Чычырканактын дарылык касиети

Чычырканактын дарылык, пайдалуу каситеттерин алгач гректер таап чыгышкан. Алар аттардын, тикенектүү бадалдын мөмөсүн жана жалбырактарын жээп атышканын байкап калышат. Ошондой эле бул мөмөнү жеген аттардын жалдары, терилери жалтырап, ден соолугу чың боло баштаганы билинет. Ошондон кийин гректер оорукчан, алсыз аттарды чычырканак менен дарылай башташат. Жылкыларга жардам берегенден кийин кантип эле адамдарга жардам бербесин деген жыйынтыкка келишип, алгач аскер адамдары менен спортсмендерди дарылай башташкан. Мына ошондон кийин чычырканактын улам бир касиетти ачылып отуруп заманбап медицинада кеңири колдонула баштайт.

Медицинада
Чычырканак жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулган өсүмдүк. Инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алуунун эң мыкты ыкмасы - анын мөмөсүн дайыма жеп жүрүү. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеңиз, организмиңиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандырган болосуз.
- Муун ооруларында жана ревматизмде чычырканактын жалбырагынын маңызын же чайын колдонуу керек.Жасалышы: 1 чоң кашык майдаланган кургак жалбыракты 1 стакан сууга 10 мүнөт кайнатып, жарым стакандан күнүнө 2 жолудан ичүү сунушталат.
- Чычырканактын иммундук системаны бекемдөө да абдан чоң роль ойнойт. Ошондой эле аялдардын жана эркектердин тукумсуздугун дарылоодо да бул жемишти колдонуу менен жакшы натыйжага жетсе болот дешет медицина кызыматкерлери. Курамында темир көп болгондуктан, чычырканак аз кандуулукта жана алсыроодо адамга жакшы жардам берет. Ал эми жалбырагынан демделген чай оозулду дарылоодо табылгыс каражат болуп эсептелинет.
- Ашказан рагын дарылоодо күнүнө 3 жолу 1 чоң кашыктан чычырканак жеп туруу миңден бир дары.

Косметологияда
Бул өсүмдүктүн майы косметологияда да кеңири колдонулат. Бет терисине арналган кремге бир нече тамчы чычырканак майын аралаштырып, бул аралашманы бетке сыйпоо теринин ашыкча кургактыгынан арылтат.
Сына берген тырмакты катырууда да бул май жардамга келет. Ал үчүн майды тырмакка сүртүп, ошол эле учурда ичүү зарыл.
Косметологдор чачты жуудан эки саат мурун баштын терисине чычырканактын майын сүртүүнү сунушташат. Муну менен чач бекем болуп, мындан сырткары жалтырап, кундуздай көрктүү болуп көрүнөт. Ал эми чач түшүүдө чычырканактын мөмөсүн көбүрөөк жеп, бутагынын маңызына чачты жуу керек.
Мындан тышкары, курамындагы Е витамининин эсебинен аялдардын сулуулугуна, жаш көрүнүүсүнө таасирин тийгизүү менен сепкил, тактардан арылтып, бетти агартат. Ал эми жайдын ысыгында күнгө күйгөн терини өз калыбына келтирүүгө тез жардам берет.
Чычырканак майын үй шартында кантип жасоо керек?
1-ыкма. Чычырканактын ширесин сыгып, ачык жерге коюп коёсуз. Бир суткадан кийин ширенин эң үстүңкү катмарында май пайда болот. Аны чогултуп аласыз. 1 кг чычырканактан болжол менен 80 г май алынат.
2-ыкма. Чычырканактын ширесин сыгып аласыз. Кабыгы менен сөөгүнүн калдыгын майдалап, үстүнө 60°Сге чейин ысытылган өсүмдүк майын куясыз. Бир сутка тыныктырып, андан соң суюк бөлүгүн - майын тундуруп аласыз.


Чычырканак майы менен дарылоо
Ашказан жарасын, гастритти айыктырууда чычырканактын майы менен дарылануу эл арасында кеңири жайылган ыкмалардын бири. Дарылануу жолу: тамактанууга 15-20 мүнөт калганда 1 чай кашыктан ичүү зарыл. Бир айдын ичи күнүнө 3-4 жолудан бузбай ичкенде жакшы жагына өзгөрүү болгону дароо эле байкалат.
Жатын моюнчасынын эрозиясын чычырканак майы менен дарылоого болот. Ал үчүн чычырканак майын кебезден жасалган тампонго жакшылап сиңирип, жатын моюнчасына салып коюу керек. Тампонду күн сайын алмаштырып туруу зарыл. Процедура 8-12 күнгө созулат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн 4-6 жумадан кийин кайра кайталоо керек.
Теринин сырткы жарасын (ириңи жок) же күйүктү айыктырууда жаранын үстүнө чычырканак майын сыйпап, бинт менен таңып, аны күн сайын жаңылап байлап туруу зарыл.
Баланын иммунитетин көтөрүү үчүн бир айлыгынан баштап берүүгө болот. Алгач оозуна бир тамчыдан тамчылатып, акырындап көбөйтүү керек.