Ырчы Айгүл Чалова:
"Сүйүп
калуудан корком"
- Сахнадан көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз, эмне менен алек болуп атасыз?
- Сахнадан көрүнбөй кеткеним, клибим жок эмеспи, балким, ошондуктан болсо керек. Анткени, клип бул ырдын негизги жүзү болуп саналат эмеспи. Болбосо, теле радиолордон ар кандай рубиркаларга катышып эле атам. Андан сырткары башка чыгармачыл адамдардан айырмаланып, көп деле иштей элекмин. Азыркы учурда элге мыкты ыр тартууласам, деген максатта изденип жаткан чагым. Элдин жүрөгүнөн түнөк тапкандай ыр жаратсаң ошончо жакшы эмеспи.
- Быйылкы жыл деги эле сиз үчүн эмнеси менен эсиңизде калды?
- Чынын айтсам, чыгармачылык жаатында андай деле чоң ийгилик жараткан жокмун. Ар бир жылдын өзүнүн өзгөчөлүгү болот эмеспи, тактап айтканда, мен үчүн катардагы эле жылдардай болду десем болот.
- Балалыктын эсте калган элестери?
- Беш бир тууганмын. Мен эң улуусумун, менден кийин үч эркек иним, анан сиңдим бар. Сиңдим төрөлгөнчө мен эркектер менен чогу өсүп, алар эмне оюн ойносо, бирге ойноп дегендей кыскасы, эркек мүнөз болгон экенмин. Кийин, тогузунчу класс болуп, чоңоюп калгандан кийин, үйдүн улуусу болгондуктан, жоопкерчиликтин баардыгы менде болуп калды. Азыркыга чейин ал түйшүк дагы деле менин мойнумда. Бала кезимде эсте кала турган нерселер көп эле болду.
- Ырчылыктан сырткары эмне менен алек болосуз?
- Чыгармачылык менен эле алек болуудамын. Башка нерсе менен алек болгудай чынын айтсам, убактым деле жок. Ар кандай иш чаралар, ошондой эле кайрымдуулук концерттерден колубуз бошобойт.
- Ата-энеңиз тууралу айта кетсеңиз?
- Орто үй бүлөдө төрөлгөм. Атам өзүнүн жеке жумуштары менен элек ал эми апам болсо, үй кызматкери. Беш баланын түйшүгү оңой эмес, баарыбызга татыктуу тарбия берип, ушул даражага жеткирген атам менен апама ыраазычылык билдирем.
- Жан дүйнөңүз эмнеге жакын?
- Албетте, ырга, чыгармачылыкка жакын. Ичиңде болуп жаткан нерселердин баардыгын, кубанычыңды да, ошол эле кайгы капаңды да ыр менен чыгарып аласың.
- Кандай жерлерде эс аласыз?
- Дүйнөдүгү баардык жакшы жерлердин баардыгын кыдыргым келет. Ар кандай учурлар болот, кээде ата-энеңдин, курбу курдаштарыңдын жанына барып эс алгың келет. Ошондой эле, башка чет өлкөлөргө барып, тынч жерге барып эс алганды жактырам.
- Билим алуу, өгөй энедей дейт эмеспи, билимиңиз тууралу?
- Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун эстралык бокаль бөлүмүн бүтүргөм. Ошол жердеги эжей агайлардан татыктуу билим алдым десем болот.
- Эгер сиз ырчы болуп чыкпаганыңызда башка кайсы кесиптин ээси болот элеңиз?
- Анда мен врач болмокмун. Азыр деле ал кесип ар дайым ойлондурат. Бул кесип менин жан дүйнөм каалаган кесиптердин бири. Кичинекей кезимде көп деле маани берчү эмес экенмин. Убакыт өткөн сайын кээде ырдагандан тажаган күндөр болот. Ошол убактарда тынч эле врач болуп калбай деп ойлонуп калам. Ырчы десе эле ар кандай көз караштар менен карашат. Ошолордон да чарчайсың. "Башка түшсө, байтал жорго" дегендей бир ишти баштагандан кийин баары бир анын аягына чыгыш керек экен. Бирок, мени кубандырганы биздин эч кандай элге зыян келтирбейбиз, ошондой эле эл үчүн иштейбиз бул мен үчүн сыймык.
- Кыргыздын канына сиңип калган көрө албастык деген бар эмеспи, сиз да бул учурга кабылгансызбы?
- Андай учурлар болгон эмес, мындан кийин дагы болбой эле койсун дээр элем. Чыгармачыл адамдар назик келет эмеспи, биз үчүн бул көрө албастык деп бул ушак айың кептерди айтаар элем. Балким, мага бут тоскондор бардыр бирок, бул нерсе мени кызыктырбайт деле. Кандай айтса айта беришсин, аларды да туура түшүнүп коюш керек.
- Эгерде сизге жараткандандан дагы бир мүмкүнчүлүк берилсе, жашооңузда эмнени өзгөртмөксүз?
- Кайра эле ушул чыгармачылык жолду тандамакмын. Бирок, ошол ырчылык менен эле чектелип калбастан, андан сырткары дагы эки үч кесиптин ээси болгонго аракет кылмакмын. Албетте, биринчи орунга үй бүлөнү коймокмун Андан сырткары убакытты туура пайдаланганга аракет кылмакмын.
- Үмүттүн чабарманы чарчабайт дешет, кандай тилек, максаттарыңыз бар?
- Алдыдагы максаттарым кудай буюрса, чыгармачылык менен жакшылап иштеп, эл катары мен дагы жеке концертимди берсем дейм. Бул менин канча жылдан берки тилегим. Буюрса, ушул тилегим аткарылса дейт элем. Андан сырткары турмушка чыгып, бактылуу үй-бүлө куруу. Анткени, мен теңдүү курбуларымдын баардыгы турмушка чыгып, балалуу болуп калышты. Чынында чыгармачыл айымдар чыгармачылык деп жүрүп, кечигип турмуш куруп калат экенбиз. Себеби, карьера деген балаңдай эле болуп калат экен. Биринчи орунга чыгармачылыкты коюр атып, жеке жашооңду ойлобой калат экенсиң. Керек болсо, ден-соолугуңа да көңүл бурбай калган учурлар да болот.
- Чыгармачыл адамдар улам жаңылануу сүйүүгө кабылып тура дейт, сизде бул жаатында кандай?
- Балким сүйүп көрө элекминби, же сүйүүдөн көңүлүм калганбы чындыгында аны деле билбейм. Сүйүү деген бул болгону ал адамга көнүп калуу экен. Анткени, ар бир адамда сүйүү бар эмеспи, мисалы мекенге, ата-энеге, ошондой эле досторго болгон сүйүү дегендей. Аял заты кулагы менен сүйөт дегендей менде жакшы көрүү сезими болуп турат. Чынын айтсам, сүйүп калуудан корком. Сүйүүңө жетпей калсаң, канча азап тартып кыйналасың, жүрөгүң ооруйт дегендей. Бул сезимди бул дүйнөдөгү баардык эле тирүү жандар билет деп ойлойм.
- Өзүңүзгө кайсы сапатыңыз жакпайт. Адамдагы жогору баалаган сапатыңыз?
- Мен негизинен адамдагы жөнөкөйлүк, боорукерлик жана адамгерчилик сапатты абдан жогору баалайм. Ал эми өзүмө жакпаган жаман сапаттарымдын бири ишенчээктигим. Ушул сапатымдан көп жабыр тартып келем. Менин курчап жүргөн адамдардын баардыгы жөнөкөй, боорукер деп ишенем.
- "Бакыт" дегенди кандай түшүнөсүз?
- Мен үчүн ар бир агарган таңдын атышы, ошондой эле күндүн батышы мен үчүн бакыт. Андан сырткары бул дүйнөгө жаралып калганымдын өзү эле чоң бакыт эмеспи. Анткени, ата-энем, бир тууган, досторум ар дайым жанымда мен ошого кубанам. Кыскасы бакыт бул тирүүлүк.
- Келечекте өзүңүздү кандай кожойке элестетесиз?
- Албетте буюрса, келечекте өзүмдү абдан мээримдүү, жароокер, акылдуу кожейке деп элестете алам. Анткени, биз турмушту, жолдошуңа кандай мамиле кылышты түшүнүп калдык дегендей. Колуман келишинче жолдошумду түшүнгөнгө аракет кылам деп ойлойм. Жолдошумдун жаман жагын көрсөтпөй, жакшы жагын көрсөткөнгө ар дайым аракет кылмакмын. Аялдын негизги милдети ушул эмеспи. Азыр мени түшүнгөн мырзага туш болсом экен деп кудайдан миң мертебе тиленем.
- Чыныгы мырза кандай сапаттарга ээ болуш керек?
Албетте, биринчиден патриот болуш керек. Ата-энесин сыйлаган, ыймандуу, кыргыз эли үчүн кызмат кылган, эч убакта элин, жерин сатпаган ошондой эле аял затын сыйлап, анын ишине дайыма баа берип, аярлап турган мырзаларды чыныгы мырза деп айта алам. Негизги эркектеги сапат ушулар болуш керек деп ойлойм.

Маектешкендер
Гүлира Токтосунова,
Насыйкат Бекмуратова