"Ээр токум жеңил болсо, төө тез чуркайт"
же даректүү тасмалардагы чындык

Элдик майрамга айланган "Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалы республикада быйылкы жылы 6-ирет өткөрүлмөкчү. Бул жолу баш калаадагы "Манас" кинотеатрында 24-28-сентябрь күндөрү эл аралык жана улуттук сынактын негизинде тандалып алынган 32 даректүү тасма көрүүчүлөрдүн сынына коюлат. Андан ары даректүү тасмаларды көрсөтүү республиканын ар кыл аймактарында жана Тажикстанда уланат.


Адам укугун коргоо демократиянын принциптеринин бири. Ал эми демократия адам укугун коргоо жана өнүктүрүү үчүн аба менен суудай зарыл. Андыктан, ал кайсы өлкөдө болсун негизги милдет катары саналууга тийиш. Биз сөз кылып жаткан фестивалдын башкы мүдөөсү да ушунда - жарандардын адам укуктары жөнүндөгү аң-сезимин жогорулатуу менен Кыргызстандын жарандык коомчулугунун адам укугун коргоо боюнча мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө өбөлгө түзүү. Фестивалдын аудиториясынын жылдан жылга кеңейип баратышы, адам укугу жөнүндөгү темалар алар үчүн абдан маанилүү экендигине далил болуп бере алат. Ал эми бул тема фильмдер аркылуу ачылып, адамдардын аң-сезимин, туюмдарын ээлеп, эркин багындырып, ар бирибиздин турмуштук баалуулуктарыбызды, асыресе, адам укугун жана адамдык жетишкендиктерди урматтоочу ыйык баалуулуктарды камтып, козгоп өтөт.
"Бир дүйнө" фестивалына быйыл Россия, Тажикстан, Азербайжан, Египет, Индия, Норвегия, Бразилия, АКШ, Улуу Британия, Испания, Чехия, Бельгия, Германия, Австрия, Канада, Голландия өлкөлөрүнөн режиссерлор жана укук коргоочулар чакырылган. Даректүү 32 тасманын он алтысы чет элдик режиссерлордуку. Алардын басымдуу бөлүгү ар кайсы өлкөлөрдөгү саясат чөйрөсүндөгү укук бузуулар менен катар аялдардын жана балдардын турмушундагы укук бузууларга көңүл бурдурууга аракет жасашкан. Мисалга алсак, канадалык режиссер Вик Сариндин 80 мүнөттүк "Төө айдоочулар" тасмасында кулчулуктан кем эмес кыйынчылыктарга кабылган балдардын турмушу тууралуу чагылдырылган. Перси булуңундагы өлкөлөрдүн бай шейхтери, төөлөр чабышында жеңишке жетишүү үчүн өспүрүм балдардын өмүрүн да тобокелдикке салууга даяр. Алар "ээр токум канчалык жеңил болсо, төө ошончолук тез чуркайт" деп кичинекей чапчаң чабандестерди өз муктаждыктарына керектешет. Бул максатта Бангладеш, Пакистан жана Судандагы бай соодагерлер балдарын акчалай сыйлыкка берүүгө даяр ата-энелерди издештиришет.
Өз кезегинде ата-мекендик режиссерлор да даректүү тасмаларды тартуу жагынан чет элдик замандаштардан кем калбоого умтулушту. Мисалы, режиссерлор Азизбек Жаналиев менен Болот Сатаркуловтор 8 мүнөттүк "Карылар үчүн кеминде" тасмасы менен аялуу карыларыбыздын көңүл түйшөлткөн укуктарынын бузулушун ачып берүүгө далалат жасашкан. Анда: "Кыргызстанда бир айга 100 доллар менен жашоого мүмкүнбү?" - деген суроо кабыргасынан коюлат. Жогорку даражалуу атка минерлер мүмкүн экенине ишенишет. Чындыгында өздөрү бул суммага жашап көрүшкөн эмес, бирок, КРда кеминде 7720 сомго жашаса болорун эсептеп чыгышкан. А пенсионердин керектөөсү болгону 3834 сомду чапчыйт. Бул акчаны пенсионер эмнесине жеткирет?
Фестивалда тасмалар көрсөтүлүп, авторлордун катышуусунда талкууланып гана тим болбостон, иш-чаранын алкагында республикада сейрек өтүүчү "Коррупция" темасы боюнча карикатуралар көргөзмөсү уюштурулган. Ошондой эле фестиваль ачылган 24-сентябрь күнү укук коргоочулардын жана режиссерлордун катышуусунда "Адам укуктары жана даректүү тасмалар: ийгиликтер жана маселелер" темасындагы "тегерек үстөл" болуп өтөт. Мында укук коргоо жана публицистика ишмердүүлүгүндө визуалдык маалымат каражаттарынын ролу, укуктук кинофестивалдар аркылуу коомдун укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана кыргызстандык режиссерлордун укук темасына кызыгуусун арттыруу тууралуу баарлашуу жүрөт.

Фестиваль даректүү тасмаларды сүйүүчүлөр үчүн гана табылгыс мүмкүнчүлүк болбостон, коомдо өзүн толук кандуу атуул катары сезген ар бирибиз үчүн маанилүү. Себеби, дүйнөнүн кайсы бурчунда жашабайлы, күн баарына бирдей тийген сыңары, адамдардын укуктары бирдей корголууга тийиш. Ошондой эле бардык мамлекеттерде, мейли, саясатында болсун, карапайым адамдардын, балдардын, аялдардын, атургай коомдон четтелип, жабык жайларга алынгандардын укуктары болсун, мыйзамга туура келбеген жагдайлар болушу толук ыктымал. Демек, бир дүйнөнүн алдына биригүү менен гана адам укуктарынын бузулушуна каршы туруп, акыйкаттыкты табуу мүмкүн. Ал эми биздин өлкөдө алты жылдан бери фестивалды уюштурууну колуна алып, демилгечи болуп келе жаткан "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борбору негизги донору европалык союз жана "Хивос-Маданият" коомунун көмөгү менен адам укуктары боюнча документалдуу фильмдердин татыктуу ордун таап, Кыргызстандагы демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келет.