"Ата-Журт" мекенчил партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү Азамат Кенжебаев менен маек
Саясий
сойкулук
же саясаттагы иудачылык

- Айтсаңыз, Жогорку Кеңештеги "Ата - Журт" фракциясынын үч депутатын, тагыраак айтканда Х.Коркмазовду, Р.Шинди жана Н.Молдобаевди партиянын катарынан чыгарууңуздарга эмне себеп болду?
- Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда өткөн партиянын курултайында аймактардан келген делегаттар көтөргөн эң биринчи маселе - бул партияга кокусунан кирип калган, анын Уставын жана программалык документтерин аткарбаган "ыпыр - сыпырлардан" тазалануу маселесин коюшкан. Ошол курултай койгон тапшырманы аткаруу, партиянын ишин жаңы бийиктиктерге алып чыгуу максатында 29-августта партиянын Саясий Кеңеши биздин партиядан шайланган Жогорку Кеңештеги үч депутатты мүчөлүктөн чыгардык. Башкача айтканда биз, "балык башынан сасыйт, бирок куйругунан тазаланат" - деген принципти бузуп, партияны башынан тазалай баштадык. Эми "Эмне үчүн аларды партиянын катарынан чыгардык?"- деген суроого келсек: биринчиден, бул үч депутат партиянын Уставын жана фракциянын Жобосун одоно бузушту, экинчиден, эки жылдан бери фракциянын бир дагы кеңешмелерине катышпады, үчүнчүдөн, партиянын ички тартибин бузуп, Жогорку Кеңеште ар кандай топторду түзүшүп, "саясий сойкулук" жана "саясий чайкоочулуктан" баштары көтөрүлбөй калышты, төртүнчүдөн, партиянын генералдык багытына каршы иштешип, коомдогу аброюнун түшүүсүнө өбөлгө түзүштү. Эң негизгиси, алар дагы бир ирет "бөрү баласы ит болбошун", карышкырды канчалык бакпагын ал баары бир токойго кача берерин, өздөрүнүн ичтен чыккан жат экендиктерин далилдешти.
- Алардын бири Коркмазовдун "АКИpress" маалымат агенттигине берген билдирүүлөрүнө кандай жооп берер элеңиз?Анда ачык эле партиянын негиздөөчүлөрүн улутчул атап, Ош окуясы учурунда кызыл кыргынды уюштургандай сүрөттөптүр го...
- Биз бул "саясий сойкуларды" партиянын катарынан чыгаруу аркылуу шоу жасагыбыз деле келген эмес эле. Кандай гана саясий уюм болбосун өзүнүн жаманын жашырып, жакшысын чыгарганга аракет кылышат эмеспи. Бирок, "кыз боозуп алып энесин коркутат", "уятсыз кыз абийирдүү кыздын бетин тытыптыр" демекчи, булар "жатып өлгөнчө атып өл" принцибине салып партияны жаманатты кылганга аракет кылышты. Болгондо да, биздин партиянын жетекчилигинин ишмердүүлүгүн "дестабилизацияга, улутчулдукка жана азыркы мамлекеттик түзүлүштү толук кыйратууга багытталган,"- деп күнөөлөштү. Аны менен эле токтоп калбастан, ушул эле агенттикке берген кийинки билдирүүсүндө Коркмазов "партиянын негиздөөчүлөрүнүн улутчул экендиктери адамдарды өлтүрүп, мууздап жана зордуктап жатканда дагы бир ирет билинди",- деп айтып жатат. Азыркы Конституцияга жана Кылмыш Кодексине ылайык бул айыптоолор Кыргызстандагы эң оор кылмыш болуп эсептелинет. Ошондуктан, биз ал "саясий иудалардан" айткан сөздөрүн далилдеп берүүсү үчүн, сотко кайрылып, партияга келтирген моралдык чыгым үчүн 100 млн. сом төлөп берүүсүн талап кылып жатабыз. Соттон утуп алсак, ошол акчалардын баарын июнь окуяларында жабыр тарткандарга таркатып беребиз. Болбосо, өрт каптаган ошол июнь окуяларында саясий сепаратисттерге, улутчулдарга, мамлекеттик түзүлүштү кыйратуучуларга каршы ким күрөшүп, элдин биримдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калды эле? К.Ташиев, С.Жапаров ж.б. эмес беле. Анан кантип биз кайра бүлүндүрүүчүлөргө айланып калалы. Ошол мекенибизди өрт каптаган кайгылуу күндөрдө, өлкөбүз бар менен жоктун ортосунда чайпалып турган көз ирмемдерде элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жанын канжыгага байлап алдыга суурулуп чыгып, элибизди, жерибизди, эгемендигибизди сактап калгандардын башында биздин партиянын төрагасы, ушул Коркмазов "улутчул" атаган Камчыбек Ташиев туруп берген. Алсак, 2010-жылдын 14-июнунда Жалал-Абад шаарына топтолгон 20 миңден ашык кыргыздар дээрлик өзбек калкы жыш жашаган Сузакка чабуул коёрдо, солдаттар минип жүргөн БТРди суранып жолго туурасынан койдуруп элдин жолун тороп "Элим, мен силерди Сузакка өткөрбөймүн. Мен алдыдагы трагедиянын масштабын көрүп турам. Ал жакта да жүздөгөн адамдар куралчан турушат. Силердин да араңарда куралчандар көп экен. Мен силердин да, алардын да өлүмүн, аккан каныңарды көргүм келбейт. Эгерде Сузакка өткүңөр келсе, мына мени атып, өлүгүмдү тебелеп туруп, анан өткүлө. Бул кайгылуу кагылышуулар, ызы-чуулар менин көкөйүмө көк таштай тийди. Менин кунумду эч ким куубайт, сөз берем. Ушул каргашаны токтотуш үчүн мен өзүмдүн жанымды бергенге даярмын, тирүү турсам силерди Сузакка өткөрбөйм" - деп кызыл кыргынды токтотуп калганы эле эмне деген эрдик.
Же болбосо "Сампа" окуясын алып көрөлү. Ош-Бишкек жолунан ары-бери өткөн кыргыздарды сепаратисттер канчасын атып өлтүрүштү, нечендеген машинелерин өрттөштү. Бирок, ошол кайгылуу күндөрү аларды токтотуучу бир да күч болбоду. Ошондо да К.Ташиев тишине чейин куралданган сеператисттерге өзү жалгыз келип, "Эмне максатыңар бар, эмне үчүн жолду тосуп, адамдарды аткылап жатасыңар, токтоткула, элдин эртеңкисин ойлобойсуңарбы"-деп аларды таратканы эле эмне деген эрдик. Натыйжада жолдогу өлүктөр алынып, өрттөлгөн машинелер тазаланып, Ош-Бишкек жолу калыбына келип, андан ары элдешүү процессине жол ачылган. Эмне ошондо сепаратистер К.Ташиевди атып ташташса болмокпу? Болмок. Себеби, ушундай эле жагдайда Нариман айылына элди тынчтандыруу үчүн келген Кара-Суу районунун РОВДсынын начальнигин сепаратисттер өзүн тирүүлөй машинесинде өрттөп, шоопурунун башын кесип каналга ыргытышканын унутуп калдыкпы?
Белгилеп кетүү зарыл - бизчелик бир да партия эгемендүүлүктү, мамлекеттүүлүктү жана биримдикти пир тутпайт. Себеби, биздин партия мекенчил партия болгондуктан идеологиябыздын өзөгүн ушул маселелер түзөт. Ал эми Коркмазов партиядан чыгарылганына чыдай албай, ушундай катуу кеткен кептерди айтып алды. Экинчи Кадыржан Батыров болгусу келип жатат окшойт. Ош окуясы да учурунда ушуга окшогон сепаратисттик билдирүүлөрдөн башталган. Демек, тийешелүү органдар мындай ачык эле улут аралык мамилеге доо кетирген сөз таркаткан Коркмазовго чара көрүүсү тийиш.
- Тазалануу процесси мындан ары да уланабы?
- Сөзсүз уланат. Саясий Кеңештин кийинки отурумдарынан кезектеги "саясий иудалардын" аты - жөндөрүн билип аласыздар.
- Бирок, партиядан чыгарганыңыздар менен депутаттык мандатынан ажырата албайт экенсиздер да?
- Кептин баары мына ушунда болуп жатпайбы. Азыркы шайлоо мыйзамы боюнча партия депутат кылып шайлай алат, бирок депутаттыктан кайра кайра чакыртып алалбайт. Мындай идиотизм менен тупизмди Текебаевдин конституциясынан эле таппасаң, башка акыл - эси жайында жерден таппайсың. Партиянын атынан шайланып келип "ашыңды ичейин, кадырыңа түкүрөйүн" деп басып кетип калса да эч нерсе кылалбайсың. Учурдун трагизми мына ушунда болуп жатпайбы. Натыйжада Жогорку Кеңеш "саясий сойкулар" менен "саясий чайкоочулардын" ордосуна айланып баратат. Ошондуктан, Жогорку Кеңештен мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылып жатабыз. Бирок, "саясий сойкулардын" саясий сойкучулукка каршы мыйзам кабыл алышарына таптакыр көзүм жетпейт.
- Азыркы түзүлгөн коалицияга кандай пикирдесиз?
- Бул коалицияга "казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" дегендей эле пикирдемин. Бир гана өкүнүчтүүсү, коалицияга биригишкендер мыйзам чегинде иш алып барышса болмок. Себеби, Конституцияда да, мыйзамдарда да депутаттык топтор деген түшүнүк жок. Ага карабай үч фракция эки "кидальшик" топторду бириктирип алып тоону томкорушкансып официалдуу кол коюшуп "групповой оргияга" батып эле калышты. Ал эле аз келгенсип, жаман иттин аты бөрүбасар дегендей коалициясынын атын "Ырыс алды ынтымак" деп коюп алгандарына кантесиң. Өз партияларында ынтымакты бузган "саясий сепаратистер" кантип коалициялык ынтымакты камсыз кылышат түшүнбөйсүң. Ошондуктан ала кушту өз атынан чакырып, бул коалицияны "саясий сойкулар и Ко" деп атап алышса эң туура болмок, кыргыздын улуу сөзүн булгабай.
- Эмне үчүн Өкмөт башчылык кызматка Ж.Сатыбалдиев көрсөтүлдү деп ойлойсуз?
- Үлгүлүү кол бала болгону үчүн. Бирок ага карабай эле Ч.Турсунбеков менен Ө.Текебаев Ж.Сатыбалдиевди күйөөгө берилчү кыздан бешбетер кризистик менеджер, ийгиликтүү башкаруучу, түштүктүн кыйынчыкмасы деген сыяктуу эпитеттер менен мактап эле жатышат шилекейлери чууруганча. Андай болсо, эмнеге Ж.Сатыбалдиев бийликте жүргөн 20 жылдан бери кризис тереңдегенден тереңдеп эле баратат деген суроону берген киши жок. Бул мага мышыкты жолборс кылып көрсөтүү сыяктанып эле жатат. Аны канчалык "сен мышык эмессиң, сен жолборсуң" дебегиниң, баары бир мышык бойдон эле калат да туурабы? Ушул суроого байланыштуу Ж.Сатыбалдиевдин Ош шаарында мэр болуп иштеп турганында журналист Алишер Токсонбаевге берген "Мен Акаевдин солдатымын" деген маеги эсиме түшөт. Анысыңарындай, ал киши учурунда Акаевдин, андан кийин Бакиевдин, андан соң Отунбаеванын, азыр болсо Атамбаевдин солдаты болуп жүрөт, бирок бир дагы жолу кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин солдаты болгон эмес. Акаевдин берилген солдаты экенин ушундун билиңиз, Ош шаарынын тамтыгы чыккан көчөлөрүн оңдогондо да Акаевдин резиденциясына чейинки жолду гана асфальттаткан. Ошондуктан азыртан эле ал кишиге "хоп майли премьер-министр" деген ат берип, кезектеги садага чабылчу курмандык деп койсо боло берет.

Маектешкен Азат Айипов