Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

mainkaptal

Кыргыз гезиттер

Модель Алтынай Эмилбекова:
"Моделдик чөйрө мени өзүнчө бир жашоого тарбиялады"

Кыргыз моделдеринин арасында өзгөчө жагымдуу жүзү, жылмаюсу менен айырмаланган, көптөгөн ырчылардын клиптеринин көркүн ачкан Алтынай тууралуу маалымат:

- Алтынай, кайдан жүрүп моделдик кесипти аркалап калдың?
- Кичинекей эле кезимен теледен ар кандай мода көрсөтүүлөрүн көрүп кыялданып жүрчүмүн. Эң биринчи жолу 16 жашымда '' Vitline '' деген моделдик агенствого жазылып, максаттарыма жетип баштадым. Азыркы учурда өзүм менен абдан сыймыктанам. Анткени, ушул убакытка чейин көп кыйынчылыктардан өтүп, эч сынган жокмун.
- Сырттан караганда модель болуу суктанарлык иш. Бирок ар бир эле жумуштун кыйынчылыктары бар да.
- Албетте, ар бир кесиптин кыйынчылыктары болот. Бирок, сүйгөн ишиң менен алектенип жатсаң, көп нерсеге көз жумуп гана коёсун.
-Ушундай оорчулуктардын артынан өзүңө эмне пайда табасың?
- Моделдик чөйрө мени өзүнчө бир жашоого жана күчтүү болууга тарбиялады. Анын артынан жакшы акча каражат таап жатам.
-Эл арасында "сулуулардын ичинен акылдуулар өтө аз чыгат" деген кеп бар... Буга кандай карайсың?
- Бул кепке менин көз карашым түз. Бирок, мен өзүмдү андай кыздардын катарына кошпойм. Окууга чоң маани берем. Мисалы, менкыргыз-орус славян университетинин "Эл аралык байланыштар" бөлүмүндө билим алам.
- Сулуулуктун пайдасы да зыяны да бар дешет. Сенин оюң?
- Ооба, сулуу болуунун жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Бул теманы терең казып карасак, чоң китеп жазууга болот. Бирок, мен үчүн баарынан ички сулуулук кымбат.
- Бош убактыңды кандай өткөрөсүң?
- Менин жашоом өтө эле активдүү. Бирок, бош убакытым табылса үй-бүлөм менен эс алганга шарт түзөм.
- Диета кармайсыңбы?
- Мен эч качан диета кармабайм. Анткени, көп деле толбойм. Ошондуктан, өзүмдү тамак жагынан чектебейм. Каалаган азыктарды кайсы убак болбосун жей берем.
- Спорт залдарга барып турасынбы?
- Албетте, денемди бир тонуста кармоо үчүн спорт менен машыгам. Спорт залдарына жумасына үч ирет барып, фитнес-клубдарга баш багып машыгып турам.

- Модель болуп канча жашка чейин иштесе болот?
- Модель болуу мен үчүн хобби. Бирок, мындай карасаң акча тапкан жумушум. Анткени, акча табасың. Азыркы учурда моделдик жашоо мага кызыктуу. Канча убакытка чейин иштеримди айта албайм. Мүмкүн турмушка чыкканда таштаганга туура келип калат.
-Биздин өлкөдө модель болуп өзүңдү багууга мүмкүнбү?
- Атам "кызым, мен силер үчүн жашап жатам. Эмне керек болсо сурай бергиле, таап берем" деп калат. Бирок мен өзүмдү - өзүм камсыздап калдым. Иш жакшы болгондо 20 миң сомго чейин табам. Өзүмө жетет.
- Жүрөгүңдүн ээси барбы?
- Мен азыр жаш болгондуктан, сүйүү, күйүү тууралуу эч ойлонбойм. Жигитим жок.
- Сенин табитиңдеги мырзалар кандай болушу керек?
- Мага жөнөкөй жигиттер жагат. Ырчы, таанымал дегендер жакпайт. Себеби мен өтө кызганчаакмын. Нурлан Насип менен анын "Эркелетсемби?" деген ырынын клибине тартылгандан кийин тааныш болуп калгам. Дос катары жакшы сүйлөшөм, мамилем жакшы. Бир ирет "аялың үйлөнгөндөн кийин ырчылыкты ташта десе, таштайт белең?" деп сурасам, "жок" деди. Андайлар мага жакпайт. Кандай адамга жолугуп, кандай үй-бүлөгө туш болот болдум экен деп, жыйырма биринчи жазымды тоскондон бери жеке жашоом тууралуу да көп ойлончу болдум. Өмүрлүк жолдошум чыгармачыл чөйрөдөн эмес, бирок жумушумду түшүнүп, колдогон адам болсо деп тилейм.

Кепке тарткан
Адеми Нур







Пикир:

Яндекс.Метрика