Той да болду, анын эртесинде...
Шайлоо элдин бийликке ишенбегендигин көрсөттү

25-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге болуп көрбөгөндөй рекорддук көрсөткүчтөгү талапкерлер ат салышкан менен эл аябай төмөнкү деңгээлде катышты. Жалпы республика боюнча шайлоочулардын жарымы эмес, төрттөн бир бөлүгү да катышкан жок. Ал тургай эски заманда дайыма активдүүлүгүн көрсөтүп келген Баткен облусунда беш шайлоочунун бири араң добуш берди. Мындай абал эмнени көрсөтөт?

Баарыбыздын бүйүрүбүздү кызыткан Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 370 миңге жакын адам добуш берүүгө катталса, "лидер" деген бийликтин КСДП партиясы араң эле 30 миңдин тегерегиндеги добушка жетишти. Бул КСДПга өздөрү жана катын, бала чакасы гана добуш берди дегендик. Албетте, бул эң оболу президент А.Атамбаев башында турган бийликке элдин ишенбегендигинин белгиси. Анткени бийликти күч менен, 90го жакын азаматтын каны аркылуу тартып алып, бүтүндөй түштүк аймагында улуттар аралык кагылышууга чейин жеткирип алган бүгүнкү бийликке элдин ушундай жол менен гана ишеним көрсөтпөөдөн башка аргасы калган жок. Президент Ак үйдө отуруп алып "Старик Хоттабычтай" күндө бир жомогун ойлоп таап, "2-3 жылда күчтүү мамлекетке айланабыз. Өтө таза шайлоо өттү" деген жомокторун айтып отурганда элдин турмушу күн сайын начарлоодо. Кычыраган кыш келбей жатып эле газ өчүп, свет светофорго айланды. Базарларда болсо азык-түлүктүн баасы күн сайын асмандоодо. Коррупцияга каршы күрөш да "пустышкага" айланып, акчалуулар менен жең ичинен соодалашкан министрлер кутулуп, катардагы байкуштар камалып жатат. Мындан тышкары бийликтин бул элдин башын айлантуу амалы аймактык бөлүп-жаруу, тигил же бул саясатчыдан өч алуу ыкмасына гана айланууда.
Эски бийликтин тушунда шайлоочуларга ар кандай материалдык жардамдар берилип, талапкерлер жолдорду оңдоп, көпүрөлөрдү салып жиберчү. Бирок, 25-ноябрда Бишкектин жер үйдө жашаган тургундары газсыз калды. Мындай мамиле ансыз деле кыштан "былтыркыдай үшүбөй-шишибей, эсен-аман чыгабызбы",- деп чочулап отурган элдин үмүтүн биротоло өчүрдү. Жогору жактагылар жок дегенде ошол күнү көгүлтүр отунду үзбөй берип турса болмок. Дагы жакшы, акыркы күндөрү аба ырайы жылып калды. Сыягы, бир жылдан ашык жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияда деле биздегидей каатчылык болбосо керек. Башканы кой, быйыл буудайдан өзүбүзгө керектүү норманын жарымына да жетпеген түшүм алынды. Берекелүү деген Чүйдө кургакчылык болуп, айдоо аянттары "кысыр" калды. Себеби дыйкандын мээнетинин акыбети кайтпай калгандыктан, ал жерге иштегиси келбей калды.
Бирок Атамбаев баш болуп, алдын ала эле "бийлигин тарттыргандар менен жеңилгендер, реваншисттер ар кандай митинг, пикет өткөрүшү мүмкүн" деди. Мамлекет башчысы,журт атасы деген жетекчи да ушундай мааниде сөз сүйлөйбү? Качанга чейин өзү баш болуп элди "тигил же бул" деп бөлө берет. Анын бул сөзүн бала-вице-премьер-министр Т.Сарпашев да коштоп жүрөт. Ушул "азамат" оппозицияны оозангандын ордуна кошуналар менен сүйлөшүп газ көйгөйүн чечпейби? Же анын башка кылар жумушу жокпу? Өткөндө Алматыга барып, Казакстан, Өзбекстандын энергетика тармагынын жетекчилери менен Нарын дарыясынын боюна Россия менен биргелешип ГЭСтерди куруу боюнча жыйын өткөрдү эле, андан майнап жок. Кала берсе казактарга сүттү да сата албай отурат.
Бийликтин КСДП жана башка бийликчил партиялары шайлоо алдында Бишкектин көчөлөрүнө көрнөк-жарнактарын илип, мылжыйган сүрөттөрүн чаптаган менен кайра шайлоочулардын кыжырын кайнатты. Мындай элдин үчтөн биринин да ишенимине ээ болбогон бийлик тез арада өзү билип эле отставкага кетүүгө тийиш. Ансыз элдин нааразычылыгы күчөй берет...

Ж. Жамгырчиев




Элдик трибуна
Улукбек Маматаев, "Ак-Калпак" саясий партиясынын лидери:
"биздин коомдо мыйзам жашабай калган"
- Улукбек мырза, коомчулук бийликке бир канча талап менен кайрылууда. Анын эн башкысы - Баш мыйзамды өзгөртүү болуп саналат. Буга кандай пикирдесиз?
- "Калк айтса, калп айтпайт",- дегендей, элдин бийликке койгон бул талабынын чындыгы бар. Себеби, бул Баш мыйзамдын кабыл алынганына бир топ убакыт өтсө да, жакшы жакка карай өзгөрүүлөр байкалган жок. Тескерисинче, парламенттик система бизге анархиядан башканы берген жок. Башаламадык өкүм сүрүүдө. Эч кимде жоопкерчилик жок. Атамбаевдин, андан кийин Бабановдун өкмөтү иши тууралуу отчет бербей качып кетти. Азыркы өкмөт да "соодасы бүткөндө" ошол жолго түшөт го. Баш мыйзамга ылайык, парламент өз укугун толук пайдалана албай жатат. Бийликтин баары бир адамдын колуна топтолуп жатат. Баш мыйзамдын абалы ушундай болсо, калган мыйзамдар кайда барат? Өзү биздин коомдо мыйзам жашабай калган. Азыркы парламент деле канчалаган жаңы мыйзамдарды кабыл алып жатат, бирок, ошол мыйзамдардын иш жүзүндө кандай иштеп жатканын ойлонгон эч ким жок. Анан дагы депутаттарыбыздын кээ бири мыйзамдардын үтүр же чекиттин алмаштырып деле "мен мыйзам жазып койдум",- деп кыйкырып атышат. Мейли жазышабы, алмаштырышабы - бул эми ар кимдин өз эрки го, бирок кагаз түрүндө калып кеткен мыйзамдар канча. Анан дагы бизде ар кимдин жазылбаган өз мыйзамы бар. Мисалы, алыс кетпей ушул эле Ак үйдү алалы, тосмосунда каза болгон адамдардын тизмеси илинип, маркумдарга коюлуучу гүл чалбарды илип коюшкан. Мыйзам боюнча бул туура эмес. Башка жактан келген коноктор эле эмес, акыл-эси соо адамга деле "Эмне, бул жер күмбөзбү" деген ой кетет. Кана, кайсыл мамлекетте тосмосуна көзү өткөн маркумдардын тизмесин жазып сүрөттүн илип коюп, а ичинде эл башкарган жогорку бийлик отурган көрүнүш кездешет. Жок. Бул биздин бийликтин алсыздыгынан, тартиптин жоктугунан кабар берет.
- 2010-жылкы бийлик алмашуудан бери Сиз эл ичинде жакшы өзгөрүүнү байкай алдыңызбы?
- Бизде эки жолу төңкөрүш болду. Мен муну уялбай эле, "төңкөрүш",- деп баса белгилеп айтам. "Эки жолу ыңкылап болду",- деп ооз көптүрүнүн кереги деле жок. Анткени революция болгондо коом өзгөрөт. Бийлик түп тамырынан бери алмашып, система өзгөрөт. А бизде эмне болду? Чын эле өзгөрдүбү? Жок. Буга баарыбыз эле күбөбүз да. Анан "революция болду" деп калп эле сүйлөй бергендин кереги барбы? Алыс барбай эле 1917-жылды алып көрөлү, В.И Ленин ак гвардияны түп тамыры менен жок кылып, Кызыл Армияны түзүү менен коом капиталистик өлкөдөн социалисттик өлкөгө өткөн. Мына ушуну революция деп төш кагуу менен айтсак болот. Ал эми төңкөрүш болгондо биздегидей, бийликтин башкы бутагындагы адамдар алмашат да, система ошол бойдон калат. Туура, парламенттик башкарууга өттүк. А бирок, башында белгилегенимдей, көнгөн адатыбызча бийликтин баарын бир адамга берип коюп, карап олтурабыз. Баш мыйзам автору муну мыкты билет, бирок, эмнегедир унчукпайт.
- 7-апрелде курман болгондор алыс узабай жаңы бийликтин да эски кургуйга түшөөрүн билишкен жок да...
- Ал жигиттерде "коомдук системаны алмаштырабыз, элдин турмушун оңдойбуз",- деген асыл ой, аруу максаттар болсо керек. Өз кандарын төгүп, туруп беришти, бирок, жыйынтыгында алар ойлогондой революция эмес, төңкөрүш болуп калды. Биз бир нерсени билишибиз абзел - эч бир бийлик адам өмүрүнөн кымбат эмес. Азыркылар да бийликке кимдин арты менен жеткенин унутпай, таза иштесе болмок.
- Буга дагы бир далил - апрель, июнь окуяларына бийлик чекит кое элек...
- Кантип эле өз бармагын өзү кессин. Башкача айтканда кантип бийлик өзүнө-өзү душман болуп, каршы чыгат?.. Өз катасын баамдап, өзүнө душман болгон адам - ал чыныгы адилеттүү, айкөл адам. Бул окуяларды биз канчалык бурмалап, жаап-жашырбайлы баары бир мезгилдин мыйзамына жараша, тарых өз баасын берет. Чындыктын чыга турган кези келет.
- Бул иштер сотко жеткен күндө да, ал жактан эл күткөндөй чечим чыкпайт го...
- Эгерде чындап эле соттор таза иштеп, адилеттүү чечим чыгара турган болсо, анда азыркы бийлик башында турган аткаминерлердин арасында да камала тургандар бар. Бакиевден баштап Атамбаевге чейин апрель, июнь окуяларына жооп берүүсү тийиш. Кимдер бүгүн элди ээрчитип чыгып, төңкөрүш жасаган? Булар эмнеге элди алдап атышат? "Эки дөө кармашса, ортодо чымын өлөт",- болуп, канчалаган энелер уулдарынан, канчалаган аялзаты өмүрлүк жарларынан айрылып, канчалаган наристелер "ата" деген ыйык сөздү экинчи айта албай калышты. Ушунун баарына бүгүн ким жооп берип жатат. Жооп берген бирөөнү көрдүңөрбү?
- Ошол 7-апрелде булар бийликти курал менен басып алышкан да?
- Курал менен эле басып алышты. Колдоруна автоматтарды кармап алып атышканын көрдүк го. Булардын башка айласы жок болчу. Эгерде куралдуу жол менен басып албаганда, Бакиевдин системасы кетпегенде, булардын баарын камайт болчу. Азыр Ташиевди камап жатышпайбы, "бийликти басып алууга аракет жасаган",- шылтоосу менен. "Жеңүүчүгө сот жок",- деген принцип болуп атат да. Бирок, чындык эртеби-кеч ачыкка чыгат.
- Ташиевдин камалганы боюнча кандай ойдосуз?
- Ташиевдин жеке адамдык сапаттарынын бири - чынчылдыгы, оюнан кайтпагандыгы. Бул кишиде жыгылганды теппеген жигитчилик сапаты бар. Бабановду деле кандай сындап жүрдү, бирок, аны кетирип, бурчка такашканда Ташиев: "мен жыгылган адамды теппейм",- деп, бийик сапатын көрсөткөн. А бирок, азыркы бийликте андай сапат жок экен. Чындыгында Ташиев кылмыш жасаган жок. Кайсы мыйзамда Ак үйдүн тосмосу өзгөчө мамлекеттик имаратка кирет? Бийликтегилерде деле таза анализдөөгө мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок, терең ойлонбой туруп, учурдан пайдаланып, саясий каршылаштарына курсактан ылдый тепти. Бул окуяга андай ызы-чуу эмес, жөн гана саясий баа берилиши керек болчу. Ак үйгө кимдер гана кирип, кимдер гана тосмодон ашышкан жок, ошолордун бири камалдыбы? Далил катары бирөөн айтып бергилечи?

Маектешкен
Айгүл Кенжеева