Көйгөй
Ош аэропорту качан оңолот?

Иштеген кызматыбызга байланыштуу байма - бай Ош шаарына каттап турабыз. Учурда Бишкек-Стамбул авиакаттамына билеттин тартыштыгынан улам Түркияга ордолуу калаабыз Ош аркылуу учууга туура келип жатат.

Бизге маалым болгондой, "Ош" аэропорту "Эл аралык "Манас" ААК структурасына филиал катары кирет. Бирок ошол эле "Манас" аэропортунан "Ош" аэропорту, "эл аралык" статусуна карабай айырмасы асман менен жердей. Бүгүнкү күндө "Ош" эл аралык аэропортунан жума сайын өлкөбүздүн төгөрөк бурчуна 42 рейс жана эл аралык 12 рейс учат. Үрүмчү, Новосибирск, Санкт-Петербург, Москва шаарына жүргүнчү ташып жана бул шаарлардан конок кабыл алат. Жакын арадан бери Стамбул шаарына да "Түрк аба жолдор"у менен каттам ачылды.
"Ош" аэропортундагы жагдай сырттан келген конок тургай, өзүбүздүн мекендештерибизге жакасын карматып, оозун ачырган эң өкүнүчтүү абалда. Иштеген кызматкерлердин оройлугу, техперсоналдын бирдей униформада болбогону, аэропорттогу жабдыктардын эскилиги келген коноктордун жанында жер каратат, уятка калтырат. Ал эми учактан түшкөндөн кийинки багажды алуу процесси өзүнчө эле "аңгеме". Машине бардык багажды жүктөп келип базарда картөшкө саткандай эле эшигин ачып туруп калат экен. Элдин баары жабалактап, сумкаларды тебелеп - тепсеп өзүнүн куржунун издеп жөнөмөй... Муну эми камерага тартып, атайын адреналин жетпей жаткандарга көрсөтүш керек. Жок дегенде, атайын дарярдалган жайга түшүрүп ошол жерден баштык, куржунун таратып берсе болбойбу? Көзгө көрүнөө сумкелерди ыргытуу өнөкөткө айланган экен. Элдин баары карап турганда бирөөнүн сумкеси талп этип жерге түшүп калды, айдоочу эчтеке болбогондой эле кайра ыргытып кете берди. Учакка түшкөнүңдө сага жазып берген орундукта башка эле бирөө отурат, аткени ага да ошол орундук жазылып берилген. Анан көрүп ал жер талашмайды...
Албетте, каражат тартыш, экономикалык акыбалыбыз оор. Бирок "Манас" Эл аралык аэропорту ААКсы менчик мекеме. Киреше бөлүгү жаман эмес. Жок дегенде оңдоп түздөп койгонго каражат бөлсө болбойт беле? Инвестор келбейт эле, келбейт деп тызылдайбыз. Турист келсе болот эле деп кыялданабыз. Жүк машинесинен багажын алам деп, сумкасын эки бөлө айрып алган чет элдик конок өлкөбүз жөнүндө эмне деп айтып барат? Каражат жок экен мейли, бирок иштеген кызматкерлерге "спорт шымы менен тапичке кийбе, конокторго орой мамиле кылба",- дегенди айтыш, каражат талап кылбаса керек? Орундуктарды оңдоп, сырдап кызматкерлерге коноктор үчүн жылмаю менен "кечиресиз" деген сөздү үйрөтүү үчүн канча каражат талап кылынат? Мейли кыргызга жылмайбай эле койсун, түңүлдүм, жок дегенде чет элдиктерге сылык мамиле кылса болбойбу? Анткени, четтен келген турист Эшмат, Ташмат деп айтпайт, кыргыз деп айтат. Бул жеке аэропорттогу кемчилик маселеси эмес экендигин, өлкөбүздүн аброю жөнүндө сөз болуп жатканын качан түшүнөбүз? Качан жана канткенде биз, жаранга кызмат кылуу аткаминер чиновниктин маанилүү милдети экенин аңдайбыз? Кыргызстанга келген конокту бушайман кылбай, тескерисинче кайрадан дагы бир ирет баш багуу сезимдерди калтырып узатканды үйрөнөбүз? Ошол эле аткаминерлер, аэропорттун жетекчилиги чет өлкөлөргө каттап жатса керек? Ошол жерде көргөнүн бул жерде иш жүзүнө ашырыш оорбу? Каражат даяр болсо 1-курс студентин алып барсаң деле иштетет. Негизги маселе тартыш болуп турганда проблеманы чече билүү жана колдон келгендин эң жакшысын аткаруу.

Руслан Акматбек,
Жаш ишкерлер ассоциациясы
аткаруучу директору




Коркмазов Кадыржан Батыров болгусу келип жатабы?
(Башталышы 1-бетте)
Түрүн көрсөң кускуңду келтирген Коркмазовду ошондуктан, Роман Шин менен Нарынбек Молдобаев аттуу саясий сойкуларга кошуп, "Ата-Журт" катарынан чыгарган. Анын эртеси эле бул үчөө бет тырмачылык кылып, "жок, биз өзүбүз эле чыгып кеттик",- деп чыгышты, болгондо да "биз улутчулдардын партиясына кирип алыптырбыз" таризинде үн чыгарышты. "Ата-Журт" партиясынын саясий кеңеши жума башында маалымат жыйын өткөзүп, бул үч депутат качан, кантип чыгарылгандыгын документалдуу түрдө далилдеп берди.
Анткен менен, Хадж акең тынч жатып калчу беле, уяты чыкккандыгына кыжыры келип, кезектеги жөө жомогун угузуптур. "Мен бул партияга кирип жатканымда анда кандай адамдар бар экенин билбептирмин. Түнкү 12де мени кошулууга жалдырап жатып көндүрүштү. Эми 2010-жылкы окуяларды көз алдыңарга келтирсеңер, баары түшүнүктүү болот. Партияны улутчулдар түптөгөн. Бул адамдарды өлтүрүп, кескилеп, зордуктап жатканда даана көрүндү",- дейт Хаджимурат Коркмазов.
Таңгөрү, парламенттик шайлоо октябрда болсо, Хаджимурат анда кантип июнь окуяларын билбей калган? Сопсонун билет болчу. "Билбей калдым",- дегени курулай гана сөз. Белгилеп кетүү зарыл, учурда "улутчул" деп айыптап жаткан "Ата-Журттун" негиздөөчүлөрү кызыл кыргын болуп жатканда ажал менен арбашып, жүз миңдеген адамдарды бөөдө өлүмдөн сактап, согушту токтоткон. Буга айрыкча өзбек улутундагы жарандар ыраазы болуп келишет. Жеке Камчыбек Ташиевдин кыргыздардын курчоосунан ондогон жолу өзбек жарандардын алып чыккандыгы белгилүү. Жалал-Абадда он миңдеген адам Сузактагы өзбектерге чабуул коймокчу болгондо БТРге чыгып алып, "мен мындан ары кандын төгүлүшүн каалабайм, тирүү турганымда бириң да өтпөйсүң, баргыңар келсе мени өлтүргүлө да өтүп кете бергиле",- дегени ушу кезге чейин жаңы тарыхтагы баатырдык катары айтылууда. Анан да, партия негиздөөчүлөрү улутчул болгондо карачай улутундагы Коркмазовду эмнеге кошуп алышты? Жакын жолтушмак эмес.
Азыркы Коркмазовдун билдирүүлөрү ошол Ош окуясына жакынкы Кадыржан Батыровдун сөздөрүнө окшошуп бара жатат. Улутчулдук маселесин козгоо менен, бул депутат коомчулукта улут аралык жаңжалдардын чыгышына жол ачууда. Же Коркмазов Кыргызстанды бөлүп-жаргысы келген күчтөрдөн ушундай буйрутма алганбы? Ушул эрежеге жеткизген туулап-өскөн мекенин анда Коркмазов канчага баалады экен?
Азыр республиканын туш тарабында Коркмазовдун улутчулдук отун жаккан билдирүүлөрү наараызычылык туудуруда. Анын кыргызды шылдыңдаганы кечирилгис ката бойдон калды. Ошондуктан, эртерээк кечирим сурап, мандатын тапшырып, тынч жашоого өтпөсө - анын ордун көргөзүп коюуну каалаган патриот адамдардын агымын токтотуу кыйын болуп калат. Эң өкүнүчтүүсү - бийликтин да ушуга окшогон кара ниет адамдарды колдогондугунда. Болбосо, алар эмнеге жаңы коалициясына Коркмазовдун саясий сойкулар тобун кошуп алышты? Атамбаевдин каалоосуна жараша түзүлгөн жаңы коалиция дагы бир "Кадыржан Батыровду" өстүрүп жатабы? Неси болсо да, "эсиң барда, этегиңди жап" дей турган учур келди.

Арстан Сарногоев
Р.S. Бизге белгилүү болгондой, бүгүн Ак үй алдында Коркмазов, Шин жана Молдобаевди мандатын тапшыртуу максатында митинг болот. Республиканын ар кайсы региондорунан келгендердин ою боюнча, буга окшогон журт бузукуларынын Жогорку Кеңеште олтурууга жана Кыргызстанда жашоого моралдык акысы жок.




Куураган бойдон кайда барабыз?
Согуш болуп жаткан Сириядан төмөнбүзбү?

Өткөн жумада эки жылдан бери жарандык согуш жүрүп, АКШ менен батыш өлкөлөрү каржылаган эл аралык согушчандар келемиштей каптаган Сириянын финансы министри Мохаммед аль-Жлейлати Arabian Business басылмасына берген маегинде өлкөнүн 2012-жылдагы ИДПсы нөлдөн эки пайызга чейин көтөрүлөрүн билдирди. Министрдин айтуусунда, өлкөнүн экономикасы объективдүү себептерден улам кыйынчылыктарды баштан өткөрүүдө, анткен менен "талкаланбайт".


Андан ары Жлейлати улам оту тутанган жарандык согуштан улам Сирия төрт миллиард доллар чыгым тартканын, ошентсе да келерки жылы каржылык тартыштык жакшы көрсөткүчтө сакталып каларын айтты. Ал эми Сириянын борбордук статистика бюросунун маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкөдө баалар 36 пайызга жогорулаган. Анын ичинде турак-жай кызматынын акысы 31 пайызга кымбаттаган. Ошол эле учурда Сирия өкмөтү азык-түлүктүн айрым түрлөрүнүн баасы төмөндөгөндүгүн билдирген. Расмий маалыматтарга ылайык, согуш учурунда жашылча жемиштер 28 пайызга, эт - беш пайызга арзандаган.
Баса, эки ирет революция жасап, "гүлдөп жаткан" турмушка жеткен Кыргызстандагы абал кандай? Тилекке каршы биздин оозу менен орок оруп, тили менен буудай куурган "иштерман" өкмөт телегейи тегиз болуп туруп экономиканы Эгемендүүлүктүн тарыхында болуп көрбөгөндөй ылдый кулатты. Мындай көрсөткүч тээ Улуу ата мекендик согуш жылдарында да болбосо керек. КМШ статистика комитетинин жакындагы билдирүүсү боюнча (өзүбүздүкү "гүлдөгөн турмушту" көрсөтөт деңизчи), шериктеш мамлекеттерде экономиканын эң төмөнкү көрсөткүчү бизде болуп, өндүрүш 33 пайызга чейин ылдыйлаптыр.
Ак төөнүн карды жарылды деген берекелүү күздө күнүмдүк турмушка өтө зарыл деген ун, буудай, картошка, сабиз, пияз жана башка азык-түлүктөрдүн баасы арзандамак тургай, кайра кымбаттады. Каржы министри Акылбек Жапаровдун "Кыргызстанда ар бир адам 100 долларга бир айда жашаса болот" деген теориясы жараксыз болуп калды. Карапайым элдин жонунан кайыш тилген бизнесмендер менен соодагерлер бааны күн сайын жогорулатышууда.
Кетип жаткан Ө.Бабановдун өкмөтү былтыр күзүндө жалаң шоу менен алектенип, 100 миң гектарга аз күздүк эгин эккен экен, элибиз жылына бир миллион тоннадан ашык нан жесе, өзүбүз болгону керектөөнүн 30 пайызын гана өндүрүүдөбүз. Сыягы, быйыл кышында төрт түлүк малды билбеймин, адамдар өздөрүбүз жутка кабылат окшойбуз. Атамбаев жагдайды айтып ыламсырады эле, Казакстандын президенти Н. Назарбаев 200 миң, өзүндө кургакчылык болуп жаткан Россия өкмөт башчысы Д.Медведев 100 миң тонна буудай берүүгө макул болду.
Кыш келе элек эле, жайдын мээ кайнаткан ысыгында Сүлүктүнүн 1 тонна көмүрү 10 миң сомдон түшкөн жок. Токтогул суу сактагычы какшып, күндөн күнгө ылдый түшүүдө. Кырдаалдын опурталдуу экендигин билип турган өкмөт акырын жергиликтүү бийлик башчыларына "кыш кыйын болот, азыртан тезек камдагыла" деген көрсөтмө берүүдө.
25 миң адам кырылган Сирияда арзанчылык, ал эми "гүлдөгөн" Кыргызстанда кымбатчылык болуп жатышынын айырмачылыгы эмнеде? Анткени алардан айырмаланып, биздин бийлик башындагылардын сөзү менен иши төп келбей, жалаң жалган убада менен иштейт. Мындан тышкары соода-сатык кылган базарлардагы көпөстөр менен алып-сатарлардын (буларды мурда сүткөр дечү) ыйманы бузулуп, ачкөз болуп калган. Эң эле жөнөкөй соода маданиятын билишпейт. Алар акча үчүн баарын айырбаштап коюшкан. Баа саясатын көзөмөлдөгөн экономика жана монополияга каршы министрлиги "бизде базар экономикасы, бааларды көзөмөлдөй албайбыз" деп кутулат (анда эмнеге айлык алып отурушат?).
Коомубуздун баардык тарабы туташ коррупциялашкан, паракорлор күн сайын тузакка түшкөн менен эч кайсы чиновник напсисин тыйып, колу туткактыгын токтоткусу келбейт. Мына, "эшегине жараша тушагы" демекчи, бийлик менен көпөстөр карапайым элди митедей соруп жатат. Кайда баратабыз?

К.Жапаров