Кыргыз гезиттери


mainkaptal

Кыргыз гезиттер
ОБОНдор жөнүндө...
Бийликтин дагы бир долбоору

Бийликтин аргасы куруганын ушундан көр: башкасы бүтүп, чагымчы топторду даярдап, "горячий точкаларга" жөнөтүп, атайылап "провокация" уюштуруунун устасы болуп баратат.

Мунун бир далили катары 3-октябрдагы митингди айтсак болот. "Ата-Журтчу" депутаттардын Бишкек шаардык сотундагы процессинде С.Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Ак үйдүн 2-кабатынан тартылып алынган тасманы ишке тиркеттирди. Биз да ал тасманы көрүп чыктык. Мына ошол тасмадан 3-октябрь окуясындагы чаң-тополоң чынында кимдер тарабынан уюштурулгандыгын биле аласың. Тасмада Ак үйдүн дарбазасына эч ким жакындай электе эле Мамлекеттик күзөт кызматкерлерине "Айкөл Ала-Тоо" кыймылынын активисттери, 30 чакты бала аралашып, провокация даярдаганы даана көрүнүп турат. Жөнү-жок жерден Талант Мамытовду, башка адамдарды бирден кармап сабаганы билинет.
Өзүңүздөр билесиздер, "ата-журтчу" депутаттардын сотунда бийликтин аргументтери түгөнүп, мурда жазып алышкандарынын быт-чыты чыкты. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн бийлик эми Ташиевдин жактоочуларынын арасына провокациячыл топторду атайын киргизип, чыр чыгарууга ниеттенүүдө. Мисалы, "ата-журтчулардын" 7-июнда болгон сот отурумуна К.Ташиевди колдоо максатында "Кыргызстанды сактоо" кыймылынын мүчөсү, аты-жыты белгисиз Ыргалай Бекмуратова деген айым 4-5 жан-жөөкөрү менен келген. Ыргал айымдын сот ишине, андан соң аларды колдоп митингке чыгууну каалаган адамдарга оңду-солду акча таратканын көргөндөрдүн көбү таң калган. Албетте, кызылдай акчаны көргөндө мындай ишке катышуучулар четтен чыгат. Бекмуратова мындай балит технологияны ачыктан-ачык жасап жатканы бекер жеринен эмес. Анын артында муну уюштурган бийлик же тактап айтканда Ыргал ал бийликтин "жууруп жасаган долбоору" экендигин көпчүлүк билбей да калды көрүнөт. Биз буга чейин ошол кыймылдын төрагасы Мукар Чолпонбаев тууралуу жазганбыз. Анткени, ал митинг өткөзүп, аягында Урмат Барыктабасовду салып бергендей, баарын бийликтин колуна өткөзүп бермек. Дагы жакшы, таза оппозиция анын ой-тилегин биле калып, учурунда митингге катышуудан баш тартты. Мукардан эми Ыргалы алыс кетпей, жолун жолдоп жатса керек да..
Булар башкы ролду ойногон моноспектакль К.Ташиевдин кадыр-баркына шек келтирүүгө багытталган. "Камчыбектен акча алган адам сыяктанып", коомчулуктун алдында Ташиевдин таштай салмактуу беделин каралоо Бекмуратовдун бек карманган принциби. Болбосо, буга чейин канча жолу сот отуруму болду. Канча жолу Камчыбектин каңырыкты түтөткөн кайраттуу сөздөрүн укпадык. Чындык чыркырап, абийир намыс тебеленип жатканда, Ташиевдин тагдыры устаранын мизиндей кырдаалда Ыргал Бекмуратова кайда жүрдү эле? Заманбап технология заманында кайдан-жайдан чыга калган "жинге" окшоп Ыргал айымдын Ташиевдин тагдырына боор ооруган адам өңдөнүп жатышы дагы бир жолу Камчыбекти кадырлаган адамдардын жалган сөзгө, сыйкырлуу көзгө алданбашын алдын ала эстерине сала кетүүгө аргасыз кылат. Камчыбек өзү айткандай ал "эч качан башын ийбейт, жыгылып бербейт!".





Ак үйдөгү трайбализм
Бакиевдин жердеши болгондугу үчүн күнөөлүүбү?

Редакциябызга ыраматылык дүйнө чемпиону, олимпиада оюндарынын эки жолук катышуучусу, балбан Раатбек Санатбаевдин апасы, баатыр эне Дилбар Калыева кайрылыптыр. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш баласы Раатбекке "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгарганына эки жыл болсо да, Атамбаев бийлиги аларды өгөйлөп, ал наамды бербей жатыптыр.

2011-жылдын 16-июнунда Жогорку Кеңеш Р.Санатбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен кошо ыйгарган токтом кабыл алган. Мыйзам боюнча, парламенттин токтомун президенттик аппарат эч кандай талкуулоосуз, ошол замат аткарышы керек. Бирок, азыркы бийликтин жалал-абаддыктарга келгенде өзгөчө "аллергиясы" кармап калат. Раатбек чынында кыргыздын патроиот уулу, намысыбызды дүйнөлүк аренада коргогон эр азамат. Эми ошол маркумдун элесин сыйлагандын ордуна, азыркы бийлик Бакиевдин жердеши болгону үчүн эле наамын бербей келатат.
Президент алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияны Атамбаевдин экс-секретаршасы Асель Кодуранова жетектейт. Баатыр эне, Раатбектин апасынын катына берген жообун окусаң күлкүң келет. "Президент алдындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссияга өлгөндөн кийин "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын ыйгаруу тууралуу жамааттардан жана атуулдардан өтө көп кайрылуулар келип түшүүдө. Ошондуктан, комиссия бул жааттагы өтүнүчтөрдү карабоо чечимине келген",- делет Кодуранов кол койгон жооп катта. Билими тайкы Кодуранова парламенттин токтому сөзсүз аткарылууга жатаарын билбейби же атайылап, Бакиевдин жердеши болгон үчүн өч алып жатабы? Айтор, ушундан да саясат жасаса, бул бийлик көпкө турбайт го... Буга азыркы төрага эмнеге унчукпайт, таң калыштуу. Бир чети, парламент деле президенттик аппараттын бөлүмүнө айланып калбады беле.




Дагы бир "абийир туткуну"
Нариман Түлеев Өмүркуловго:
"Сен жалганчысың!"

Атамбаевдин кандосу Иса Өмүркуловдун борбор калааны башкара албай, күнөөнүн баарын экс-мэрлерге оодаруу менен оокатын өткөзүп жаткандыгы баарына дайын. Жакында эле Түлеевге адатынча асылып, жер саткыч коррупционер катары көрсөткөн. Буга абакта жаткан, бирок, ошонусуна карабай Бишкек элинин эсинде мыкты жетекчи катары калган Нариман Түлеев өз жообун узатты.

"Акыркы учурларда мен Бишкек шаарынын мэри болуп турган учурда Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги парктын аймагын сатканым тууралуу маалымат активдүү таратылып жатат. Анын баары калп. Ошого карабай, кызмат ээлеп жана саясий фигура болуп туруп менин кадыр-баркым менен ар-намысымды тебелеп, такталбаган маалыматты телевидениеден кайра-кайра айтып жатасыз. Мен сиздин сөздөрдү тастыктай турган документти көрсөтүүңүздү талап кылып кайталап кайрылып жатам. Бирок мен сизде мындай маалымат жок экенине жана болбой турганына да ишенем. Жалганды жана бирөөнү каралоону далилдөөгө болбойт. Ошого карабай, сиз эмоцияга берилгениңизди болжолдойм жана мен сизди сотко бергенге чейин өз калпыңызды актоого акыркы мүмкүндүк берем жана бул каттын көчүрмөсүн жалпыга маалымдоо каражаттарына таратам", - деп айтылган экс-мэр Түлеевдин мэр Иса Өмүркуловго жазган жообунда.




Кырдаал дале курч...
Жалал-Абад жарылганы турат

Бишкек шаардык сотунда "ата-журтчу" депутаттардын иши аяктоо алдында турат. 17-июнда тараптардын "акыйнеги" башталат. Ошол күндөрү сот чечимин чыгаруу өңдөнүп калды. Бирок, Жалал-Абад, Ош, Баткен областынын жашоочулары көпкө күтө албастыгын айтып, редакцияга даттанууда. Абалдын өтө оор экендигин, депутаттар чыкпаса июнь аынын башындагы толкундоолор шоона эшпей калаарын биз да бийликтин эсине салабыз. А азырынча, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын президентке кайрылуусун сунуштайбыз:

Урматтуу
Алмазбек Шаршенович!

Жалал-Абад областындагы Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында болуп жаткан окуя, Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Бишкек-Ош жолундагы жол тосуулар жалпы элибиздин тынчын алган.
Биз, шаардык кеңештин депутаттары, шаардагы курчуп турган абалды көрүп, шаарыбыздын активи менен биргеликте элдин тынчтыгын, бейпилдигин, биримдигин сактоо максатында Сизге жергиликтүү элибиздин атынан кайрылып жатабыз.
Учурда шаарыбызда саясий абал курчуп баратат. Бул абалды стабилдүүлүккө келтирүүгө шаардык кеңештин депутаттары өз салымын кошууда.
Жалал-Абад шаарынын, областынын аймагындагы, жалпы эле Кыргызстандын элинин тынчтыгы, биримдигин, бөлүнбөстүгүн сактап калуу максатында камакта отурган Жогорку Кеңештин үч депутаты: К.Ташиев, С. Жапаров жана Т.Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө, Сиз мурдатан айтып келаткан айкөлдүгүңүздү көрсөтүп, акыйкат чечим чыгарат деп көптөн-көп өтүнөбүз.

Сизди терең урматтоо менен
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары:


1. Тагаев М.А.
2. Чимбердиев С.С.
3. Абидова З.Р.
4. Джусупбеков Б.Ж.
5. Осмонов Т.О.
6. Нишанов Н.Н.
7. Убайдуллаев И.У.
8. Айтакалов К.К.
9. Субанов Б.К.
10. Казакбаев Н.К.
11. Туманов. М.К.
12. Юнусов Б.К.
13. Сатарова Э.А.
14. Акамбаев Т.Б.
15. Усенов К.Ж.
16. Осмонова А.Ш.
17. Хажиматов А.А.
18. Джалалов М.М.
19. Исмаилов Б.
20. Таджибаев Т.Ж. жана башкалар







Пикир:

Яндекс.Метрика