Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

mainkaptal

Кыргыз гезиттер

Ырчы Кундуз Канатбек кызы:
"Бал айымды Парижде өткөрөм"

Назик десең назик, сулуу десең сулуу, көптөгөн жигиттердин кыялындагы ырчы кыз-бул Кундуз десек жаңылышпайбыз. Себеби, чачынын кундуздай жайкалып турушу менен башкалардан айырмаланып турат. Чынын айтсак, ырчы кызыбыздын ырларынан дагы анын сырткы келбетине көбүрөөк маани берээри талашсыз. Мына ушул керилген сулуу ырчы кызыбыз да биздин редакциянын төрүнөн орун алып, сырдашып кайтты.

- Салам, Кундуз! Акыркы жаңылыктарыңды айтып өтсөң?
- Чыгармачылыкта жаңылык-тарым деле жок. Акырындык менен иштеп жатабыз. Буюрса, жакын арада күйөрмандарымды кубантам деп турам. Ырдалып, жазылып бүтпөгөн сүйүү тууралуу жаңы ырларды жаздырып жатам.
- Сүйүү деп калдың. Жайдан сүйүү күтүп атасыңбы же буга чейин эле ыйык сезимге кабылдың беле?
- Андай таттуу сезимдерди ар бир инсан башынан өткөрсө керек. Менде да ал сезимдер болгон. Бирок, турмушка чыгуу оюнчук эмес. Мен тандаган адам кубансам кубанычымды, кайгырсам кайгымды бөлүшүп, мени түшүнгөн жан болсо, бактылуу болом. Ооба турмушка чыкчу убактым деле келди. Апам дагы: "Кызым, болду эми, турмушка чыгып балалуу болушуң керек" деп айтып калат. Кыялымда сүйүктүүм менен Парижде бал айын өткөрүп, Кудайым буюрган күнү ак жоолук салынам. (күлүп)
- Жүрөгүңдүн ээси кандай болушу абзел?
- Эч качан жердигине, байлыгына карабайм. Жүрөгүм тандаган адам меники болот. Адам баласы жүрөккө буйрук бере албайт. Ошондуктан, кайсы бир адамды сүйүп калсам, эч нерсеге карабай, ал адам менен турмуштун даңгыр жолуна бирге аттанууга даярмын. Акылың менен башканы ойлосоң, ал нерсеге жүрөк тартпаса же каалабаса, анда жүрөгүң каалагандай кылганга мажбур болосуң. Ошол себептен, эң биринчи орунда сезим турат. Бай адамдар бар, бирок сүйгөн адамына баш кошкон эмес, менин оюмча, андай адамдардан өткөн бактысыздар жок. Сүйүүнү байлыкка эч качан алмаштыруу мүмкүн эмес. Миң аракет кылсаң дагы алмаштыра албайсың. Байлык бүгүн бар да, эртең жок. Ал эми сүйүү түбөлүк жашайт. Сүйүп жүргөн адам өзүн сулуу, бактылуу сезет деп ойлойм.
- Сен сүйүп калган адам жөнүдө курбу кыздарың сын-пикир айтса, кабыл аласыңбы? "Кыздардын арасында чыныгы достук жок"- деп айтылат эмеспи. Бул пикирге оюңуз кандай?
- Чындыгында кыздардын арасында чыныгы достук болбойт дешет. Бирок, мен аларга кошулбайм. Анткени, менин баардык тараптан колдоп, сырымды бөлүшчү курбу кызым бар. Ал бийчи, бизнес-леди, продюсер айым-Айпери Обозова.
- Негизи шоу-бизнес чөйрөсүндө айымдардын көпчүлүгү "кыйышпас досторбуз, бири-бирибизди ар тараптан колдойбуз"- деп, достук мамилелери тез эле сууп калганын көрөбүз. Же өтө ысык бат сууйт деген сөздүн чындыгы барбы?
- Жо-ок, андай болушу мүмкүн эмес жана болбойт дагы. Биз ишенимдүү достордонбуз. Достугубуз түбөлүктүү болооруна ишенем.
- Продюсер менен иштешүү планыңызда барбы?
- Көп эле продюсерлерден "чогуу иштешели" деген сунуш түшкөн. Бирок, мен өзүм корккон болчумун, себеби чыгармачылыкта өйдө-ылдый болгон жагдайлар көп. Балким жаман-жакшы айтышып, көңүл калуулар болуп кетет деп кооптонгом. Ошондуктан, продюсер менен иштешкен эмесмин. Бирок, алдыда бир продюсер менен иштешейин деп атам. Азырынча ким экенин айтпай турайын. Буюрса, эң биринчи силердин гезитке жарыялайм. Бирок, төмөндө айтып өткөндөй, ар тараптан колдогон менин- Айперишкам бар.(күлүп)
- Сиздин көпчүлүгү Кундуз эмес, 90-60-90деп айтып келишет. Чын эле параметриңиз 90-60-90бу?
- Негизи, параметрим эч качан андай болгон эмес. Бул жөн гана ыр болчу. Чыгарманы жаздыраарда бул ырды ырдасам, "фигурасы менен мактанып атат" дешсе керек деп ойлогом. 90-60-90 деген аябай эле арык кыздын параметри. А мен тамакты ылгабай каалашымча жейм, эч качан диетага отурган эмесмин. Толуп кетсем "ии толуп кеттим" деп кайгырбайм деле. Себеби кайра бат эле калыбыма келип алам. Аябай арыктарды көп жактыра бербейм.
- Элдик транспортко түшөсүзбү? Эгер түшө элек болсоңуз, канча убакыт болду?
- Мына, эшикти карасаңыз, сонун аба ырайы болуп турат. Мындай учурда мен дагы элге окшоп балмуздак жеп эшикте сейилдегим келет. Бирок, ар кандай адамдар болот. Колу менен көрсөтүп ыңгайсыз абалда калтырышат. Бир жолу эжекем менен Ала-Тоо аянтында сейилдеп жүрсөк, "Бул чын эле ырчы Кундузбу?" деп бири-биринен сурап, кечке таң калып карашкан. А мен эжекеме: "Мен эмне, Кундузга окшошуп турамбы?" десем, аябай күлгөн.

Маектешкен Адеми Нур







Пикир:

Яндекс.Метрика