Кайсыл эт пайдалуу?

Эттин баасы күндөн күнгө кымбаттоодо. Андыктан, керектөөчүлөр барган сайын тамак-аштын организмге пайдалуу экендигине карап, сатып алууга аракет кылып калды. Эгерде буга чейин кыргыздар кой этин жакшы көрүп, көбүрөөк колдонсо, эми сиңимдүүлүгүнө карап, уйдун, топоздун, тооктун ээттерине ыктай баштады. Эмесе, кайсы малдын эти канчалык пайдалуу экендиги тууралуу кеп кылсак.


Уйдун эти
Уйдун этинин курамында адам баласынын организмине керектүү белок, калий, кальций, магний, фосфор, темир ж.б. заттар бар. В2 витамини 0,18 миллиграмды, В витамини 0,07 миллиграммды түзөт. 100 грамм уй этиннин калориялуулугу -187 ккал. Ар кандай инфекциялык ооруларга туруштук берүүгө, аз кандуулук менен жабыркагандарга, жүрөктүн инфаркт оорусунда, бөйрөктөгү ташты кетирүүгө, жаракат алууда жардам берет. Нерв оорусу менен жабыркап, уйкусу качкандар жебей эле коюшу шарт.

Кой эти
Калориялуулугу уйдукуна караганда көбүрөөк: 100 граммда - 203 ккал. Курамында май, белок, калий, натрий, магний, фосфор, темир ж.б. заттар бар. В, В2, РР витаминдерине бай. Холестерин 75 мг-ны түзөт. Суук тийүүдө, кант диабетинде, табиттин төмөндөшүндө, аз кандуулукта, журөк-кан тамыр ооруларында жардам берет.

Тоок эти
Тооктун этинин калориялуугу жогору: 100 граммда 241 ккал. Үйдө багылгандары гана пайдалуу. Ал эми сырттан ташылып келинип, бөлүнүп сатылган этти колдонбой эле коюу зарыл. Үйдө багылган тооктун этинин баасы дары кошулуп даярдалган этинин баасынан бир кыйла жогору турат. Белок, углевод, калий, фосфор, цинк, магний, темир, кобальт, цинк адамдын организмин күчтөндүрүүгө, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга, кан басым ооруларында жардам берет. Ошондой эле курамында В1, В2, В6, РР витаминдери бар. Имунитетти жогорулатып, полиартрит, бөйрөк, боор ооруларын, атеросклерозду, ашказандагы, он эки эли ичегидеги жараны, нерв системасынын бузулушун жөнгө салып, дарылоого шарт түзөт.