Ийгилигин көрө албагандарбы?
Бекназаров "кетсин"!

Көптөн бери "кетсин" деген сөз угулбай, кулагыбыз тынчып калган болчу. Күздүн келиши менен ишин эптей албаган өкмөт да алмашып кетип, кетишин талап кыла турган деле адам калбагандай туюла баштаган. Ошондо топту айтылуу Азимбек Бекназаров жарып, үчүнчү төңкөрүш жакындап калганын, бийликте олтургандар эсине келбесе, эл агын суудай аларды каптап кетишерин жар салган болчу. Айтканы эми өз башына муш болуп тийгенби, айтор, айдактама коомдук уюм өкүлдөрү Бекназаровдун өзүн кетирүү зарылдыгын айтып чыгышты.

Коомчулук деле бул талапка таң калуусун жашырбайт. Анткени, "кеткин" дегидей бечара Азикеңдин кызматы деле жок, эски костюмун кийип, сыясы түгөнө баштаган ручкесин көтөрүп алып басма сөз жыйынын уюштуруп жүрөт. Болгону, мына ошол коомдук уюм өкүлдөрү Бекназаров Жогорку соттун Конституциялык сотунун судьялыгына ат салышып жатканына ичи күйүп чыгыптыр. Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартованын айтымында, Бекназаровду судьялыкка таптакыр жолотпош керек, антпесе "ал соттук жараяндарды саясатташтырып жиберет" имиш. "Бекназаров Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турган учурда Конституциялык сот мыйзамсыз жоюлуп кеткен",- деген да жүйөөнү укук коргоочу аталгандар бетке кармашууда.
Сотторду тандоо кеңеши Азимбек Бекназаровду сынактын биринчи турунан өткөзгөн. Коомдук уюм өкүлдөрүнүн дооматтарын Азимбек Бекназаров анткен менен чымын чакканчалык көргөн жок. Анын айтымында, Бекназаровдун ийгилигин көрө албаган саясатчылар, чиновниктер Кыргызстанда поездге салсаң да батпайт. Азикеңдин бул кебинин жүйөөсү бардай. Анткени, тээ Акаев заманынан бери эмнегедир бийликте ким турбасын, ымаласы келишпей, башында бир кызматта тургандай болот да, кеткенден кийин тыным алып, китеп жазып, чукуй баштайт. Чукуп олтуруп эки президентти кетирип, чоң жумуш жасаган. Азыр болсо бийликке ошол эки президенттин тең желдеттери толуп алгандыктан, Бекназаровго судьялык кызматтын да ыраа көрүшпөй, болушунча шыбап жатышат. Азикеңе бул кеп бекен, "мына сага",- дегенсип, Отунбаева-Атамбаев тушундагы коррупцияны фактылар менен коомчулукка жая салды. Ушинтип жаткан адам анан кантип бийликке жаксын?




Түздөн! Генерал келатат...
Өмүрбек Суваналиев Бишкекти мелжеди

Президенттик кызматка талапкер, Нарын облусунун мурдагы губернатору, генерал-майор Өмүрбек Суваналиевдин дымы чыкпай кеткен. Бирде "аңчылыкта жүрөт",- дешсе, "таптакыр депрессияга тушугуп, жинди суудан башы көтөрүлбөй калды",- дегендер да чыкты. Бирок, Суваналиев чээнге кирип кеткен аюудай болуп, күч топтоп жатканы Бишкек шаар мэрлигине талапкерлигин көрсөтөрүн билдиргенде билдик.

Эң кызыгы, Суваналиевдин мэрликке "Ар-намыс" партиясы менен биргелешип аракет кылганы жатканында болууда. Генерал-майор Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого дал ушул партиядан катышып, көч башына турмакчы. Аталган партиянын саясий кеңеши да бул планды толук колдоп ийди. Өмүкеңдин айтымында, ал 1998-жылдан бери "Ар-намыс" партиясынын мүчөсү экен, мамлекеттик кызматка келген учурларда гана мүчөлүгүн убактылуу токтотуп туруптур. Башка тактикалык жүрүштөрү жакшы го, бирок, ушул жеринен жаңылганы дапдаана байкалып калды. Анткени, Суваналиевдин канча партияга кирип, кайра "кидать" этип чыкканын кыргыз эли жакшы билет. Башкасын айтпаганда да, акыркы далили катары анын парламенттик шайлоодо алгач "Ата-Журттан" ат салышмакчы болуп, жакын калганда айнып, "Содружествого" өтө качканын белгилеп өтөлү. Ушундай туруксуз адамдан кандай мэр чыгат, айтуу кыйын. Кулов болсо "ар-намысын" жыйыштырып коюп, "Суваналиев баарын иретке келтирип, тартипти орнотот, биз шаардан жеңебиз",- деп турган чагы. Губернатор болуп кыйратпаган адамды түртөм деп, "Ар-Намыс" акыркы орунда калбаса болду. А жеңип чыгарына ишеним аз...






Ызы-чуу
Ала-Букада "бунт"

16- сентябрда Ала-Бука райондук сотунун судьясы А.Жарымбетов Кылмыш-жаза кодексинин хулиганчылык беренеси боюнча айыпталган Эгембердиев Рахмидинди жана Эгембердиев Шухраттын бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрүн тандоо боюнча өтүнүчтү карап, үй камак тандап, камактан бошотуп жиберген болчу. Ызы-чуу ушундан башталды.

Кечээ 11-12лер чамасында, иш бөлмөсүндө отурган Ала - Бука райондук сотунун судьясы А.Жарымбетовду 50-100гө чамал адамдар, милицияга да баш бербестен, сыртка сүйрөп чыгышып, Ички иштер бөлүмүнө алып баратышып, жолдон ур-токмокко алышкан.
Азыр судья А.Жарымбетов баш-мээси чайкалган деген диагноз менен аймактык ооруканада дарыланууда.
Ала-Бука районунун жергиликтүү тургундары судьяны жогорудагы кылмыш иш боюнча айыпталган Эгембердиевдердин баш коргоо чарасына карата чечим кабыл алгандыгы үчүн ур-токмокко алышкан.
25-сентябрда түштөн кийин ички иштер министри К. Асанов ала-букалык нааразылык акциясына чыгып, судьяны сабап салган 300гө жакын жергиликтүү адамдардын лидери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, абалды тынчытууга жетишкен. Анткен менен аймакта абал курч, улуттар аралык жаңжал чыгып кетеринен чочулаган бийлик күч органдарын ал жакка жөнөтүүдө.





Билегине ишенип жатышат...
Шайлоо жакын.
КСДП күчкө салабы?

Атамбаев жергиликтүү кеңеш шайлоолорун 25-ноябрга белгиледи. КСДПнын указ чыгып-чыга электе тытынып, жанталашып жүрүп келгенине караганда, алардын таянганы эл эмей эле, административдик ресурс экенине көз жетүүдө.

Аймактык шайлоо комиссияларынын курамын аныктоодо, байкоочуларды жылдырууда КСДП башка партияларды БШКнын жардамы менен "жыга чапты". Дал ушулар шайлоонун жеңишин камсыз кылууда зор роль ойной тургандыгын, өз адамдары турганда жыйынтыктарды бурмалоого болорун билген бийликчил партия жетекчилигине БШК чоң кызмат көрсөтүп, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө талапкерлерди жылдыруу, байкоочуларды каттоо убактысын күтүүсүз жарыялап, аз убакыт чектеп койгон. Арийне, БШКнын бул пландарын КСДПчылар алдын-ала билип, өз адамдарын, тийешелүү документтерди даярдап коюшкандыктан, бул мелдеште баарын "утуп" чыгышты. Эми болсо УИК башчыларын шайлоону да КСДП колго алып, алдын-ала көпчүлүктү камсыздап, кимди шайлай тургандыктарына чейин эскертип чыгышыптыр. Муну караган адам КСДПны согушка даярданып жаткандай кабыл алат.
Административдик ресурсту колдонуу жагынан "атамбаевчилердин" тажрыйбасы көп. Анын үстүнө, Акаев менен Бакиевдин тушунда бийликке керектүү пайызды камсыздап келген тың жетекчилер Атамбаевге да арка-бел болушууда. Апрель ыңкылабынан кийинки парламенттик, президенттик шайлоодо административдик ресурсту колдонуп көрүштү. Кыргыз эли унчукпай, бийлик таңуулаган жыйынтыкты жөн гана "жутуп" койгондугунан улам, булар бир аз шерденип, "эл баштагыдай турбайбы, биздин жасаганга моюнсунат тура",- деп алышкан окшойт. Бирок, элдин аң-сезими менен ойноо жакшылык менен бүтчү иш эмес. КСДП канча аракеттенбесин, маселен, Бишкекте алардын кадры Өмүркуловдун ишине шаардыктардын ичи чыкпай турат. Көрөйүн деген көздөрү жок.
Кызматынан адилет шайлоо болсо учуп түшөрүн билген Иса Өмүркулов болсо күн сайын чогулуш өткөзүүдө. Шаардагы ири ишкана жетекчилеринен баштап, домкомдорго чейин тизип, жеңишти камсыздоого буйрук берип жүрөт. Аттиң, кечээ эле ушул КСДП таза партяи катары каралчу, эми байкушуң "Ак Жолдун" кейпин кийип чуркоодо. Жүрүшү алыс болбой калды го...





Сыйыртмак...
Адам болсун,
а айып-берене табылат!

Бийлик "Ата-Журт" мекенчил партиясын жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында алсыратып, лидерлерин саясий аренадан четтетүү аракетине өтүп, Садыр Жапаровго кылмыш ишин ачкандан кийин кызыгына кирип кетип, эми Ташиев менен Келдибековго кылмыш ишин ачууга белсенишүүдө.
Айрым маалыматтарга караганда, жакында депутат Ахматбек Келдибековго парламент төрагасы болуп турган кезиндеги ишмердүүлүгү боюнча кылмыш ишин ачуу караштырылууда. Бетке туткан аргументтери - Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы. Көрсө, Келдибеков төрага болуп турган мезгилде, кызматкерлерге айлык акы төлөөдө парламенттин аппараты 857 миң сом, ал эми иш башкармалыгы 233 миң сом каражатты ашыкча сарптап ийген экен. Кыскасы, Ахматты жебеген самсасы үчүн төлөтүүгө аракет жасалганы көрүнүп турат. Мындай принцип менен кете турган болсок, Кыргызстандагы майда-чоң жетекчилердин 90 пайызына кылмыш ишин ачышы керек. Себеби, иш ыргагы ушуну талап кылат. Андан көрө Ахматты да тергегиси келгендер коомчулукка анын жеке өзү жеп-ичип койгон фактысын алып чыкса, ишенимдүүрөөк болмок. Андай факты албетте жок. Ошондон улам, жоктон бар кылып, өйдө жактын буйругун аткаруу максатында кылмыш иши токулуп жатканы көрүнүп турат.
Минтип көзгө көрүнүп калган саясатчыларды жоготуу аракетинде жүргөн бийлик төбөлдөрү андан көрө ачык эле, "бизге Ахматтын сын-пикири жакпай жатат",- деп ачык айтышса куп жарашмак.
Ал эми Ахмат Келдибековдун өзүнө келсек, анын "Ата-Журттун" төрагасы Ташиев менен мамилесинин "өлгөнү" жөн гана ушак сөз болуп чыгып, учурда партияны биргелешип күчөтүү аракети менен алек боло баштаганын уктук. Кылмыш ишин козгогусу келген бийликке да Келдибеков чабуул коймокчу. Компроматтары жетиштүү экенин да билебиз. Анын баарын катып олтурбай, ачык чыгарса, бийликтин шермендеси чыгарынан кеп жок.