Айткандын оозу жаман...
Президент А.Атамбаевдин душманы кыргыз гезиттериби?

Ушул жуманын дүйшөмбү күнү президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча журналисттерге кеңири маалымат жыйынын өткөрдү. Ага жергиликтүү жана чет элдик маалымат булактарынын республикабыздагы өкүлчүлүктөрүнөн болуп 70тен ашык журналист катышты. Мамлекет башчыбыз үч сааттын аралыгында 59 суроого жооп берди.

Негизинен президент жыл жыйынтыгын чыгарып жатып бир гана журналист К.Арыкбаевдин Бишкекте балатынын кулап калгандыгы тууралуу суроосуна бир аз жылмайганы болбосо, көпчүлүк учурда кабагы бүркөлүп, капалуу отурду. Албетте, Алмазбек Шаршенович өзү белгилегендей, азыр өлкөбүздө мактана турган эч нерсе болбогондуктан, ал көңүл көтөрө турган деле эч нерсе айта алган жок. Баарыбыз ак эткенден так этип күтүп жаткан "Датка - Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы дагы эки жарым жылда бүткөрүлүп, Кыргызстан толук энергетикалык эгемендүүлүккө ээ болот экенбиз. Ушунусуна деле шүгүр дечи, 20 жыл күткөн жаныбыз дагы эки жарым жыл чыдабай жаныбыз жок бекен.
Бирок, бир жагынан бул мамлекет башчынын маалымат жыйыны кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча даярдалган мыйзамды сунушталбай жатып жокко чыгарган, кыргыз гезиттерин жалаң ушакчы, жалганчы, улуттар ортосуна от жаккан экстремистке теңеген маанайга да өтүп кеткенсиди. Ал тургай А. Атамбаев кыргыз тилдүү гезиттердин журналисттерин мындай "ээнооздугу" үчүн эски бийликтин тушундагыдай камап, түрмөгө отургуза албаган соң, айып салып жазалоо керектигин айтты. "Бул боюнча прокуратура органдары кайда карап жүрөт?",- дегенсип зекиди. Деги чын эле кыргыз гезиттери президенттин душманыбы?
Эгер эсиңизде болсо, Алмазбек Шаршенович, Сиз оппозицияда жүрүп, Акаев, Бакиевдин тушунда куугунтукталганыңызда да ушул кыргыз гезиттери колдоп, коргоп, №1 оппозиционерге айлантып, "элдик баатырга" айланткан болчу. Ооба, башка тилдегилерден айырмаланып, кыргыз гезиттери калпты, кошоматты билбейт. Алар Кыргызстандын жана кыргыз элинин келечегине күйүп-бышат. Себеби биздин мындан башка мекенибиз да, элибиз да жок. Ошондуктан "дос күйдүрүп айтат, душман күлдүрүп айтат" демекчи, президентти баш кылып, министр, депутаттарга чейин кыргыз тилиндеги гезиттер бутага алууда.
Балким, айрым бийлик тарапка айтылган сындар кесиптештерибиз тарабынан күчөтүлүп жаткандыр. Далилдүү фактылар жетишпей жаткандыр. Канткен менен ар бир гезит бетиндеги ачуу-татуу макалалардын өзөгүнөн мекенчилдик, мамлекетибиздин келечеги менен учурдагы адилетсиздикке карата келишпестик кызыл сызык сыяктуу кесип өтөт. Деги эле мамлекет башчыбыз басма сөз каражаттарына карата сын пикирин "кыргыз гезиттери" деп бөлбөй, "айрым гезиттер же басылмалар" деп айтса маданиятуу да болуп, этикага да ылайык келмек. Эгер башка гезиттер бийлик менен турмушубуздун жалаң жакшы жагын чагылдырса, кыргыз тилдүүлөрү ачуу чындыкты айтууга мажбур болушууда.
Президент өзү белгилегендей, Кыргызстан бир эле 2010-жылдан тартып эмес, 1991-жылы Эгемендүүлүккө жетишкенден бери "Кумтөр" алтын кенинен тартып, майда завод, фабрикаларга чейин таланып-тонолуп, мамлекетти жалаң эки жүздүүлөр менен уурулар, шылуундар менен шумпайлар башкарып келатышат. Натыйжада жерлерибиз кошуналарга өтүп, байлыгыбыз таланып-тонолуп, ал эми карапайым эл деградация болуп, кылмышкерлер менен уурулардын өлкөсүнө айландык. Анан кантип жаза турган жакшы жагыбыз болсун. Ушундай абалга жетишибизге Сизге чейинки иштеген президенттерибиз баш болуп күнөөлүү. Бирок экинчи ирет да революция жасап, өнүгүү жолуна түшө албай жатышыбызга Сиздин да "салымыңыз" жок эмес, урматуу президент. Эмне үчүн тегерек-четиңизде жалаң Акаев менен бакиевден калган, элдин көңүлүн үч көчкөн журттай калтырган эски кадрлар отурат?
25-ноябрдагы эле жергиликтүү шайлоолор көрсөтпөдүбү, элибиздин бийлик менен шайлоого ишенбей калгандыгын! Же буга да кыргыз гезиттери күнөөлүүбү? Эмнеге Акүйдүн темир тосмосунан ашып өткөн депутаттар К. Ташиев, С. Жапаров жана Т. Мамытовдорго 20 жылдык оор беренелер коюлуп, Максим, Ширшов, гуревичтин ишин уланткан коррупционерлер дале отурушат? "Кумтөр" кениндеги ачуу чындыкты айтып чыгып, канадалык эл аралык аферисттер 240 тонна алтыныбызды ташып кетип. Бизге болгону 1,5 тонна гана калтыргандыгын далилдеген С. Жапаровдун кандай күнөөсү бар? Же ал өзү айткандай эл аралык мафиянын курмандыгы болдубу? 2010-жылдын апрелинде 90 азаматыбыз окко учканда бакиевдердин жана ал кездеги бийликте отургандардын акчасы катылган банкатардын кантип, кимдер тарабынан тнолгондугу качан ачыкка чыгат? Оштогу июнь коогалаңынын чыныгы күнөөкөрлөрү. К. Батыровду качыргандар, алар менен "тандем" түзгөндөрдүн жүзү качан ачылат?
"Баш кесмек бар, тил кесмек жок" дегендей, балким бүгүнкү бийлик да "ээнооз" кыргыз журналисттерин камабаса да, айып салып, банкрот кылар, бирок жогоруда айтылган суроолордун чыныгы жообу табылмайынча алардын оозун жабууга мүмкүн эме. Ал эми кайсы бийлик болбосун жагынып, таманына май сүйкөгөн журналисттерге кыргыз эли менен Кыргызстандын тагдыры, кыргыз тилинин кереги да жок. Керек болсо алар тилибизди жоготуп. Кыргызстан деген мамлекетти жоюп жиберүүгө кызыкдар. Сиз, урматтуу президент, ушул чындыкты биле жүргөнүңүз оң!

К. Жакыпов




Сыйлык ээсин тапты...
КГБ Садыр Жапаровду "Жыл адамы" атады

Өткөн жума соңунда Кыргыз гезиттер биримдиги (КГБ) "АКИпресс" маалымат агенттигинде маалымат жыйынын өткөзүп, ага бириккен бардык гезиттер Жогорку Кеңештин депутаты, саясий туткун Садыр Жапаровду "Жыл адамы" катары тааныганын билдирди.

"Майдан.kg" гезитинин башкы редактору Нургазы Анаркулов билдиргендей, кыргыз гезиттеринин биригүүсүнө байланыштуу бийлик тараптан кандай гана жол болбосун, аны бөлүп-жарууга, чачыратууга аракеттер болууда. Ар кандай чалуулар болуп, кысым көрсөтүлүп жатат.
"Биз азыр биригүүбүз керек. Биз жазып чыккан материалдардын баарын алар ушак деп жатышат. Биз өлкөдө болуп жаткан нерселерди жазып жатабыз. Мунун баары факт. Бул жерде эч кандай ушак жок. Ушуга байланыштуу, бийликке каршы акция өткөрүүнүн максатында, гезиттер бир чечим кабыл адык. "Жылдын адамы" деген номинация берүүнү чечтик. Ал быйыл депутат Садыр Жапаровго ыйгарылды. Эмнеге ага ыйгардык? Себеби, бул адам канча жылдан бери "Кумтөрдүн" көйгөйлөрүн элге так жана даана көрсөтүп берди. Анын жардамы менен көп нерселерди билдик. Анын жасаган иштери чындыгында ушуга татыктуу", - деди Анаркулов.
Бирдиктүү диплом С.Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровго тапшырылды. Ал өз сөзүндө мындай сыйлыкты берген журналисттерге, кыргыз гезиттерине ыраазычылыгын билдирип, "Ата Журт" фракциясынын депутаттарына берди. "Бул дипломду фракция бөлмөсүнө илип коюуңарды өтүнөм", - деди ал.
Буга "Ата Журт" фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева Жогорку Кеңештин үчүнчү кабатындагы залга илип коёрун билдирди.

"Баракелде"