"Так текени" кайра жараткан Нурак Абдырахманов
Кыргыздын рух дүйнөсүнө бараандуу салым кошуп, элибиздин ыйык кадырлоосуна ээ болуп келаткан залкар комузчу Нурак Абдрахманов атабызды ким билбейт. Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында 65 жашка чыкты. Санаса беш манжа жумулбаган күүчүлөрдүн сейрек экендигине карабай, мезгилдин күрөө тамырын муза менен кармай билген бул залкар таланттын чыгармачылык юбилейин мамлекеттик деңгээлде уюштуруп өткөрүп коюу кыргыз азаматтарынын парзы эле, тилекке каршы андай колдоо да болбой келет. Бирок, "эл, журт бар",- дегендей, мындай талантты колдой турган да инсандар жок эмес экен. 22-декабрда "Айгине" маданий изилдөө борборунун уюштуруусу менен Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда чыгармачылык кечеси өткөрүлгөнү турат.

Бул залкар таланттын өткөн өмүрүнө бир аз көз чаптырып көрсөк, айтылуу Ак-Талаанын кулуну Нурак Абдрахманов 1947-жылы жарык дүйнөгө келген. Атасы Абдрахмандын таасири менен 6 жаш курагында комуз чертип баштап, Тоголок Молдо айылында, кийинчерээк Ак-Талаа аймагында "бала комузчу" деп атала баштайт. Себеби, 12 жаш курагында айылдык комузчулардын черткен күүлөрүнөн сырткары Карамолдо, Ыбырай, Атай, Токтогул сыяктуу алп комузчулардын патефонго жазылган 40 тан ашык күүлөрүн үйрөнүп, ар кандай концерт-салтанаттарда, сахналарда аткара билген.
1962-жылы 15 жаш курагынан баштап кароо-сынактарга катышып ийгиликтерге жетише баштайт. 1964-1967-жылдары орто мектепти бүтүргөндөн кийин Токмоктогу Маданий агартуу окуу жайында окуган. Эмгек жолун өз айылындагы клубдун башчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1972-жылы Ак-Талаа райондук маданият үйүнө башчылыкка чакырылып, 1974-жылга чейин иштейт. Ал жылдарда маданият үйүнүн алдында комузчулар ансамблин, драмалык коллектив, хор коллективи жана эстрадалык ансамблди камтыган "Шаттык" аттуу өздүк көркөм чыгармачылык ийримин түзүп, тез эле "Сайра комуз", "Тогуз кайрык", "Эл чыгармачылыгы" сыяктуу телесынактарга катышып, республикалык деңгээлде дайыма биринчи орундарды жеңип алып турган эле.
1974-жылдан баштап Ак-Талаа райондук балдар музыкалык мектебине мугалимдик, кийинки жылы директорлук кызматка дайындалат. Ал учурда өзүнүн чыгармачылыгында да олутттуу өсүштөр болуп, комузчулук өнөрүндө күү жаратуу жагына ык кое баштайт. Алгач " Кулунчак", "Ата мурасы" аттуу күүлөрүн жараткан.
Ага катар "Соң-Көл", "Улуу тоолор" деген күүлөрүн жаратып, күүчүлүк өнөгө ишенимдүү кадам таштайт. Нурак Абдрахманов бул күүлөрдү 32 жаш курагынан баштап чыгарып баштаса да, күүлөрүндө абдан олуттуулук, тереңдик байкалат. "Соң - Көл" аттуу күүсүн укканда чынында эле жайкалып жаткан Соң-Көл жайлоосу, тоолор курчап, чөйчөктөгү суудай кылкылдап турган көл көз алдыга элестейт. Толкундун жээкке шарп этип урунганын да кулагына сиңирген талант дал өзүндөй комуздан шарпылдаган суунун үнүн чыгарууга жетишкен. Бирде толкуп, бирде тынчып калган көлдүн кыялы, комузда көркөм иштелип чыкканын туясың.
Комузчулук, күүчүлүк өнөрү менен Нурак Абдрахманов Кыргызстандын көптөгөн аймактарында маданият тармагында иштеп, элге эмгеги сиңгенин тана албастырбыз. 1992-жылы "Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артист" деген наам берилди.
2001-жылы Самаркант шаарында ЮНЕСКО тарабынан уюшулган Салттуу ырлардын (Шарк Тароналар) эл аралык конкурсуна катышып, атайын байгесин жеңип "Салттуу музыканын устаты" деген сертификатын алган.Кыргыз элдик музыка казынасына күү багытында эң чоң эмгек сиңиргендиги музыка билермандары тарабынан жана эл ичинде өтө жогору бааланып келе жатат. 1979-жылдан баштап чыгарган "Улуу тоолор", "Ата мурасы", "Соң-Көл" баштаган 14 күүсү кыргыз музыка казынасын толуктады.
Нурак Абдрахмановду кыргыз журтчулугунан дагы чет өлкөлүк маданиятты сүйгөн инсандар теренден баалап билишет. Япония, Франция, Чехия, АКШда альбомдору чыгарылып, дүйнө элдерине уктурулуп келе жатат. Анын көптөгөн чыгармалары менен катар темир комуз үчүн чыгарылган "Жибек жол" деген күүсү чет элдик сахналарда өтө кызыгуу менен кабыл алынууда. Ага катар "Так теке" өнөрчүлүгүн дагы өзгөчө деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазалап келе жатат.
Кыргыз элинин комузчулук өнөрдүн дагы да тереңдеп, келечекке сакталып калышына Нурак Абдрахмановдун зор салым кошту. Ал - Эн Белги комуз үйрөтүү ыкмасы. Буга 1974-жылы музыкалык мектепке мугалимдик кесипке которулуусу себеп болгон. Анткени салттуу болуп эсептелген европалык кадимки нота комуз үйрөнүүдө ыңгайсыз болгондуктан өзүнчө нота жазуу ыкмасын ойлоп тапкан. Ошол "эн белгилер" аркылуу нота жазуу ыкмасы бүгүнкү комуз үйрөнүүчүлөр тарабынан өтө жогору баалангандыктан китеп болуп жарык көргөң. "Айгине" маданий изилдөө борбору менен биргеликте мына ушул комуз үйрөнүүнүн оңой жолун коомчулукка жайылтуу максатында Кыргызстандын төрт тарабынан музыка мугалимдерин чогултуп, эки жылдан бери семинар өткөрүшүп сертификаттарын, ыйгарып келишет.
Нурак Абдрахманов комуздун добушун жакшыртуунун үстүндө 30 жылдан ашуун убакыт талыкпай изденип келе жатат. Музыкалык багыттан сырткары тарых менен алектенип, көп жылдык изилдөөлөрдөн соң "Улуу баян" аттуу 600 беттик тарыхый эссе китеби 2007-жылы жарыкка чыккан.
Азыр да Нурак Абдрахмановдун чыгармачылыгы оргуштап, баралына келип турган учуру. Ал чыгарган жана аткарган күүлөрү менен мааниси терең обондуу ырлары музыка дүйнөсүнүн төрүнөн түбөлүктүү орун алат деген ишеничтебиз.
Анда сөз кезегин Нурак агайдын өзүнө берсек:
- Агай, сиз так теке ойнотуп жүрөсүз. Аны өзүңүз жасайсызбы, анан да кантип ойноп калдыныз, ошол тууралуу айтып берсеңиз?
- Ой анын убарасы көп, жомогу да көп. Ал убакта, 2000-жылдары Роза Отунбаева Англияда элчи болчу. Анан ал киши фестивалчы теңтушуна "Бизде ушундай "так теке" деген бар, куурчак театрынын чоң атасы" деп мактанып коюптур. Анан ал теңтушу так теке тууралуу проект жазып, Лондондун фестиваль өткөрө турган акчасын утуп алат. Анан утуп алгандан кийин, "баягы так текени алып кел",- дешет да. Анан баягы долбоор болуп жазылган так теке жок. Толтойдун так текеси сынган, өзү пенсияга чыгып кеткен. Кыргызстанда так текени жалгыз ошол эле ойнотчу да. Акча утуп алса, анан таштап койгон болбойт да. Ошентип, "Так теке тапкыла",- деп министрге, Ак үйгө телефон чалып баарын кыйнай башташат. "Колунан келсе ушул Нурактын колунан келет",- деп кеңешишет. Анан мени кыйнай башташты да. Мен болбойм. "Койчу эми, ошол баланын оюнчугун жасап жүрмөк белем" деп. Аны деген аталарыбыз балдарды алаксытыш үчүн ойнотушчу да. Баланын оюнчугун Лондонго көтөрүп барып жиндиминби деп жүрөймүнбү.
- Кичине балдарды алаксытуу үчүн колдонулса, анда илгери так теке көп беле?
- Ой, илгери салттуулук жоголо элек кезде ар бир элден үчтөн, төрттөн так текечи келчү да. Так теке менен балдарын ойнотуп жүргөн аксакалдар көп болчу. Алардын баарынын көзү өтүп кеткен, анан так текелерин отко жагып жоготушту да.
- Анан так текени өзүңүз жасадыңызбы?
- Ооба, анда филармонияда иштечүмүн, "эки ай отпуске бергиле",- дедим. "Болуптур",- деп баарына кайыл болушту. Анан эки ай чарбачылыгымды жасап, ара чолодо так текени кармалап коем. Устаканамда комуз чаап, узанып жүргөн Алмазбек деген балам бар. Ошол экөөлөп жасадык. Ушунча болгондон кийин кызыктуурак болсун деп, эчкилерди өзүнчө ойнотуп, андан кийин бир теке секирип чыгат, андан кийин экинчи теке чыкканда экөө келип сүзүшө турган кылып жасап койдук. Анан аны Лондонго Камбаркандын төрт-беш музыканттары менен кошо көтөрүп алып жөнөдүк. Лондондогу бир чиркөөдө өнөрлөрүбүздү көрсөтүп жатабыз, анан так текени көтөрүп алып чыктым. Алгач эчкилер секирип чыкканда эле дуулдап башташты. Алар кичине балдардан өтөт экен да (күлүп). Анан бир теке секирип чыкканда кыйкыра башташты, экинчиси чыкканда дуулдап жиберишти. Анан экөө сүзүшкөндө тура калып кол чабышса боло (каткырып). "Аай, ата! Кыргыздын кичине балдарынан да жаман турбайбы булар" деп анан күлүп боорум жок. Ошондон кийин булар так текени абдан жактырышат турбайбы деп, кайсы чет өлкөгө барбайын көтөрүп барып калдым. Чикагого чакырганда да ала баргам. Анан ал жактан так текени эң акыркы номерде аткардым. Текелерди тарсылдатып сүзүштүргөндө, жарым саат кетирбей туруп алып кол чаап турушту.
- Азыркы мезгилде биз билгенден сиз эле ойнотосуз так текени?
- Жок, жасатып кетип жатышат. Анан бир шакиртим бар. Ошол ойнотот. Өзгөчө "так текенизди сатыңыз",- деп казактар көп асылды. Бир жолу казактар келип, "сыйыр беребиз, сатыңыз",- дегенинен, макул болуп койгом. Анан Камбаркандын балдарына "Ушинтип так текени казактарга бир сыйырга сата турган болдум" деп кеп кылып койсом, алар тикесинен тик турушту да, "Ой, казактар сатып алып, кыргыздыкы эмес казактыкы деп, патенттештирип алса, биз кур калабыз. Муну сатууга болбойт, тыюу салабыз" дешти. Ошентип казактарга калпычы болуп калдым. Аңгыча болбой бир келин телефон чалып: "Мен Кантта ийрим жетектейм, так текеңизди телевизордон көрүп калдык, анан сизге заказ берейин дегем" десе дагы макул болуп, баасын сураганынан 200 доллар болот деп койгом. Анан сатканы алып келсек эле, кыргыздан түрлөрү бөлөкчөрөөк Джип минген эки келин жүрөт. "Булар Кантта иштейби?" десек, "Алматада иштейт" дейт. "Кыргыз эмеспи?" - десем, "Казактар",- дегенде эле чалкаман кеттим. Көрсө казактар менин сатпашымды билип, кыргыздар аркылуу саттырып алганы жатышыптыр. Мен сатпайм, тыюу салышкан деп чыктым. "Ой, агатай, казак-кыргыз бир тууган гой, алыстан келсек энди" деп асыла башташты. Анан мен дагы баасын 500 жүз долларга көтөрдүм. Анан акчалары жетпей жатып, эптеп төрт жүз доллардан ашык акчага сатып кетишти. Анан алар так текени ор теке дешет. "Ор теке ойнотуу боюнча конкурс болот, 50 мин доллар сайып атат казактар, ошону утушубуз керек" дешти. Казактар ор текени домбра менен, кичинекей бир эле текени ойнотушат экен. Анан биздин сүзүшкон текелер кызык экен да. Бирок мен аларга жөнөкөй түрүн гана жасап бердим.
- Так текеңизди концерттерде да ойнотосузбу?
- Албетте, жакында 22-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда концерт бергени жатам. Ошондо сөзсүз кыргыз элине да кызык тартуулайын деп турам.

Даярдаган Кыял Тажиева