Жаңы, 2013-жылыңар менен!
Берекенин жана тынчтыктын мезгили болсун!

Урматуу мекендештер,

Кыргызстандын калкы. Сиздерди алдыңыздарда келе жаткан 2013-жылыңыздар менен куттуктаймын. Чыгыш календары боюнча келерки жыл жалан жылы деп аталат экен. Ал эми жылан жылында байлык, береке, тынчтык болот деп коюшат. Ошондуктан алдыбыздагы жыл баардыгыбыздын турмушубуздагы жакшылык менен кошо барчылыктын, берекенин жана тынчтыктын мезгили болсун.
Өзүңүздөр жакшы билгендей, 2012-жыл Кыргызстанда бир катар тагдыр чечүүчү окуялар болуп өттү. Алардын катарында мен фракциялаштарым С.Жапаров, Т.Мамытов жана башка тилектеш кыргыз элинин келечегине кайдыгер карабаган санаалаштар 3-октябрда Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин өткөргөнбүз. Бирок, ортодогу чагымчылардын жана мыйзамды билбеген укук коргоо кызматкерлеринин айынан өтө оор айып тагылууда. Бирок, мен биздин эч качан бийликти күч менен басып алуу, төңкөрүш уюштуруу оюбуз болбогондугун айтып кетким келет.
Учурдан пайдаланып, бизге колдоо көрсөткөндөргө, айрыкча жалал-абаддык Баатыр энелерге ыраазычылык билдирип, алардын ден соолугу чың болушун тилеймин. Баардыгыбыз үчүн 2013-жыл жакшылыктын жылы болуп, Кыргызстан гүлдөп өсүүнүн жолуна түшсүн!

Камчыбек Ташиев




Кыргыз элиме биримдикти жана калыстыкты каалаймын!
Урматтуу кыргыз элим!
Бардыгыбызды Жаңы жыл майрамы күтүп турат. Ошого байланыштуу, Сиздерди ушул Улуу майрамга катары куттуктоо менен бирге, аманчылык, тынчтык, бакубат ден-соолук, үй-бүлөлүк жылуулук каалап кетким келет.
Ооба, узап бара жаткан жыл бизди кубанта алган жок. Бир катар саясий окуялар болуп кетти. Эң негизгиси, кыргыз элим биздин бүгүн "Кумтөр" маселесин ачык көтөрүп чыккандыгыбыз үчүн азап чегип жаткандыгыбызды түшүнүүсү керек. Кыргызстанга эл байлыгын кайтарып берүү зарылдыгы болсо, мен бул абакта өмүрүмдүн аягына чейин олтурууга даярмын!
"Кумтөр" - кыргыз элинин байлыгы. Дал ошондуктан, ар бир мекенчил инсандын максаты эл байлыгын элге кайтарууга жумшалышы керек.
Мени ушул оор күндөрдө колдогон адамдар көп болду. Жада калса, "Кумтөр" үчүн бир адамдын күйүп, үн катканы мага кымбат. Учурдан пайдаланып, өзүмдүн шайлоочуларыма, мени колдоп, азап чегип турган ар бир адамга чын дилимден бакыт, ден-соолук тилейм. Чындык үчүн күрөштө биз дагы жеңип чыгаарыбызга ишенебиз! Ар бир кыргызстандыкка жакшы жана татыктуу жашоону тилейм. Ошондуктан, кыргыз элиме биримдикти жана калыстыкты каалаймын!

Садыр Жапаров




Мен элимди сүйөм!
Урматтуу шайлоочу журтум!
Жаңы жыл майрамыңыздар менен мен бардыгыңыздарды куттуктаймын! Ар бир үйдө жакшылык, ден-соолук өкүм сүрүп турсун.
Кыргызстандын турмушунда 2012-жыл окуялары тарыхта калат. Биринчи учурда бийликтин адилетсиздиги айтылат. Эмне болбосун, кыргыз эли баарын өзүн таразалап алат. Ошондуктан, калыстыктын кыргыз коомунда орношун чын дилимден каалайм!
Кыргы элимдин турмушунда жакшы жакка өзгөрүүлөр болушун каалайм! Бар болуңуздар! Мен элимди сүйөм!

Талант Мамытов




"Жыл мыктылары - 2012"
Жылдын мыкты бийлик өкүлү -
Камила Талиева
Камила Талиева Жогорку Кеңештин депутаты катары Кыргызстандын социалдык өнүгүү маселелерин көтөрүп жүргөндүгү, эл дегенде баарынан кечкен мыкты аялзаты экендигин көрсөткөн. Бир чети Талиеванын кыргыз Өкмөтүнүн социалдык тармак боюнча вице-премьерлик кызматына кеткендигине ичибиз ооруган. Себеби биз ойлогонбуз, Талиева өкмөткө баргандан кийин, эл кызыкчылыгын унутуп коёт деп. А турмуш чындыгы, тескерисинче Талиеванын кайсы жерде жүрбөсүн кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн керек болсо жанын берүүгө даяр экендигин далилдеп жатат.

Жылдын мыкты саламаттыкты сактоо кызматкери -
Елена Чернышова
Өзүнүн новаторлук изденүүсү, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан бейтаптарды жалган дүйнөгө кайтарып келгендиги, чын жүрөгүнөн кыргыз саламаттыкты сактоо тармагына күйүп бышып, ишке ашууга мүмкүн болгон демилгелерди көтөргөндүгү үчүн Елена айым кыргызга кымбат! Сиздин дагы өмүрүңүздүн ден-соолукта өтүшүн чын дилден каалайбыз!


Жылдын өмүр сакчысы -
Зиябидин Айдаров
Зиябидин агайды тааныбаган адам аз болсо керек. Ушундай жөнөкөй, боорукер, жан дүйөсү таза, улуу-кичүү колунан келген жардамчы дебей аябаган ар кимге чын жүрөгүнөн бакыт каалаган инсан. Өзүнүн кесиптик илим чөйрөсүндө профессорлук наамга жетсе да изденүүнү токтотпой кыргыз эли үчүн кызмат кылып келет. Дагы бир жакшы сапаты эч убакта кылган ишин, жардамын мен кылдым дебейт. Ошондуктан "дарыгер - өмүр сакчысы" деген улуу сөз ушул инсанга төп келээрин эч ким таналбайт.