Ташиев мекенчил болгону үчүн күнөөлүү эмес

"Баатырды тарых жасайт", же анын бактысына саясий жана тарыхый кырдаал шарт түзүп берет. Ал эми тарыхый кырдаалдын же саясий шарттын өзгөрүшү элдин турмушуна байланыштуу болот. Муну буга чейинки эки президенттин турмушу, башкаруу системасы ачык көргөзүп кетти. Биз чынында элдик лидерди, мекенчил азаматты тилекке каршы салыштыруу түрүндө сырттан издеп, ошолорго жараша чен өлчөмүн бычып, чечебиз. Жеке пикиримде бул анчейин ийгиликсиз аяктай турган жосун. Анткени ар бир элдин менталитети, жашоо өзгөчөлүгү, географиялык жактан жайгашкан аймагындагы айырмачылыктар бир топ айырмаланып турат.

Биз Азиялык мамлекет болгонубуз менен көп жагынан көчмөндөр менталитетин карманып, элибиз ачык айкын жана кырдаалга жараша тез өзгөрүлмө мүнөзгө ээ. Ошондуктан айрым учурда биз жаныбызда турган мекенчил азаматтарыбызды учурунда байкабай калып жатабыз. Баатыр, чыныгы элин сүйгөн азаматты жалпы эл өстүрүп чыгат, даярдайт. Ага болсо тарыхый кырдаал шарт түзүп берет. Мен учурда саясий куугунтук жеп, эли, жери, мамлекеттин байлыгы үчүн күрөшүп келген, бир ууч коррупционерлердин, жыйырма жылдан бери өлкөнү каалагандай тоноп келген алакандай уурулар тобунун курмандыгы болуп, эки айдан бери абакта жаткан элдин сүймөнчүлүк уулу Камчыбек Кыдыршаевич жөнүндө жазаардан мурда анын тарыхына токтолуп кетким келет.
Бараандай партиянын бакыйган лидери саясатка башка итий чиновниктердей болуп мамлекетти талап-тоноп, жеп, элдин ырыскысы менен келечек наристелердин дасмиясына кол салбай туруп пакиза келген таза муундун алдынкы сабындагы азамат. Ал тургай ата-энеси да мамлекетти талап-тоногондордун катарына кирбейт. Карапайым гана элеттик адамдар. Өз күчү менен өз киндигин өзү кесип, таман акы маңдай тери менен тапкан адал эмгегин эли жери менен бөлүшүп келе жатат. Башкаларга окшоп тапкан акчасын Түркияга, Орусияга чыгарып кеткен жок. Он сом тапса тогуз сомун элине берип, калганына топук кылган карапайым, бирок чыныгы азамат. Минтип айтканга да толук негиз бар. Мен билгенден Камчыбек Кыдыршаевич бала күнүнөн бери улуттун саламаттыгын ойлоп, мектептердин спорт залдарын оңдотуп, дене тарбия үчүн өтө керектүү жабдыктар менен жабдып келет. Бул балким кимдир бирөө үчүн анчалык бааланбаган менен, түбүнө үңүлө келсек бул көрүнүш жалпы улуттун генефонду үчүн көрүлгөн камкордук.
Өз мекенинин чыныгы атуулу катары Ташиев мырза депутат болуп келгенде тааныла алды. 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишкен бул эл өкүлүнүн ошол учурда парламенттин трибунасында айткан жалындуу сөздөрү, таймангыс позициясы көпчүлүктүн эсинде. Ушундан улам ал кездеги бийлик бул эл өкүлүн аткаруу бийлигине тартканга аргасыз болгон. Өлкөнүн эң талылуу, анан калса тынчы жок мекемеси аталган Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чакырганы эсибизде. Бул министрликти көп саясатчылар жетектеди, бирок бири да Ташиевдей кызмат кылгандары эсибизде жок. 2007-2009-жылдары өлкөнүн түштүгүндө болуп кетүүчү табыгый кырсыктардын алдын алууда бул министрликтин тарыхындагыдай эч бир жетекчи иш алып бара алган жок. Дамбаларды убагында куруп, тазалоо иштерин өз учурунда жүргүзүп жатты. Ошол учурдагы табият кырсыгынан жапа чеккен Алайдын Нура айылындагы апаат күндөрдө жана Аксы районундагы жер көчкүнүн астында калган бир канча мекендештерибиздин жакындарына биринчи болуп жардам көргөзгөн жалгыз ушул Ташиев болгон. Бул анын функционалдык милдети, бирок, министр эмес жөн гана карапайым Кыргызстандын катардагы жараны катары алгачкылардан болуп барып, колуна күрөк алып куткаруу иштерине киришкендиги - ал жердеги жергиликтүү калкты эле эмес, кырсыкка тартылган жоокерлерди да таң калтырган. Буйрукка көнүп калган жоокерлер кадимкидей эрээркеп, Ташиев мырзанын мындай жигиттик кадамына шерденишип азыркыга чейин аңыз кылып айтып жүрүшөт. Жумалап бутундагы өтүгүн чечпей, жоокерлер менен кошо тамактанып, каза болгондордун тажиясын уюштуруп жатышы ал учурда кырсыктан жабыркагандар үчүн өтө чоң моралдык жардам болгон. Андан тышкары кыштын ызгаарында үйсүз калган Нура элин тез аранын ичинде үйлүү кылганы да өзүнчө кеп. Ушул жерден бир нерсени айта кетпесек болбос. Саясий салмагы өзгөчө өсүп баратканын байкаган ал кездеги өкмөт башчысы Данияр Үсөновгө анчалык жага бербей кайсы бир өкмөттүк жыйында Ташиев мырзаны далили жок жөөлөп калат. Кызматтан да адамкерчилик, жигиттик сапат алдыда тураарын биздин жаңы тарыхта биринчи жолу далилдеп Камчыбек Кыдыршаевич өкмөттүк жыйындын эшигин тарс жаап чыгып кеткен. Балким башка бир чиновник болгондо "Кызмат этикасы" деген каргыны шылтоолоп момурайып отуруп бермек. Бул киши антпеди. Өзүнүн намысын, эл алдында кылган кызматын Үсөновдун астында тебелеткиси келген жок. Мына кыргыздын нукура жигити, азаматы. Болбосо ушуга чейин мындай кадамга барган бирөөнү айтып бергилечи?
Бийлик кулады, кетти. Орто жолдон саясий интригандар от чыгарып, өлкөнүн түштүгүндө калабалуу оюн чыгарышып, бир канча жүздөгөн адамдардын канына забын болшту. Ошту кара түтүн чулгады. Интригандардын оюунунан өзбек, кыргыз дебей кан жутуп, ар бир үй-бүлө кара кийип калды. Мына ушул жерден да Камчыбек Ташиев биринчи болуп Ош менен Жалал-Абадка барып, элдин алдына чеп болуп берди. Урушкан тараптарды ынтымакка чакырып, жаңжал чыгаргандардын катыгын берип, өзбек-кыргыз дебей баарына адил мамиле кылганы мактоодон башкага татыбайт. Көпчүлүк учурда бул саясатчыны улутчул дешет. Мен аны улутчул эмес, МЕКЕНчил деп айтат элем. Эгерде мекенчил болбосо кыжыры кайнаган кыргыз жаштарынын колуна түшүп калган кырчындай өзбек кызынын бир тал чачын жерге түшүрбөй, каршылашкан тарапка алып барып бербейт эле. Эгер ал мекенчил болбосо Жалал-Абад шаары да Ош сыяктуу канга чыланып калмак. Эгер ал мекенчил болбосо өзбек-кыргыз дебей энелердин ар бир майрамында аларга белегин бермек эмес. Эгер ал мекенчил болбосо "Кумтөр" маселесин козгоп бүгүн минтип түрмөдө жатмак эмес. Кайсы саясатчы энелердин майрамын уюштуруп, карайлаган карапайым адамдарга жакындан жардамын көргөзүп жатыптыр? Бул чоң суроо.
Ташиевдин мекенчилдиги парламенттик шайлоодо ачык бааланып, эйфорияда жүргөн партиялардан озуп "Ата Журт" алдыга келди. Муну карт саясатчы Өмүрбек Текебаев ачык моюндап, биринчи болуп Камчыбек Кыдыршаевичти куттуктады. Мындайча айтканда Ташиевден саясат майданында жеңилип калганын Текебаев моюндады. Биринчи коалициялык келишим түзүлгөндөн кийин да ал кездеги өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов арабаны тарта албасын ачык айтып, ал тургай президент Атамбаевге да далай жолу өзүнө эскерткен. "Көсөөнүн акылы түштөн кийин" болуп "Ар Намыс", "Ата Мекен" ал тургай Атамбаев да поезд өтүп кеткенден кийин "Бабанов пара алыптыр, иштей алган жок" дешип отставкага кетиришти. Демек бул деген Ташиев мырзанын азыркы саясатчылар арасында эң көрөгөч, стратег экенин далилдеп отурат. Саясатчы катары бышканын, керек болсо өлкөнүн жүгүн тартып кете ала турган дарамети бар экенинин белгиси.
Дагы бир саясатчы катары көрөгөчтүгүн айта кетпесек болбос. Ажолук ат салышка түшүп, жеңишке жетчү добуштарын мамлекеттик машинеге алдырып жиберсе да саясий амбициясын тыя билип, элдин бейпилдигин, өлкөнүн бүтүндүгүн башкы максат кылып койду. Болбосо Ош-Бишкек жолун буудурганга, он миңдеген адамды Ала Тоо аянтына алып чыкканга анын да күчү жетмек... Ушуну сезген азыркы ажо Атамбаев бирден-бир саясий оппоненти катары азыр Ташиевди каматып отурат же колтугуна суу бүрккөн Текебаев сыяктуу интригандардын акылы менен саясий кырдаалды курчутууда. Азыр белгилүү болгондой УКМКнын убактылуу кармалуучу жайына ат тезегин кургатпай барган Текебаев сыяктуулар ажого бирди айтып, Ташиевге башканы айтып эки ортодо саясатчыларды кагыштырып жатат. Муну биз эмес депутат Жылдыз Жолдошева ачыкка чыгарды. Ал эми бүгүнкү күнү УКМКда жатканга Ташиевге эч кандай күнөө жок. Анткени жыйырма жылдан бери сүлүк курттай экономиканы соруп келген бир ууч чиновниктердин бет пардасын сыйырып, табиятыбызды талкалаганы аз келгенсип, өлкөнүн экономикалык кыр аркасы болгон "Кумтөрдү" кайра мамлекетке кайтаралы дегени үчүн күнөөлү болсо, анда ушул талапты колдогон жалпы Ысык Көл элин кошо камаш керек. Эгер эле Ташиевди Атамбаев биринчи атаандашы, Бакиевдердин жердеши катары каматып жатса анда Текебаев баштаган бүтүндөй жалпы Жалал-Абад элин камап салсын. Ошондо "адилетүүлүк" болот.
Сөзүмдүн акырында айтаарым: баатырды, мекенчил азаматты тарыхый жана саясий кырдаал жасаарын макала башында учкай кеп кылдык. Ал эми кыргы элибиз өзү асырап, бапестей албай жаткан мекенчил инсан, элинин чыныгы патриоту минтип абакта отурат...

Чынгыз Өмүров