Кыргыз гезиттери


mainkaptal

Кыргыз гезиттер
Былжырагандан башка пайдасы жок
Ыргалдын "тарифи" кандай?

Мына кечээ кыргыз эли ааламга аты кеткен чыгаан уулу Чыңгыз Айтматовдон айрылганына беш жылга кадам басканын эскеришип, кайгыга уугуп турушту. Боордош казак эли мамлекеттик деңгээлде аалам алпын эскеришсе, биздин аткаминерлер ооздоруна талкан гана салып, үн чыгарбай отурушту го, чиркин. Бирок, ушул унчукпагандарына да акыркы кезде шүгүр дейт экенсиң. Анткени, колдорунан жартылуу иш келбегенден кийин, унчукпай отуруу да азыркы кезде мамлекетке кошкон чоң салым деп калбадыкбы.

Ажобуздун айтылуу партиясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын: "Мен тажрыйбалуу депутаттар менен сүйлөшкөндө алар Аскар Акаевди Бирштейн менен тааныштырган Чыңгыз Айтматов деп айтышты. Чыңгыз Төрөкулович эл аралык аферист Борис Бирштейнди Кыргызстанга алып келген",- деп кайдан-жайдан чыга калганын уксаңыздар керек. Бул сөзү менен эл өкүлү Жогорку Кеңештин трибунасынан өзүнүн ушакчы экенин жамырай журтка уялбастан далилдеген эле. "Туй-атта, тилде сөөк жок",- дегендей, биз уялганыбыздан башыбызды катарга ийин таппай атканда, Ыргал айым ыргалган бойдон кыйраткан жумуш бүтүргөн каадалуу адамдай басып кетти эле. Мына ушул көрүнүштү журналисттер чөйрөсү бүгүн дагы бир жолу, "уялбагандан өзүң уял" дегендей шуу үшкүрүп эскерип койдук.
Дегиле Аалам алпына акыраат келтиргендей Ыргал өзү ким? "Айтматов түрк элдеринин пайгамбары",- деп көзү тирүүсүндө эле баскан жолуна гүл төшөп, түшкөн изинен өөп турган түрк эли, же болбосо "Чыңгыз Төрөкулович орус элинин сыймыгы",- деген сөздү кайталоодон тажабаган орус бийлиги, "Айтматов биздин бир боор баурубуз",- таризинде сыпаттаган казак эли, кошуна элдер эле эмес, өз элинде бирөө тааныса бешөө тааныбаган Ыргал Кадыралиева деген бирөө жашарын деги эле билет болду бекен? Ошон үчүн Айтматовдун "А" деген тамгасын айтаардан мурда, алыбайлар алына ченеп ышкырыш керек.
Эгерде Ыргал айымдай имиштер менен ышкырта берсек бизде деле "далилдер" толтура. Кайсы бирин айталы ия? Өзү бир кезде темир тордон куткарып алган Бакыт аттуу жигит менен бактылуу жашоосун айталыбы? Же Ыргал айымдын "бактылуу күйөөсү жөнүндө кеп учугун улайлыбы?
Ыргал: "байларга өзүнчө тариф, кедейлерге өзүнчө тариф кылыш керек",- деп араң жашап аткан элди экиге бөлгөндө да таң калганбыз. Карапайым калк суроо салган: "Ыргал кайсы "тарифке" кирет болду экен".- деп. Былтыр апрель айында Жогорку Кеңештин расмий сайты жарыялаган, акыркы эки ай ичинде элдин акчасына саякаттап, сайран куруп жүрүп жумушка эң көп чыкпаган эл өкүлдөрүнүн тизмесинде бакыйып сиздин да ысымыңыз илешип жүргөнүн ээсибизге жара чыгып унутуп калган экенбиз, эми билдик. Көрсө бечера депутатыбыз кедей-кембагалдардын акчасына шапар тээп, байлардын "тарифине" кирет экен да.
Эмне дейли Ыргал айым, Нариман Түлеевдин укук коргоо органдары тарабынан кармалышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссияны, "мага чечимдин бир көчүрмөсүн бериңиз, мен жогору жактан уруксат алып келип анан кол коём",- деп кеткен бойдон келбей да, кол койбой да куураттыңыз эле, ошол сыңары жогору жактан уруксаты менен гезитибиздин көчүрмөсүн сурабайсыз деп көптөн-көп үмүттөнөбүз!
Анан да, эл өкүлү болгонуңуз менен, коомдук жайда өлөөрчө шараптан ичип, мас болуп түшкөн сүрөтүңүздү баары көчүрүп алган. Ал окуяны эске салбай эле коёлу, бирок, алп адамдарга тийише бербей, өз арабаңызды кылдыратканыңыз жөн болчу. Же башка да оюңуз барбы ия, Ыргал айым? Агаңыз Санжар кандай мыкты патриот жигит болчу. Жок дегенде ошонун арбагын сыйласаңыз болмок...

Аделина Сапаралиева





Бешилик
Курсанттар
5-июнда ИИМ Академиясында эртең мененки кызматтык күбөлүктөрдү текшерүү убагында эки курсант мушташа кеткен. Алгач катарда тизилип турган милициянын кичи сержанты Алмасбек уулу И. менен 1-курстун курсанты Г.Өмүрзаков айтыша кеткен. Андан ары алардын чатагы аудиторияда уланып, мушташка айланып, сержант Алмасбек уулу И. жерге жыгылып, башын бетонго уруп алган. Курсанттардын мушташкандыгын уккан курс жетекчисинин орунбасары жабыр тарткан сержантты ооруканага жеткирген. Дарыгерлер жабырлануучунун мээси чайкалып, баш сөөгүнө жарака кетип, боору да жабырлангандыгын аныктаган. Бирок, ИИМ академиясынын жетекчилиги бул окуя тууралуу түшүндүрмө бербеген менен иш Свердлов райондук прокуратурасына өткөрүлдү. Бул аталган окуу жайдагы биринчи эле мушташ эмес. Былтыр да Бишкектеги кафелердин биринде ошол эле ИИМдин офицерлери менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосунда чоң мушташ болгон. Болочок тартип сакчыларын даярдай турган окуу жайдын курсанттары азыртан ич ара мушташып отурса, анда тарбия маселеси унутта калган окшойт.


Т.Акун
Парламентте А.Батукаевдин мыйзамсыз түрмөдөн чыгарылышына күнөөкөрлөрдүн бири катары акыйкатчы Турсунбек Акунду да кызматтан алуу маселеси көтөрүлүп, атайын комиссия түзүлдү. Эми бул комиссия "мыйзамдагы уурунун" мыйзамсыз чыгарылышына Акыйкатчынын кандай катышы болгондугун далилдөөгө тийиш. Бул аралыкта Турсунбек Акун да жөн жатпай, өткөн жумада өз кеңсесине журналисттерди чогултуп алып, кызматтан жөн эле кете койбостугун билдирди. Көрсө, анда ар бир чиновник үчүн компромат бар экен. "Мен кичинекей адам болсом да бомбамын, ар бир чиновникке карата компроматтар бар, эгер депутаттар мени кызматтан алуу маселесин токтотушпаса, анда бул бомбаларды "жарып жиберем",- деп эмоцияга алдырып сүйлөдү. Азыр Акыйкатчынын өзүнүн айтуусунда, эл арасында да кадыр-баркы кетип, Жети-Өгүз, Жалал-Абаддагы митингдерге да бара албай калыптыр. Бир гана президент А.Атамбаев экөөсү бири-бирин сыйлайт экен. Ал айрыкча өзүнүн ордун талашкан "күндөшү" Турсунбай Бакир уулунун моралдык жактан бузулгандыгын айтып берди...


А.Салянова
Өткөн жумада парламент депутаты И.Исаков Башкы прокурор Аида Салянованы отставкага кетирүү маселесин көтөрдү. Бирок, көпчүлүктү түзгөн бийлик тарабындагы кесиптештери генералдын сунушун колдошкон жок. Анткени Аида айым өзгөчө Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу Жогорку Кеңеште каралганда өзүн мамлекеттин башкы айыптоочу органынын жетекчиси эмес, "мыйзамдагы уурунун" адвокаты катары көрсөттү. Дегеле ал кандай гана маселе болбосун, кимдир-бирөө тарабынан даярдалган программаны сүйлөп берген робот сыяктуу сүйлөйт. Эгер А.Салянованын логикасына ишене турган болсок, А.Батукаевдин бошотуудагы баардык аракеттер мыйзамдын негизинде жасалган. Бирок, анын бошотулушунун өзү мыйзамсыз болуп жатпайбы. Сыягы, азыркы кыргыз бийлигин куурчактай башкарган көмүскө күчтөр Башкы прокурорду да коркутуппу же алдаппы, каалагандай мыйзамсыз иштерин жасап жатат.


Э.Каптагаев
Дүйнө жүзү боюнча адам укугуна көз салган Human Rights Watch деген уюмдун Кыргызстанда да кеңсеси бар. 2010-жылдагы июнь окуясынын 3 жылдыгына карата өзбектердин укугу тебеленип, алар көбүрөөк соттолуп, кыйноого туш болуп жатат деп, азыркы кыргыз бийлигинин "огородуна" таш ыргытты. Бирок, бул уюм өлкөбүздөгү улуттар, этникалар аралык маселелерди "чечип бүтүп", эми кыргыздарды түндүк-түштүк, уруу-уруу кылып бөлүп-жаруу саясатын жүргүзө баштаганын өткөн жумада парламент депутаты Каныбек Осмоналиев айтып чыкты. Аталган уюмдун кайсы бир маселеге арналган сурамжылоосунда кыргыздарды "түндүк кыргыз", "түштүк кыргыз" деп бөлүп көрсөткөндүгү таң каларлык болууда. "Баарынан өкүнүчтүүсү, ошол жыйынга президенттин кеңешчиси Эмилбек Каптагаев деген азаматыбыз катышып, ушундай көрүнүшкө бир жооп кайтарбай, унчукпай отуруптур",- деди депутат. Баса, 2010-жылы Ошто июнь коогалаңы чыкканда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары бул көрүнүшкө кайдыгер караган, Ошко бир барып койбогон Э.Каптагаевден эмнени күтсө болот?...


Баткен
10-июнда Баткен облусунун Самаркандек айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда кезектеги тирешүү болуп, аз жерден мушташка айланып кете жаздады. Бул ирет чаар ала допучандар Кыргызстандын жерине кум, таш төгүп, тал-терек тигип, өздөштүрө башташкан. Мындай көрүнүшкө бийлик кайдыгар мамиле жасаган менен, жергиликтүү жашоочулар нааразычылык билдирген. Натыйжада кечке маал эки тараптан миңге жакын адам топтолуп, мушташ чыгып кете жаздаганда милиция кызматкерлери жаатташкан эки тарапты токтотуп калган. Бул окуяга ошол учурда аймакта жүргөн "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Ө.Текебаев баш болгон депутаттар да күбө болушуп, жогорку бийликке билдире тургандыктарын айтып жатып, кыргыздарды араң токтотушкан. Азыр Ворух анклавына өтүүчү Шураб-Ворух жолун кыргыздар тосуп салды. Өткөндө Тажикстандын президенти Э.Рахмон баш болгон жоон топ тажик чиновниктери түбөлүк достук, чек арада экинчи мындай окуялар кайталанбашы тууралуу убадаларды беришти эле, анын баары жел сөз экендиги билинип калды.

"Майдан-пресс"





Пикир:

Яндекс.Метрика