Эски жараатты чукуп...
Батыров-Шарипов тандеми ачыкка чыкты. Эмнени күтөбүз?

Башкасын билбейм, бирок, жеке мен Кыргызстандан чыккан туңгуч космонавт катары Салижан Шариповду аябай сыйлачумун. Өз элине күйүп-бышып, оор күн түшкөндө келе калып, жакын болгонун көрбөсөм деле, аны Кыргызстандын патриоту саначумун. Бирок, канчалаган адамдардын башын жуткан Ош окуясынын негизги уюштуруучусу саналган өзбек сепаратисти Кадыржан Батыровду актаган маегин уккандан кийин, ага болгон сый-урматым ошол замат өчтү.

"Азаттык" үналгысына берген маегинде С.Шарипов: "Кадыржан Батыров менин досум. Жакын мамиледебиз. Июнь окуясы болгон учурда ал Кыргызстанда эмес болчу. Май айынын башында чет өлкөгө кеткен эле. Анын окуяга тиешеси жок деп эсептейм. Ушул темада сүйлөшпөй эле коёлучу,"- дептир. Андан кийин кабарчынын "Орусияда кыргызстандык өзбектердин башын бириктирген уюм ачылып, ага Батыров президент болгону, сиз ардактуу президент болуп дайындалганыңыз тууралуу да маалыматтар тараган. Бул канчалык чын же төгүн?" - деген суроосуна болсо, "Жалган. Менин ардактуу президент болгонум, ал уюмду Батыров жетектеп жатканы чындыкка дал келбейт. Мен "Орусия менен Кыргызстандын достугу" коомунун негиздөөчүлөрүнүн биримин",- дептир.
Салижан мырза өзү туулуп-өскөн Өзгөнгө эмгек өргүүсүнө келгенин айткан менен, маегинен улам, эл кадырлаган эл баатыры өзүнүн досун актоо үчүн келгендей эле туюлуп кетти. Досу Кадыржанды канчалык актабасын, анын бузукулук ишмердүүлүгүн жалпы журт мыкты билет. "Ата-Мекен" партиясы менен кошулуп Бакиевдин үйүн өрттөгөнү, ата турагын кадырлаган кыргыздын канын бул жагдай аябай кайнатканын кантип Салижан билбей калды экен? Же болбосо 2010-жылдын июнь окуясына чейин, айрыкча май айында Кадыржан Батыровдун чоң митингдерди өткөзүп, "биз ушунча жыл күтө берип тажадык, аракетке өтөлү, биздин саат келди",- деген мазмундагы чакырыктарды айтып, улутташтарынын сезими менен ойногону ар бирибиздин эсибизде турат. Ош окуясы башталаарда чоң өлчөмдөгү каражаттарды дос-туугандары аркылуу таркатканы да тергөө иштеринде далилин тапкан. Салижан "баатыр" ошонун баарын мыкты билет! Ош окуясы башталганга чейин бузуку ишин жүргүзүп, андан соң окуя күч алганда гана качып чыкканын да бул "баатырга" эскертип койсок ашыча болбос.
Же Салижан мырзанын башка билгени барбы? Досун актап, аны Кыргызстанга алып келип, бир балээни баштагысы барбы? Деги бул тандемдин эмне "мандеми" бар? Ачыгын айтыңызчы, космонавт Шарипов!

Кыялбек Бакбергенов,
Ош шаары




Ж.Жолдошевага катуу таарынган Ж.Сатыбалдиев

Кечээ Жогорку Кеңештин оппозициялык азчылык коалициясынын жыйыны болуп, анын жүрүшүндө кө-өп кызыктар болду. Биз анын бирине гана токтоло туралы...

Жыйын жүрүшүндө "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева Бажы кызматында коррупция абдан гүлдөп жаткандыгын дагы бир ирет кайталады. "Мен парламенттин өткөн жыйынында бул маселени көтөрсөм эч кимиңер көңүл бурбай койдуңар. Ошондуктан, дагы кайталап коёюн: Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов Орусияга качып кеткенге даярданып жүрөт. Ал башкарган мекеме азыр коррупцияга батып калган. Эртең Кулматов качып кетсе, Акаев менен Бакиевге окшоп алып келе албай калабыз. Ошондуктан азыр чара көрүш керек", - деди депутат айым.
Буга өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин ачуусу келип, Кулматовду өз баласындай коргоп, "Сиз экинчи жолу Кулматовду коррупционер деп жатасыз. Бул боюнча сизде фактылар болсо бизге бериңиз, ошого карап чара колдонолу", - деди. Залда олтурган адамга Сатыбалдиевдин Бажы кызматынын жетекчисине айтылган адилет сынга эмнеге мынча териккени табышмак бойдон калды. Чынында бажыда коррупция көп экени бешиктеги балага деле дайын. Кулматовдун орус жарандыгын алып жүргөнү да көп айтылды. Башбакан буга теригип, аны колдогондун ордуна Бажы кызматын мыктылап текшерип алса болмок. Болбосо, эл да, "аа, Сатыбалдиев да бирдеңке алат окшойт",- деп, шекшинип калышы ыктымал.

П.Дайыров




Мезгил

Кыргыз бийлиги жогорку кызматтагы чиновниктер менен оппозиция лидерлерин камап, "коррупцияга каршы күрөштүк".- деп канчалык каттуу кыйкырган сайын өлкөбүз күн өткөн сайын коррупциянын сазына батууда. Эл депутаты Равшан Жээнбеков мындай пикирин кадыр-барктуу эл аралык "Трансперенси Интернешнл" уюмунун отчетуна байланыштуу билдирди.

Депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, кайсы бир жогорку кызматтагы чиновникти сот жообуна тартуу өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин төмөндөтпөйт: "Ал тургай бийликтин бул ыкмасы көрсөтмөлүү-жазалоочу мүнөзгө айланууда. Ошол эле учурда бийлик өздөрүнө жакын же кошомат кылган депутаттардын талап-тоноочулугун жаап-жашырып коюшу элдин кыжырын бир кайнатса, К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов сыяктуу элдин таламын талашып чыккан депутаттарды болор-болбос шылтоо менен камап коюшу керек болсо куугунтуктоо болууда. Бийликтин мындай адилетсиздигинен көңүлү үч көчкөн журттай калган эл 25-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоого да катышпай койду. Коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү үчүн өлкөдө тиешелүү шарт, чөйрө болуш керек. Адамдар пара албай турган система керек. Мындан тышкары сөз эркиндиги орноп, маяна көтөрүлүүгө тийиш. Ал эми камакка алуу - бул арга кеткендеги чара",- дейт Р. Жээнбеков.
Эске салсак, "Трансперенси Интернешнл" уюму дүйнөдөгү 176 мамлекеттин ичинен коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 154-орунду ээлегенин жар салган. Белгилей кетүүчү жагдай, аталган тизмеде эң коррупциялашкан мамлекет арткы тизмеден эсептелет. Өткөн жылдагы көрсөткүчкө караганда он тепкич алга жылыптырбыз. Демек, Отунбаева, андан соң Атамбаевдин кылмыштуулукту жойдук, коррупцияны ооздуктадык деген акциясы орусча айтканда "для галочки" эле жасалып, өз натыйжасын бербей жатат. Анан кантип коррупцияга белчесинен баткан, морадёрлордун өлкөсүнө инвесторлор менен туристтер келсин? Бюджеттин болуп көрбөгөндөй тартыштыкка кабылышынын түпкү себеби ушул жагдай болуп жүрбөсүн?
"Трансперенси Интернешнл" уюмунун Кыргызстандагы өкүлү К. Шаршенбаевдин айтуусунда, коррупциянын деңгээли ишенимдүү үч булактын эсеби боюнча түзүлүп, алар 0дөн 100гө чейинки балл беришет. Ал эми Кыргызстанга болгону 24 балл берилген. Ал эми корруция менен кармалган чиновниктердин кармалышы өлкөдөгү жалпы абалды өзгөртө албагандыктан, жогорку балл алууга таасир тийгизген эмес. Андыктан бүгүнкү бийлик оппозиция лидерлерин камоо же коррупцияга жерине, саясый көз карашына карап иш жүргүзбөстөн, системалуу күрөш жарыялоосу зарыл.
"Инновациялык чечимдер" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Гүлнара Ибраева коррупцияга каршы күрөш тууралуу куру кыйкырыктан тышкары реалдуу саясат да болуш керектигин белгилеп, биздин өлкөдө коррупция кадыресе көрүнүшкө айланып калгандыгын кошумчалады. "Маселе жогору жактагылардын акча талап кылгандыгында эмес. Маселе өтө тереңдеп кеткен. Ар ким акча алууга даяр. Себеби бийликтин табияты ошондой болуп калган. Жарандардын мамлекеттик кызматтарды колдонууга мыйзамдуу укугу болмоюнча, коррупция баардык деңгээлде гүлдөй берет",- деп эсептейт эксперт.
Эсеп палатасынын төрагасы Элмира Ибраимованын айтуусунда, 2012-жылы министрлик, ведомство жана башка бюджеттик мекемелерди 1,6 миң текшерүү болгон. "Мамлекеттик органдарды текшерүүнүн жыйынтыгында 1 миң 273 тартип бузуу болуп, жалпы келтирилген чыгым 1 млрд 27,3 млн сомду түзгөн. Уурдоо жана акчаны максатсыз пайдалануу 184 млн. сомду, негизсиз маяна төлөө - 76 млн сомду, материалдык баалуулуктарды жокко чыгаруу - 97 млн сомду, ал эми курулуш иштеринин баасын жогорулатуу 66 млн. сомду түзгөн. Жалпысынан 676 млн. сомго 206 кылмыш иши козголгон. Алар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген", - деди ал. Бирок Г.Ибраеванын пикиринде Эсеп палатасынын бул эсеби реалдуу картинадан алда канча төмөн. Иш жүзүндөгү абал мындан да опурталдуу. Демек, Кыргызстанда бир кездеги премьер-министр Турсунбек Чыңгышев таамай айткандай "Келесоолор менен жалкоолор гана уурдабайт".
Баарынан да карышкыр кой кайтаргандай, коррупция жана кылмыштуулукка каршы күрөшөт деп ишенич артылган милиция, сот, прокуратура жана коопсуздук кызматкерлеринин өздөрүнүн кылмышкер жана коррупционер экендиги парадокс. Айрыкча 2010-жылдын апрель төңкөрүшүнөн кийин айрым криминал өкүлдөрү менен кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар бул укук коргоо тармактарына аралашып, ал тургай жетекчи кызматка дайындалышы бүгүнкү бийликтин өзү таза эместигин кашкайта далилдеп турат. Тилекке каршы биз азырынча алардын аты-жөнүн ачык атай албайбыз. Бирок алардын ким экендигин карапайым калк жакшы билет...

Ж. Жамгырчиев
(Теманын уландысы 6-бетте)