кыргыз тилиндеги гезит "Майдан kg"

п»ї

Коркунучтуу үчилтик

Карапайым кыргыздар канча ирет революция жасабасын, он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек жигиттерибиз окко учпасын, айланып келип эле бийлик бир үй-бүлөнүн же партиянын менчигине айланууда. Тилекке каршы, томаяк Эшмат менен Ташматтын турмушу баягы эле бойдон, бир жакшы жагына өзгөрүү жок. Болгон айырмасы - Акаев, Бакиев учурунда үй-бүлөлүк бийлик 20 жылга жакын өкүм сүрүп, мамлекетти талап-тоносо жана элди эзсе, азыр толук бойдон Атамбаев, Жээнбеков, Сатыбалдиевдердин менчигине өтүп бүттү. Ооба, "хитро-умный" премьер-министр Ж. Сатыбалдиев "мен КСДПнын мүчөсү эмесмин" деп айтууда. Бирок, расмий түрдө "Ак-Жолдун", кокуй, КСДПнын партбилетин албаса да санаалаш, ажо Атамбаев менен дос экендигин тана албастыр.


6-бетте












??.??