кыргыз тилиндеги гезит "Майдан kg"

п»ї

2-октябрь, саат 10.00
Ушул убакытка чейин саясий туткундар бошотулбаса, Бишкекти карай жөө жүрүш башталат
Кечээ, Балыкчынын Кубакы ашуусунун белинде "Ата-Журт" партиясынын камактагы лидерлеринин бошотулушун талап кылган, 500дөн ашуун адамдын катышуусундагы митинг болуп өттү. Жалал-Абад облусунда болсо Баатыр энелердин ачкачылык акциясы уланууда. Оппозиция лидерлеринин колдоочулары бийликке үч күндүк убакыт беришти, тагыраагы, 2-октябрь, саат 10.00гө чейин бийлик саясий туткундарды бошотпосо, республиканын туш тарабынан Бишкек шаарын көздөй жөө жүрүш башталарын эскертишүүдө.

Чынын айтуу керек, бийлик башындагы төбөлдөр "Ата-Журт" партиясынын лидерлерин камакка алуу менен, өзүнө чоң баш ооруну жаратып алды. ЖК депутаты Равшан Жээнбеков айткандай, "буга чейин оппозициянын башы ооруп келсе, эми бийликтин башы ооруй турган болуп калды". Ошондуктан да, оор дилемманын түйүнүн чече албай, бийлик башчылары убара болушууда.
Эксперттердин баамында, камакта олтурган убакыттын ар бир сааты оппозиция лидерлеринин кадыр-баркын көбөйтүүдө. Коомчулук башында Ташиевдин кадамын кескин айыптап, жаман көрүп келсе, бир аз убакыт өтүп, терең талдоо жүргүзгөн соң, анын арга кеткендеги жоругун түшүнө баштагансыды. Бийликтин дүлөйлүгүнө таң калып карай башташты. Ошону эске алганда, бийлик үчүн камактагыларды азаттыкка чыгарганы оң болуп турат, абийирин биротоло төгүп, жоготуп ала электе. Туш-тараптан агылган журт Ала-Тоо аянтын ээлеп алып, кетпей туруп алса деле, арга жок чыгарышат да. Ага жеткизбей чыгарышса, жакшы кеп гана угуп, "аа бийликте да калыстык бар турбайбы",- деген пикир жаралат.

Ж.Шабданбеков












??.??