кыргыз тилиндеги гезит "Майдан kg"

п»ї

"Жыл мыктылары - 2012"

Салтка айлангандай, "Майдан.kg" гезити да жыл жыйынтыгын чыгаруу менен бирге, калк турмушунун он жакка бурулушуна, коомдо адилеттүүлүктүн орношуна өз салымын кошкон инсандардын эмгегин белгилеп келет. Быйыл да биз бул саамалыктан четте калбай, кыргыздын чыныгы мекенчил уул-кыздарын эл элегинен өткөзүп, алардын мыктыларын тандадык. 2012-жылы да биз күткөн жылыштар болгон жок. Кайсы тармакты албайлы, итке минген көрүнүш доор сүрүүдө. Ошентсе да, бизди сүйүнткөн жагдай - элибизде чынчылдыкты, мекенчилдикти, адилеттүүлүктү баарынан өйдө койгон адамдар жок эмес экен. Канчалаган коомдук-саясий, маданий процесстер баштан өтпөсүн, ар дайым эл тарапта болуп, чындыкты көзгө сайып көргөзгөн атуулдардын табылып тургандыгы эртеңки күнгө үмүт берет. Мындай патриоттор турганда Кыргызстан сөзсүз өнүгөт, алдыңкы катардагы мамлекеттердин катарына кошулат. Өткөн саныбызда биз "Жыл адамы" катары "Кумтөрдөгү" чындыкты ачыкка чыгаруу аракети үчүн саясий туткун болуп түрмөдө олтурган Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровду тапкандыгыбызды коомчулукка билдиргенбиз. Эми болсо, биздин окурмандар тандаган "Жыл мыктыларын" тааныштырабыз...


Жылдын патриоту,
мыкты мекенчил инсаны -
Камчыбек Ташиев
Ачыгын айтканда, "Ата-Журт" партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиевдей бийликке сүр көрсөтүп, элдин эзилип жатканын ачык айткан бир да саясатчы болгон жок. Бала бакчадан баштап мектептерге чейин таркатылып кеткен ууланган көмүр маселесин, элдин социалдык турмушуна жумшала турган бюджеттик каражаттардын өкмөт тарабынан банктарга берилип айлантылганын, былтыркы кышкы сезондун үзгүлтүккө учурагандыгын, жутчулукту, Бабановдун жеке кызыкчылык үчүн иштеп жаткандыгын, жаратылыш кендеринин четинен кертилип, кыргызга эмес, чет элге пайда берип турганын, жалпылап алганда, жалпы элди аңга сүйрөгөн бийликтин бети жоктугун дал ушул Ташиев көтөрбөгөндө, башкасы дале унчукпай олтура бермек. Анын мындан тышкары 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынын чыныгы күнөөкөрлөрүн жазалоо талабы да аткарылган жок. Ташиев тээ ала жазда эле оппозициянын башын бириктирип, түштүктө жүз миңдеген адамдардын катышуусунда үлкөн митингдерди өткөзгөн. Дүлөй бийликтин арам иш-аракетин парламенттин трибунасынан да далай ирет айтып чыкты. 3-октябрда да митинг учурунда Ташиев бийликтин көңүлүн буруу максатында кыйла кеп айтты. Акыры бийликтин биротоло сокур, дүлөй болуп кеткенине көзү жеткен окшойт, эми эл аралык коомчулуктун көңүлүн дал ушул коррупциянын башаты "Кумтөргө" буруу максатында Ак үйгө жакындап барды. Ал жерде да элге каршы көздөн жаш чыгарган газ, резина ок колдонгон укук коргоо кызматкерлерине жаны кашайып, темир тосмодон ашып түшүп, аларды токтотуу камында болду. Чынын эр жүрөк адам гана элин ушундай коргойт. Жыйынтыгында Ташиевдин бул аракетин "бийликти басып алуу" катары сыпатташып, түрмөгө тыгышты. Ал эми эл аралык коомчулук болсо, Ташиевди Атамбаевдин бирден-бир каршылашы катары билгендиктен, аны саясий туткун катары кабылдап жатышат.
Ташиевдин артында калдайган колдоочусу бар. Алар чындап кыжырданса, бийликти эч нерсе сактап кала алмак эмес. Ошондо да Ташиев элин сүйгөн патриот экенин көрсөтүп, абакта жаткан жеринен элине улам-улам кайрылып жатып, митингдердин толкунун токтотту. Президенттик шайлоодон кийинки күндөрү да Ташиев селдей болуп каптаганы турган элди ынтымакка, тынрчтыкка чакырып, бийликти сактап калган болчу. Ушундай боорукердигине бийлик татыктуу жооп бербестен, дале абактан чыгаргысы келбей, ал аз келгенсип, ар кандай сасык оюндарды уюштуруп, биротоло саясаттан четтетүүнү көздөөдө. Эртедир-кеч чындык орнойт. Камчыбек Ташиевдей эр азаматтардын да элине жакындан кызмат кыла турган күнү келет. Ал күндөр алыс эмес.. Сизге сабырдуулукту, бекем ден-соолукту, кажыбас кайратты, болоттой курчтукту тилейбиз, Камчыбек Кыдыршаевич!

















??.??