Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Кимди кандай тагдыр күтүп турат?

Ийгиликке жетиш үчүн кара жыландын ыкмасын колдонуш керек. Жылан жылында жеке эле бир адамдын жашоосу эмес, бүтүндөй коомчулуктун жашоо агымы оңолгону байкалат. 2013-жылы элде тынчтык болуп, саясый кырдаал, коомдук абал оңолот. Агрессивдүү карама-каршылыктар жоюлуп, өтө катуу жаңжалдар токтойт. Дүйнө жүзүндөгү саясый элитага жаңы лидерлер келиши күтүлөт. Ачарчылык жана өтө аша чапкан молчулук деле болбойт. Эл эң негизгиси тынчтыкта жана карды тоюп жашайт. Мурунку жылан жылдарында ачарчылык болуп, коомду каатчылык каптаган эмес. Андыктан, бул жылы да жакшылыктын жылы деп билсек болот.

Жылан

Бул жылы жыландар каалаганын жасаса жарашат. Алар жашоодогу көз карашын өзгөртүп, конкреттүү бир максатты көздөп, бакубат турмушка умтулушат. Жылан жылындагылар бул жылы акчаны көп тапканга мүмкүнчүлүк түзүлүп, жеке ишкерлигин өнүктүрүүгө каражат топтойт.Үй-бүлөлүк жашоодо жыландарды бакубат тынч тиричилик күтөт. Жалгыз бой жыландарга жаңырган жыл сүйүү тартуулап, кам көрө билген, түшүнгөн жандарга айланып, тез эле жакшы жагына өзгөрүшөт.

Жылкы

Жылан жылы жылкылар үчүн бактылуу жыл. Жыл башынан аягына чейин ийгилик коштоп, күтүлбөгөн жакшылыктар болот. Жаңы тааныштар көбөйүп, жашоосу жаңы нукка бурулат. 2013-жылы жылкылар ар дайым элдин көңүл чордонунда болуп, жылдызы жанат. Келечектүү, пайдалуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Ушул жылы чечкиндүү кадамдарга барышат. Алардын материалдык базасы чыңдалат. Сүйүү жаатында бир аз аксашы мүмкүн.

Кой

Койлор бул жылы көптөгөн сыноолорго тушугат. Жылдын башталышында эле жумушунда ар кандай текшерүүлөр, түшүнбөстүктөр болсо, окугандар кайрадан экзамен тапшырууга туура келет. Ийгиликке жетем десе бул жылы койлор бардыгына даяр болушу керек, мындай сыноолордон өтүү кийин тоону томкоруп жиберүүгө чоң шарт түзөт. 2013-жыл койлор материалдык жактан кыйналышат, андыктан каражатын өлчөп-бычып эң керектүү гана нерселерди сатып алууга туура келет. Үй-бүлөлүүлөр өмүрлүк түгөйүн жоготуп алуудан сак болушсун, аны жолдон азгыруучулар болот. Бул жыл жалгыз бой койлордун сүйүүсү ийгиликтүү болуп, өнөк болгусу келгендер четтен табылат.

Маймыл

Жылан жылы маймылдардын шайын оодарат, анткен менен алар үчүн ийгиликтүү жыл. Маймылдар эч качан эртеңки күн үчүн акча жыйнаган эмес, күнүмдүк жыргалчылык менен жашашкан, жылан жылында деле ал адатынан кайтпай колу ачыктыгын көрсөтөт. Жылдын экинчи жарымында чөнтөгүндө сокур тыйыны калбай калышы ыктымал. Ошондуктан маймылдар бул жылы акчасын ыксыз коротпой, зарыл нерселерди сатып алуу менен чектелгени оң. Үй-бүлөсүнө, жакындарына жана бир туугандарына көңүл бөлүүсү шарт. Жалгыз бой маймылдарга ийгилик жылмаят. Жооптуу кызмат да сүйүүгө жолтоо болбойт.

Тоок

2013-жылы тооктордун каалоосу күчөйт. Каалоонун кайсынысы күчтүү болуп жаткандыгына байланыштуу жыл да ошондой өтөт. Эгер жумушка болгон каалоо күчтүү болсо иштешкендери аны мурдагыдан да катуураак сыйлап, маянасы көбөйөт. Эгер сүйүү жаатында каалоо болсо, жактырган адамынын жанынан чыккысы келбей башка жумуштарын унутат. Тооктор каражаттан кыйналышат. Андыктан катып жүргөн акчасын колдонушат. Көпчүлүк короздор жумушсуз калышы мүмкүн. Сүйүү жаатында да короздор эч нерсеге жетпеши мүмкүн. Эгер түгөйүн таба албай жүргөн болсо, бул жылы убараланбай эле койсун.

Доңуз

Доңуздар үчүн келаткан жыл өтө ийгиликтүү болуп, кирешеси көбөйөт. Жакшы таанышуулар, мамилелер түзүлөт. Өткөн жылы эле алар жашоосун өзгөртүп, өз алдынчалуулукка, жетиштүү жашоого умтулушкан, максатына жетүү үчүн бул жылы да талбай аракеттенишет. Бул жолу жашоосун бат жакшыртышат. Акча жаатынан доңуздарда кыйынчылык жаралбайт. Жаз айындагы ири чыгашалардан кийин доңуздар акчасыз каламбы деп чочулашат, бирок көп өтпөй жыл аягына чейин толук камсыз кылчу каражат булагы табылат. Сүйүү жаатында кыйынчылыкка кабылат. Өнөктөшүнүн көңүлүн оорутуп, сезимине ойнойт. Кызганыч үй- бүлөдөгү мамилени бузат.

Чычкан

Бул жылы чычкандардын жашоосу жай тириликте өтөт. Жыл жакшылыктардын жолун ачып, ар кандай кыйынчылыктардан оолактайт. 2013-жылы иши оңолуп, кызматтан жогорулайт. Жылдын биринчи жарымында каражаты короп, ден соолугу начарлайт. Үй-бүлөлүү чычкандар ар кандай талаш маселени ырбатпай, мамилени тынчтык жолу менен жөнгө салып бекемдөөгө аракет кылышсын. Жалгыз чычкандарга жылдыздар жаңы мамиле күтпөөсүн эскертет. Бул жылы баш кошуу ажырашуу менен бүтүп, чычкандар башынан аягына чейин азап чегип калышы мүмкүн.

Уй

Каалаганын жасаган уйлар жашоого кенен кадам ташташат. Уйлар өзүлөрүнүн күчүнө ишенип үй-бүлөдө да, жумушта да биринчиликке чыгышат. Жыл башталганда эле уйлар көздөгөн максатына жеткенге умтулушат. Акылы жетпеген иштеп да көк беттенип максатына жетет. Жыл башталгандан аягына чейин алар жакшы каражат табат. Бирок чыгашасы көп болот. Жылдын экинчи жарымында кыймылсыз мүлк сатып алышы мүмкүн. Сүйүүдө өнөктөштөрдүн ортосундагы махабат солгундайт. Жалгыз бой уйлар 2013-жылы түбөлүктүү түгөйүнө кезигиши мүмкүн.

Коен

2013-жылдын башталышында эле коендордун активдүүлүгү артып, жеке жана коомдук турмушта активдүү жашоого өтөт. Алыска саякатка барып, жаңы тааныштарды күтөт. Жылдын экинчи жарымы тескерисинче жай өтүп, үй тиричилиги менен алектенишет. Бардык жаралган кыйын кырдаалды коен билгичтиги менен жеңип кетет. Өнөгү бар коендор үчүн жылан жылы сүйүү жаатында унутулгус романтика тартуулап, ортолорундагы махабаты күчөп, жомоктогудай жашоо башталат. Жалгыз бой коендор түгөйүн жеңил табат. Бул жылы үйлөнгөн коендордун никеси бекем болуп, бакыттын кучагында балкышат.

Ит

Бул жыл иттин айланасындагылар ага үмүт артып, ит алардын тилегенин ишке ашыра албай кыйналат. Көп сыноого тушугат. Алар үй-бүлөдө кожоюн экенин далилдөөгө туура келет. Жумушта өзүнүн ишке татыктуу экенин көрсөтүп, жоопкерчиликтүү мамиле кылбаса кыйынчылык жаралат. Анткен менен ит келечектүү, пайдалуу жумуштарды табууда кыйналбайт. Сүйүү жаатында иттер өнөгүн таппайт. Биринчи кезиккени менен кол кармашууну ойлошпосун.

Ажыдаар (Балык)

Ажыдаарлар күтүүсүз окуяларга көп күбө болушат. Алардын кайдыгерлиги жетекчиликке жакпай, сүйгөн адамын да иренжите баштайт. Жалкоолугу да көпчүлүктүн кыжырын кайнатат. Анткен менен ажыдаарлар бул жылы канчалык жалкоолукка берилсе да, акчадан өксүшпөйт. Сүйгөнү бар ажыдаарлар махабаттын туу чокусуна чыгып, бакыттын сересинде болушат. Жалгыз бой ажыдаарлар өмүрлүк түгөйүн табат, бирок аларды колдон чыгарып жиберишпесе болду.

Жолборс

Жолборстор бул жылы ийгиликке жетип, жоопкерчиликтүү жашашат. Бийликчил, сүрдүү жолборстон жылан чочулап, эч кандай тоскоолдук кыла албайт. Жолборстордун коркпой иш алып барганы айрымдарга жакпайт. Ошентсе да жолборс ар дайым жеңип чыгат. 2013-жылы жолборстор материалдык абалын оңдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт, бул үчүн болгону ар ишке бир тийбей, өзүн колго алганы жетиштүү. Ар кандай талаш-тартыштардан качышы шарт. Сүйүү мамилеси жолборстун оюндагыдай болбойт.




Жаңы
жыл тарыхы

Ж
аңы жыл, жаңы жыл дейбиз, а бул майрам качантан бери майрамдалып, кайдан чыкканын билгенибиз бар болду бекен? Анда эмесе кепти ушундан баштап көрөлү.


Маалыматтарга таянсак жаңы жыл майрамы эң эски майрамдардан экен. Байыркы Египеттиктердин пирамида-ларын изилдеп жатышып археологдор "жаңы жылдын башталышы" деген жазууларды табышкан. Натыйжада Байыркы Египеттиктер жаңы жылды сентябрь айынын аяктарында, Нил суусунун кирип баштаган убагында белгилешкен. Кургак талааларга жан кирип, дыйканчылык кылуу үчүн Нил суусунун толкуп ташып кенен акканы абдан зарыл эле.

А байыркы римдиктер биздин заманга чейин эле жаңы жылдык белектерди бири бирине тартуулашып, ал түнү таң аткыча бири бирине жакшы тилектерин айтышып майрамдашчу экен. Алар узак жылдарга чейин жаңы жыл майрамын март айынын башталышында белгилешкен. Качан гана Юлий Цезарь өзүнүн Юлиандык календарын түзгөндөн кийин жаңы жыл майрамы январдын биринчи күнүнө жылдырылган. Римдиктердин Янус кудайынын урматына, эң биринчи ай Январь атын алган. Аларда жаңы жыл тосуу майрамы "Календа" деп аталган. Майрам күнү элдер бири - бирине ар кандай белектерди жана Янус кудайынын сүрөтү түшүрүлгөн тыйындарды тартуулашкан. Кул менен кожоюн дасторконго чогуу отуруп, чогуу шапар тебишкен. Алгач римдиктер императорго майрамдык белекти өз көңүлдөрүнөн тартуулашса, кийин императорлор белек алып келүүгө мажбур кыла баштаган.
Император Калигула болсо жаңы жыл күнү өз сарайынын алдындагы аянтка чыкчу да, белек бергендерди ким эмне берди, канча берди деп тизмеге алуу менен кабыл алууга өткөн.

Байыркы Вавилондо жаңы жыл жаз күндөрүндө өткөрүлчү. Майрам убагында падыша бир канча күнгө шаардан чыгып кетчү да элдер өз каалашынча майрамда-ганга мүмкүнчүлүк алчу. Бир канча күндөн кийин падыша менен аялы майрамдык каада салтка ылайык шаарга кайтып келишчү да элдер жумуштарына кайтышчу.

Галлиянын жашоочулары - Кельттер (азыркы франциянын жана Англиянын бир бөлүгүнүн жашоочулары) жаңы жылды октябрь айынын аяктарында майрамдашчу. Бул майрам аларда Samhain деп аталчу ("summer's end" сөзүнөн келип - жайдын бүтүшү деген маанини билдирген.)

Майрам күнү келттер үйүн ар кандай ар-бактарды кууй урган чөптөр менен кооз-дошчу. Алар жаңы жылда өлгөндөрдүн жаны тирилип келет деген ойдо болушкан. Муну менен бирге келттер да римдиктердин көптөгөн каада салттарын тутунушчу. Айрыкча жаңы жыл күнү белек талап кылуу аларга да жуккан. Көбүнчө алтындан жасалган жасалгаларды тартуулашчу.

Орто кылымдарда англичандар жаңы жылды март айларында майрамдашчу. Кийин 1752-жылдары парламенттин чечими менен жаңы жылды январь айына жылдырабыз дегенде, аялдар оппозициялык көз карашын билдиришкен. Нааразычылык билдиришкен айымдар тобу, спикерге "парламенттин аялдарды эрте карытканга укугу жок" экенин айтышканда спикер "мына сага аялзатынын классикалык ой -жүгүртүүсү" деген.

Деги эле байыркы замандарда жаңы жылды жазга байланыштырышкан. Табияттын жаңыдан ойгонушу менен келечектеги түшүмдүүлүктүн кабары элдерди бейкапар калтырчу эмес. Ушундан уламбы айтор байыркы орус эли да жаңы жылды 1-мартта тосушчу. Кийин Москванын чиркөөсүнүн чечими менен жаңы жыл грек календары-на туураланып, 1-сентябрга жылдырылган. 1699 - жылы Петр I Европага саякаттап келген соң жаңы жылды 1 - январга которгон. Орус элинде азыр да байыркы ата бабасынан калган болор болбос ырым жырымдар колдонулуп келет. Айта кетсек:
- Жаңы жыл күнү башыңан кандайдыр бир нерсе өтсө, ал кийинки 12 ай бою кайталана берет;
- Жаңы жыл күнү оор жумуш кылба, болбосо жыл бою оор жумуштан башың чыкпай калат;
- Карызыңды жаңы жыл күнү төлөсөң, калган 12 ай ичи бүт карызыңды төлөп жүрүп өтөсүң.






кыргыз тилиндеги гезит "Майдан kg"




а ­е¦Є.НҐй«