялап жатты. Жети-Өгүз жана Жалал-Абад окуяларын чагылдырууда "Кыргызтудэй" сайты бир жактуу болбош үчүн, окуяларды ар тараптуу чагылдыруу максатында өз кабарчыларын гана пайдаланбастан, эркин журналист Сабыр Мукамбетовду, "Алиби" гезитинин кабарчысы Ажыбек Чыныбековду, "Жаңы Ордонун" кабарчысы Наралы Асанбаевди, "Баракелде" сайтынын кабарчысы Орозалы Карасартовду келишимдик формада ишке тартып, алардын материалдарын да жарыялады. "Фабуланын" тар ой жүгүрткөн трайбалист автору нааразы болгон "Бишкек-Ош жолунда 1500 автомашина чогулуп калды, анын 900 машинасы Оштон Бишкекке бараткандар. Ал эми калган 600 машина Бишкектен Ошко бараткан" деген цифраны Жалал-Абад облустук милициясы расмий таратып, "Кыргызтудэй" эле эмес, көп эле басылмалар жарыялады. "Фабула" гезити сыяктуу бир жактуулуктун да чеги болот. Ошол эле Жети-Өгүз окуяларында бийлик карапайым элге тарсылдак жана көздөн жаш чыгарып ыйлатчу гранаталарды ыргытып, ал аз келгенсип ок чыгарып, эки бейкүнөө адамдын көзү агып түшүп калганын, үчүнчү кишинин көзүнө кан куюлуп контузия болгонун "Фабула" гезити жазып чыга алдыбы? Жазып чыга алган жок. "Кыргызтудэй" маалымат сайты ушул фактыны жазып чыкканда чычалаган айрым трайбалисттер, бул чындыкты Ысык-Көл облустук ооруканасынын дарыгерлери тастыктап чыкканда үн ката албай калышты. Же болбосо "Фабуланын" автору мисал кылган "Бийлик жол тоскондорду сабатабы?" деген материал менен "Кыргызтудэйдин" журналисттери бийликтин бир чагымынын бетин алдын ала ачып, ошондой кыргызды кыргыз менен кагыштырган чагымчыл провокацияны болтурбай кое алды деп ойлойбуз. Мына ошондуктан чагымчыл аракеттери ишке ашпай калганына ызаланган провокаторлор эми "Кыргызтудэйге" асыла башташты.
Ал эми бийликтин камчысын чапкан басылмалар чындыкты жаап-жашырып, элдин кыжырын кайнатып жатышты. Акаев жана Бакиев доорунда да бийликтин "арзыматтары" өз кожоюнуна жаккан гана маалыматтарды жарыялап, акыры экөөсүн тең Кыргызстандан кууп чыкканга жеткиришти. Бүгүнкү бийликтин "арзыматтары" да Атамбаевге жаккан гана маалыматтарды жарыялап, өз кожоюнун көргө түртүп баратышат. "Душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп атат",- дегендей Атамбаевдин анык душмандары "Фабуланын" авторундай чала сабат журналист сыяктуу трайбалисттер болуп саналат. Булар Атамбаевдин гана душманы эмес, бүткүл кыргыз элинин душманы болуп саналат. Анткени алар маалымат берүүнү да трайбалисттик-регионалисттик позициядан баа беришип, анан жайылтышат. Алар өздөрүн чындыктын акыркы инстанциясы катары сезишет. Бирок, иш жүзүндө бир гана региондун чындыгын бетке кармап, бир элди эки элге бөлүп турушат. Баарынан өкүнүчтүүсү ошол трайбалисттик-регионалисттер уялбай туруп, өздөрүнүн оппоненттерин айыптап, "биз бөлүнбөйлү десек тигилер бөлүнүп жатышпайбы" деп актанышат.
Алардан айырмаланып "Кыргызтудэй" сайты дайыма эки тараптуу чындыкты чагылдырып, калыс позицияны карманып келет. Ал эми бул макала сөрөйдө экс-депутат Б. Наргозуевдин адресине айтылган сын эч бир суу кечпей, адамын күлкүсүн гана келтирет.
Бегалы Наргозуев дайым эмне ойлосо ошону жаап-жашырбай бетке айткан саясатчы катары белгилүү. Депутат кезинде транспорт, авиация, айыл чарбасындагы канчалаган коррупциялык схемалардын бетин ачкандыгы менен элге кеңири белгилүү болуп калган. Анын бир далили катары турмуштук мисалды келтире кеткен ашыкча болбостур. Силер пир туткан Алмаз Атамбаев 2008-жылы июль айында раматылык Мелис Эшимкановду жана депутат Бегалы Наргозуевди Арашандагы үйүнө мейманга чакырып, козу союп сыйлап, "Бегалы, сен депутат катары мыкты иштеп жатасың, сен КСДПдан биздин депутат болуп барсаң жакшы болмок экен. Биз ушуну өз убагында байкабай калыптырбыз" дегенин, ушул сөздү уккан көзү тирүү кишилер бүгүн деле айтып жүрүшөт. Алардын бири - ошол кездеги Кыргызстан АКБ банкынын аппарат жетекчиси, банкир Жаныш Молдокеев. Бегалы Наргозуев бүгүн да ошонусунан жазбай, акты ак, караны кара деп жатканы айрым трайбалист-регионалисттердин безине сайылып атат.
Ошол эле учурда "Фабула" гезитинин ээси Рыскелди Момбеков бүгүнкү бийликтеги мурунку режимдерден да ашып кеткен коррупциялык схемалардын биринин бетин ача алдыбы? Мамлекеттик төңкөрүш болуп өткөн үч жыл ичинде эч жерге күлү додо болбой үч жерге кызмат которуп, акыркысын да жыргатпай жатканын кечээ эле гезиттерден окудук.
Ал эми Ташиевдер жөнүндө жазып келип, "Ташиевдерди тосмодон ашып түшкөнү үчүн бүгүнкү бийлик бир жарым жыл эле түрмөгө кести, эгер Бакиев болгондо 16-17 жылга кесмек эле", - дейт Нургазы Баялиев деген атка жамынган журналист. Керек болсо Бакиев 2005-жылы тосмону ашып түшүп, Акүйгө кирип барган Урмат Барыктабасовду бир жарым айга да камаган жок.
2007-жылы Ырыскелди Момбеков Бириккен элдик фронтто оппозиционер Өмүрбек Суваналиевдин жардамчысы болуп жүргөн. Элдик фронттун митинги Ак үй алдында күч менен таратылгандан кийин камалган Өмүрбек Суваналиевди, Өмүрбек Абдырахмановду, Адилет Айтикеевди Бакиев өз буйругу менен УКМКнын абагынан беш күндүн ичинде бошотуп жиберген. Ал эми Алмазбек Атамбаев Ала-Тоо аянтына келип, машинанын үстүнө чыгып, Рыскелди Момбеков сыяктуу Бакиевге каршы митингге чыккан элди "козелдордун артынан ээрчиген барандар" деп атаганы алардын эсинен чыкса да, элдин эсинен чыга элек. Ал эми 90 кишини атып кетти деп айыптаганыңар менен анын көбүн кимдер атканы бүгүн жамы журтка белгилүү боло баштады. Ошондуктан ал 90 баланын өлүмүнө Бакиев менен кошо күнөөлүү болгон бүгүнкү бийлик да жооп берерине аз эле калды.

2010-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй кыргыз элинин 7 пайызы гана колдоп, 93 пайызы каршы чыккан КСДП, беш пайызы гана колдоп, 95 пайызы каршы чыккан "Ата Мекен", 2,5 пайызы гана колдоп, 97,5 пайызы каршы чыккан "Ак шумкар" партиялары бир элди экиге бөлүп, бийликти күч менен басып алып, эми мамлекетти башкара албай эси ооп, өлкөнүн экономикасы очоюп, социалдык нааразычылыктар күч алып, саясый бейстабилдүүлүк кеңири тарап айласы кеткенинен эми өз жарандарын бири-бирине тукуруп жатышат.

Момбай Рысбеков







Пикир:

Яндекс.Метрика